СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Үй-бүлө,жашоо тиреги.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Үй-бүлө,жашоо тиреги.»

Тема: Уй – було жашоонун тиреги.


Сабактын максаты:


  1. Баланын онугусунун негизи катары уй булодогу тарбиянын маанилуулугу жонундо кенири соз кылуу:

  2. Ата-энелердин балдар алдындагы жана балдардын ата-энелер астындагы жоопкерчиликтер

жонундогу моралдык жана укуктук нормаларды талкуулоо:

3) Окуучуларга инсандык калыптануусундагы уй булонун орду боюнча ой жугуртууго туртку беруу


Сабактын жабдылышы:


Ватмандар, маркерлер ,стикер,слайд,комьпютер, скоч.ж.б

Сабактын журушу:

1)Уюштуруу.

Сабактын темасы,максаты менен тааныштыруу.

Сабакта ата-энелер окуучулар топ-топко болунушот.Ошондо ата-энелер 2 топ окуучулар 2 топ б болушат.


Мугалим: Бугун биз “Үй- було жашоонун тиреги”деген тарбиялык саатта төмөндөгүлөр жөнүндө сөз жүргүзөбүз

1)Мугалимдин сөзү.

2)Кыска суроолор-топторго

3)Топ менен иштөө,берилген теманын үстүндө иштөө

4)Ата-энелер балдарына ыр арнайт,о.э окуучулар ата-энесине ыр же жүрөктөн чыккан ырларын арнашат.

5)Макал-лакап айтышуу(ата-энелер тобу менен ата-энелер, окуучулар менен окуучулар)

6)Жыйынтыктоо . Кайтарым байланыш

1) Мугалимдин сөзү.


Үй-бүлө деген эмне?

Үй-бүлө деген өз мыйзамдары бар кичинекей мамлекет. Ал мамлекетте ар кимге өзүнө жараша укуктар берилген. Мамлекет болгондон кийин анын башчысы да бар. Бирок анын башчысы шайлоо аркылуу тандалбайт. Анын башчысы Кудай тарабынан дайындалган. Ал ата-эне. Себеби ата-эне ал мамлекетти негиздөөчү, аны коргоочу, аны камсыз кылуучу, ал мамлекеттин жарандарына адилеттүү мамиле кылуучу деп саналат. Демек анын башкаруучу болууга толук акысы бар. Андан сырткары Кудай аны башкаруучуга керек болгон, күчтүүлүк, чечкиндүүлүк, токтоолук, сабырдуулук, адилеттүүлүк, олуттуулук ж.б. сыпаттар менен жараткан.

Бул мамлекеттин ички тазалыгын, тартибин көзөмөлдөөчү министр, бул - аял. Аны Кудай, тазалыкты сүйүүчү, сарамжалдуу, мээримдүү, ишенимдүү, назик, сулуу кылып жараткан. Ал ошондой эле тамак-аш, казан-табак, тазалык министри деп да эсептелет.

Бул мамлекеттин жарандары катары алардын балдар жана кыздары эсептелет. Алар бул мамлекетте эркин жана камкордуктун алдында жашашат. Алардын укуктарын мамлекет башчысы жана министр коргойт. Бул жарандардын укуктары бар болгондой эле милдеттери да бар. Милдеттери ошол мамлекеттин мыйзамдарына баш ийип жашоолору керек. Алардын митинг, пикет уюштурганга акылары жок. Ал эми укуктары татыктуу тарбия, билим алуу, татыктуу тамактанып, кийинүү, эс алуу ж.б. кирет. Тамактануу жана кийинүү мамлекеттин бюжетине жараша болот.

2)Кыска суроолор топторго.

Үй-булө курамы кимдерден турат?

Үй-булөдө ким башкаруучу?

Үй-булөңөрдө кимдер бар?

Үй-булөдө ким улуусу?

Үй-булөдө кимдин сөзү өтүмдүү?

