СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Укук таануу предмети боюнча лекция.
Тема №1: Мамлекеттин жана укуктун теориясынын негиздери. 4-саат.
План.
1.Мамлекеттин түшүнүгү, механизими жана белгилери.
2.Мамлекеттин түрү жана башкаруунун формасы.
3.Укуктун түшүнүгү жана белгилери.
4.Укуктук мамилелер.
Адабияттар.
1.КРдин Конституциясы. Б-2017ж.
2.КРдин Жарандык Кодекси.Б-2015ж.
3.Исаев И.А. История государства и
права.М-2008г
4.Морозов Л.А. Теория государства и права М-2008г.
5.Перевалов М.А. Теория государства и права.М-2008г.
1.Мамлекеттин түшүнүгү, механизими жана белгилери.
Мамлекет - бийликтин башталыштарында курулган, өзүнүн ишмердигин укуктун негизинде атайын мамлекеттин аппараттын жардамы менен жүзөгө ашырган, аймактык тараптан уюшулган, элдин жалпы-укуктук жалпылыгы
Берилген аныктамадан көрүнүп тургандай, мамлекет төмөндөгү негизги касиеттерге ээ.Эл. Мамлекет - бул адамдардын бирдиги. Ал жалпы турмушту укуктун негиздеринде жакшыртуу максатында бирдиктүү аймакта уюшулат.
Мамлекеттин айкын аймагы бар. б.а. анын бийлиги ага тиешелүү, анын юрисдикциясындагы айкын аймакка жайылтылат.Эл тарабынан орнотулган, анын атынан аракеттенген бийлик бар. Коомдук (мамлекеттик) бийлик мамлекеттин максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашырган адамдардын өзгөчө тобу.Салыктык жана каржылык (финансылык) түркүмдөр (системалар). Мамлекеттик бюджетти калыптандыруу үчүн салыктардын жана төлөмдөрдүн түркүмү орнотулат.Эгемендүүлүк.
Мамлекеттин маңызы жана милдеттери. Мамлекеттин маңызы, анын негизги милдети - коомдук ынтымакты камсыздоо, инсандын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн коомду башкаруу.
Мамлекеттин милдеттери (функциялары) - коомдук турмушта алдыга коюлган максаттарды аткаруу боюнча анын ишмердигинин негизги багыттары. Мамлекеттин негизги милдеттери эки түргө бөлүнөт
ички (өлкөнүн ичиндеги ишмердик);
тышкы (эл аралык чөйрөдөгу ишмердик).
Ишмердигинин түрлөрү боюнча мамлекеттин милдеттери
төмөндөгучө бөлунөт:
мыйзам чыгаруучулук (милдеттерди мыйзам чыгаруу бийлигинин органдары жүзөгө ашырат);
башкаруучулук (милдеттерди аткаруу бийлигинин органдары жүзөгө ашырат);
соттук (милдеттерди сот бийлигинин органдары жүзөгө ашырат);
текшерүү жана көзөмөлдөө (милдеттерди прокуратура органдары жана башка текшерүү-көзөмөлдөө органдары жүзөгө ашырат).
Мамлекеттин ички милдеттери төмөндөгүчө бөлүнөт:
саясый - адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин таануу жана коргоо;
экономикалык - экономиканын демейдегидей ишмердигин жана өнүгүшүн камсыздоо;
социалдык- калктын аз камсыз болгон катмары үчүн турмуштун татыктуу деңгээлин түзүү жана камсыздоо;
экологиялык - калктын турмуш шарттарын жакшыртуу үчүн жаратылыш байлыктарын коргоо жана үнөмдүү пайдалануу;
маданий калктын маданий жана руханий деңгээлин жогорулатуу үчүн маданиятты колдоо.
Мамлекеттин тышкы милдеттери - өлкөнү коргоо, мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо, башка мамлекеттер менен социалдык-экономикалык, саясый, аскердик жана маданий чөйрөлөрдө кызматташуу.
Мамлекеттин милдеттери жөнгө салуучулук (регулятивдик) жана коргоочулук (охранительные) болуп бөлүнөт. Алар укуктук жана уюштүрүучулук түрлөрүндө жүзөгө ашырылат.
Укуктук түрлөр төмөндөгүчө бөлүнөт:
мамлекеттин мыйзам чыгаруучулук (укук чыгаруучулук) ишмердиги;
укукту колдонуу ишмердиги (укуктун ченемдерин жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү органдардын мамлекеттик-бийликтик ишмердиги);
укуктук текшерүүнү жана юридикалык жоопкерчиликти жүзөгө ашырууга багытталган укук коргоо ишмердиги.Уюштүрүучулук түрлөрүнө мамлекеттик бийликтин органдарын түзүү, аларды материалдык-техникалык, маалыматтык камсыздоо жана башкалар таандык.Мамлекеттин милдеттерин жүзөгө ашыруунун усулдары.
Аларга төмөндөгулөр кирет:
укуктук-ченемдик жөнгө салуу;
ынандыруу;
мажбурлоо;
текшерүү жана көзөмөл.
Укуктук-ченемдик жөнгө салуу усулу коомдук мамилелердин субъекттеринин айкын укукмилдеттерин мамлекеттин бекемдеши.
Мамлекеттин механизими.
Мамлекеттин механизми - функционалдык айкындаштырылган мамлекеттик органдардын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана кызмат орундарынын (кызмат адамдарынын жана бийликтин өкүлдөрүнүн) түзүмү (структурасы). Бул түшүнүк «мамлекеттик аппарат» деген категория менен тыгыз байланышкан. Сөздүн кеңири маанисинде мамлекеттик аппарат - баардык мамлекеттик органдардын көптүгү.
Сөздүн кууш маанисинде мамлекеттик аппарат мамлекеттик башкаруунун аппараты.Мамлекеттин механизми төмөндөгү белгилерге ээ:
бул ишмердиктин бирдиктүү башаттарына, максаттарына ээ болгон, мамлекеттик органдар менен мекемелердин бүтүн иерархиялык түркүмү;
анын баштапкы түзүмдүк бөлүктөрү (элементтери) - бири бири менен баш ийүү жана координациялоо башталыштары менен байланышкан мамлекеттик органдар менен мекемелер;
ал тикелей материалдык каражаттарга жана мажбурлоонун куралдарына (мекемелерине) ээ. Материалдык каражаттар ар кандай материалдык баалуулуктар, бюджеттик каражаттар, мүлк ж.б. Мажбурлоонун куралдары (мекемелери)адамдардын куралдуу топтору, түрмөлөр;
бийликти жүзөгө ашыруу жана мамлекеттин милдеттерин аткаруу мамлекеттин механизминин жардамы менен жүргүзүлөт. Бул механизм мамлекеттин милдеттерин аткаруу үчүн түзүлөт. Мамлекеттик органдар менен мекемелер анын өзгөрүп жаткан милдеттерине ишмердигин дал келтиргенге аргасыз болушат.
Мамлекеттик органдын түшүнүгү жана белгилери. Мамлекеттик механизмдин баштапкы жана эң маанилүү түзүмдүк бирдиги (элементи) - мамлекеттик орган. Мамлекеттик орган мамлекеттин милдеттерин жүзөгө ашырууга катышкан жана бул үчүн ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик механизмдин бирдиги (элементи). Анын төмөндөгү белгилери бар:
мамлекеттик орган бирдиктүү мамлекеттик механизмдин бир бөлүгү жана анын башка бөлүктөрү менен тыгыз байланышкан;
ал мамлекеттик кызматчылардан турат, аларга ыйгарым укуктары бар кызмат адамдары да кирет;
мамлекеттик органдар ички түзүлүшкө ээ жана бирдиктүү максаттар менен бекемделген түзумдүк бөлүмдөрдөн турат;
анын ыйгарым укуктары-айкын мазмундагы жана көлөмдөгу бийликтик укуктук мумкүнчүлүктөр (укук жана милдеттердин көптугү) - бар. Алар мамлекеттик органдын айкын максаттары жана милдеттери менен шартталат. Ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу - мамлекеттик органдын укугу жана милдети:
өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органга тиешелүү материалдык база, каржылык каражаттар берилет;
тиешелүү түрлөрдү жана ыкмаларды колдонуу менен ал мамлекеттин милдеттерин жүзөгө ашырууга катышат.
Мамлекеттик органдардын түрлөрү. Мамлекеттик органдар ар кандай негиздер боюнча бөлүнушөт:
келип чыгышынын ыкмасы боюнча:
баштапкы;
туунду;
бийликтик укуктарынын көлөму боюнча:
жогорку,
жергиликтүү;
ыйгарым укуктарынын кеңдиги боюнча:
жалпы ыйгарым укуктуу,
атайын ыйгарым укуктуу;
бийликти бөлуштүрүү башаты боюнча:
мыйзам чыгаруу,
аткаруу,
соттук;
чечимдерди кабыл алуу ыкмасы боюнча:
коллегиалдуу,
жекече түрдө;
ыйгарым укуктарынын мөөнөтү боюнча:
түрүктуу,
мөөнөтсүз;
милдеттерин аткаруу мөөнөтү боюнча:
түрүктуу,
убактылуу;
түзүлүү ыкмасы боюнча:
шайлана тургандар,
дайындала тургандар;
баш ийүүнүн мүнөзү боюнча
«вертикалдуу» баш ийүүдөгү,
«кош баш ийүүдөгү».
Эми бул мамлекеттик органдарды кененирээк талкуулайлык.
Келип чыгышынын ыкмасы боюнча.
Баштапкы мамлекеттик органдар мурастоо (мурастык монархия) тартибинде пайда болот, же белгиленген тартипте шайланышат жана шайлоочулардан ыйгарым укуктарды алышат (өкүлчүлуктүү органдар). Башка эч кандай органдар тарабынан алар түзүлүшпөйт.Туунду мамлекеттик органдар - аларга ыйгарым укуктарды берген баштапкы органдар тарабынан түзүлүшөт (аткаруу-тескөө органдары, прокуратура органдары ж.б.).
Бийликтик укуктарынын көлөмү боюнча.Жогорку мамлекеттик органдар - бут мамлекеттин аймагына мамлекеттик бийлиги жайылтылган органдар.
Жергиликтүү мамлекеттик органдар - администрациялык- аймактык бирдиктерде аракеттенишкен жана ыйгарым укуктары ушуларга гана жайылтылган органдар.Ыйгарым укуктарынын кеңдиги боюнча
Жалпы ыйгарым укуктуу органдар - суроолордун кеңири чөйрөсүн чечкенге укуктуу (мисалы, Өкмөт).Атайын ыйгарым укуктуу органдар - бир милдетти, ишмердиктин бир түрүн аткарууга адистештирилген органдар (тышкы иштер министрлиги, адилет министрлиги).Бийликти бөлуштүрүү башаты боюнча.
Мыйзам чыгаруу органдары - мыйзам чыгаруу укугу адатта жогорку өкүлчүлүктүү органдарга, парламенттерге тиешелүү. Алар жогорку жана төмөнкү палатадан түрүшат. Бир палаталуу парламентер анча чоң эмес өлкөлөрдө орун алган.Мамлекет башчысы. Ал жалпы мамлекеттик максаттарга жетүү үчүн бийликтин үч бутагынын бирдиктүү аракеттенишин камсыздашы керек. Учурдагы мамлекеттерде мамлекет башчысы жеке бийликтүү болуп эсептелет: конституциялык монархияларда - монарх, республикаларда - президент.Аткаруу органдары - өлкөнү түздөн-түз башкарган өкмөт кирет. Өкмөт өкмөт башчысынан (премьер-министрден, министрлер кеңешинин же кабинетинин төрагасынан, биринчи министрден, канцлерден), анын орун басарларынан жана өкмөт мүчөлөрунөн турат. Унитардуу мамлекетте бир өкмөт, федералдууда - жалпы федералдык жана федерациянын мучөлөрүнүн өкмөттөрү болот. Бир партиялуу жана коалициялык (эки же андан ашык партиялар) болот.
Соттук бийлик - жарандык, кылмыш-жаза, администрациялык, транспорттук жана башка соттордон турган татаал түркүм. Анын туу чокусунда жогорку жана конституциялык соттор турат.Мамлекеттин механизмине күч мекемелери (куралдуу күчтөр, коопсуздук органдары, полиция, милиция) кирет. Анда жергиликтүү бийлик органдары бөлүнүп турушат
Мамлекеттин түрү жана башкаруунун формасы.
Мамлекеттин түрү. Мамлекеттин түрү мамлекеттик бийликти түзүүнүн жана жүзөгө ашыруунун тартибин, администрациялык аймактардын түзүлүшүн аныктаган анын тышкы мунөздөмөлөрүнүн көптүгү.
Мамлекеттин түрү анын бирдиктери боюнча төмөндөгүдөй бөлүнөт:
башкаруу түрү боюнча (монархия жана республика);
мамлекеттик түзүлүштүн түрү боюнча (унитардык мамлекет, федерация, конфедерация);мамлекеттик (саясый) режимдин түрү боюнча (мамлекеттик башкаруунун демократиялык же авторитардык усулдары).Башкаруу түрү -жогорку мамлекеттик бийликтин түзүлүшүнун жана анын калк менен өз ара мамилесинин тартиби. Башкаруу түрү боюнча мамлекеттер монархияларга жана республикаларга бөлүнүшөт.Монархия - жогорку бийлик мамлекеттин жеке башчысынын (монархтын) колунда топтолгон, мураска же атадан балага берилген башкаруунун түрү. Ал абсолюттук (чексиз) жана чектелген монархияларга бөлүнөт.Абсолюттук монархия - мамлекеттин башчысы монарх тарабынан жогорку мамлекеттик бийликти жекече түрдө жүзөгө ашыруу. Бул учурда монарх мыйзамдар тарабынан да, мамлекеттик бийликтин башка органдары тарабынан да чектелген эмес.Чектелген монархия монархтын бийлиги конституциянын негизинде аракеттенген өкүлчүлүктүү орган парламент тарабынан чектелген. Ал дуалистикалык жана парламентардык монархияларга бөлүнөт.Дуалистикалык монархия - аткаруу бийлиги монархка таандык, мыйзам чыгаруу бийлиги - парламентке. Бирок анын ыйгарым укуктары чектелген, өкмөт монарх тарабынан түзүлөт жана ага башиет.Парламентардык монархия - монархтын бийлиги парламент тарабынан чектелген. Парламентте көпчүлүк орундарды ээлеген партия Өкмөттү түзөт. Ал бүткүл парламенттин алдында жоопкерчиликтүү. Монархтын бийликтик милдеттери чектелген жана негизинен аземдик мунөзгө ээ (чет өлкөлөрдө мамлекеттин атынан болуу, өкмөттүн кызматтан четтешин кабыл алуу, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу ж.б.у.с.).
Республика - мамлекеттик бийликтин жогорку органдары калк тарабынан бүткүл элдик добуш берүүнүн негизинде шайланат. Бул органдар - коллегиалдуу органдар жана негизинен айкын мөөнөткө шайланышат (мамлекет башчысы - президент, парламент).
Республикалар төмөндөгүчө бөлүнүшөт:
президенттик;
парламентик,
аралаш.
Президенттик республикада:
президент мамлекеттин жарандары тарабынан айкын мөөнөткө түздөн-түз же кыйыр шайлоо жолу менен шайланат, аткаруу бийлигин башкарат жана өкмөттү түзөт;
өкмөт президенттин алдында саясый жоопкерчиликке ээ;
бийликтерди бөлүүнүн башаты (принциби) орун алган.
Парламенттик республикаларда:
аткаруу бийлигин премьер-министр (өкмөттүн терагасы) башкарат;
өкмөт парламент тарабынан дайындалат жана өзунун ишмердиги үчүн анын алдында саясый жоопкерчиликке ээ (мисалы, Италия, Германия, Греция, Индия).
Аралаш республикаларда башкаруунун парламенттик жана президенттик түрлөрүнүн белгилери айкалышат. Аларда аткаруу бийлигин премьер-министр башкарат. Өкмөттү түзүүгө президент да, парламент да катышат. Өкмөт парламенттин алдында да (ишеним көрсөтпөө), президенттин алдында да (кызматтан четтөө) жоопкерчиликтүү.
