Молдо Нияз мектеп-гимназиясынын 1-Б класынын жетекчиси Кысова Назгүлдүн 2019-2020-окуу жылынын башында энелерге өтүлүүчү сабагынын иштелмеси.
Сабактын темасы: Үй-бүлөдө адабий китеп жөнүндө аңгемелешүү,балдарды китепкөйлүккө тарбиялоо.
Сабактын максаты:Энелер балдарды китеп менен дос болуп китепти таза кармоого,эмгекчилдикке,сергектикке багыт берүү.
Ата-энелерге жагымдуу маанай жаратуу.
Саламатсыздарбы?
-Энелер бүгүнкү сабаккаэмне максат менен келдиңиздер?
Жазгандарын “Кутулүүлор дарагы” на илишет.
“Мен өзүмдөгү бардык жакшы сапаттар үчүн китепке милдеттүүмүн”деп айткан М.Горкий.
Балдарыбызды адамгерчиликтүү,ыймандуу,акыл-эстүү,боорукер кылып тарбиялоонун бир чоң каражаты-
бул адабий китептер.Ал биз,ата-энелер,акылыбыз,тажрыйбабыз жетишип айталбагандын
көбүн көркөмдөп ,кызыктуу кылып айтып берет,
түшүндүрөт.
Адабий китептерди окуу менен балдар жашоонун терең
мазмуунун ,бийик максаттарды,ага жетүүдөгү карама-
каршылык ,кыйынчылык ж.б. түшүнүп билет,ошого ак ниеттүүлүк менен жетүүгө аракет кылат.
Бирок өкүнүчтүүсү азыркы учурда биздин балдарыбыз
телевизор,радио,магинтафон,видео деп дээрлик адабий китеп окубай койууда .Буларга маани берип,аларды багыттаган да адам аз. Мектепте мугалимдердин айтканы
таасирсиз болууда.Бул жерде көп маселе үй-бүлөдө ата-
эненин,мектепте китепканачынын аракетинен да көз каранды.Бирок азыр биз үй-бүлөдө балдарды китепти сүйүүгө тарбиялоо жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Эң биринчи китептин маанисин ата-энелер өздөрү туура жана терең түшүнүүсү зарыл.Адабий китеп бул жөн эле бош убакта эрмек кылуу үчүн жазылган эмес,ал жаштарды мыкты сапаттарга ар тараптан тарбиялоо үчүн автор тарабынан 5-10 жыл ичинде чоң эмгектин натыйжасында жазылып чыккан.
Ата-энелер өздөрү мына ушуларды түшүнүп,китепти сүйүүнү,ага кызыгуунун жана этият мамиле кылуунун үлгүсүн балдарына көрсөтүшү зарыл.Мүмкүн болушунча балдар үй-бүлөдө ата-энелерин ин китеп окуп олтурганын көрүүсү зарыл.Эгер окуган китептериңиздин кызыктуу жерлеринен айтып берип ,ойбөлүшүп жүрсөңүз,бул да өтө маанилүi.Анын мааниси өтө чоң.
Үй-бүлөдө атайын китепкана тузсөңүз жакшы болот.Ал үй-булөлүк китепкана балдардын жашына ылайык(түстүү сүрөттүү китеп,жомок,аңгеме,повесть,фантастика,роман ж.б.)китептерди атайлап,көп жылдап чогултуп,көркөмдөп жайгаштыруу керек Бирок бул кооздук үчүн коюлган эмес,өзүңүз жана балдарыңыз этияттык менен пайдалануу керек,сиздердин кызматыңыздар балдардын рухий-моралдыкөсүү үчүн күлазык болуусу керек.
Элибиз байыркы замандардан бери эле көркөм адабият аркылуу балдарды рухий жактан байытып,ар тараптуу тарбиялоого маани берген.Ошол үчүн “Манас”эпосу,”Курманбек”,”Эр Төштүк”ж.б. жомок,уламыш,легендаларды пайдаланган.Балдар кыштын узун түнүндө чоң эне,чоң аталарынан жомокторду угушкан.Дээрлик ар бир үй-бүлөө кемпир чал,ата-эне балдарына жомок айтып келген.Бул ошол кезде китептин ордун баскан.
Ар бирүй-бүлөдө балдар “Жомок айтып бериңиз”,”табышмак айтып бериңиз” деп ынтызарлануучу эле.Өкунучтүүсү азыр андайлар аз .Азыр балдар сурабайт,ата-энелери жомок,уламыштарды билбейт.Мына ошентип ата бабалардан мурас болуп келаткан бай мурас,тарбия каражаты болгон жомоктор унутулуп баратат.Мүмкүн ошол себептүү биздин балдарыбыз таш боор ,мээримсиз кайрымсыз болуп бараткандыр.
Жыйынтыктоо
Ар бир ата-эне өз баласы тууралуу кеңири малымат алат.
Эмнеден кыйналып жаткандыгы,кандай жардамга муктаж
экендиги жөнүндө маек курулат.
Ата-энелерге келип катышкандыгына ыраазычылык билдирилет.
i