СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрү

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрү»

Дата: 24.02.2020 Класс: 7-Б

Тема: “Үч бурчтук жана анын түрлөрү”

Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын максаты:

  1. Үч бурчтук фигурасы жөнүндө мурун алынган маалыматтарын кеңейтишет, үч бурчтуктун түрлөрүн, элементтерин айтып бере алышат.

  2. Үч бурчтуктарды жактарына жана бурчтарына карата айырмалай алышат, берилген темада көнүгүүлөрдү аткарышат

  3. Окуучулардын геометрия сабагына болгон кызыгуулары артат, топто иштөө менен бири-бирин сыйлоого жана уга билүүгө үйрөнүшөт

Предметтик компетенттүүлүк

Негизги компетенттүүлүк

Бизди курчап турган нерселерди геометриялык тил менен айтып бере алат жана геометриялык фигураларды айлана-чөйрө менен байланыштыра билүү жөндөмү өнүгөт

Маалыматтык компетентүүлүк

Маселерди чыгарууда тапшырманы түшүнүшөт жана өз алдынча чыгара алышат

Коммуникациялык компетенттүүлүк

Топто иштөө менен өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн уюштурушуп, биргеликте иш алып бара алышат.

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү” компетенттүүлүк

Өз алдынча максат кое алышат, жеке ишмердүүлүгүнө анализ бере алышат



Колдонулуучу каражаттар: компьютер, проектор, интерактивдүү доска, видеоскрайб программасы боюнча слайддар, карточкалар, чийүүгө керектүү куралдар

Сабактын жүрүшү:

1-этап. Уюштуруу: Сабакка даярдануу. Саламдашуу, окуучулардын көңүлүн жаңы чөйрөгө буруу(5 мүнөт).

2-этап. Даярдануу. Көрүүнү өнүктүрүү, кабыл алууну жакшыртуу. Теманы жаздыртуу.



3-этап. Теориялык бөлүк(15 мүнөт). Жаңы тема:

Мугалим окуучуларга суроо узатат

  1. Кандай фигуралар үч бурчтук деп аталат?

  2. Үч бурчтуктун негизги элементтери кайсылар?

  3. Үч бурчтуктун негизги сызыктары кайсылар?

  4. Бул фигуралар жөнүндө кандай кызыктуу маалыматтарды билесиңер?



Бир түз сызыкта жатпаган үч чекиттен жана аларды эки-экиден туташтыруучу үч кесиндиден түзулгөн фигура үч бурчтук деп аталат. Сызгычтын жардамы менен АВС үч бурчтугун чийип түшүндүрүү. Үч бурчтуктун үч чокусу, үч бурчу, үч жагы бар. Үч бурчтуктун жактары жана бурчтары анын негизги элементтери деп аталат. Үч бурчтуктун А,В,С чокуларына каршы жаткан жактарды тиешелүү түрдө а,в,с тамгалары менен да белгилөөгө болот. Анда ВС=а, СА=в, АВ=с. Үч бурчтуктун бурчтарын чокуларына карата ∟А,∟В,∟С деп да белгилөөгө мүмкүн, аларды үч бурчтуктун ички бурчтары деп атайбыз. Ал эми АВС үч бурчтугу дегенди ∆АВС белгиси менен жаза баштайбыз.

Үч бурчтуктун негизги сызыктары- медианасы, бийиктиги, биссектрисасы аталат.



Үч бурчтук жана анын түрлөрү боюнча слайд көрсөтүлөт.



4-этап. Практикалык бөлүк

1-тапшырма “Өзүбүз жасайбыз”

Үч топко жип берилип, окуучулар жипке 13 түйүн түйүшөт(ар биринин аралыктары бирдей болот). Ошол жиптен тик бурчтуу үч бурчтук түзүшөт. Окуучулар тапшырманы аткарып бүткөндөн кийин мугалим тик бурчтуу үч бурчтуктуу оңой жол менен түзүүнүн жолун үйрөтөт. Ал үчүн айлана чийилип, ага диаметр чийишет. Андан соң айланада каалаган чекит белгиленип, аны диаметрдин эки учу менен туташтырышат.

2-тапшырма Үч топко ар түрдүү жактуу үч бурчтук берилип, бир тирөөч берилет. Окуучулар алардын жардамы менен стул жасоо керек.(стул жасоо үчүн үч бурчтуктун эки медианасынын кесилишкен жерине тирөөч тургузуу керек.)

3-тапшырма Өз алдынча иш

Эгер тең капталдуу үч бурчтуктун бир капталы 16см,негизи 22 см болсо периметрин тапкыла

Чыгаруу: АВ=ВС АС-негизи

Р=АВ+ВС+АС Р=16+16+22=54см

АВСүч бурчтугунун АВ жагы17 см АС жагы АВ жагынан 2 эсе узун. Ал эми ВС жагы АС жагынан 10смге кыска. Анда АВС үч бурчтугунун периметрин тапкыла.

Чыгаруу:АВ=17 см

АС=17*2↔34см Р=17+34+24↔75см

ВС= 34-10↔24 Жообу: 75 см

АВС тең капталдуу үч бурчтугунун ВС негизине АК медианасы жүргүзүлдү. Эгер АВС үч бурчтугунун периметри 32 см жана АВК үч бурчтугунун периметри 24 см болсо АК медианасы канча сантиметр?

А











В С

К

 Уч бурчтук формасындагы жер участогунун периметри 1248 м. Анын эки жагы а=476м, b= 504 м. Үчүнчү жагын тапкыла.

Берилди

Р=1248М Чыгаруу:

а=476 м с+476+504=1248

в=504м с+1030=1248 с=1248-1030 с=218м

с=?

5-этап. Бышыктоо бөлүгү(8 мүнөт). Таблицаны толтурушат.

Үч бурчтуктарды эки негизи боюнча классификациялоонун төмөнкү таблицасын толтуруу(үч бурчтуктардын сүрөтүн тартып толтуруу).

Бурчтары боюнча



Жактары боюнча



Кең бурчтуу



Тик бурчтуу



Тар бурчтуу



Ар түрдүү жактуу







Тең капталдуу







Тең жактуу











6-этап. Жыйынтыктоо(2 мүнөт). Үйгө тапшырма берүү: 6-көнүгүүнү чыгарып келүү, параграф 9 окуп келүү. Окуучулардын билимин баалоо. Катышуучуларга жана окуучуларга ыраазычылык билдирүү.