Мамлекеттин түрү.
Мамлекеттик түзүлүштүн түрү - мамлекеттин администра- циялык-аймактык түзүлүшү, анын субъекттеринин, борбордук жана жергиликтүү органдарынын өз ара мамилелеринин мүнөзү. Бул белги боюнча мамлекеттер төмөндөгучө бөлүнушөт:
унитардык (жөнөкөй);
федеративдик (татаал).
Унитардык (жөнөкөй) мамлекет (латынча «unitas» - «бир- диктүү») - өзүнүн курамында анын субъекттери катары башка мамлекеттик түзүлүштөрдү камтыбаган бирдиктүү мамлекет. Мындай мамлекет:
эгемендүүлүккө ээ болбогон администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт;администрациялык-аймактык түзүлүштөрдун бийлик органдары мамлекеттик бийликтин бүт өлкө үчүн бирдиктүү, жалпы жогорку органдарына баш ийет;бүт өлкө үчүн бирдиктүү мыйзамдуулукка, бирдиктүү жарандыкка, бирдиктүү акча тутумуна ээ.Кээ бир унитардык мамлекеттерде жалпы аймак болгону менен автономдук түзүлуштөр бар. Мисалы, Кытай, Испания, Украина ж.б.Федерация (латынча «foedus» - кошуун) - курамына өзүнун аймагында айкын эгемендүүлүккө ээ болгон аймактык түзүлүштөр - федерациянын субъекттери (штаттар, кантондор, провинциялар) кирген мамлекет. Анда мамлекеттик бийлик федерациянын курамына кирген субъекттердин бийлик органдары менен мамлекеттик бийликтин борбордук органдары тарабынан бөлүнүп алынат. Федерациянын субъекттери мамлекеттин кээ бир белгилерине ээ (мисалы, конституциясы, мыйзам чыгаруу органдары бар). Алардын баардыгы федерациянын тең укуктуу мучөлөру.Федерацияда мамлекеттик бийликтин федералдык жогорку органдары жана анын ар бир субъектисинин ушундай эле органдары орун алган.Федерациянын мындай түрлөрү бар:
дуалистикалык (эгемендүүлүктүн дуализмине негизделген, алардын ишмердигин өз ара жөнгө сапган) федерациялар;
улуттук-аймактык федерациялар;
келишимдик-конституциялык федерациялар;
симметриялык федерациялар;
асимметриялык федерациялар, башкача айтканда, федерациянын субъекттеринин теңдик башаты сакталбаган федерациялар.Конфедерация (латынча confoederatio - жамаат) - бир нече өз алдынча мамлекеттердин кошууну. Ал бул мамлекеттердин ишмердигине өзгөчө жагымдуу шарттарды тузүүгө мүмкүнчүлүк берген, айкын саясый, экономикалык, аскердик максаттарга жетүү үчүн түзүлөт. Максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү башкаруу органдары түзүлөт, бирок бирдиктүү борбордук аппарат жокко эсе, бирдиктүү укуктук түркүм да жок. Анын баардык мүчөлөрү эгемендүүлүккө жана толук саясый өз алдынчалыкка ээ.
Мамлекеттик (саясый) режим - мамлекеттик бийликти жүзөгө ашыруунун усулдары менен ыкмаларынын көптүгү. Ал демократиялык жана демократиялык эмес режим болуп бөлүнөт.
Демократия (грециялык «demos» - эл жана «kratos» - бийлик) - элдик бийлик - төмөндөгү негизги белгилерге ээ:
адамдын саясый жана жарандык укуктарынын кеңири өлчөмү;
мамлекеттик бийликтин органдарын түзүүгө жана алардын ишмердигине жарандардын жигердүү катышуусу;
мамлекеттик бийлик органдарынын калкка баш ийиши жана анын текшерүүсүндө болушу;
мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы катары элдин эркин таануу.
Элдик бийлик эки түргө ээ: өкүлчүлүктүү жана түздөн түз демократия.
Өкүлчүлуктүү демократия - элдин бийлиги ал тарабынан шайланган өкүлчүлүктүү органдар аркылуу жүзөгө ашырылат.
Түздөн-түз демократия - мамлекеттик бийликтин суроолорун чечүүгө бүткүл элдик добуш берүү (референдум) же жергиликтүү референдумдар аркылуу элдин түздөн туз катышуусу.
Демократиялык эмес режим (тоталитардык жана авторитардык) төмөндөгү белгилерге ээ:саясый укуктардын жана эркиндиктердин жокко эселиги;мамлекеттик бийликтен элдин четтетилиши;
идеологиялык жана саясый көз караштардын көптугүнүн (плюрализм) жокко эселиги;бийликтин өкүлчүлүктүү органдары жокко эсе;
мамлекеттик жөнгө салуунун жапырт өлчөмү.Мындай мамлекеттерде экономикада мамлекеттик менчик үстөмдүк кылып, экономикалык мамилеперди мамлекеттик жөнгө салуу катаал түрдө, буйрутма усулдары менен жүзөгө ашырылат.Саясый чөйрөдө бир башкаруучу саясый партия үстөмдүк кылып, партиялык жана мамлекеттик аппараттар чырмалышып, мамлекеттик аппарат эбегейсиз түрдө борборлоштурулат.
Авторитардык режим да демократиялык эмес деп таанылат. Анда мамлекеттик бийлик эл тарабынан түзүлбөйт, текшерилбейт жана ал эбегейсиз борборлоштурулат. Баардык чечимдерди башкаруучу партия кабыл алат, өкүлчүлүктуү органдар болсо аларды кайталоо менен алек болот.
Бүткүл адамзаттын социалдык баалуулугу, эркин инсандын өнүгүшүнүн шарты - өнүккөн демократиялык укуктук мамлекет. Аны түзүү үчүн адегенде өнүккөн экономика, калктын айкын материалдык жана маданий деңгээли болушу зарыл. Эгерде өлкө артта калган жана алсыз болсо, ал укуктук мамлекетти түзө албайт.
Эгерде демократия жок болсо, бул учурда да укуктук мамлекетти тузүү мүмкун эмес. Бул үчун жогорку деңгээлдеги саясый жана укуктук маданияты бар калкты жана мамлекеттик аппа- ратты өзунө камтыган жарандык коомду түзүү зарыл. Мындай коомдун мазмунун адамдын жалпы социалдык маанилүүлүгү түзөт. Инсан катары адамдын кызыкчылыктары, муктаждык- тары үй-бүлө, мечит, маданий бирикмелер жана башка ушуга окшогон институттар аркылуу чагылдырылат. Коомдук мамилелердин көз карандысыз чөйрөсү катары жарандык коом мамлекеттик бийликте үстөмдүк кылууга зор тоскоол катары кызмат кылат. Мындай коом тез орноп, калыптанышы үчүн төмөндөгү уч шарт зарыл:мамлекеттин укуктук мүнөзү;коомдун маданияттуу абалы;мамлекеттин тургундарынын эркин жарандарга айланышы.
Инсандын жаран катары эркиндигинин саясый керсеткүчү анын мамлекеттен көз карандысыздыгы. Мындай көз карандысыздык, мисалы, саясый партиянын мүчөсү болуу жана аракеттеги бийликти сындоо, өзүнүн шайлоо укугун пайдалануу же пайдаланбоо жана башкалар аркылуу чагылдырылат.
Социалдык планда инсандын айкын социалдык көптүккө (Үй-бүлө, класс, улут) таандуулугу чексиз болуп эсептелбейт. Ал өзүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өз алдынча жашаганга укуктуу.
Экономикалык планда ар бир инсан - менчик ээси. Анын демейдеги жашоосу үчүн зарыл болгон бардык нерселерге ал ээ боло алат. Ал менчиктин түрүн эркин тандоого, кесибин анык- тоого, өзүнүн эмгегинин натыйжаларын тескөөгө толук укуктуу.
Жарандык коом - бул укуктук демократиялык коом. Анда адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин таануу, камсыздоо жана коргоо эң чоң мааниге ээ.Укуктук мамлекет олуттуу даражада жарандык коомдун өнүгүшүнүн жыйынтыгы жана анын кийинки өнүгүшүнун шарты болуп эсептелет. Кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө укуктук мамлекет деп таанылыш үчүн, ал биринчи кезекте жарандык коомдун муктаждыктарын тейлеши, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыздашы зарыл. Мындай мамлекетте укуктук үстөмдүгүн, мыйзамдын жана көз карандысыз соттун алдындагы баарынын теңдигин, адамдын укуктарын жана эркиндиктеринин кепилдиктерин жүзөгө толук кандуу ашырууга шарттарды түзүү максатка ылайыктуу. Мамлекеттик бийликти түзүүдө жана анын ишмердигинде бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине ажыратуу тууралу башат так аткарылышы керек. Бийликтин бул бутактары өз алдынча ара- кеттенгенде гана инсандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо кепилдикке алынышы мүмкүн.
Ошол эле учурда инсандын мамлекет алдындагы жана мамлекеттин инсан алдындагы өз ара жоопкерчилиги тууралу башаттын негизинде инсан менен мамлекеттин арасындагы мамилелердин жаңы түрүн куруу зарыл.
3.Укуктун түшүнүгү жана белгилери.
Укук - коомдук турмуштун татаал көрүнүшү. Аны туура түшүнүүдөн юридикалык илим менен тажрыйбанын жалпы өнүгүшү, багыт алышы олуттуу мааниге ээ. Демейдеги турмушта укукту көбүнчө мамлекеттин мыйзамдары менен алмаштырып жаткандыгын эске алсак, бул жагдайдын мааниси ого бетер өсөт. Бирок, жогорудагы көз караш туура эмес, себеби мыйзамдын астында зомбулук чүмбөттөлүп, анын жардамы менен укукка каршы келген көрүнүштөргө жол берилет. Көп убакыт бою юридикалык .илимде, укук - бул мыйзамга көтөрүлгөн башкаруучу класстын же бүткүл элдин эрки деген көз караш өкүм сүргөн.
Укукту кайсы окумуштуу кандайча аныктаганы ал укук (укукту тушунуу) тууралу кандай көз караштарга таянгандыгына түздөн түз байланыштуу. Ошол эле учурда ар кайсы укуктук мектептердин аныктамалары укукту толугураак чагылдырганга мүмкүнчүлук түзөт. Ошондуктан укуктун табияты жөнүндөгү ар кайсы окумуштуулардын ойлорун түркүмдөш үчүн алардын укукту тушунуусу менен аныктамалары өз алдынча ажыратылып, жиктелет (классификацияланат). Алардын көпчүлүгү укукту түшүнүүнү позитивисттик жана философиялык-укуктукка ажыратышат.
Позитивисттик укуктук түшүнүү боюнча укук - бул мамлекет тарабынан аныкталган жана корголуп турган, коомдук мамилелерди иретке салган, бардыгы үчүн бирдей, милдеттүү, так аныкталган жүрүш-туруштун эрежелеринин (укуктук ченем- дердин) түркүмү.
Философиялык-укуктук мектептер үчүн укук өз алдынча маңызга ээ. Алардын пикири боюнча, социалдык ченем (мисалы, мыйзамда камтылган) укуктун башаттарына дал келгендигине жараша укуктук же укуктук эмес болуп таанылат. Укук - бийликтин эркинен, каалоосунан, зомбулугунан көз карандысыз объективдүү көрүнүш. Ал мыйзамдуулукта жана адамдардын укуктук маданиятында чагылдырылган адамдардын социалдык турмушунун табигый мыйзамдары.
Азыркы учурда юридикалык илимде укуктун келип чыгышы тууралу төмөндөгү негизги теориялар орун алган.
Патриархалдык мамлекет жана укук Үй-булөнүн тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасы.
Диний - мамлекетти жана укукту кудай түзгөн.
Табигый укуктун теориясы. Адам төрөлгөндөн баштап жана жаратылыштан аларды жокко чыгарууга, өзгөртүүгө мүмкүн болбогон ажыратылгыс, табигый укуктарга (өмүргө, эркиндикке, теңдикке) ээ. Мыйзамдар адамдардын руханий көз караштарына дал келет жана аларсыз жашай албайт. -
Психологиялык теория. Мамлекет менен укуктун пайда болушу адамдын психологиялык өзгөчө белгилери. касиеттери менен мүнөздөлөт. Мамлекеттин мыйзамдары адамдардын психологиясына көз каранды.
Тарыхый мектеп. Турмуштук карама-каршылыктарды чечүү муктаждыгы чыр-чатактарды жөнгө салып, адамдардын журуш-турушун иреттей ала турган укуктун пайда болушуна алып келет. Укук адегенде адамдын аң-сөзиминде пайда болуп. кийин мыйзамдарда чагылдырылат.
Нормативисттик теория. Мамлекет адамдарга журуш-туруштун үлгүсүн берет. Укук мамлекеттен чыгып, пирамида түрүндө курулган ченемдердин түркүмү болуп саналат.
Позитивисттик теория. Укук турмуштук карама-каршылык- тардын. чыр-чатактардын натыйжасында пайда болот жана натыйжадэ жеңишке эң күчтүүсү жетишет. Ал «оюн» боюнча өз эрежелерин таңуулап, өз тартибин орнотот. Ага жеңилгендер баш ийишет.
Марксистик-Лениндик теория. Коомдук эмгектин бөлүнүшүнүн негизинде эмгектин өндүрүмдүүлүгү өстү, артыкбашчылык пайда болду. Коомдо таптар пайда болуп, карапайым элди басып түрүш үчүн мамлекет менен укук келип чыкты.
Элдештирүү теориясы. Укук коомдогу ар кайсы каршылаш тараптардын өз ара элдешүүсүнүн натыйжасы (бир уруу- нун ичинде эмес, дайыма өз ара касташып келген ар кайсы уруулардын арасында пайда болгон).
Зомбулук - мамлекет менен укук дайыма зомбулук актысынын негизинде пайда болот. Бир уруу башка урууну ээлеп алат жана аны башкаруу үчүн мамлекет менен укук түзүлөт.
Келишимдик - мамлекет менен укук коомдук келишимге негизделет.
Укук:
а) мамлекет тарабынан кабыл алынат;
б) бийликте турган саясий күчтөрдун мамлекеттик эркин билдирет;
в) мамлекет тарабынан корголот;
г) коомдук мамилелерди жөнгө салат.
Укукка бир катар тышкы жана ички белгилер таандык. Тышкы белгилер төмөндөгулөр менен мүнөздөлөт:
а) ченемдери менен;
б) жалпы маанидеги жана милдеттуү түрдөгү мүнөзгө ээ;
в) ачык-айкындыгы, аныктыгы менен;
г) мамлекеттик кепилдик менен;
д) ийкемдүүлүгү менен (динамизм);
е) жалпылыгы менен (неперсонификация);
ж) түркүмү менен (системалуулугу).
Укуктун ченемдүүлүгү юридикалык ченемдерде камтылган жүрүш-туруштун жалпы эрежелеринин аракетинин коомдук мамилелердин катышуучуларынын чектелбеген чөйрөсүнө жайылтылышы.
Укуктун жалпы маанидеги жана милдеттүү түрдөгү мүнөзгө ээ болушу - укуктук ченемдердин аракетинин коомдук мамилелердин бардык субъекттерине жайылтылышы, аларды сөзсүз сактоонун, аткаруунун милдеттүүлүгү, аларга каршы келген ар кандай актылардын жараксыздыгы.
Укуктун ачык-айкындыгы, аныктыгы укуктун ченемдери тиешелүү жазма актыларда (мыйзамдарда, токтомдордо, жарлыктарда, чечимдерде ж. б.) так, анык берилген жана баяндалган.
Укуктун мамлекеттик кепилдиги укуктук ченемдерди бузуучуларга мамлекеттик мажбурлоонун чаралары колдонулат.
Укуктун ийкемдүүлүгү (динамизм) турмушта орун алган жагдайдарга жараша укуктук ченемдердин мыйзам чыгаруучу тарабынан кабыл алынышы.
Укуктун жалпылыгы (неперсонификация) - укуктук ченемдердин аракети кандайдыр-бир айкын адамдарга же топторго эмес, коомдук мамилелердин баардык катышуучуларына карата жайылтылат.
