СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Углеводдор: функциялары ...

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Максаттары:

                1. Регулярдык биополимерлер болуп эсептелүүчү полисахариддердин түзүлүшү жана функциялары жөнүндө билимдерди тереңдетүү жана жалпылоо.

                2. Заттардын түзүлүштөрү жана функцияларынын арасындагы байланышты түзүү көнүмүштөрүн калыптандырууну улантуу.

Сабактын тиби: аралаш.

Сабакта колдонулуучу методдор:репродуктивдүү, жекече-издөөчү.

Просмотр содержимого документа
«Углеводдор: функциялары ...»

УГЛЕВОДДОР: ФУНКЦИЯЛАРЫ, МОНО- ЖАНА ДИСАХАРИДДЕРДИ УЮШТУРУУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Максаттары:

1. Регулярдык биополимерлер болуп эсептелүүчү полисахариддердин түзүлүшү жана функциялары жөнүндө билимдерди тереңдетүү жана жалпылоо.

2. Заттардын түзүлүштөрү жана функцияларынын арасындагы байланышты түзүү көнүмүштөрүн калыптандырууну улантуу.

Сабактын тиби: аралаш.

Сабакта колдонулуучу методдор:репродуктивдүү, жекече-издөөчү.

Сабактын жүрүшү

I. Үй тапшырмасын текшерүү

Чыныгы өздөштүрүлгөн билимдердин деңгээлин аныктоо үчүн тест жүргүзүлөт. Тест жуптар (эки окуучу) арасында бири-бирин же берилген эталон боюнча өзүн-өзү текшерүү менен аяктайт.

Тапшырмаларды деңгээлине карап, окуучу өзү тандайт. Аткарылышынын сапаты бааны аныктайт.

(окуучулардын тестти аткаруусу, өзүн-өзү текшерүү, өз ара бири-бирин текшерүү)

Белоктор” темасына тест

Биринчи деңгээл

I вариант

1. Белоктун алгачкы структурасына туура келген схеманы танда

а) б) в)

2. “Полимер” сөзүнө мааниси боюнча туура келбеген терминди аныктагыла:

а) нуклеотид; б) мономер; в)дипептид.

3. Белоктун молекуласынын өз структурасынын уюштуруусун жоготуу процесси – бул:

а) гидролиз; б) коаугуляция; в) ренатурация.

II вариант

1. Аминокислотанын формуласында кандай курамдык бөлүктөр жетишпейт:



H C C

а) - NH2; б) - R; в) -OH.

2. Берилген функционалдык группалардын чынжырчасында башка касиеттерди аныктоочу бир ашыкчасы бар. Аны тапкыла:

а) - NH2; б) - R; в) -СОOH.

3. Белоктун молекуласынын структуралык уюштурулушун калыбына келтирүүчү процесс – бул:

а) гидролиз; б) денатурация; в) ренатурация.

Экинчи деңгээл

I вариант

1. Кандай структуралар белоктун молекуласынын биологиялык активдүүлүгүн ишке ашырат:

а) радикалдар; б) полипептид; в) химиялык байланыштар.

2. Дисульфиддик көпүрөлөр кандай структураларды түзүүдө катышат:

а) экинчи; б) биринчи; в) үчүнчү.

3. Алмаштырылгыс аминокислоталардын таблицасын пайдаланып, экөөнү тандагыла (тексттер менен иштөөдө колдонулбагандарын), дипептидди түзгүлө, аны атагыла.

II вариант

1. Уюштуруунун кайсы деңгээли белоктун биологиялык активдүүлүгүн орточолоштуруп аныктайт:

а) үчүнчү; б) биринчи; в) экинчи структура.

2. Денатурацияда структура талкаланат (бузулат):

а) экинчи; б) биринчи; в) үчүнчү структурада.

3. Алмаштырылгыс аминокислоталардын таблицасын пайдаланып, экөөнү тандагыла (тексттер менен иштөөдө колдонулбагандарын), дипептидди түзгүлө, аны атагыла.

Үчүнчү деңгээл

I, II варианттар үчүн тапшырмалар

1. Алмаштырылгыс аминокислоталардын курамынан таблицаны пайдаланып, полипептиддин молекуласынын бир нече вариантынын (экиден кем эмес) моделин түзгүлө:

Шарты: бир полипептиддин курамында 4-5 тен кем эмес мономер болуусу керек.

(Тапшырмаларды аткаруу менен окуучулар өзүн-өзү текшерүү методу аркылуу өздөрүн текшеришет)

II. Жаңы материалды окуп-үйрөнүү

  1. Проблемалык суроо

- Эмне үчүн углеводдор өсүмдүктөрдүн клеткасында жаныбарлардын клеткасына караганда алда канча көп?

Сабактын акырында биз силер менен бирге бул суроого жооп беребиз.

(Окуучулар жаёы материалды окуп-үйрөнүү планын жана темасын жазышат.. проблемалык суроону жазышат)

  1. Доскада схеманы түзүү

Cn(H2O)m

(Акырында маалыматты графикалык түрдө жасашат)

- Углеводдордун түзүлүшүнүн кайсы өзгөчөлүгү алардын атынын келип чыгышына таасир эткен?

- Эмне үчүн татаал углеводдор бөлүнүүдө глюкозаны берет?

Мугалим. Адамдын жана жаныбарлардын ичегисинде тамак-аштын крахмалы глюкозага чейин бөлүнөт. Андан кийин глюкоза ичегиден канга берилет (сорулуп алынат) жана клеткага жеткирилет, ал жерде энергиядан бошотулуп кычкылдануусу мүмкүн. Бөлүнгөн энергиянын ашыкчасы АТФ түрүндө топтолот. Глюкозанын көп бөлүгү гликогенге айлануусу мүмкүн жана боордун клеткасында, булчуңдарда топтолуу үчүн жөнөтүлөт. Катуу иштеген, ачка болгон, нервдик чыңалуу болгон мезгилдерде гликогендин бөлүнүүсү ылдамдайт жана пайда болгон глюкозаны клетка пайдаланат.

Жогоруда айтылгандардын негизинде углеводдор кандай негизги функцияларга ээ болору тууралуу жыйынтык чыгарууга болот.

1. Энергетикалык (глюкозанын кычкылтектик бөлүнүүсү).

2. Башка органикалык заттардын синтезине катышат (мисалы, майлардын).

3. Структуралык (покров (тери катмары), хрящ (кемирчек) курамына кирет ж.б.).

4. Организмдеги метаболикалык суунун булагы (суунун акыркы азык-түлүккө чейин бөлүнүүсүндө).

Мугалим суроону кайталайт (доскада жазылган):

- Кайсы организмдердин курамында (жаныбарлар же өсүмдүктөр) углеводдор көп?

- Жаныбарларга караганда өсүмдүктөрдө углеводдордун көп болуусу өсүмдүктөрдүн организминдеги кайсы маанилүү процесстин жүрүшү менен байланышкан?

- Өсүмдүктөрдө кайсы углеводдор энергетикалык запас катары кызмат кылат? Жаныбарлардачы?

(Талкуунун жүрүшүндө окуучулар таблицаны толтурушат)

III. Окуп-үйрөнүлгөндөрдү бышыктоо

Таблицаны толтурууну улантышат.

Үйгө тапшырма: 100-101 б., 101-беттеги суроолор.