Үй-бүлөңөрдө кандай салттар,адаттар бар?

Үй-бүлө деген эмне,кандай түшүнөсүң?

Кандай үй-бүлөнү үлгүлүү үй-бүлө д.а?


3)Топ менен иштөө,берилген тапшырманын үстүндө иштеп презентация жасашат же көрүнүш аткарса да болот.



Биринчи топко.

Адамдын жашоосунда жанындагылардын таасири жана үй-бүлөнүн оорду өтө маанилүү. Балдар чоңдордон жүрүм турумунан үлгү алат , эгерде алар ырайымдуулук , боорукердик, сүйүү , сый-урмат жөнүндө сүйлөшсө бул үй- бүлө мүчөлөрүнө таасирин тийгизет.Үй бүлөдө атмосфера начар болсо , ата-энелер бири-бири менен урушса , бир туугандар бири-бирин жаман көрүп бири-бирине көңүл бурбаса , бул дагы биздин жүрүм-турумубузга ачык же көмүскө түрдө тескери таасирин тийгизет .

Жообу:

М: Адам түнт , жалгыз , сүйлөбөгөн болуп калат . Теңтуштарына да начар мамиле жасайт.

Бирок классташ теңтуш катары биз башкача мамиле жасашыбыз керек,адамдын үстүнөн күлбөй өзүбүздү анын оордуна коюп , түшүнүүгө аракет жасообуз керек , кемсинтүү , шылдыңдоо , ачуулануу , жакшылыкка алып барбай тургандыгын сезип көрүшүбүз керек .

Экинчи топ.

Үй-бүлөдөгү мамиле көбүнчө этикалык , маралдык нормалдардын деңгээлинде болсо дагы,мыйзам чегинде үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бир нече жоопкерчилик каралган . Мамлекет үчүн үй-бүлөдө эмне болуп жаткандыгы маанилүү , анткени үй-бүлө коомчулуктун ячейкасы жана коомчулук үй-бүлөдөн түзүлөт

Жообу:

Мисалы : үй-бүлө кодексинде ата-энелер балдарынын тарбиясын жана тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылышы, аларды сый-урматка үйрөтүүсү керек деп жазылган . Туура тарбиялоо бул баланы түшүнүү , аны менен мамиле түзүү , камсыздоо,аны уга билүү, бала эмне каалаганын жана ага эмне жакшы экенин түшүнө билүү.

Башка үй-бүлө мүчө мучолөрү сыяктуу эле балдардын дагы өздөрүнүн милдеттери бар

Үчүнчү топко.

.Эгер силер балдардын чоңу болсоңор , анда кичүүлөргө жардам берүүнү , аларга үлгү болууну үйрөнгүлө .

Кыргыздарда төмөнкүдөй макал бар.

“Аганы көрүп , ини өсөт , эжени көрүп,сиңди өсөт”, “Улуусун тарбияласаң , кичүүсү өзү тарбияланат”Бул макалдын маанисин кандай түшүнөсүңөр.

Төртүнчү топко.

Адамзат жашоосунда ар бир инсандын үй-бүлөсү ,тууган уругу бар,тамыры болбой ,эл болбойт .

Жообу:

Элде эгерде бир адам келин келсе же алса,кимдин кызы,кайсы уруудан, кандай үйбүлөдө чоңойгон деп сурашат.Себеби,үй-бүлөдө тарбия калыптанант деп эсептешет.Ошол кыздын , баланын үй-бүлөсү кандай болсо, ал бала же кыз жөнүндө элдин арасында ошондой ой түшүнүк калат . “Аа бул үй-бүлөнү билебиз , абдан ынтымактуу, тартиптуу, эмгекчил”,же тескерисинче “Ой , ал үй-бүлө жалкоо, ынтымаксыз”жана башка деп сырттан жыйынтык чыгарып коюшат

Эң жакшы азаматзыздар,баарыңыздарга рахмат.эң жакшы көрүнүштөр,эң жакшы ой-пикирлер айтылды.