Укуктун түркүмү (системалуулугу) укук бул иретке келтирилген, ички тараптан макулдашылган организм.
Ички белгилер укуктун өзгөчөлүгүн көрсөтөт жана укуктук жөнгө салуунун маңызын ачышат. Өзгөчө ачык түрдө алар укуктун башаттарында (принциптеринде) орун алган.
Укуктун башаты (принцип) так аткарууга тиешелүү болгон, негиз салуучу жобо жана андан четтөөгө же аны бузууга эч бир жагдайларда жоп берилбеш керек. Алардын эң негизгилери төмөндөгүлөр:
эркиндик башаты;
адилеттүүлүк;
юридикалык теңдик;
юридикалык укук жана милдеттердин биримдиги;
күнөө үчүн жоопкерчилик.
Укуктун милдеттери (функциялары). Укуктун милдети (функциясы) — коомдук мамилелерге укуктун таасиринин негизги багыттары. Алар укуктун маңызы жана коомдук милдети тарабынан аныкталат.
Укуктун милдеттери (функциялары) экиге бөлүнөт:
жалпы милдеттер,юридикалык милдеттер.Жалпы милдеттерге төмөндөгүлөр кирет:саясий милдеттер;экономикалык;коомдук;тарбиялык.
Юридикалык милдеттерге төмөндөгүлөр кирет:жөнгө салуу;коргоо;кыймылга келтирүү (динамикалык);калыптандыруу (статикапык).Саясий милдет - коомдук турмуштун саясий чөйрөсүнө укуктук таасир көрсөтүү.Экономикалык милдет - коомдук турмуштун экономикалык чөйрөсүнө укуктук таасир көрсөтүү.Тарбиялык милдет - коомдук турмуштун руханий чөйрөсүнө укуктук таасир көрсөтүү.Коргоо милдети - берилген коомдо болгон маанилүү мамилелерди коргоого жана ага төп келбеген мамилелерди суруп чыгарууга багытталган укуктук таасир көрсөтүү.
Укуктун милдеттери (функциялары) - жөнгө салуунун идеологиялык, коомдук-саясий, экономикалык мазмунуна төп келишкен коомдук мамилелерге мамлекеттин укуктук-ченемдик таасиринин башкы багыттары.
Укуктун ченеми (нормасы) - коомдук мамилелердин иретке келишине ишкердүү таасирин тийгизген, коомдун жашоо шарттары тарабынан аныкталган элдин (бийликтеги саясий күчтөрдүн) эркин жана кызыкчылыктарын чагылдырган, баары үчүн милдеттуу, мамлекет тарабынан белгиленген, токтом кылын- ган жана корголгон журуш-түрүштун эрежеси.
Укуктун ченеми социалдык ченемдердин башка түрлөрүнөн төмөндөгү белгилери менен айырмаланат:жалпы маанидеги жана милдеттүү түрдөгү мунөзгө ээ;ачык-айкындыгы, аныктыгы менен;мамлекет тарабынан орнотулган;түркүмү менен (системалуулугу), б.а. ал башка ченемдер, укуктук институт, укуктун тармагы менен айкын байланышта болот.
Укуктун ченеми үч бөлуктөн турат:гипотеза (негиз, божомолдоо);диспозиция;санкция.
Гипотеза (негиз, божомолдоо) - айкын аныкталган турмуштук жагдайларга (окуяларга, аракеттерге, абалдарга) көрсөтмөлөрдү камтыган укуктук ченемдин бөлүгү, ал аталган жагдайлар орун алганда гана аракетке кирет.
Диспозиция - Гипотеза тарабынан көрсөтүлгөн шарттарга түшүп калган укуктун субъекттеринин милдеттүү түрдөгү жүрүш-турушунун эрежесин камтыган укуктук ченемдин бөлүгү.
Санкция - сунуш кылынган аракеттерди жасагандыгы үчүн алкоону, же диспозициядагы көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгы үчүн жазалоонун түрүн жана өлчөмүн камтыган укуктук ченемдин бөлүгү.
Гипотезаларды ажыратуу төмөндөгү негиздер боюнча жүргүзүлөт:
укуктук ченемди жүзөгө ашыруунун шарттарын баяндоонун көлөмү жана ыкмалары боюнча;укуктук ченемде баяндалган жагдайлардын айкындуулугунун даражасы боюнча.
Баяндоонун көлөмү боюнча гипотезалар жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнүшөт. Жөнөкөй гипотеза - укуктук ченемдин аракети бар же жоктугуна шилтеме жасаган, бир эле шарт көрсөтүлгөн гипотеза.Татаал Гипотеза - укуктук ченемдин аракети бар же жоктугуна шилтеме жасаган, бир нече шарт көрсөтүлгөн гипотеза.Альтернативдүү гипотеза - укуктук ченеми укуктук-ченемдик актынын беренесинде аталган бир нече шарттын бирөөсу менен байланышкан гипотеза.Баяндоонун ыкмалары боюнча гипотезалар:
казуистикалык;абстрактык болуп бөлүнүшөт.
Казуистикалык гипотеза - укуктук ченемди жүзөгө ашыруунун жагдайларын айкын түрдүк белгилер менен аныктайт.Абстрактык Гипотеза - укуктук ченемди жүзөгө ашыруунун жагдайларын жалпы, тектик белгилер менен аныктайт.Укуктук ченемди жүзөгө ашыруунун жагдайлары канчалык так көрсөтүлгөндүгү боюнча Гипотезалар:айкын;салыштырмалуу айкын болуп бөлүнүшөт.Айкын Гипотеза - укуктук ченемди жүзөгө ашыруунун айкын шарттарын так, ачык атайт.Салыштырмалуу айкын Гипотеза - укуктук ченемди жүзөгө ашыруунун айкын шарттарынын бар же жоктугун ар бир учурда өз алдынча аныктоо мүмкүнчүлүгү бар Гипотеза. Мындай Гипотеза негизги, айкын Гипотезага кошумча катары колдонулат.Диспозициялар айкындуулугунун даражасы боюнча темен- дегуче бөлунушөт:айкын;
альтернативдуу;бланкеттик.Айкын диспозиция - укуктук мамилелердин катышуучула- рынын журуш-түрүшу так жана анык керсетулет.
Альтернативдуу диспозиция - укуктук ченем аныктаган чек- терде аракеттенуу мүмкүнчүлүгү бар.Бланкеттик диспозиция- укуктук мамилелердин катышуучуларынын жүрүш-түрүшу жалпы турдө, башка юридикалык ченемдерге шилтеме жасоо менен көрсөтүлөт,Айкындуулугунун даражасы боюнча санкциялар:так аныкталган;
салыштырмалуу аныкталган;альтернативдүү болуп бөлүнөт.Так аныкталган санкция - жазанын өлчөмү так көрсөтүлгөн Салыштырмалуу аныкталган санкция - жазанын өлчөмүн бир санкциянын чектеринде тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар.Альтернативдуу санкция - укуктун ченеминде каралган жаза чараларынын бирин тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Укуктун кайсы тармагына таандуулугу боюнча укуктун ченемдери конституциялык, администрациялык, жарандык, кылмыш-жазалык жана башка болуп бөлүнүшөт.Укуктун ченемдери материалдык жана процесстик болуп бөлүнүшөт.Материалдык укуктук ченемдер укуктун субъекттеринин укук-милдеттерин, укуктук абалын. укуктук жөнгө салуунун чектерин жана башка маселелерди аныктаган ченемдер.Процесстик укуктук ченемдер - укукту жүзөгө ашырууга, аткарууга байланышкан мамилелерди жөнгө салган ченемдер.Укуктук жөнгө салуунун усулу боюнча укуктук ченемдер императивдик жана диспозитивдик болуп бөлунушөт.Императивдик (милдеттендирүүчү) укуктук ченемдер - алардын көрсөтмөлөрү сөзсуз аткарылууга жатат.Диспозитивдик (мүмкүнчүлүк берүүчү) укуктук ченемдер укуктун субъекттери үчүн субъективдүү укук-милдеттерди жүзөгө ашырууда айкын мүмкүнчүлүк бар.Милдеттеринин багытталышы боюнча укуктук ченемдер жөнгө салуучу (регулятивдик) жана коргоочу ченемдерге бөлүнөт.
Жөнгө салуучу (регулятивдик) ченемдер укуктун субъекттеринин журуш-турушунун болжолдуу чектерин аныктаган ченемдер.Коргоочу ченемдер укуктун күнөөкөр субъекттеринин юридикалык жоопкерчилигин аныктаган ченемдер.Баяндоо түрү боюнча укуктук ченемдер:укук берүүчү (укуктар берилет);милдеттендирүүчү (айкын аракеттерди аткаруу милдети жүктөлөт);
тыюу салуучу (тигил же бул аракетти аткарбоо милдети жүктөлөт) болуп бөлунүшөт.Ченемдер-башаттар укуктун тулку, негизги түшүнүктөрүн бекемдеген ченемдер. Алар түздөнтүз укук жана милдеттерди жаратышпайт, тек гана укуктук жөнгө салуунун тиешелүү багытына көрсөтмө берет.
Аракети жайылтылган жактардын чөйрөсү боюнча укуктук ченемдер жалпы жана атайын ченемдерге бөлүнүшөт.Жалпы ченемдер - берилген аймактагы баардык жактарга аракети жайылтылган ченемдер.Атайын ченемдер айкын тайпадагы субъекттерге гана аракети жайылтылган ченемдер (аскер кызматкерлери, жашы жете электер, аялдар ж.б.у.с.).Укуктун булагы укуктун тышкы түрү, мамлекеттик эркти өзүнчө «документтештирүүнүн», калыптандыруунун ыкмаларынын көптүгү. Бул - мамлекеттин же бүткүл элдин (референдум) укуктук-чыгармачылык ишмердиги. Анын натыйжасында укуктук ченемдер түзүлөт. Бул мааниде төмөндөгүлөр укуктун булактары деп таанылат:ченемдик келишим;укуктук адат;соттук үлгү (прецедент);ченемдик-укуктук актылар;диний булактар;укуктук доктрина.Ченемдик келишим тараптардын бири мамлекет болгон макулдашуу жана андан жүрүш-туруштун жалпыга милдеттүү эрежелери (укуктун ченемдери) келип чыгат. Ал төмөндөгү негизги белгилерге ээ:
жалпы мунөздөгу ченемдерди камтыйт;тараптардын өз ара макулдугу менен ыктыярдуу түрдө түзүлөт; көбүнчө акылуу мүнөзгө ээ.аны аткарбагандык же тиешелүү түрдө аткарбагандык үчүн тараптардын өз ара жоопкерчилиги аныкталат.Мындай келишимдер өзгөчө эл аралык укукта көп учурайт.
Укуктук адат - узак мөөнөттө кайталоонун натыйжасында коомдо жөнөкөй адат катары бекемделген, мамлекет тарабынан уруксат берилген жүрүш-туруштун эрежеси. Ал биринчи кезекте жарандык укукта укуктун булагы катары таанылат, себеби анда ишмердикти жүргүзүүнүн адаттары орун алган.
Соттук үлгү (прецедент) - келечекте ушуга окшогон иштерди кароодо укугу болуп калган соттук үлгү органдын жазуу же оозеки түрүндөгү чечими. Ал ушундай иштерди кароодо сөзсуз түрдө колдонууга жатат. Мындай үлгү түзүүнүн себеби - тиешелүү мыйзамдын жоктугуна байланыштуу сот кимдир-бирөөгө сот адилеттигин жүзөгө ашыруудан баш тартышы мүмкүн эместиги жөнүндөгү башат. Мындай ченемдер айкын турмуштук жагдайларга мыйзамдын ченемдерине Караганда көбүрөөк жакындаштырылган, ошондуктан өздөрү жөнгө салган коомдук мамилелерди толугураак чагылдырууга мүмкүнчүлүгү бар.Укуктун булагы катары соттук үлгү жалпы (англосаксондук) укуктун түркүмдөрүндө үстөмдүк кылат. Бул Англия, АКШ, Канада, Австралия, Индия ж.б..Ченемдик-укуктук акт - ыйгарым укуктуу орган тарабынан же бүткүл элдик добуш берүү (референдум) жолу менен кабыл алынган, укуктун ченемдери камтылган расмий жазма документ. Ал көпчүлүк мамлекеттерде укуктун негизги булагы болуп саналат жана төмөндөгү негизги белгилер менен мүнөздөлөт;
мамлекет тарабынан чыгарылат;айкын тартипти сактоо менен кабыл алынат;
убакытта жана мейкиндикте аракетинин так чектери бар (ченемдик актынын өзунде башкача айтылбаса, жарыялангандан баштап күчүнө кирет жана ал жокко чыгарылыл, жаңы акт кабыл алынган учурдан баштап юридикалык күчүн жоготот),алдын ала аныкталган юридикалык күчкө ээ. Бардык укуктук-ченемдик актылар мыйзамдарга жана мыйзам алдындагы укуктук-ченемдик актыларга бөлүнүшөт.Мыйзам - мыйзам чыгаруу органдары тарабынан же референдум аркылуу өзгөчө тартипте кабыл алынган укуктук ченемдик акт. Ал эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана эң маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салат.Мыйзамдар экиге бөлунүшөт:конституциялык;жөнөкөй, адаттагы.Конституциялык мыйзамдар - конституция жана ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген мыйзамдар, ошондой эле конституцияда түздөн түз көрсөтүлгөн мыйзамдар.
Жөнөкөй, адаттагы мыйзамдар коомдук жана мамлекеттик турмуштун ар кандай тараптарын жөнгө салуу үчүн кабыл алынган мыйзамдар.
Мыйзам алдындагы укуктук-ченемдик актылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кабыл алынган жана аларга карама-каршы келбеген, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын актылары. Аларга төмөндөгүлөр кирет:Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору;КР Президентинин жарлыктары жана тескемелери;КР Өкмөтүнүн токтомдору жана тескемелери;министерстволордун жана ведомстволордун буйруктары, нускоолору, жоболору;
мамлекеттик бийлик жана өзун-өзү башкаруу органдарынын токтомдору, тескемелери жана буйруктары.Аталгандан көрүнүп тургандай, мыйзамдар мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынан кабыл алынат, укуктук-ченемдик актылар болсо аткаруу бийлиги тарабынан.Диний булактар ыйык диний китептер (Талмуд, Библия, Куран) укуктун эң байыркы булактарынын бири болуп эсептелет. Аларда камтылган диний ченемдер кээ бир укуктук түр- күмдөрдө милдеттүү күчкө ээ.Укуктук доктрина - укуктук маселелер боюнча юридикалык илим менен тажрыйбанын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн илимий эмгектери. Алардын мыйзамдуулук боюнча түшүндүрмөлөрү укук колдонуу тажрыйбасында укуктук-ченемдик актылардын жоболорун чечмелөө үчүн колдонулат.Юридикалык илимде эки түшүнүк бар укуктук туркум жана укуктун түркүмү. Бир Караганда, экөө тең синоним болуп, коомдук турмуштун бир эле көрүнүшүн түшүндүрөт. Бирок бул мын- дай эмес. «Укуктук туркум» деген түшүнүк «укуктун түркүмүнө» Караганда кеңири түшүнүк.Укуктук түркүм укуктун түркүмүнун, укуктук сезимдин жана укуктук тажрыйбанын (укукту жүзөгө ашыруунун) көптүгү. Бул түшүнүк тигил же бул мамлекеттеги укукка байланышкандын баарын белгилөө үчүн колдонулат. А укуктун түркүмү болсо, укуктук түркүмдүн бөлүгү жана юридикалык ченемдердин, укуктун тармактары менен институттарынын көптүгү болуп саналат.Ар бир өлкөнүн укуктук түркүмү төмөндөгүчө бөлүнөт:коомдук (публичное) жана жеке укук;
«материалдык» жана процесстик укуктун ченемдери;
укуктун айрым тармактары жана институттары.Укукту жалпы жана жеке деп бөлүү укуктун роман-германдык түркүмүнө гана мүнөздүү. Мындай бөлүү ченемдер жөнгө салган мамилелер кандай кызыкчылыктарды жекечеби же коомдук карагандыгына жараша жүргүзүлөт.Жеке укук - жеке субъекттердин арасындагы мамилелерди жөнгө салат. Ал тараптардын өз алдынчалыгы жана теңдиги менен мунөзделуп, мамлекеттик эмес ишмердикти жөнгө салат, иреттейт.Коомдук укук - коомдун кызыкчылыктарын козгогон мамилелерди жөнгө салат. Мындай мамилелердин бир тарабы болуп, эреже катары, мамлекет эсептелет. Ал үчүн укуктук жөнгө салуунун императивдик усулу мүнөздүү.Укуктун мындай бөлүнүүсү материалдык өндүрүшкө жана коомдук өнүгүүгө байланышкан. Дал ушул жагдай өз алдынча жеке укукту пайда кылды жана коомдук укукка демократиялык касиеттерди берди. Мамлекет жөнгө салбагандын баары жеке укукка таандык. Анда «тыюу салынбагандын баарына уруксат» деген башат колдонулат.Коомдук укук - укуктун ченемдери жана мамлекеттин кызыкчылыктары чагылдырылган мамилелер. анда «укук жол бергендин баарына уруксат берилет» деген башат колдонулат. Ошол эле учурда, коомдук укук инсандын негизги укуктарын, эркиндиктерин бекемдеп, коргоп, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын өзүм билемдигине жана мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюшу зарыл.Укуктун түркүмүндө материапдык жана процесстик укуктун ченемдерин айырмалашат.Материалдык укук - субъекттердин укук-милдеттерин орнотууга негизги басым жасаган укуктун тармактарынын көптүгү жана коомдук мамилелерди түздөн түз жөнгө салган укуктун түркүмүнүн ченемдеринин көптүгү бопуп саналат.Процесстик укук - материалдык укуктун ченемдерин жүзөгө ашыруунун тартибин жөнгө салган укуктук түркүмдүн ченемдеринин көптүгү.Укуктун ченемдери өз алдынча тайпаларга биригишет. Алардын эң ирилери укуктун тармактары деп аталат. Укуктун тармагы коомдук мамилелердин айкын чөйрөсүн жөнгө салган укуктук ченемдердин көптүгү.Укуктун түркүмүндө төмөндөгү негизги тармактарды бөлсө болот:Конституциялык (мамлекеттик) укук укуктун баардык тармактары үчүн эң маанилүү, негиз салуучу тармак.Администрациялык укук мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө калыптанган мамилелерди жөнгө салган коомдук укуктун бөлүгү.Жарандык укук - менчиктик мамилелерди жана аларга байланышкан кээ бир жеке менчиктик эмес мамилелерди жөнгө салган жеке укуктун тармагы.
