Просмотр содержимого документа
«Уят өлүмдөн катуу»
Сабактын темасы: Уят өлүмдөн катуу.
Сабактын максаты: Бул сабакта окуучулар ата - бабаларыбыз намысты бек туткан, “Уят өлүмдөн катуу”деген принципти катуу кармап, шермендечиликтен көрө өлүмдү артык көргөн намыскөй адамдар болгондугуна ынанышат жана өздөрүндө ушундай нарктуу салтты кармоо сапаттарын калыптандырышат .
Сабактын жабдылышы: макал - лакаптар, ар - намыс, уят, намыскөйлүк жөнүндө санат ырлар .
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу моменти.
2. Мугалим сабактын темасы менен окуучуларды тааныштырат.
3. Мугалимдин окуучулар менен өтүлө турган тема боюнча маеги.
Мугалим: Балдар, “Уят өлүмдөн катуу”-дегенде эмнени түшүнөсүңөр ? Ушул темада кандай окуяларды билесиңер?
Көргөн кинолордон, окуган жана уккан окуялардан айтып бергилечи.
Окуучулардын жоопторун угуп, талкуулап, кыргыз үчүн уят болгондон көрө өлүм артык экендигин ата-бабаларыбыз тарыхта болгон окуялардан мисал келтирип айта жүрүшкөндүгүн биз билебиз. Азыр мен силерге ошондой окуялардан бирди айтып берейин.
4.Мугалим окуучуларга бир уламышты баяндап берет.
Кайсы бир жоо чабышта кызыл кыргын, сары сүргүндө өмүрүн тобокелге салып, тикелей жоо качырып эрдик көрсөтүп, айылын сактап калган жигитти жоо кеткенден кийин айылдын аттуу - баштуу адамдары, нарктуу карылары чогулуп сый көрсөтуп калышат. Кырк канат боз үй тигишип, үйдүн ичи толо, жигитке төрдөн аксакалдардын жанынан орун берилип, жигиттин жоо чапкандыгын даңазалашып,кызышып кымыз ичилип, чечиле чер жазышып отурган кез.
Ошондо кызыткан кымыздын күчүбү же жоо чапкандагы эрдиктин даңазасынын күчтүүлүгубү, айтор баатыр ичтен түйүлгөн желди башкара албай үн чыгара кете берди. үй ичин өлук жымжырттык каптады. Көздөр бири -бирин тиктештен уялып, үнсүз сүкүт узакка созулду. Бул жымжырттыкты жигиттин жанында олтурган карыя бузду. “Ээ балам, сендей баатыр үчүн бул анча деле уят иш эмес, боло берет балам, кана дасторконго карайлы”- деп жигитти колтукка турттү. Жигит эт - бетинен кетип, бөйрөктөн аккан кан дасторконду канга боеду.
Көрсө жигит уяттын күчүнөн, эбак эле канжарын алып кыңк этпестен бөйрөгүнө матап өз өмүрүн кыйган экен.
Мына эмесе уят өлүмдөн катуу деген сөз ушундан калган турбайбы.
Уйго тапшырма:
«Уят олумдон катуу» деген темага эссе жазып келуу