Мугалимдин сөзү:Себеби, кыргыз эли ушунчалык даанышман калк . Турмуштагы окуяларды макал менен аныкташат . Чындыгында, алдыңкы көч кайда барса , кийинки көч ошол жака барат .

Адам төрөлгөндө ак барактай таптаза болуп жаралат. Ага кандай жазсаң, ошондой болуп калат . Баары анын айланасындагы адамдарга байланыштуу болот. Ошондуктан , үй-бүлө мүчөлорү бири-биринин алдында милдетүү . Айрыкча ата-эне, эже,ага өзүнөн кичүүлөргө улгү болушу керек. Ата-энени каалары жалаң гана жакшылык . Өз баласынын туура багыт алып , өсүүсү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрун жумшап , акыл насаат айткандан тажабайт.

Баланын келечегине ата-эне жооп берет . Ата-эне баласы жаман болуп чоңойсо . уятка калат.

4) Ата-энелер балдарына ыр арнайт,о.э окуучулар ата-энесине ыр же жүрөктөн чыккан ырларын арнашат.

Энелер:

Балдарым бар бакытым деп билемин.

Жер кез десе балам үчүн кеземин.

Турмушунан жаңылбаса балдарым.

Анда өзүмдү ханышадай сеземин.

Балдары:

Апа,Апа!Жаным апа,сен өзүң.

Аябастан мага мээриң төгөсүң.

Кокус менин күчөп калса жөтөлүм,

Кайгы-муңдун тереңине чөгөсүң.

Энелер:

Балдарым бар байлыгым деп туямын.

Жараткандан өмүрлөрүн сурадым.

Аман жүрсүн ар эненин балдары.

Ыйлабайлы эч бир эне ылайым.

Балдары:

Апа,Апа!Жаным апа,сен өзүң.

Мени мынча ээрий жаздап өбөсүң?

Өңүңтургай ,түшүңдө да айтасың.

“Аман жүргүн!Ишиң алга жөнөсүн!”

Энелер:

Балдар,балдар өмүрүмдүн жарымы.

Көп көрбөсөм кусаланам сагынам.

Ар саат сайын тилеп балам,өмүрүн.

Кулу болом жаратканга жалынып.

Балдары:

Ата деген,Ата экен да аты улук,

Перзенти үчүн жер тырмалап,казып кудук.

Мээнет кылып,күнү-түнү баласы үчүн,

Алы жеткен жумушуна болуп кулдук.

Энелер:

Балам,балам каныбыздан жаралган.

Жамандыгын эч көргөзбө жараткан.

Тун уйкумду алмаштырып санаага.

Нечен түндөр көз ирмебей таң аткан.

Балдары:

Ата деген,Ата экен да өзү улук,

Уул-кызым деп,жерге сууга өзүн уруп.

Балдарынын амандыгын тилейт экен,

Турса дагы өзү ооруп,алы куруп.

5) Макал-лакап айтышуу.(үй-бүлө жана эмгек жөнүндө)

Эне-үй бүлөнүн жүрөгү,

Ата-үй бүлөнүн тиреги.

Эненин көөнү балада,

Баланын көөнү талаада.

Эмгек кылсаң жашыңдан,

Дөөлөт кетпейт башыңдан.

Эмгеги аздын,өнмөгү аз.ж.б.у.с

Демек,бүгүн биз үй-бүлөбүз жөнүндө сөз кылдык,силер кийинки сабакка үй-бүлөнүн баалуулуктары жөнүндө жазып келесиңер.

Урматтуу ата-энелер сиздерге рахмат,сабакка келип катышып өз ойлоруңуздар менен бөлүшкөнүңүздөргө.Ар дайым үй-бүлөнү бекем сактаган ата.энелерден болуңуздар.


5)Жыйынтыктоо . Кайтарым байланыш









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!