Кылмыш-жаза укугу - кылмышты жасоого жана кылмыш жаза чараларын колдонууга байланышкан мамилелерди жөнгө салган коомдук укуктун бөлүгү.Процесстик укук коомдук укуктун бөлүгү. Ал жарандык жана жазык процесстери болуп бөлүнөт.Жарандык-процесстик укук жарандык сот өндүрүшү чей- ресундегу мамилелерди жөнгө салат.Жазык процесс укугу кылмыш-жаза иштерин козгоо, тергөө, кароо боюнча тергөө, сот органдарынын ишмердигине байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
Укуктун тармактары баш ийген укуктук тармакка жана укуктук институттарга бөлүнөт.Баш ийген укуктук тармак салыштырмалуу өз алдынча болгон бир тектүү коомдук мамилелерди жөнгө салган укуктук тармактын бөлүгү. Мисалы, жарандык укукта - турак-жай, автордук ж.б.у.с
Институт бул тармактын курамынын бөлүгү.Укуктук институт укуктук тармактын обочолонгон бөлүгүн түзгөн укуктук ченемдердин көптүгү. Бул ченемдер көз каран- дысыз, бирок укуктун бир тармагында пайда болгон өз алдын- ча суроолорду жөнгө салат. Мисалы, кылмыш-жаза укугунда - жашы жете электиктин институту, конституциялык укукта - жарандык институту ж.б.у.с.
4.Укуктук мамилелер.
Укуктук мамилелер алардын катышуучулары өз ара юридикалык укук-милдеттер менен байланышкан коомдук мамилелердин өзгөчө түрү. Аларды анын катышуучуларынын эркиндигин жана теңдигин өз ара таанууга негизделген жеке, эрктик коомдук мамилелер катары аныктаса болот. Мындай мамилелерге анын тараптарынын субъективдүү укуктары жана милдеттери бар экендиги мүнөздүу.Укуктук мамиле жок дегенде эки субъектинин юридикалык байланышын дайыма божомолдойт. Алардын бири субъективдүү укукка ээ болсо, экинчиси - юридикалык милдетти алып жүрөт.Көп тараптуу укуктук мамилелер да кездешет.Бирок, экинчи тараптан, укуктук ченемдердин негизинде пайда болгон укуктук мамилелердин айкын бөлүгү бар. Көбүнчө алар коомдук-укуктук ченемдердин негизинде жүзөгө ашырылган коомдук-укуктук мамилелер. Демек, укуктук мамилелердин айкын бөлүгү орун алган шарттар жана жагдайлар менен аныкталса, калганы юридикалык ченемдер менен аныкталат. Алардын субъекттери бири биринен укугу бар нерселерди гана талап кылып, бири бирине аларды мыйзам аткарууга мажбурлаганды гана аткарган, укуктук ченемдер менен биротоло жана толугу бойдон аныкталган укуктук мамилелер жокко эсе.Укуктук мамилелердин негизги белгилери төмөндөгүлөр:Укуктук мамилелер бул коомдук мамилелер, башкача айтканда, алар социалдык мүнөзгө ээ.
Укуктук мамилелер коомдук мамилелердин бардык катышуучуларынын эркиндигин жана теңдигин өз ара таануунун негизинде укуктун субъекттеринин арасында түзүлгөн коомдук мамилелер.Укуктук мамилелер субъективдуу укуктар жана субъективдүү юридикалык милдеттер аркылуу жүзөгө ашкан мамилелер. Субъективдүү укуктары бар субъектиге милдеттүү субъекттер дал турушат, башкача айтканда, субъективдүү укуктарга юридикалык милдеттер төп келет.Укуктук мамилелер жекече аныкталган коомдук мамиле. Мындай айкындаштыруу келишимдин же башка укуктук мамиленин катышуучуларынын толук аты-жөнүн көрсөтүү менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Бирок, биз кандай укуктук мамилелерге катышып жаткандыгыбызга жараша, ал социалдык ролдор боюнча да жүзөгө ашышы мүмкүн (кредитор-карызкор, сатуучу-аларман ж.б.).
Укуктук мамилелер - бул эрктик мамиле. Бул мамилелер- де адамдардын аң-сөзимдүү эрктик ишмердиги талап кылынат. Эми укуктук мамилелердин түзүлүшүн карал көрөйлүк. Укук- тук мамиле туркум катары татаал түзүлүшкө ээ. Ага төмөндөгу бирдиктер кирет: субъект, объект, субъективдүү укук жана юри- дикалык милдет.
Укуктук мамилелердин субъектиси. Ар кандай укуктук мамиледе, биринчи кезекте, субъект бар. Бул - укуктук мамилеге катышкан, айкын субъективдүү укуктарга жана юридикалык милдеттерге ээ болгон жак. Укуктук мамилелердин субъектиси болуу үчүн укуктун субъектиси болуу зарыл.
Укуктун субъектиси болуу жөндөмдүүлүгү. Бул жактын укуктун субъектиси, укуктук мамилелердин субъектиси болуу жөндөмдүүлүгү. Уюмдар үчүн бул жөндөмдүүлүк алардын ый- гарым укуктарынын көлөмүнө жараша аныкталат.
Физикалык жактарга карата бул жөндөмдүүлүк өзүнө үч бирдикти (элементти) камтыйт:укукка ээ болуу жөндөмдүүлүгү;аракет жөндөмдуүлүгү;
укук бузуу жөндөмдүүлүгү (деликтоспособность).Укукка ээ болуу жөндөмдүүлүгү мыйзам тарабынан аныкталган укуктун субъекттеринин айкын укуктарды алып жүрүү мүмкүнчүлүгү, субъективдүү укуктун пайда болушунун негизи. Мындай укукка жак төрөлгөндөн баштап ээ болот.
Аракет жөндөмдуүлүгү мыйзам тарабынан аныкталган жактын өзүнүн аракеттери менен укук-милдеттерди алууга жана жүзөгө ашырууга болгон мүмкүнчүлүгү. Ал айкын курактан башталат. Бул көз караш боюнча, ал туунду элемент, бирдик болуп эсептелет. Чындыгында эле, эгерде биз укуктук мамилелердин пайда болушунун негизи адамдын укуктары деп эсептесек, а бул укуктар ажыраткыс жана адамга төрөлгөндөн баштап таандык болсо, адам төрөлгөндөн баштап, каза бол- гонго чейин укукка ээ болуу жөндөмдуүлугү сактайт. Бул учурда, аракет жөндөмдүүлүгү менен укук бузуу жөндөмдүүлүгү башкы мааниге ээ болбойт.Жалпы эреже боюнча, толук аракет жөндөмдүүлүгү жашы жеткен учурда пайда болот. Бирок жактар никеге түрүшса, алар толук аракет жөндөмдүүлүгүнө ээ болушат.
Мындан тышкары, мындай жактар эки ата-эненин, бала асырап алуүчүнун, камкордун макулдугу боюнча төмөндөгү учурларда 16 жаштан баштап толук аракетке жөндөмдүү деп жарыяланышы (эмансипацияланышы) мүмкүн:
а) эмгек келишими (контракт) боюнча эмгектенсе;
б) жеке ишкердүүлүктү жүргүзсө.
Эмансипация тиешелуү мамлекеттик орган же сот тарабынан жүргүзүлөт.
Укук бузуу жөндөмдүүлүгу (деликтоспособность) жактын өзүнүн жосуну (аракети же аракетсиздиги), жасаган укук бузуулары үчүн жооп берүү жөндөмдүүлугү. Мындай жөндөм- дүулүккө болсо толук аракет жөндөмдүү жактар гана ээ. Эгерде адам спирт ичимдиктерин ичсе, баңги заттарын колдонсо же психикалык оору менен ооруса гана, анын толук аракет жөндөмдүүлүгү сот тарабынан чектелиши мүмкүн. Мындай учурларда жак укук бузуу жөндөмдуүлүгүнө ээ эмес деп табы- лат жана өзунүн жосундары үчүн жооп бербейт.
Тема 2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык укугунун түшүнүгү жана түркүмү.4-саат.
План.
1.КР дин Конституциясынын түшүнүгү
2.КРдин Конституциясынын өнүгүү этаптары.
3.Конституцияснын функциялары
4.КРдин Конституцияснын классификациясы
5. КРдин Конституцияснын түзүлүшүнүн негиздери.
6.Адамдын жана жардын укуктары менен эркиндиктери.
Адабияттар.
1.КРдин Конституциясы. Б-2017ж.
2.КРдин Жарандык Кодекси.Б-2015ж.
3.Исаев И.А. История государства и
права.М-2008г
4.Морозов Л.А. Теория государства и права М-2008г.
5.Перевалов М.А. Теория государства и права.М-2008г.
1.КР дин Конституциясынын түшүнүгү
Конституциялык укук кыргыз укугунун негизги тармагы, инсандын укуктук абаяынын негиздерин, адамдын коом жана мамлекет менен өз ара мамилелеркчик негиздерин бекемдеген жана женге салган укуктук ченемдердин кептугу. Дал анын ченемдеринин негизинде мамлекет менен коом аракеттенишет.
Конституциялык укукта декпаративдик мунезге ээ болгон, өздөру түздөн-туз укуктук мамилелерди жаратпаган ченемдер арбын. Алар укуктун башка тармактарынын ченемдеринде то- лук ачылышат. Мисалы, эмгекке болгон укук Конституцияда бекемделсе, эмгектик укуктун тузден-туз колдонулган ченемдеринде такталат
Конституциялык укуктун илиминде төмөндөгү негизги усулдар колдонулат
формалдуу-юридикалык анализ;
салыштырмалуу-укуктук;
системалык;
укуктук үлгүгө салуу,
статистикалык;
айкын-социологиялык
диалектикалык. •
Жөнгө салынуучу мамилепердин субъекттери. Конституциялык укуктун субъекттерине төмөндөгулөр кирег
физикалык жактар (жарандар, чет элдиктер, кош жарандуу жана жарандыгы жок жактар);
мамлекет;
администрациялык-аймактык түзүлүштөр;
социалдык жана этникалык биримдиктер (калк, улуттар жана башка этникалык тайпалар, кпасстар — социалисттик мамлекеттерде ж.б.);
жарандардын бирикмаоери (партиялар, коомдук уюмдар
Конституциялык укуктун булактары.
Конституциялык укуктун негизги булагы мамлекеттин Конституциясы. Ал 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынгандан кийин конституциялык укуктун негизги булагы болуп калды.
Конституциялык укуктун башка булактарына төмөндөгүлөр кирет:
мамлекеттик түзүлүштүн өзгөчө маанилүү суроолору боюнча мыйзамдар (шайлоо мыйзамы, партиялар жана коомдук уюмдар тууралу мыйзамдар, сот түзүлүшү тууралу мыйзамдар);
референдум жолу менен кабыл алынган чечимдер;
укуктардын декларациялары;
соттук конституциялык көзөмөл тартибинде кабыл алынган чечимдер;
кээ бир өлкөлөрдө - конституциялык адаттар, мусулман мамлекеттеринде - Курандын көрсөтмөлөрү.
Конституциялык укуктун түркүмү. Укуктун берилген тармагын түзгөн, институттарга жана тармакчаларга бириктирилген ченемдер анын түркүмун түзүшөт. Кыргызстандын конституциялык укугунун түркүмү өзүнө төмөндөгу негизги институттарды камтыйт:
Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнун негиздери;
инсандын конституциялык-укуктук абалынын негиздери,
шайлоо укугу жана шайлоо процесси;
мамлекет башчысынын институту;
мыйзам чыгаруу бийлигинин институту жана парламенттик укук;
аткаруу бийлигинин жана КР Өкмөтүнүн институттары;
КР сот түркүмүнун жана сот бийлигинин конституциялык негиздери;
КР өз алдынча башкаруунун конституциялык негиздери.
Бул институттардын ар биринин өзу жөнгө салган кууш
предмети бар жана алар конституциялык-укуктук ченемдердин тиешелуу көптугу болуп эсептелишет.
2.КРдин Конституциясынын өнүгүү этаптары.
Конституция - бул мамлекеттин эң жогорку күчкө ээ болгон негизги мыйзамы. Ал мамлекеттик тузулуштун негиздерин, мамлекет менен жарандын өз ара мамилелерин бекемдейт жана жөнгө салат. Ошондой эле ал бийлик үчүн анын адам жана коом менен болгон мамилелериндеги башкы чектегич болуп эсептелет.Конституциянын маңызы анын төмөндөгү негизги мунөздүү белгилери аркылуу аныкталат:
ал - мамлекеттин негизги мыйзамы;
ал юридикалык үстөмдүккө ээ;
ал мамлекеттин укуктук түркүмүнүн негизи;
ага туруктуулук мунөздуү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттин негизги мыйзамы экендиги анын өзүнун укуктук табиятынан жана маңызынан келип чыгат.
