СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Укук чыгаруу бул

Категория: Право

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Укук чыгаруу бул»

Тема: Укук чыгаруу

Укук чыгаруунун түшүнүгү жана принциптери.


Укук чыгаруу бул,мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын (референдум учурунда жалпы элдин) укуктук актыларды кабыл алуу, өзгөртүү жана токтотууга багытталган ишмердүүлүгү.

Укук чыгаруунун манызы - мамлекеттин эркин ченемдик актылар аркылуу чагылдырууда, б.а. жалпыга милдеттүү болгон юридикалык күчкө ээ атайын формадагы актыга түшүрүү..

Укук чыгаруунун субөектилери болуп тийиштүү ыйгарым укукка ээ болгон мамлекеттик органдар, мамлекеттик эмес тузумдор (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кесиптик бирликтер ж.б.), ошондой эле референдумдарда мыйзам кабыл алууда жарандар да эсептелет.

Укук чыгаруу ишмердүүлүгү атайын орнотулган процесстик ченемдер боюнча жүргүзүлөт (мис: конституцияга ылайык мыйзам кабыл алынат). Укук чыгарууда жаны ченемдик акт кабыл алынат, эскилери жокко чыгарылат же өзгөртүү жана толуктоолор киргизилет.

Укук чыгаруу төмөнкү белгилерге ээ:

- укук чыгаруу, мамлекеттик ишмердүүлүк болуп саналат;

- ал ишмердүүлүк натыйжасы — негизинен ченемдик актылар, андан сырткары, ченемдик келишимдер, укуктук адаттар, юридикалык прецеденттер түрүндөгү укуктук актылар;

- коомдук жүрүм турумду жөнгө салуучу эрежелерди орнотуудагы негизги каражат;

- укук чыгаруу ишмердүүлүгүнүн натыйжасы жана деңгээли, чыгрылыган актынын сапаты - коомдун укуктук ан сезимин, маданиятын көрсөтүп турат.


Укук чыгаруунун принциптери - бул, укуктук актыларды кабыл алуу, жокко чыгаруу жана өзгөртүү иишердүүлүгүнүн башаттары; бул - укук чыгаруунун субөектилери үчүн багыт.

Укук чыгаруу негизги принцптери төмөнкүлөр:

  1. укук чыгаруунун элдин кызыкчылыгына багытталуусу (укуктук мамлекетте ар бир ченемдик акт, биринчи кезекте жарандардын кызыкчылыгын коргоосу зарыл);

  2. мыйзамдуулук (укук чыгаруу Конституииянын, башка мыйзамдардын жана мыйзам алдындагы актылардын негизинде жана чегинде алып барылуусу зарыл);

  3. демократизм (укук чыгаруу иши кенири коомчулукка ачык-айкын түрдө жүрүп, кенири маалымат таралып, жөнөкөй жарандын да катышууга мүмкүнчүлүгү болуусу зарыл);

  4. илимге негизделгендик (ченемдик актыларды даярдоо процессинде коомдун социалдык-экономикалык, саясий, маданий ж.б. абалын изилдеп, анны укук чыгаруда эске алуу зарыл);

  5. профессионалдуулук (укук чыгаруу ишмердүүлүгүн компетенттүү, мыйзам маанисин түшүнгөн - адистер жүргүзүүсү зарыл);

  6. оперативдуулук (ченемдик актылар муктаж болгон учурда, өз убагында чыгарылуусу зарыл);


  1. Укук чыгаруунун түрлөрү.

Укук чыгаруу - мазмуну татаал ишмердүүлүк. ар кандай критерийлер менен түрлөргө бөлүнөт.

Субөектилерине карата укук чыгаруу бешке бөлүнөт:

  1. Жалпы элдин түздөн түз укук чыгармачылыгы. Референдум аркылуу мыйзам кабыл алган учурда. Мисалы: 2010-жылы июнда КР жарандары конституциянын өзгөрүүсүнө жана Р. Отунбаеванын өткөөл мезгилдин президенти болуп туруусу жөнүндөгү мыйзамга добуш беришкен.

Референдум- мамлекеттик деңгээлдеги манилүү маселени чечүүдөгү жалпы элдик добуш берүү.

