Адабий окуу сабагы
4-класс
Мугалими: Мусаева Аманбүбү
Тема: Үчүнчү шар
Кусейин Эсенкожоев
Кусеин Эсенкожоев - 1920-жылы 20-майда
Ичке-Булуң айылында (азыркы Жети-Өгүз району ) туулган. Молдо баласы. Эрте жашынан жетим калып, байкесинин колунда өскөн.
Орто мектепти 17 жашында бүтүрүп, ошол эле жылы күзүндө Кыргызстан Мамлекеттик педагогикалык институтка келип кирет. Кусейин Эсенкожоев институттун акыркы курсунда окуп жатканда Алма- Ата дагы офицерлерди даярдоочу согуш мектебине жиберилип мектепти кыска мөөнөттө бүтүрүп чыгып, офицердик наам менен фронтко аттанып, Москва алдындагы катуу салгылашта жыйырмадан жаңы ашкан кезинде курман болот. К.Эсенкожоев өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө «Саякатчы бала», «Үчүнчү шар», «Родинанын уулу» ж.б. балдарга арналган илимий-фантастикалык кызыктуу чыгармаларды жазган.
Кусеин Эсенкожоев 1920–1941
Балдар, фантастика деген эмне?
Адам баласынын кыялынан жаралып келечекте иш жүзүндɵ ашырууда мүмкүн болгон илимий техникалык маселелерди койгон жана сүрɵттɵгɵн кɵркɵм чыгарма.
Мен бир күнү асманда калкып жүргөн жаандын бууларын, абада сызып жүргөн канаттуу куштардын учушун байкап, алардын асманга көтөрүлүп, учуп жүргөндүгүнүн себептерин таба албай көпкө ойлонуп жүрдүм. Жер шарын курчап турган абадан жеңил бир бууну табуу үчүн аракет кыла баштадым. Аны мен сураштырып жүрүп, көп китептерди окуп жана тажрыйба кылып гана таба алдым. Ал табылган буюм асманда калкып жүргөн калың абанын бир түрү болучу, водород газы эле. Ал газ суу составынын үчтон эки бөлүгүн ээлеп, жалпы абадан 14,5 эсе жеңил экендиги белгилүү.
Мен ал водород газын бир шарга толтуруп, оозун бууп, көккө коё бердим. Ал шарым жогорулагандан жогорулап, алыстай берди. Мен экинчи шар жасап, ага белгилүү оордукту көтөртүүнү ойлодум. Бир күнү экинчи шарымды жасап бүтүп, өзүмдүн багып жүргөн итиме жакшылап үй жасап, терезе салып, тамак камдап, абанын суюк катмарында кислороддун жетишсиздигин эске алып, ит дем алууга керектүү абасын даярдап, газга толгон шар менен чиркештирип, асманды көздөй коё бердим.
Анан үчүнчү шар жасап, өзүм учууну туура таптым. Өзүм түшүүчү үчүнчү шарды абдан мыктап жасадым да, ага үй жасап, жолго алып жүрүүчү шаймандарымды жана азык-түлүктөрдү алып, белгисиз калың аба боштугуна жол тартууну ойлондум. Акырында ал да орундалды. Абага көтөрүлүп уча баштадым. Шар көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, алыстагандан алыстай берди. Жерден кыбыраган жан-жаныбарлар кичирейгенден кичирейди. Алар барган сайын бопбоз болгон мейкин талаадай гана көзгө үлпүлдөп көрүндү. Бир аздан кийин эч нерсе көрүнбөй, белгисиз бир караңгы түнгө кезиге баштадым. Кайда жылып бара жатканын сезе албадым, аны токтодо да албадым. Себеби ал шарды белгилүү жакка башкаруучу менде тетик болбоду. Шардагы газды чыгарайын дейм, бирок корком. Себеби газды чыгаргандан кийин токтоосуз барып жерге тиеримди билемин. Кармоого эчтеке жок.
Жалгыз гана кармалбаган абанын ичинде шар менен учуп бара жаткансыйм. Жер шарын тегерете курчаган абанын арасында кетип бара жаткан жандын бири мен гана болсом керек. Күн нурун тосо албаган суюк аба менин дем алышыма да суюктук кылгансып, башым каңгырай баштады. Бирок мен жолго чыкканымда абанын сейрек болушун эске алып, өзүм менен бирге белгилүү дем алдыруучу коюу абадан запас кылып алган элем. Мен ошол запас аба менен дем алып келе жаткам. Кыбыраган жан, шырп эткен дабыш жок. Эч жылчыксыз караңгылыктын арасында гана келе жатамын. Келген жолум ушу го дегенсип, үйүмдүн терезесинен башымды чыгарып, ылдый карайм. Бирок канча карасам да караңгылыктан башка эч нерсе көрүнбөйт. Күндүн ачык-бүркөгү да белгисиз. Жерден кабар алгым келди. Кат жаздым да, нандын ичине салып, ыргытып жибердим.