Кыргыз Республикасынын Конституциянын юридикалык үстөмдугү - ал башка укуктук актылардын ичинде эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана алардын эч бири ага карты келе албайт. Каршылык болгон учурда анын ченемдери артыкчылыкка ээ.Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттин укуктук түркүмүнун негизи ал мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын коомдук мамилелердин тигил же бул тараптарын жөнгө салуу боюнча укуктарын гана бекемдебестен, укуктун башка тармактарынын өнүгүшүнүн негизинде жаткан көптөгөн негиз берүүчү жоболорду өзүнө камтыйт.Кыргыз Республикасынын Конституциясынын туруктуу мүнөзү - башка мыйзамдар жана укуктук актыларга Караганда аны өзгөртүүнүн өзгөчө тартиби аныкталган. Аны өзгөртүү тартиби боюнча биздин Конституция, аларга өзгөртүүлөр жөнөкөй мыйзамдарга окшоп киргизилген кээ бир башка мамлекеттердин «жумшак» конституцияларынан айырмаланып, «катаал» Конституция болуп эсептелет. Бул конституциялык тузулуштун негиз салуучу башаттарынын туруктуулугун камсыздоо макса- тында жасалган.Кыргыз Республикасынын Конституциясы преамбуладан жана тогуз бөлүмдөн турат:
Биринчи бөлүм. Конституциялык тузулуштун негиздери;
Экинчи бөлүм. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери,
Үчүнчү бөлүм. Кыргыз Республикасынын Президенти;
Төртүнчү бөлүм. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлиги;
Бешинчи бөлум. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги;
Алтынчы бөлүм. Кыргыз Республикасынын сот бийлиги;
Жетинчи бөлүм. Мамлекеттик башка органдар;
Сегизинчи бөлүм. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу;
Тогузунчу бөлүм. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана талуктоолорду киргизүунун тартиби.
Биринчи бөлүмдө - «Конституциялык түзүлүштун негиздери»
Кыртызстандын мамлекеттик жана коомдук түзүлүшүнүн негиздери жөнүндө жоболор баяндалган.
Экинчи бөлүмдө - «Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери» - Кыргызстандагы инсандын конституциялык-укуктук абалынын мүнөздөмөсү берилген’
Үчүнчү бөлүм. Кыргыз Республикасынын Президенти;
Төртүнчү бөлүм. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлиги;
Бешинчи бөлүм. Кыргыз Респубпикасынын аткаруу бийлиги Кыргызстандагы мамлекеттик бийликтин тмешепүү органдарынын укуктук абалынын негиздери бекитилген.
Алтынчы бөлүмдө«Кыргыз Республикасынын сот бийлиги»
Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин конституциялык негиздери камтылган.
Жетинчи белүмдө - «Мамлекеттик башка органдар» Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик башка органдардын укуктук абалынын негиздери бекитилген.
Сегизинчи бөлумдө - «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Кыргыз Республикасынын жергиликтуү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруунун конституциялык негиздери камтылган.
Тогузунчу бөлумдө - «Ушул Конституцияга өзгөртуүлөрдү жана толуктоолорду киргизуунун тартиби» - Конституцияны өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартибин аныктаган ченемдер берилген.
3.Конституцияснын функциялары
Конституциянын милдеттери (функциялары) жөнгө салынып жаткан мамилелерге конституциялык таасир берүүнүн негизги багыттары. Алар үчкө бөлунушөт:
юридикалык,
саясий;
идеологиялык.
Юридикалык милдет (функция) - конституция мамлекеттин укуктук түркүмунүн негизги булагы болуп эсептелет жана эң жогорку юридикалык кучке ээ. Конституция - өзгөчө касиеттеги укуктук акт. Ал төмөндөгү юридикалык милдеттерди аткарат:
а) түзүүчү;
б) укук ыйгаруучу;
в) коргоочу;
г) максатты берүүчү.
Түзүүчү милдет - коомдун негизги институттары таанылып, юридикалык тараптан бекемделип, аларга мамлекеттик-укук- тук түр берилет.
Укук ыйгаруучу милдет - конституциялык укуктун субъекттеринин укуктарынын жана милдеттеринин тизмеси бекемделет.
Коргоочу милдет конституциялык ченемдер конституциялык түзулуштүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоого багытталган.Максатты берүүчү милдет-коом менен мамлекеттин стратегиялык максаттарын, өнүгүү маселелерин бекемдее, коомдук мамилелердин өнүгүшунүн ченемдик божомолун берүү.
Саясий милдет (функция) Конституциянын саясий процессти жана саясий мамилелерди жөнгө салуу таасири, себеби ал өзүнчө коомдук макупдашуунун келишими болуп эсептелет. Бирок мындай милдетти аткаруу демократиялык саясий түзүлүштө гана орун алышы мумкүн.
Идеологиялык милдет (функция) - Конституция айкын идеологияны чагылдырат жана коом менен мамлекеттин эң маанилүү баалуулуктарын коргойт. Бирок бул касиетке өтө эле чоң маани берген максатка ылайыксыз, себеби мындай болгон учурда Конституциянын юридикалык күчү алсырайт.
4.КРдин Конституцияснын классификациясы
Конституциялардын.бөлүнүшү (классификациясы)жөнгө салынып жаткан суроолордун жана алардын тышкы формалдуу белгилеринин негизинде конституцияларды бөлүү. Мындай бөлүнүү төмөндөгү белгилер боюнча жүргүзүлөт:
конституциянын түрү боюнча;
конституцияны кабыл алуу ыкмасы боюнча;
конституциянын аракеттенүү убактысы боюнча;
саясий түзүлүш боюнча;
башкаруунун түрү боюнча;
мамлекеттик түзүлүштүн орнотулган түрү боюнча;
орун алган чындыкты чагылдыруунун мүнөзү боюнча.
Конституциянын түрү - конституциялык ченемдердин түзү-
лүшүнүн жана чагылдырылышынын ыкмасы. Бул конституция канча ченемдик актыдан - бир же бир нече турушу менен аныкталат. Мисалы, Испаниянын, Россиянын, Кыргызстандын Конституциялары бир конституциялык актыдан турат. Швециянын Конституциясы болсо үч ченемдик актыдан 1974-жылкы башкаруу түрүнөн, 1810-жылкы тактыны ээлөө тууралу Актыдан жана 1974-жылкы басма сөз эркиндиги тууралу Актыдан турат.
Кодификацияланган конституция - бирдиктүү жазма акт. Алар кеңири ачылган (мисалы, грециялык) жана кеңири ачыл- баган (АКШнын жана Фрнациянын конституциялары) конститу- цияларга бөлүнүшөт.
Кодификацияланбаган конституция бир нече жазма актылар.
Аралаш түрдөгү Конституциялар алар жарым-жартылай жазма актылардан, калганы адаттар менен доктриналдык түшүндүрмөлөрдөн турат. Мисалы, Великобританиянын Конституциясы.
Кабыл алуу ыкмасы боюнча конституциялар экиге бөлүнүшөт;
конституцияны түзүү башкы жана жалгыз максаты болгон түзүү жыйыны (конституанта) тарабынан иштелип чыккан конституциялар. Өз кезегинде алар эгемендүү (алар конституцияны биротоло кабыл алышат) жана эгемендүү эмес (алар конституциянын текстин гана иштеп чыгышат жана ал башка ыкма менен, көбүнчө референдум жолу менен бекитилет) болуп бөлунушөт;
Конституцияларды өзгөртүү жумшак конституцияларда бул жөнөкөй мыйзамды кабыл алуу жолу менен жүргүзулөт. Каттаал конституцияларда болсо бул учун парламенттеги добуш беруудө артыкчаланган көпчулук же референдумда буткул элдик жактыруу талап кыпынат.
Аракетинин убактысы боюнча конституциялар туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнүшөт. Туруктуу конституциялар меенетсуз аракеттенишет. Убактылуу конституциялар айкын мөөнөткө кабыл алынат.
Саясий режиминин түзүлүшү боюнча конституциялар демократиялык жана авторитардык болуп бөлүнушөт.
Башкаруу туру боюнча конституциялар монархиялык жана республикалык болуп бөлүнушөт.
Мамлекеттик тузулуштун аныктапган туру боюнча конституциялар федеративдик жана унитардык болуп бөлунушөт. Өз кезегинде федеративдик мамлекеттерде конституциялар федералдык жана федерациянын субъекттеринин конституцияларына бөлунушөт.
Чындыкты чагылдыруу мунезу боюнча конституциялар жа- салма жана жасапма змее болуп бөлүнүшөт. Бул жагдай конституциялык көрсөтмөлөр канчалык даражада орун алган бийликке дал келгендиги менен аныкталат.Конституциялык жөнгө салуунун объектилерине төмөндөгү коомдук мамилелер кирет:
адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери. Ал конституцияларды түзуунун башкы мацызын түзөт;
жогорку бийликти уюштуруу - ал элдин эгемендуулугунун башатына негизделген жана андан^келип чыккан өкүлчүлүк- туу башкаруу жана бийликтү бөлүштурүү башаттарын жузеге ашырууга чакырылган;
саясый-аймактык түзүлуш: аймактык түзүлүштөрдүн турлөру, алардын борбордук бийлик менен жана өз ара мамилелери;
мамлекеттин тышкы саясый милдеттери - согуш жана тынчтык суроолорун жөнгө салуу, эл аралык келишимдерди ж.б. тузуу, ратификациялоо жана жокко чыгаруу боюнча мамлекеттин органдарынын ыйгарым укуктарын аныктоо.
Конституциялык мыйзамдуулуктун эволюциясында экономикалык, социалдык жана саясый турмуштагы орун алган өзгөрүүлөр чагылдырылат. Мисалы, укуктар менен эркиндиктер чөйрөсүндө аларды кеңейтүү конституцияларга жаңы укуктар менен эркиндиктерди киргизүү жолу менен жүргүзүлөт. Бир эле учурда мурда белгилуу болгон укуктар менен эркиндиктерди тактоо жана толугураак жөнгө салуу журуп жатат.
Азыркы учурда жогорку мамлекеттик органдардын ез ара мамилелеринде аткаруу бийлиги күчөп жаткандыгы байка- лууда. Конституциялар, екметтун ыйгарым укуктарын кучетуп, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин мамилелерин даты да так жана анык женге сала башташты. Өкмөттөрдун туруктуулугун камсыздоого багытталган ченемдер пайда болушту.
Бирок аткаруу бийлигинин мындай кучеп жаткандыгы кээде бийликти бөлүштүруу башатын бурмалоого алып келүүдө. Бул парламенттин ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин пайдасына чектөө түрүндө орун алып жатат.
Конституцияларда мамлекеттин экономикалык жана социалдык органдарынын макамдарын, анын экономикалык жана социалдык ишмердигин женге салган ченемдер көбүрөөк кездеше баштады. Апарга экономикалык жана социалдык чөйрөдөгү коомдун алдындагы мамлекеттин милдеттенмелери киргизиле баштады.
Көптөгөн демократиялык мамлекеттердин конституцияларында конституциялык көзөмөл институтун жөнгө салуу орун ала баштады. Жалпы жана администрациялык Адилет органдарынан бөлүнгөн конституциялык көзөмөлдүн атайын органын түзүү мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Мамлекетте жападан-жалгыз болуп, ал мамлекетте башка сот органдарынан бийик турат. Көрсөтүлгөн учурда анын жайылтылышы конституциялык мыйзамдуулукту камсыздоонун зарылчылыгы менен түшүндүрүлөт.
Эл аралык мамилелер менен байланышкан конституциялык ченемдер да алда канча көбөйдү. Бул биринчи кезекте мамлекеттин тышкы саясый ишмердиги жөнүндө жоболорго тиешелүү. Экинчи дүйнөлук согуштан кийин кабыл алынган конституцияларда тышкы саясый багытта тынчтыкка чакырган жоболор көп. Бул коомдук сезимдеги оң өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы. Жалпы кыргын салуучу куралды колдонуу буткул адамзаттын курман болушуна алып келе тургандыгы жөнүндө түшүнүк келди.
Конституцияларда эл аралык укуктук жоболор менен ички укуктун ченемдеринин катнашы жөнүндө ченемдер тез-тез пайда боло баштады. Жалпы көз караш боюнча, эл аралык укук ички укуктан үстөмдүк кыла тургандыгы таанылып жатат.Аймактык кошулуу процесстерине катышып жаткан мамлекеттердин конституцияларында дагы бир багыт орун алды. Атап айтканда, Евросоюздун мамлекеттеринин жана башка кээ бир мамлекеттердин конституцияларында улуттардын устүндө турган уюмдардын пайдасына айкын ыйгарым укуктарды бийликтин улуттук органдары тарабынан беруу мумкунчулу- гу каралган. Алар кээ бирде мындай органдардын пайдасына мамлекеттин эгемендүүлугун ыктыярдуу түрдө чектегенгеуруксат беришет.
5. КРдин Конституцияснын түзүлүшүнүн негиздери.
Конституциялык тузулуш мамлекеттин демократиялык Конституциясын сактаган укуктук тартип. Ал мамлекеттик тузулуштөн мамлекетте дайыма конституция орун алгандыгы менен айырмаланат.
Конституциялык тузулуштун негиздери КР Конституциясынын 1-бөлумундө бекемделген. Алардын ченемдери төмөндөгү тайпаларга бириктирилген:
мамлекеттин жана мамлекеттик (коомдук) бийликтин тузулушун бекемдеген ченемдер;
адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин артыкчылыктарын бекемдегендер;
мамлекеттин жана коомдун саясий жана экономикалык негиэдерин бекемдегендер.Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнүн гуманисттик негиздерин адамдын жана жарандын укуктары менен эркин- диктеринин артыкчылыктары түзүп, алар мамлекеттик эң жогорку баалуулугу катары бекемделишет.
КР Конституциясынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү ал эркин, көз карандысыз мамлекет жана башка мамлекеттин бийлигине баш ийбейт.Кыргыз Республикасынын демократиялык мүнөзү Кыргызстандын эли өлкөдөгү мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болуп эсептелет жана бийлик өлкөдө демократиялык эрежелердин негизинде жүзөгө ашырылат.Кыргыз Республикасынын укуктук мүнөзү - өлкөдө укук устөмдүк кылат жана баардык суроолор аракеттеги мыйзамдуулуктун негизинде чечилиши керек Адам, анын укуктары менен эркиндиктери мамлекеттин эң жогорку баалуулугу деп жарыяланат.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мүнөзү Кыргыз Республикасында эч кандай дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес, дин жана диний ырым-жырымдар мамлекеттен ажыратылган, ошондой эле диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлиги- шүүсунө тыюу салынат (КР Конституциясынын 7-беренеси).Кыргыз Республикасынын унитардык мунөзү - аймактык тү- зүлүшүнүн түру боюнча Кыргыз Республикасы бирдиктүү мамлекет болуп эсептелет.Кыргыз Республикасынын социалдык мүнөзү - Кыргыз Республикасы баардык жарандардын, бут коомдун укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын кепили катары аракеттенет жана адамдын татыктуу жашоосун камсыздоо үчүн бирдей мумкүнчулүктөрдү түзгөнгө умтулат.
КР Конституциясынын 9-беренесинде социалдык мамлекет катары Кыргыз Республикасынын социалдык саясатынын не- гизги багыттары берилген:
татыктуу жашоо-турмуш шартын түзүүгө жана инсанды
эркин өстүруүгө, жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүгө ба- гытталган социалдык программаларды иштеп чыгуу;
социалдык жактан корголбогои жарандардын категорияларына колдоо көрсөтүу;
эмгек акынын кепилдик берилген минималдуу өлчөмүн, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылуу;
социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрүү;
мамлекеттик пенсияларды, жөлөк пулдарды, социалдык коргоонун дагы башка кепилдиктерин белгилөө.
Бул багыттар укуктун башка тиешелүү тармактарында кененирээк каралат.
Биздин Конституцияда мамлекеттик бийликтин биримдигинин жана бөлүштүрүүнүн башаты бекемделген. Конституциянын 2-беренесине ылайык, Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат. Бийликти жүзөгө ашырууга ал негизги эки турдө катышат -түздөн-туз (шайлоолордо жана референдумдарда катышуу) жана кыйыр түрдө (мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу).
КР Конституциясы Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнүн экономикалык жана саясый негиздерине таандык болушу мүмкүн болгон кээ бир олуттуу башаттарды камтыйт. Экономикага таандык конституциялык башаттар төмөндөгүлөр:
менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет;
менчиктин кол тийгистиги жана эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес;
менчик ээсинин эркинен тышкары мулкту алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет;
мыйзамда карапган коомдук муктаждыктар учун мулкту алып коюу, ал мулктун наркынын жана башка чыгымдардын ордун толтуруп берууну адилеттуу жана алдын-ала камсыз кылуу менен соттун чечими боюнча.жүргүзүлүшү;
жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мулкту мамлекеттин менчигине өткөруу (улутташтыруу) ал мулктун жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде жургузулушу;
Кыргыз Республикасы өз жарандары менен юридикалык жактарынын менчигин, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан өзүнүн менчигин коргойт.
жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракети- нин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат;
жеке менчикте болушу мүмкүн эмес жайыттарды кошпогондо, жер ошондой эле менчиктин жеке, муниципалдык жана башка формаларында болушу мүмкун;
менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат (Конституциянын 12-беренеси).
Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнүн саясый негиздеринин негизги башаттары төмөндөгүлөр:
Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук таанылат.
Саясий партиялар, кесиптик бирликтер, дагы башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.
Саясий партиялар жарандардын саясий эркин билди- руүгө көмөк көрсөтөт, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого катышат.
Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө:
мамлекеттик, муниципалдык жана партиялык институттардын кошулушуна; мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларды кошпогондо, партиялык ишти аткарышына;
аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияларды колдоп чыгышына;
диний, этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, линий бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө;
жарандардын бирикмелери тарабынан аскерлешкен курумдардын тузулүшүнө;
иш-аракети коиституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улут аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутан- дырууга багытталган максаттарды көздөгөн саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүк- төрүнүн жана филиалдарынын иштешине тыюу салынат.
6.Адамдын жана жардын укуктары менен эркиндиктери.
Республикабыздын социализм учурундагы мурдагы Консти- туциялары мамлекеттик, коомдук кызыкчылыктарды эң жогор- ку баалуулук дел жарыялаган. Азыркы учурда бул абал тапта- кыр өзгөрдү Эми адам мамлекет үчүн эмес, мамлекет адам учун аракеттенет. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык экендигин таанып, Кыргыз Республикасынын 16-беренеси адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук экендигин жарыялады. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат.
Биздин коиституциялык түзүлүштүн бул гуманисттик мүнөзү ушул укуктар менен эркиндиктердин жана башка конституциялык коргоого алынган баалуулуктардын кагылышуусунда артыкчылыкка адамдын дал ушул укуктары менен эркиндиктери үстөмдүккө ээ боло тургандыгын билдирет.
Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери үч тайпага бөлүнүшөт:
өздүк (жарандык) укуктар менен эркиндиктер;
саясый укуктар менен эркиндиктер;
экономикалык, социалдык жана маданий укуктар менен эркиндиктер
Эздук (жарандык) укуктар менен эркиндиктер - адамдын жеке турмушу менен байланышкан анын укуктары менен эркиндиктери. Алар инсандын конституциялык-укуктук абалынын (статусунун) маңызын тузөт жанамамлекет менен башка жактардын укуксуз кийлигишуусунөн корголот. Аларга төмөндөгүлөр таандык:
өмүргө болгон укук;
инсандын ар-намысы;
эркиндикке жана жеке кол тийгистикке болгон укук;
жеке турмуштун кол тийгистигине, кадыр-барк менен ар- намысты коргоо укугуна;
турак-жайдын кол тийгистигине;
этникалык таандыгын аныктоо жана көрсөтүү укугу;
каттоо жана жашаган жерин тандап алуу эркиндиги;
абийир жана динин тандоо эркиндиги;
ой-пикир жана сез эркиндиги;
соттук коргонууга, сапаттуу юридикалык жардамга ж.б. болгон укук.
Саясый укуктар менен эркиндиктер Кыргызстандын жарандарына гана таандык болгон, алардын коомдун жана мамлекеттин турмушуна катышуусун камсыз кылган укуктар менен эркиндиктер. Аларга төмөндөгүлөр таандык:
биригүү эркиндиги;
тынч чогулуш өткөрүу эркиндиги;
мамлекеттин иштерин башкарууга катышуу укугу (шайлоо укуктары, сот адилеттигин жузөгө ашырууга катышуу укугу);
мамлекеттик кызматка кируу укугу;
кайрылуу укугу («петиция укугу»);
маалыматтын жана жалпы маалымат каражаттарынын эркиндиги ж.б.
Экономикалык, социалдык жана изданий укуктар менен эркиндиктер экономикалык, социалдык жана маданий чейрөдөгү адамдын муктаждыктарын коргоону жана жүзөгө ашырууну камсыздаган укуктар менен эркиндиктер. Алар тармактык мыйзамдуулукта - (эмгектик, пенсиялык, Үй-булөлук, турак-жайлык) - кеңири каралат. Аларга төмөндөгүлөр кирет:
жеке ишкердик эркиндиги;
жеке менчик укугу;
эмгектик укуктар - эмгекке жана акы алууга (эмгек эркиндиги), дем алууга, иш таштоого (забастовка);
үй-бүлөнү, эне болууну, балалыкты коргоо укугу;
социалдык камсыздандыруу укугу;
турак жай укугу;
саламаттыкты коргоо укугу;
ыңгайлуу айлана-чөйрөгө болгон укук;
билим алуу укугу;
чыгармачылыктын эркиндиги;
маданий турмушка катышуу укугу ж.б.у.с.
Укуктук мамилелердин тигил же бул субъектисинин укуктук абалын анын укуктары гана змее, анын милдеттери да түзөт. Аларга КР Конституциясынын атайын главасы үчүнчү глава - «Жарандык. Жарандын укугу жана милдеттери» - арналган.
КР Конституциясында, тармактык мыйэамдуулукта айкын- даштырылган, адамдын жана жарандын төмөндөгү милдеттери каралган:
КР Конституциясын жана башка мыйзамдарды сактоо милдети;
ата-энелердин балдары тууралу кам көрүү милдети;
жашы жеткен, эмгекке жарамдуу балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелери тууралу кам көрүү милдети;
ар кимдин негизги жалпы билимди алуу милдети;
тарыхый жана маданий мурасты сактоо боюнча камкор- дук көрүү милдети;
салыктарды жана жыйымдарды төлөө милдети;
жаратылышты жана айлана-чөйрөнү коргоо милдети;
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Ата-Журтту коргоо милдети.
Адамдын жана жарандын аталган бардык укуктары менен эркиндиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдикке алынат.
Тема №3: Үй-бүлөө укугунун жалпы түшүнүгү жана башаттары.4-саат.
План.
1.Үй-бүлөө укугу жана укуктук мамиле.
2. Никеге туруу жана аны жокко чыгаруу.
3.Жубайлардын,ата-энелдин жана балдардын укуктары.
4.Алименттик милдеттемелер.
Адабияттар.
1.КРдин Конституциясы. Б-2017ж.
2.КРдин Жарандык Кодекси.Б-2015ж.
3. КРдин Үй-Бүлөө Кодекси.Б-2010ж.
4.Ч.И.Арабаев КРдин Жарандык укугу.Б-2009ж.
5.Н.Т.Шерипов КРдин Конституциялык укугу. Б-2012ж
6.Исаев И.А. История государства и права.М-2009г
1.Үй-бүлөө укугу жана укуктук мамиле.
Үй-бүлө укугу жарандардын жеке мүлктүк эмес жана алар менен байланышкан мүлктүк мамилелерин жөнгө салган че- немдердин көптүгү. Алар никеден, тууганчылыктан, асырап алуудан, жашы жете электерге көзөмөлдөн жана камкордук- тан, ошондой эле балдарды Үй-бүлөгө тарбиялоого алуудан келип чыгат.
Үй-бүлө укугунун предмети - улантылган мүнөзгө ээ болгон үй-бүлөлүк-укуктук мамилелер. Алардын субъекттик составы ачык-айкын аныкталган: жубайлар, балдар, ата-энелер, башка туугандар, асырап алуучулар, камкорлор, көзөмөлчүлөр, балдарды Үй-бүлөгө тарбиялоого алгандар.
Үй-бүлөлук-укуктук мамилелерди жөнгө салуунун усулдары. Аларга төмөндөгүлөр кирет:
Үй-бүлөлүк мамилелердин катышуучуларынын юридика- лыктеңдигин жана алардын эркинин өз алдынчалыгын таануу;
диспозитивдик жана императивдик укуктук жөнгө салууну айкалыштыруу
Үй-бүлөлүк укуктун негизги башаттары. Аларга төмөндөгүлөр кирет:
жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында катталган никенин гана таанылышы;
нике мамилелеринин ыктыярдуулугу жана никелешкен адамдардын өз ара макулдугу,
жубайлардын үй-бүлөдөгү укуктарынын теңдиги;
үй-бүлөнүн ички маселелерин өз ара макулдашып чечүү;
баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого артыкчылык берүү, алардын бейпилдигине жана өсүп-жетилишине камкордук кылуу;
үй-бүлөнүн жашы жетпеген жана эмгекке жарамсыз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу.
Үй-бүлөлук укуктун булактары. КР Үй-бүлө Кодексинин 4-беренесине ылайык, үй-бүлө мыйзамдары Үй-бүлө Кодексинен, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинен жана аларга ылайык кабыл алынуучу башка мыйзамдардан турат. КР Үй-бүлө Кодексинин негизинде жана аны, Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Пр өзидентинин жарлыктарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түздөн-түз КР Үй-бүлө Кодексинде, дагы башка мыйзамдарда, Кыргыз Республикасынын Пр өзидентинин жарлыктарында каралган учурларда ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укуктуу.
Жогоруда аталгандан көрүнүп тургандай, Үй-бүлөлүк укуктун булактарына төмөндөгүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы. Ал өзүнүн кийинки жүзөгө ашышын башка актыларда тапкан бир топ негизги укуктук жоболорду өзүнө камтыйт. Мисалы, эркек менен аялдын укук менен эркиндиктеринин теңдиги, ата-энелердин балдарды тарбиялоо боюнча укук-милдеттеринин теңдиги, эмгекке жарамдуу, бойго жеткен балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелери тууралу камкордук көрүү милдети тууралу жоболор.
2003-жылдын 30-августундагы Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси. Ал сегиз бөлүмдөн турат:
«Жалпы жоболор»;
«Никеге туруу жана токтотуу»;
«Жубайлардын укуктары менен милдеттери»;
«Ата-энелер менен балдардын укуктары жана милдеттери»;
«Үй-бүлө мүчөлөрунүн алименттик милдеттенмелери»:
«Ата-энесинин көзөмөлчүлүгүнөн ажыраган балдарды тарбиялоонун формалары»;
«Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын катышуусу менен үй-бүлө мамилелерине карата уй-бүлө мыйзамдарын колдонуу»;
«Корутунду жоболор».
Үй-бүлөлүк укуктун кийинки булагы-2012-жылдын 10-июлундагы Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси.
Үй-бүлөлүк укуктун кийинки булагы - Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекси. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 5-беренесине ылайык, үй-бүлө мыйзамдары менен жөнгө салынбаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке мамилелерге жарандык мыйзамдар колдонулат, анткени ал үй-бүлө мамилелеринин маани-мазмунуна карама-каршы келбейт.
Үй-бүлөлүк укуктун кийинки булагы Кыргыз Республикасынын Пр өзидентинин жарлыктары.
Үй-бүлөлүк укуктун кийинки булагы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору.
Үй-бүлөлүк укуктун кийинки булагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 7-беренесине ылайык, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде үй-бүлө мыйзамдарында каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. Бул жобо Кыргызстан катышуучусу болуп саналган эл аралык конвен- цияларга гана эмес, жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча укуктук жардам тууралу эки тараптуу макулдашууларга да жайылтылат. Белгилеп кетчү жагдай учурдагы кыргыз үй-бүлө укугунун ченемдери Адамдын укуктарынын Жалпы декларациясына, Жарандык жана саясый укуктар тууралу Эл аралык пактыга окшогон эл аралык-укуктук документтерге негизинен дал келет.
Үй-бүлөөлүк укуктук мамиле.
Үй-бүлөлүк укуктук мамиле анын мүчөлөрүнүн өз ара сүйүүнүн жана урматтоонун негизинде түзүлгөн үй-бүлөлүк мамилелери. Укуктун ченемдери менен жөнгө салынып, алар укуктук мамилелердин өзгөчө өз алдынча бөлүгүн - үй-бүлөлүк укукту түзүштү.
Мүлктүк мамилелерди жөнгө салган жарандык укуктун ченемдери бул жерде жетишсиздик кылат, себеби алар чектелүү колдонууну гана алышат. Ошондуктан мыйзамдуулуктун өз алдынча бутагынын өзгөчө ченемдерине муктаждык пайда болот.
Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин максаттарына, жарандык укуктагыдай, бир ченемдик актынын негизинде жетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Бул жагдай да аларды жарандык укуктук мамилелерден айырмалап турат. Буга окшогон бир жолку аракеттеги актынын негизинде үй-бүлөнү түзүүгө, никеге турууга, балдарды тарбиялоого болбойт. Мындай укуктук мамилелер сөзсүз турдө алардын катышуучуларынын арасындагы мамилелердин узакка созулгандыгын божомолдойт. Ошондуктан уй-булөлүк укуктук мамилелерди укуктук мамилелердин өзгөчө туру катары карал, аларды жарандык укуктук мамилелерден айырмалай билиш керек.
Үй-булөлук укуктук мамилелер администрациялык укуктук мамилелерден да айырмаланып турушат. Мисалы, үй-бүлөлүк мыйзамдуулуктан жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча суроолор (төрөлуү, никеге туруу, баланы асырап алуу ж.б.) алынып салынган. Аталган суроолор боюнча администрациялык-укуктук ченемдер өз алдынча актыда - жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамда - камтылган.
Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин негизги түшүнүгү үй-бүлө. Ал никеге, туугандыкка жана балдарды тарбиялоого алууга негизделген, жеке мүлктүк эмес, ошондой эле мүлктүк укуктар жана милдеттер менен байланышкан жактардын чөйрөсу катары аныкталат.
Үй-булөлук укуктук мамилелер уй-булө мүчөлөрүнун, ошондой эле балдарды тарбиялоого алган жактар менен үй-бүлөгө алынган балдардын арасында келип чыгат.
Үй-бүлөлүк укуктук мамилелердин төмөндөгү түрлөрү бар:
никелик мамилелер (жубайлардын арасындагы мамилелер);
ата-энелик мамилелер (ата-эне менен балдардын арасындагы мамилелер);
тарбиялоо жана материалдык багуу боюнча мамилелер;
тарбиялоо боюнча гана мамилелер;
материалдык багуу боюнча гана мамилелер.
Алардын баарын эки түргө бөлсө болот:
жекече (мүлктүк эмес),
мүлктүк мамилелер.
Жекече (мүлктүк эмес) мамилелер — никеге турууга жана никени бузууга байланышкан мамилелер, үй-бүлөлүк турмуштун суроолорун чечүүдөгү жубайлардын арасындагы мамилелер ж.б.
Мулктүк мамилелер үй-бүлө мүчөлөрүнүн (ата-энелер менен балдардын, жубайлардын, уй-бүлөнун башка мүчөлөрүнүн) алименттик милдеттенмелери, ошондой эле жубайлардын арасындагы алардын жалпы жана өз алдынча мулку боюнча мамилелер.
Үй-бүлөдө жеке мамилелер негизги болуп эсептелет. Үй-бүлөдөгү мүлктүк мамилелерди жөнгө салган ченемдердин мазмунун көбүнчө алар аныкташат. Мисалы, сотто жубайлардын жалпы мүлкү бөлүнүп жатканда жубайдын үлүшүн аныктоодо никедеги алардын жүрүш-турушу, ошондой эле жашы жете элек балдардын өзгөчө муктаждыктары жана кызыкчылыктары эске алынат.
2. Никеге туруу жана аны жокко чыгаруу.
Никеүй-бүлө күтүү максатында түзүлгөн, жубайлардын ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелерин жарата турган, мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын эркин жана толук макулдугу менен эркек жана аялдын ортосундагы тең укуктуу баш кошуусу.
Кыргыз Республикасынын Үй-булө Кодексинин 11-беренесине ылайык, никеге туруу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында, ал эми мыйзамда каралган учурларда - жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарында, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагында жайгашкан дипло- матиялык өкүлчүлуктөрундө жана консулдук мекемелеринде жүргүзүлөт. Жубайлардын укуктары менен милдеттери түзүлгөн нике мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып пайда болот.
Никеге туруу никеге туруп жаткан адамдардын өздөрүнүн катышуусу менен алардын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына арыз берген кунунөн тартып бир ай өткөндө кийин жүргүзүлөт.
