№ 44 А Сматов атындагы орто мектеби 5-класс
Технология сабагы
Маатова Гулжамал Максатовна
Сабактын темасы:
Үйлөрдүн курулушу.
Табиятта турак жай куруу.
Турак жайдын мааниси жана функциясы.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Окуучуларды турак-жай, үй куруу түшүнүктөрү менен тааныштыруу; эстетикалык табиттерин өркүндөтүү; алган билимдерин иш жүзүндө колдоно билүүгөүйрөтүү; тыкандыкка, максатка умтулуучулукка тарбиялоо;
өнүктүрүүчүлүк: интеллектуалдык билгичтиктерин (анализдегенди, салыштырганды, жалпылаганды) өнүктүрүү, логикалык ой жүгүртүүлөрүн өркүндөтүүгө түрткү берүү;
Тарбиялык : айлана-чөйрөгө этият мамиле кылууга; эмгек тартибине жана эмгек маданиятына тарбиялоо.
Окутуунун усулдары:
- Түшүндүрмө-иллюстративдик,
- репродуктивдүү,
- изилдөөчүлүк.
Предмет аралык байланыш: тарых, информатика, биология.
Материалдык-техникалык жабдылышы: компьютер, уюлдук телефон, интернет, окуу китеби, жумушчу дептер, ар кандай түстүү сүрөттөр же турак үйлөрдүн картинкалары. Сабактын тиби: айкалыштырылган сабак.
Үй тапшырмасын көрүү
Колдо бар материалдардан окуучулардын жасаган иштерин карап чыгуу. Төмөнкү суроолор боюнча окуучулардын билимин бышыктоо:
1. Долбоордук ишиңерди даярдаган учурда кандай материалдарды пайдаландыңар?
2. Иш процессинде кандай кыйынчылыктарга туш болдуңар?
3. Дагы кандай материалдар менен иштегиңер келет? Эмне себептен?
Жаңы билимдерди өздөштүрүү этабы:
Эгер айланаңарга көз чаптырсаңар, турак-жай – бул баш калкалоочу жай, коопсуздук, ишенимдүүлүк, жылуу жана тынчтыкта жашоо гана эмес кооздук экенин көрүүгө болот. Курт-кумурскалардан баштап адамдарга чейин ар биринин өз турак-жайы бар. Ар бир турак-жай бири-биринен айырмаланып турат. Окуу китебинде табияттагы турак жайлардын курулушу, анын мааниси жана функциялары жөнүндө толук айтылган.
Практикалык иш № 1
«Жаратылыш материалдары менен иштөө жана алардын касиеттерин окуп үйрөнүү»
Практикалык иш № 2
«Убакытка жана ачылыштарга жүрүш жаса.
Ар кайсы доордогу өз крайыңда тургузулган курулуштарды изилдеп үйрөн жана баяндап жаз»
Эски үй курулуштары
Азыркы курулуштар
Сабакты жыйынтыктоо:
Өтүлгөн материалды бышыктоо:
Төмөнкү суроолор боюнча окуучулар менен аңгемелешүү:
1. Турак-жай деген эмне?
2. Курт-кумурскалардын, канаттуулардын, жырткыч жаныбарлардын турак-жайлары кандай болот?
3. Жапайы жаныбарлар үй-жаныбарларынан эмнеси менен айырмаланышат?
Сабакты талдоо:
Максатка жетүү ийгилигин талдоо жана баалоо, кийинки иштин келечегин аныктоо:
1. Сабактан кандай жаңы нерсени билдиңер?
2. Эмне кылганга үйрөндүңөр?
3. Кандай кыйынчылыктарга туш болдуңар?
Үй тапшырмасы:
«Технология», 5 кл. окуу китеби, 3.1 п.
практикалык иш № 1, №2 суроолорго жооп жазып, ар бир доорго тиешелүү сүрөт тартуу
Баа коюу, аларды аргументтештирүү.
Көңул бурганыңыздарга чоң рахмат
Кийинки сабакта көрүшкөнчө
Келечектеги турак жайыңар
өзүңөргө ыңгайлуу жана
берекелүү болсун.