- Чыгарманы окуп, эмне үчүн фантастикалык экендигин далилдөөгө аракеттен.
2. Бала шарды өзү жасап, өзү учту деп ойлойсуңбу? Же жөн эле кыялдандыбы?
3. Жогоруда ыргытылган каттын мааниси кандай болду
экен?
Асмандан алыска кат
«Мен бир шар жасап, ал аркылуу көтөрүлүп, жогорулап учтум эле. Бирок менин шарымда кемчилдиктер болгондуктан, өзүмдүн болжогон жериме бара албай, белгисиз жолго түшүп, суюк абанын арасында гана жогорулап бара жатам. Жарык шооласы да жок. Караңгылык. Менден башка эч бир жан сезилбейт. Мен 25-майда асманга учтум эле. Ошондон бери бир нече сутка болгондугун да билбейм. Себеби мага күндүн чыкканы жана батканы билинбейт», – деп жазып, кол койдум. Аңгыча калың караңгылыктын арасынан кулагыма бир дабыш угулду. Бул дабыш санааны эчен түргө бөлдү. Калың караңгылыкты жаңырткан үн жакындай берди. Бул эмненин үнү экен дегенсип, ага мен кулагымды тосуп тыңшадым. Ал үн кез-кезде арсылдап үргөнсүп кетет. ... «Менин итим го» деген үмүт менен анын атынан чакыра баштадым. Ит ого бетер дабышын күчөттү. Аңгыча жогорулап бара жаткан шарым бир буюмга урунган сыяктанды. Итимдин дабышы жогору жактан чыккандыгы ачык айкындалды. Иттин шары үйүмдөн чыккан чырактын жарыгы менен көрүнө түшүп, ылдыйлап бара жаткан сыяктанып, шардын газы азайып, куушурулуп бара жатат.
Терезеден колумду чыгарып, ылдыйлап кетип бара жаткан шарды кармай калдым. Кармаган шарымды өөдө тарттым да, андагы итти өз үйүмө чакырып алып, шарды коё бердим. Ал жарылып калган экен. Шуулдаган бойдон жерди көздөй түшүп кетти. Итим мага эркелеп, кыңшылап жанды койбойт. Итке тамак бердим. Шар кылкылдап, жогорулаганы токтолгон сыяктуу болуп сезилди. Анын ылдыйлашы мени дагы кубандырды. Бирок бул шардын жарылгандыгынанбы же ит экөөбүздүн салмактуулугубузданбы? Көрсө, салмактын басышынан болуп чыкты. Жаш жүрөк кабына батпай алып учкандай болду. Итти ким билет. Ал айбан го, билеби, билбейби? Бирок ал дагы кубанычта экени сезилет. Бир маалда калың караңгылык суюлгансып, ылдыйлаган сайын жарыктын шооласы көзгө көрүнө баштады. Анан күндүн көзүн көрдүк. Биз менен амандашкансып, жарык нурун бизге чачырата тийгендей болду.
Бир кезде мунарланып тоо чокулары көрүнүп, мурда көрбөгөн, чокусун ак кар каптаган бийик тоого жакындап кирип келе жатабыз. Бир аздан кийин шар эки жагы жалама кызыл чополуу жардын бооруна жакындай баштады. Анан көк чөптүү тектирчеге барып конуп калды. Алды зоо, үстү аска, жолсуз туюк капчыгайдын арасында бир кичине тектирчеде корккон коён өңдөнүп, итим экөөбүз алдыбыздагы ташка урунуп, көбүрүп агып жаткан сууну карай коёбуз да, үнсүз отурабыз. Жан сактап, жашай турган жер боорундагы тектирчебиздин чоңдугу чейрек гектардай гана жер. Биз турган белгисиз жер жана агып жаткан суу карта боюнча кайсы жерде экендиги да белгисиз. Туура жагыбыз болсо – бодурлуу аска таштар, үңүрөйгөн үңкүрлөр. Мына асман тиреген бийик зоодон жана алды жакта көбүрүп агып жаткан чоң суудан, көзгө чоочун жерден кантип жол тапмак элем. Жол жасап ылдый түшүүгө же жогору чыгууга колдончудай курал жок…
«Бүгүнкү фантастика – эртеңки чындык» дегенге ишенесиңерби?
Тапшырма
Окуя андан ары кандай уланат
деп ойлойсуӊар?
Көӊүл бурганыӊарга ыракмат!