Сабактын темасы: Уч бурчтуктар жана аалардын турлору.
Сабактын максаты : а) Окуучулар уч бурчтукту, алардын турлору, касиеттери боюча алган билимин бышыкташат, практикада пайдаланыша алат, аларга байланышкан маселелерди чыгарат.
б) Окуучулар кондумун калыптандырышат, логикалык ойлоосун, ан сезимин онуктурушот,
в) Так, таза болууга, ынтымактуулукка, ыймандуу, адептуу жана маданиятуу болууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: интерактивдуу доска, плакат, карточкалар, лозунг, макеттер.
Сабактын тиби: бышыктоо
Сабактын методу: интерактивдуу
Предметтер менен байланышы: адеп, чийуу, тарых.
Сабактын планы: уюштуруу,
суроолор
маселелер
логикалык тапшырмалар
сабакты жыйынтыктоо
билимин баалоо
уйго тапшырма беруу
а) Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашуу, класстын тазалыгын, окуу куралдарын козомолго алуу, окуучуларды топторго болуп алуу.
Мугалим: Саламатсыздарбы бугунку сабактын меймандары ! Бугун биз сабакта байыркы илимдерден болгон геометрия сабагынан биздин заманга чейинки ж.б окумуштуу изилдоочу математиктер Ахмес, Евклид, Халаюдхи, Фалес ж.б эмгектеринен, ачылыштарынан жаралган уч бурчтуктардын ааламын, алардын касиеттерин аралап кормокчубуз.
Биринчи тапшырмага суроолор:
Уч бурчтук деп кандай фигура аталат?
Уч бурчтуктун негизги элементтери кайсылар?
Уч бурчтуктун негизги сызыктарын атагыла?
Негизги сызыктары биссектрисасы, медианасы жана бийиктиги.
Уч бурчтуктун бир чокусунан чыгып, ал бурчту тен экиге болгон шоола биссектриса.
Уч бурчтуктун бир чокусу менен анын карама – каршы жагынын тен ортосун туташтырган кесинди медиана.
Уч бурчтуктун чокусунан негизине жургузулгон перпендикуляр анын бийиктиги болот.
Уч бурчтуктун кандай турлору бар?
Уч бурчтуктун жактарына карата уч туру бар. Тен жактуу, тен капталдуу, турдуу жактуу.
Уч бурчтуктардын барабардыгынын белгилери кандай?
Уч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы канчага барабар?
Маселелер:
АВС тен жактуу уч бурчтугу берилген. Периметри 36 см болсо, жактарын тапкыла.
Тик бурчтуу уч бурчтуктун бир тар бурчу 30 болсо, экинчи тар бурчун тапкыла?
ДСЕ уч бурчтугу берилген. Анын бир бурчу анын бурчтарынын суммасынын 2/3 болугун, ал эми экинчи бурчу4/9 болугун тузот. Ар бир бурчун тапкыла.
АВС уч бурчтугунда А бурчу 60, В бурчу 30 , СД анын бийиктиги, СЕ – биссектриса. ДСЕ бурчун тапкыла.
3) Логикалык тапшырмалар
1) Уч бурчтуу болгон тактайдын бир бурчун араалап салышты. Канча бурчу калды?
2) Уч бурчтукка окшош фигура кайсы фигура?
3) Уч бурчтукка эки биссектриса жургузсок канча уч бурчтук алабыз?
4) Тен жакту уч бурчтукка уч медиана жургузулгон. Канча уч бурчтук пайда болду?
Слайд корсотуу:
Окуучулардын билимин баалоо: сабакка активдуу катышкан окуучуларга жакшы, рахмат созу.
Уйго тапшырма: Уч бурчтуктун макеттерин жасоо.