Жуйелуу себептер болгон учурда никеге турууга бир ай ет- кенге чейин уруксат берилиши мумкун. Ошондой эле бул мөөнөт узартылышы да мумкун, бирок ал бир айдан ашпоого тийиш.Өзгөчө жагдайлар болгон учурда нике арыз берилген күнү түзүлүшү мүмкүн.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын никени каттоодон баш тартуусуна никеге турууну каалагандар (экөөнүн бирөөсү) тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
Учурдагы мыйзамдуулук никеге туруунун шарттарын аныктайт. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 13-беренесине ылайык, никеге туруу үчүн төмөндөгүлөр талап кылынат:
эркек менен аялдын ыктыярдуу өзара макулдугу;
алардын нике курагына он сегиз жашка жетиши.
Жүйөлүү себептер болгондо, никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу (14-6.).
Мындан тышкары, никеге туруунун дагы бир шарты ага турууга тоскоолдук болуучу жагдайлардын жоктугу. Үй-бүлө Кодексинин 15-беренесине ылайык, төмөндөгулөрдүн ортосунда никеге турууга жол берилбейт:
адамдардын бирөөсү эле башка адам менен катталган никеде турса;
жакын туугандарга бир ата-энеден төрөлгөн жана атасы же энеси бир эркек-кыз бир туугандарга;
асырап алуучулар менен асырап алынгандарга;
никеге турууну каалагандардын жок дегенде бирөөсүнүн психикалык бузулуулардан улам аракетке жөндөмсүздүгү.
Ошентип, никеге турууга ага түзүугө шарттар болгондо жана тоскоолдуктар жок болгондо гана уруксат берилет.
Үй-бүлө Кодексинин 17-беренесине ылайык, жубайлардын бири каза табуунун айынан, же сот тарабынан өлгөндүгүн жа- рыялоодон улам нике жокко чыгарылат. Нике жубайлардын биринин же экөөсүнүн арызы боюнча бузулушу, ошондой эле сот тарабынан аракетке жөндөмсуз дел табылган жубайлардын көзөмөлчүсүнун арызы боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.
Никени бузуу болочок мезгилге карата, мыйзамда көрсөтүлгөн учурлардан башка учурларда, жубайлардын укук жана милдеттерин жокко чыгарган юридикалык акт.
КР үй-бүлө мыйзамдуулугу никени бузуунун эки тартибин
караган:
ЖААЖ (ЗАГС) тарабынан жүргүзүлгөн администрациялык тартип;
соттук тартип.
Үй-бүлө Кодексинин 20-беренесине ылайык, администра- циялык тартипте нике төмөндөгу учурларда бузулат:
ортодо жашы жетпеген балдары болбосо жана мулк жагынан жана башкалар боюнча бири-бирине доосу болбогон жубайлардын ортосунда ажырашуу жөнүндө макулдашуу бол- гондо;
жубайлардын биринин арызы боюнча алардын ортосунда жашы жетпеген балдары болгонуна карабастан, эгерде башка жубайы сот тарабынан дайынсыз жок болду деп же аракетке жөндөмсүз деп табылса; кылмыш жасагандыгы учун сот тарабынан уч жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылса.
Администрациялык тартипте никени бузууга укугу бар жубайлар өздөрүнүн каалоосу боюнча эки жерге кайрылса болот:
өздөрү жашаган жердеги ЖААК (ЗАГСка) органдарына;
никеге турууну мамлекеттик каттоодон өткөргөн жерге.
Никени бузуу жана никенин бузулгандыгы тууралу күбөлук
берүү жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан никени бузуу жөнүндө жубайлардын чогуу берген арызынан бир ай өткөндөн кийин жургүзүлөт.
ЖААЖ (ЗАГСка) органдарында никени бузууда жубайлардын арасында мүлктүк мүнөздөгу талаштар чыгышы мумкүн. Нике администрациялык тартипте бузулуп жаткандыгына карабастан, мындай талаштар сот тарабынан каралууга жатат (21-берене).
Никенин жараксыздыгы. Никени бузуудан аны жараксыз дел табууну айырмалаш керек. Ал мыйзамда көрсөтүлгөн жактардын доосу боюнча сот тарабынан жүргүзүлөт. Үй-бүлө Кодексинин 28-беренесине ылайык, никени түзүүнүн шартта бузулса, ошондой эле жалган нике түзүлсө, башкача айтканда жубайлар же алардын бири үй-бүлө тузуу ниети болбой туруп никеге катталса, нике жараксыз дел табылат.
3.Жубайлардын,ата-энелдин жана балдардын укуктары.
Жубайлардын, ата-энелердин жана балдардын укуктары менен милдеттери экиге белунет:
жеке (мүлктүк эмес);
мүлктүк.
Жубайлардын төмөндөгү жеке укуктары бар:
иштин, кесиптин түрүн, бара турган жана жашай турган жерин эркин тандоо укугу (Үй-бүлө Кодексинин 32-беренеси);
энелик, аталык, балдарга билим, тарбия беруу жана уй- буленун башка маселелерин чогуу чечүү укугу (Үй-булө Кодексинин 32-беренеси);
никеге турууда жана аны бузууда фамилияны тандап алуу укугу (Үй-булө Кодексинин 33-беренеси).
Үй-бүлө Кодексинин 32-беренесине ылайык, жубайлар жеке укуктук мамилелер чөйрөсүндө темөндөгүлөргө милдеттүү:
уй-булөдөгү мамилелерин өзара сыйлашуу менен жар- дамдашуунун негизинде тузүугө,
үй-бүлөнүн бейпилдигине жана чыңдалышына көмөктөшүүгө,
3) өздөрүнүн балдарынын бакубаттыгына жана өсүп жетилишине кам көрүүгө.
Жубайлардын мүлктүк мамилелери алардын бирин экинчи си кароо укугу жана милдети менен (алименттик милдеттен мелер) жана жалпы мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу, тескөө суроолору менен байланышкан. Алар жубайлардын мулкунун режиминин эки туру менен аныкталат:
мыйзамдуу режим;
келишимдик режим.
Үй-бүлө Кодексинин 34-беренесине ылайык, жубайлардын мулкунун мыйзамдуу режими алардын ортосундагы менчик режими болуп саналат. Никенин учурунда жубайлардын арттырган мулку алардын ортосундагы менчиги болуп саналат. Аларга төмөндөгүлөр кирет:
ар биринин иштеген ишинен, ишкердик жумушунан жана интеллектуалдык ишинин натыйжаларынан түшкөн кирешелер, 2) алар алган пенсиялар, жөлөк пулдар, ошондой эле атайын максаттуу багыттамасы болбогон дагы башка акчалай төлөмдөр;
жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, салымдар, кредит мекемелерине же дагы башка коммерциялык уюмдарга салынган капиталдагы үлүштөр.
башка мүлк.
Бул мүлк кайсы жубайынын атына салынганына же акча каражаты жубайлардын кимиси тарабынан салынганына карабастан, никеде турган мезгилде жубайлар тарабынан арттырылган мулк жалпы мулк болуп саналат. Ага тиешелүү укук нике мезгилинде үй чарбасын жүргүзгөн, балдарын багып-тарбиялаган же башка жүйөлүү себептер менен өз алдынча киреше албаган жубайына да таандык болот. Мындай мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескее жубайлардын өзара макулдугу менен жүзөгө ашырылат (36-берене).
Жубайлардын ар биринин өз алдынча менчиги болушу мумкүн. Үй-бүлө Кодексинин 37-беренесине ылайык, жубайлардын ар биринин менчигине төмөндөгүлөр таандык кылынат
никеге турганга чейин жубайлардын ар бирине таандык болгон мулк,
никеде турган учурда жубайлардын бири мурас катары же дагы башка бекер бүтүмдөр боюнча алган белек;
кымбат баалуу жана башка байлыктарга байланыштуу буюмзаттардан тышкаркы, никеде турган мезгилде жубайлардын жалпы каражаттарынын эсебинен алынганына карабастан, жеке пайдалануудагы (кийим-кечек, бут кийим жана башкалар) буюмдар.
Жубайлардын ар бири жалпы мүлктү бөлүштүруунү нике м өзгилинде да, нике бузулгандан кийин да талап кылышы мүмкүн. Эгерде бул учурда талаш-тартыш келип чыкса, ал сот тартибинде чечилет (39-берене).
Жубайлардын мүлкүнүн келишимдик режими алардын ара- сында нике келишиминин түзүлүшү менен байланыштуу болот. Нике келишими жубайлардын никеге тургандагы жана (же) аны бузган учурдагы мүлктүк укуктарын жана милдеттерин аныктоочу жубайлардын же никеге туруп жаткан адамдардын макулдашуусу.
4.Алименттик милдеттемелер.
Алименттик милдеттенме (латынча Alimentum - тамак) мыйзам тарабынан каралган юридикалык фактылардын, тараптардын макулдашуусунун же соттун чечиминин негизинде келип чыккан укуктук мамиле. Ал боюнча үй-бүлөнүн бир мүчөлөрү башка мүчөлөрдү бакканга милдеттүү, алар болсо аны талап кылганга укуктуу.
Алименттерди төлөөнун эки тартиби бар:
соттук;
келишимдик (тараптардын макулдашуусу боюнча).
Алименттик укуктук мамилелердин келип чыгышынын негиздери төмөндөгүлөр:
субъекттердин арасында уй-бүлөлүк-укуктук байланыш- тын орун алышы;
мыйзам же тараптардын макулдашуусу боюнча каралган шарттардын орун алышы (мисалы, алиментти алуучунун жа- кырдыгы, эмгекке жарамсыздыгы ж.б.);
алименттерди өндүрүү тууралу соттун чечими же аларды телее тууралу тараптардын нотариалдык тастыкталган макулдашуусу.
КР Үй-бүлө Кодексинин V бөлүмү боюнча, алименттик мил- деттенмелердин төмөндөгү түрлөрү бар:
жашы жетпеген балдарды багуу боюнча ата-эненин милдеттери;
эмгекке жөндөмсүз жашы жеткен балдарды багуу боюнча ата-эненин милдеттери;
эмгекке жөндөмсүз ата-энесин багуу боюнча жашы жеткен балдардын милдеттери:
эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон жубайын: кош бойлуу к өзинде аялын; ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашырган жубайын; ортодогу бала он сегиз жашка чыкканга чейин майып же ортодогу бала к өзинен I топтогу майып бапаны баккан жардамга муктаж жубайын багуу боюнча жубайдын милдеттери;
КР Үй-бүлө Кодексинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча
жаңы никеге турбаган мурдагы жубайын багуу боюнча мурдагы жубайдын милдеттери; жаңы никеге турбаган мурдагы жубайын багуу боюнча мурдагы жубайдын милдеттери;
өзунүн жашы жетпеген жана эмгекке жөндөмсүз бойго жеткен ага-инилерине, карындаштарына жана эже-сиңдилерине каралашуу боюнча ага-инилеринин, карындаштарынын жана эже-сиңцилеринин милдеттери;
неберелерине каралашуу боюнча чоң ата, чоң эне, таята, таененин милдеттери;
неберелердин чоң ата, чоң эне, таята, таенесин багуу милдеттери;
тарбиялануучулардын өзүнүн чыныгы тарбиячыларына каралашуу милдеттери;
өгөй атасы менен өгөй энесин багуу боюнча өгөй уулунун жана өгөй кызынын милдеттери.
Үй-бүлө Кодексинин 111-беренесине ылайык, алимент төлөө жөнундө макулдашуу жок болгон учурда аны алууга укугу бар үй-бүлө мучөлөрү алимент өндүрүп алуу тууралу талап менен сотко кайрылууга укуктуу.
Эгерде алимент төлөө тууралу макулдашуу боюнча мурда алимент төлөнбөсө, алимент алууга укугу бар адам алимент алуу укугу пайда болгон учурдан тартып мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан, алимент өндүртүп алуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Алимент сотко кайрылган учурдан тартып берилет.
Эгерде сотко кайрылганга чейин багууга каражат табуу чаралары көрүлгөнүнө карабастан, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам аны төлөп беруүдөн баш тартканынан улам алимент алынбай калгандыгы сот тарабынан аныкталса, сотко кайрылган учурдан тартып үч жылдык мөөнөттүн аралыгындагы өтүп кеткен мурдагы алимент төлөтүп алынышы мүмкүн. Төлөтүп алынуучу алименттин өлчөмүн тараптардын материалдык жана үй-бүлөлүк абалына жараша сот аныктайт.
Жашы жетпеген балдарга сот тартибинде өндурүл алынуучу алименттердин өлчөмү Үй-бүлө Кодексинин 86-берене- си боюнча акыкталат. Ага ылайык, жашы жетпеген балдарга алименттер алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага - ата-эненин иштеп тап- канынын жана (же) дагы башка кирешесинин төрттөн бири, эки балага - үчтөн бири, уч же андан кеп балага - жарымы.
Бул үлүштөрдүн өлчөмү сот аркылуу тараптардын материалдык же үй-бүлөлүк абалын жана көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларынэске алуу менен азайтылышы же көбөй- түлүшү мүмкүн.
Алименттик милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо юридикалык жоопкерчиликке алып келет. Атап айтканда, Үй-бүлө Кодексинин 120-беренесине ылайык, алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, күнөөлүү адам ошол макулдашууда каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
Алимент төлөөгө соттун чечими менен милдеттүү болгон адамдын күнөөсү менен карыз пайда болсо, күнөөлүү адам алимент алуучуга кечиктирген ар бир күнү үчүн төлөнбөй калган алименттин суммасынан ондон бир пайыз өлчөмүндө үстөк айып төлөйт. Алимент алуучу, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам алиментти өз учурунда төлөбөй, алименттик милдеттенмени аткаруунун мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн улам жабылбай калган үстөкайып жагынан келтирилген бардык зыянды күнөөлүү адамдан төлөтүп алууга да укуктуу.
Алименттик милдеттенмелердин токтотулушу. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууда белгиленген алименттик мил- деттенмелер тараптардын бирөөсү елгенде, ушул макулда- шуунун колдонуу мөөнөтү бүткөндө же ушул макулдашууда каралгандардын негизинде токтотулат.
Сот тартибинде өндүртүп алынуучу алименттерди төлөө төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:
бала бойго жеткенде же жашы жетпеген балдар бойго жеткенге чейин эле аракетке толук жөндөмдүү болуп жетилген учурда;
аны багууга алимент өндүрүлүп т*«тан баланы (кызды) асырап алганда;
эмгекке жөндөмдүүлүгү сот тарабынан таанылганда же алимент алуучу жардамга муктаж болбой калганда;
жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз алимент алуучу мурдагы жубайы жаңы никеге турганда;
алимент алуучу адам же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам өлгөндө.
Тема: №4.Кылмыш-жаза укугунун максаттары жана түркүмү.4-саат.
План.
1.Кылмыш -жаза укугунун түшүнүгү жана максаттары.
2.Кылмыш-жаза жоопкерчилилиги жана кылмыштарды жиктөө(класификациялоо).
3.Жазанын түшүнүгү,максаттары жана түрлөрү.
4.Кылмыштардын айрым түрлөрү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги.
Адабияттар.
1.КРдин Конституциясы. Б-2017ж.
2.КРдин Жарандык Кодекси.Б-2015ж.
3.КРдин Кылмыш-жаза кодекси.Б-2015ж.
4. КРдин Эмгек Кодекси.Б-2010ж.
5.КРдин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамы.Б-2016ж.
6.Ч.И.Арабаев КРдин Жарандык укугу.Б-2009ж.
7..Н.Т.Шерипов КРдин Конституциялык укугу. Б-2012ж
8.Исаев И.А. История государства и право.Б-2009г.
10.Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекси»;Б-1998ж.
11.Салибекова Т. Кылмыш жаза укугу Жалпы бөлүк.Б-2001ж.
12.Токторов.Э.С.ЖолдошевТ.Т.Кылмыш жаза укугуна түшүндүрмө.Б-2012ж.
1.Кылмыш -жаза укугунун түшүнүгү жана максаттары.