  1. Мамлекеттик органдардын укук чыгармачылыгы. Жогорку Кенештин мыйзам чыгаруусу. КРда мыйзам чыгаруучу укук жалгыз Жогорку Кенешке тиешелүү.

  2. Кызмат адамдарынын укук чыгармачылыгы. Президенттин указ чыгаруусу, минстрдин буйрук чыгаруусу, шаар мэринин чечими ж.б.. Кызмат адамы – мамлекеттик бийлик органында аныкталган кызмат ордун ээлеген, атайын ыйгарым укуктарга ээ болгон, КР жараны.

  3. Жсргиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук чыгаруусу. Жергиликтүү кенештердин (шаардык, райондук ж.б.) жүрүм турум эрежесин орнотуусу.

  4. Локалдык укук чыгаруу (мисалы: ишканаларда, мекеме ж.б.)


Маанилүүлүгүнө карата укук чыгаруу экиге бөлүнөт:

1) Мыйзам чыгаруу - жогорку өкүлчүлүк органдын –(парламенттин) укук чыгаруусу; анда эн жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик актылар - так аныкталган эреже боюнча кабыл алынуучу мыйзамдар иштелип чыгат;

2) мыйзам алдындагы актыларды чыгаруу - мында укук ченемдери жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп эсептелбеген түзүмдөр -Президент, Өкмөт, министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик башкаруунун жергиликтуу органдары, мекеме жетекчилери тарабынан иштелип чыгат.



  1. Мыйзам чыгаруу процессинин баскычтары.

Мыйзам чыгаруу процессинин баскычтары (стадьялары) төмөнкүлөр:

  1. Мыйзам долбоорун сунуштоо. КР конституциясынын 79-беренсине ылайык, мыйзам проектисин сунуштоо укугуна төмөнкүлөр ээ:

А) 10 миң шайлоочу (шайлоочу – аракетке жөндөмдүү КР жараны, б.а. 18 жашка толгон же эмансипацияга ээ болгон, акыл эси соо, эркиндикте жүргөн жаран).

Б) Жогорку Кенештин депутаты (Ар бир депутат өз алдынча же бир фракция, жалпы парламент).

В) Өкмөт (Өкмөт ар бир министрликтин иштерине тиешелүү мыйзамдарды сунуштоого укуктуу).

(2010 –жыл, июндагы Конституцияга өзгөртүү киргенге чейин КР Президенти дагы мыйзам проектисин сунуштоо укугуна ээ болгон. Учурда мындай укугу жок).

  1. Мыйзам долбоорун талкуулоо. Жогорку кенештин отурумунда талкууланат. Сунуштар, алымча кошумча ж.б. каралат. Өкмөт тарабынан кайтарымсыз деген мыйзам долбоорлору кезексиз каралууга тийиш.

  2. Мыйзамды кабыл алуу. Жогорку кенеш тарабынан үч окулушта кабыл алынат. Жогорку кенеште депутаттардын добуш берүүсүнүн негизинде, катышкан депутаттардын жарымынан көбүнүн макулдугу менен кабыл алынат. Ошол эле учурда макулдугун берген депутатардын саны 50дөн кем болбоосу керек. Эгерде өзгөчө манилүү маселе болсо 2/3 бөлүгүнүн макулдугу менен өтөт.

Өзгөчө манилүү маселелерге мисал: территорияны өзгөртүү, чек ара маселеси, конституцияны өзгөртүү ж.б..

Кабыл лаынган мыйзам 14 күндүн ичинде президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

(Президент кол койбосо не болот? КР конституциясын 81- беренесине ылайык, Президент бир айдын ичинде кол коюусу керек. Эгерде кол койбосо өзүнүн каршылыгын билдирип кайра парламентке кайтарат. Кайтарылган мыйзам редакциясы депутаттардын 2/3 бөлүгү менен кабыл алынса, Президент 14 күн ичинде кол коюсу шарт. Президент кол койбогон учурда Жогорку кенештин Төрагасы 10 күн ичинде кол коюп, жарыяланат).

  1. Жарыялоо. Массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыяланат. Көрсөтүлгөн мөөнөттө күчүнө кирет.

Мөөнөтү мыйзамда көрсөтүлбөсө кабыл алынгындан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.