Кылмыш-жаза укугу укуктун тармактарынын бири жана ал кылмыштарды жасаганда келип чыккан коомдук мамилелерди коргойт. Бул мамилелер кылмыш-жаза укугунун сабагын (предметин) түзөт жана аны укуктун башка тармактарынан айырмалап турат.
Кылмыш-жаза укугу кылмыш жасалганда пайда болгон коомдук мамилелерди жөнгө салган жана кайсы аракеттер кылмыштуу, аларды жасагандыгы учун кандай жаза колдонулушун аныктаган юридикалык ченемдердинтүркүмү(системасы).
Кылмыш-жаза укугунан айырмаланып, кылмыш-жаза укугунун илими мамлекеттин кылмыштуулукка каршы жүргүзүлгөн саясатын, кылмыш-жаза укугуна, анын максатына, түркүмунө болгон көз караштардын биримдигин билдирет. Бул илим кылмыш-жаза укугунун өзун, ченемдердин түркүмү катары, анын тарыхын, колдонуу тажрыйбасын үйрөтөт. Ошондой эле, ал аны түрдүү укуктук түркүмдөргө салыштырмалуу изилдейт.
Кылмыш-жаза укугу кылмыштуулук менен күрөшүүнүн чарасы болуп эсептелет. Бирок, ал жалгыз жана башкы чараэмес. Ошол эле учурда, кылмыш-жаза укугу башка чаралардан айырмаланып, өтө катаал чара. Дегиңкисин алганда, кылмыш жазасын колдонгондо коом башка чара калбай калганда, коркунучтуу, уюмдашкан кылмышкерлерге башка тарбиялык чараларды колдонуу жетишсиз болгондо, аны акыркы чара катары колдонот.
Жалпы түрдө алганда, кылмыш-жаза укугунун сабагын (предметин) кылмыш жана жаза деп аныктаса болот. Бул эки тушунук кылмыш-жаза укугунун башкы түшүнүктөрү болуп эсептелет.
Кылмыштын субъекти кылмыш-жаза мыйзамы тарабынан тыюу салынган жосунду жасаган жана бул учун кылмыш-жаза жоопкерчилигин алып жүруу жөндөмунө ээ болгон адам.
Кылмыш-жаза укугу учун коомдук мамилелерди жөнгө салуунун императивдик усулу мунөздүү. Ал мамлекеттик бийликтик мүнөзгө ээ жана күнөөлүү адамдарга кылмыш-жаза чараларын колдонуудан турат. Мындай адамдын жоопкерчилигин аныктоо жана ага жазаны колдонуу суроолорун сот гана чечет.
Кылмыш-жаза укугунун максаттары КР КЖКнын 2-беренесинде көрсөтүлгөн. Алар төмөндөгүлөр: кылмыштардын алдын алуу, жарандардын инсандыгын, укуктарын жана эркиндиктерин, юридикалык жактарды, менчикти, жаратылыш чөйрөсүн, коомдук тартипти жана коопсуздукту, КР конституциялык тузу- пушун, адамдардын тынчтыгын жана коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо. Бул максаттарды жүзөгө ашыруу учун КР Кылмыш-жаза Кодекси кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негиздерин жана башаттарын орнотот, кайсы жосундар кылмыш экендигин, аларды жасагандык учун жазанын жана башка чаралардын түрлөрүн аныктайт.
Кылмыш-жаза укугунун милдеттери (функциялары). Кылмыш-жаза укугунун бир нече милдеттери (функциялары) бар. Алар төмөндөгүлөр:
Коргоо милдети кылмыш-жаза укугунун башкы милдети. Бул мамлекет тарабынан аныкталган журуш-туруш эрежелерин бузгандыгы, инсанга, коомдун материалдык, саясий, экономикалык, руханий байлыктарына залал келтиргендиги учун жоопкерчиликти аныктоо болуп саналат. Болгондо да, кылмыш-жаза укугу мындай байлыктар менен мамилелердин өзгөчө маанилүү түрлөрүн гана коргойт.
Кылмыш-жаза укугунун жөнгө салуу милдети кылмыш жаза мыйзамы жазалоо коркунучу астында, айкын коомдук мамилелерди бузууга тыюу салуу менен, алардын бекемде- лишине жана өнүгүшүнө көмөктөшүу. Мамлекеттеги коомдук, экономикалык, саясий мамилелерин жөнгө салуу негизинен укуктун башка тармактары тарабынан жүргүзүлсө да, кылмыш-жаза укугу мындай мамилелердин мамлекеттин саясатына дал келген багытта өнүгүшунө жардам берет жана ага жагымсыз мамилелер менен көрүңүштөрдүн келип чыгышына тоскоолдук көрсөтөт.
Кылмыш-жаза укугунун тарбиялык милдети адамдарда мамлекеттин тыюу салган эрежелерин сактоо сөзимин өнүктү- рүү жана тарбиялоо.
Кылмыш-жаза укугунун башаттары (принциптери). Кылмыш-жаза укугу өзүнун ишмердигинде баш аламандыкка жол бербеш учун жана өзүнүн милдеттерин аткаруу максатында белгилүү башаттарга таянат.
Башат (принцип) - так аткарууга тиешелуу болгон, негиз салуучу жобо жана андан четтөөгө же аны бузууга эч бир жагдайларда жол берилбеш керек. Кылмыш-жаза укугунун башаттары, кылмыштуулук менен курөшүүдө мыйзам беруу жана укук колдонуу ишмердигинин негиздери катары, кызмат кылышат.
КР Кылмыш-жаза укугунун башаттары КР Кылмыш-жаза кодексинин 3-беренесинде көрсөтүлгөн. Алар төмөндөгулөр: мыйзамдуулук, жеке жазалык жоопкерчилик, адилеттуулук, демократиялуулук, адамгерчилик, жарандардын мыйзам ал- дындагы бирдейлиги, кылмыш жасагандыгы учун жоопкерчилик тартаары шексиз экендиги.
2.Кылмыш-жаза жоопкерчилилиги жана кылмыштарды жиктөө(класификациялоо).
Кылмыш-жаза жоопкерчилиги - кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамды камоого байланыштуу келип чыккан жагымсыз натыйжалар.
Кылмыш-жаза Кодексинин 8-беренесине ылайык, кылмыш- жаза мыйзамында каралган коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик) кылмыш катары табылат.
КЖКнын Өзгөчө бөлүгүндө каралган жосундун белгилерине үстуртөн туура келген, бирок анчалык маанилуу болбогондугу- нан улам коомго коркунуч келтирбеген аракет же аракетсиздик кылмыш болуп эсептелбейт.
Мыйзамдагы аныктамага ылайык, кылмыштын олуттуу белгилерине коомдук коркунуч, укукка карама-каршылык, күнөө, жазалануу кирет.
Коомдук коркунуч кылмыштын негизги белгиси. Коомдук коркунуч - кылмыштын натыйжасында кылмыштуу эмес аракеттерге (укук бузууларга) Караганда мамлекетке, инсанга, коомго олуттуу зыян келтирүу жендему.
Кылмыштын коомдук коркунучунун өзгөчөлүгү анын мунөзу жана даражасы аркылуу аныкталат. Коомдук коркунучтун мунөзу менен даражасы бардык кылмыштардын сапаттык жана сандык мүнөздөмөсу болуп саналат.
Кылмыштын өзгөчөлүктөру, касиеттери кылмыштын сапаттык мүнөздөмөсүнүн жардамы менен аныкталат. Бул мүнөздөмө катары кылмыштын коомдук коркунучтуулугу каралат. Кылмыштар бири биринен ушул мүнөздөмө боюнча айырмаланышат.
Экинчи тарабынан, бул сапаттык мүнөздөмө окшош, тектеш кылмыштардын бардыгына таандык белгилерди чагылдырат. Жазаны так аныктап, жосунга туура баа берүүдө да ал чоң жардам берет.
Кылмыштарды салыштырууда, бир эле түрдөгү жана мүнөздөгү кылмыштарды изилдөөгө туура келген учурлар көздешет. Бул мөзгилде кылмыштардын сандык көрсөткучү катары каралган коомдук коркунучтун даражасы бул максатты жүзөгө ашырууга өбөлгө тузөт. Кылмыштын бардык белгилерин ушундай жол менен аныктаганга болот.
Ошондой эле, бул жагдай кылмыштарды жөнөкөй, оордотуучу жана жеңилдетүүчу жагдайларда жасалган деп баа берүүдө эске алынат.
Ал эми кылмыштын сандык мүнөздөмөсу катары анын коомго коркунучтуулугунун айкын даражасы каралат. Бул мунөзде- ме кылмыштын касиеттери канчалык деңгээлде өнүккөндүгү жөнүндө түшүнүк берет. Ага кылмыштуу кол салууга дуушар болгон объектинин туру, ага келтирилген зыяндын туру жана
башка олуттуу касиеттер кирет. Алар канчалык даражада жүзөгө ашкандыгын аныкташ учун салыштыруу ыкмасын колдонуп, кылмышты ага тектеш кылмыштар менен салыштырып, мунөздөмө бериш керек.
Укукка карама-каршылык мыйзамда тикелей көрсөтүлгөн жосун гана кылмыш деп табылат. Коомго коркунучтуу жосундар кылмыш-жаза мыйзамында көрсөтүлбөсө, алар кылмыш деп табылышы мумкунэмес.
Кылмыштардын түрлөрү. Кылмыштар мунөзунө жана коомдук коркунучтуулук даражасына жараша чоң коркунуч келтирбеген, анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар болуп бөлүнөт (9-берене).
Чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарга 2 жылга эркиндиги- нен ажыратуудан ашпаган, эң жогорку жаза колдонулган, ата- йылап жасалган кылмыштар жана эң жогорку жазасы 5 жылга эркиндигинен ажыратуудан ашпаган, байкабастыктан жасалган кылмыштар таандык кылынат.
Анча оор эмес кылмыштарга мыйзам тарабынан 5 жылдан ашпаган меенетке эркиндигинен ажыратуу турунде жаза каралган, атайылап жасалган кылмыштар жана 5 жылдан ашык эркиндигинен ажыратуу турунде жаза каралган байкабастыктан жасалган кылмыштар кирет.
Оор кылмыштарга мыйзам тарабынан 5 жылдан жогору, бирок 10 жылдан ашпаган меенетке эркиндигинен ажыратуу турунде жаза каралган, атайылап жасалган кылмыштар кирет
Өзгөчө оор кылмыштарга мыйзам тарабынан 10 жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу, же емур бою эркин- дигинен ажыратуу жазасы каралган, атайылап жасалган кыл- мыштар кирет.
Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу жагдайлар. Аларга төмөндөгү аракеттер кирет:
коргонуу зарылдыгы;
аргасыз зарылдык;
кылмыш жасаган адамды кармоодо ага зыян келтирүү;
буйрукту же башка тескөөнү аткаруу;
орундуу тобокелдик.
Коргонуу зарылдыгы - коргонуу учурундагы, башкача айт- канда коргонуучунун же башка адамдын инсандыгын, турак жайын, менчигин, жер участогун жана башка укуктарын, коомдун жана мамлекеттин мыйзамдар менен корголгон кызыкчылыктарын коомдук коркунучтуу кол салуудан коргоодо, коргонуу зарылдыгынын чектеринен аша чабууга жол берилбестен, кол салуучуга зыян келтируу. Ал кылмыш болуп саналбайт. Коргонуунун кол салуунун мунөзүнө жана коомдук коркунуч- туулугунун деңгээлине ачык дал келбеши коргонуу зарылдыгынын чектеринен аша чабуу катары таанылат (36-берене).
Кылмыштын курамы. Кылмыш-жаза укугунда кылмыштын өзгөчөлүктөрүн укуктук турде чагылдыруу учун кылмыштын ар бир түрүндө анын башкы, кеп тараптуу белгилерин аныктоо керек. КР КЖКнын 8-беренесине ылайык, коомго коркунучтуу, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик) кылмыш катары таанылат.
КР КЖКнын 4-беренесине ылайык, кылмыш-жаза мыйза- мында каралган кылмыш курамынын белгилерин камтыган коомдук коркунучтуу жосун жасоо кылмыш-жаза жоопкерчили- гинин негизи болуп саналат.
Кылмыштын курамы - аткарылган жосун кылмыш дел табы- лыш учун зарыл болгон, мыйзамда көрсөтүлгөн объективдуу жана субъективдуу белгилердин жыйындысы. Ал белгилердин тврт тобунун орун алышын айгинелейт жана төмөндөгүлөрдү мүнөздөйт:
кылмкгитын объектиси;
кылмыштын объективдуу жагы;
кылмыштын субъективдуу жагы;
кылмыштын субъектиси.
Кылмыштын объектиси - кылмыш жасалганда бузулган коомдук мамилелер жана байлыктар.
Кылмыштын объективдуу жагы күнөөкөрдун аракети (аракетсиздиги), кылмыштуу жосундун натыйжасы, орду, убактысы, ыкмасы ж.б,
Кылмыштын субъектиси - кылмыш-жаза мыйзамы тарабынан тыюу салынган жосунду жасаган жана бул учун кылмыш- жаза жоопкерчилигин алып журуу жөндөмүнө ээ болгон адам.
Кылмыш-жаза укугунун коз карашы боюнча кылмыштын субъекти айкын белгилерге ээ болушу зарыл, Бул белгилер жалпы жана атайын болуп бөлүнүшөт.
Жалпы белгилер төмөндөгүлөр:
адам физикалык жак катары аракеттенет;
ал мыйзамда көрсөтүлгөн жашка жеткен; акыл-эси соо адам.
Атайын белгилер - кылмыштардын тигил же бул турлору учун жоопкерчиликке тартылуучу адамдын кошумча озгочо- луктору (кызматтык абалы, аскердик кызматка болгон мами- леси ж.б.у.с).
Кылмыш-жаза жоопкерчилигине Кылмыш-жаза Кодексинде белгиленген жашка жеткен, акыл-эси соо, кылмыш жасаган адам гана тартылат (17-берене).
Кылмыштын субъектиси катары бир гана физикалык жактар аныкталган (КР жараны, чет өлкөлүк жаран, жарандыгы жок адам). Дипломатиялык кол тийгистикке ээ болгон, кылмыш жасаган чет өлкөлүк жарандардын кылмыш-жаза жоопкерчилиги тууралу суроо эл аралык укуктун ченемдерине жараша чечилет.
3.Жазанын түшүнүгү,максаттары жана түрлөрү.
Жаза - соттун өкүму боюнча колдонулуучу мамлекеттик мажбурлоо чарасы. Ал кылмыш жасоодо күнөөлүу деп табылган адамга карата мамлекеттин атынан соттун өкүму боюнча колдонулат. Анын маңызын соттолгонду укуктарынан жана эркиндиктеринен ажыратуу же чектөө түзөт.
Жаза адамды азапка салуу же анын кадыр-баркын кемсин- fyy максатын көздөбөйт.
Жазанын эки түрү бар: негизги жана кошумча. Кылмыш жасаган адамдарга карата’жазанын төмөндөгүдөй негизги түрлөрү колдонулушу мүмкүн:
коомдук жумуштарга тартуу;
айып;
үч эселенген айып;
белгийүу кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу;
зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечи-
рим суроо
тузөтуу жумуштары;
эркиндигин чектее:
тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо;
эркиндигинен ажыратуу;
өмур бою эркиндигинен ажыратуу.
Соттолгондорго карата негизги жазалардан тышкары төмөндөгүдөй кошумча жазалар колдонулушу мүмкүн
атайын, аскердик, ардактуу наамынаА жана класстык ченинен ажыратуу;
мулкун конфискациялоо.
Айып, зыяндын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроо жана белгилүү кызматтарды ээлөө жана белгилүү иш менен алектенуу укугунан ажыратуу кошумча жазалар катары да колдонулушу мумкун.
Коомдук жумуштарга тартууалар соттолгондордун негизги ишинен же окуусунан бош убагында коомдун пайдасына акысыз эмгектенүүдөн турат, анын туру жазык-аткаруу тутумунун инспекциясы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныкталат. Алар кырктан уч жуз алтымыш саатка чейинки узактыкта белгиленет. Соттолгондор тарабынан, негизги ишинен же окуусунан бош убагында коомдук жумуш күнүнө төрт сааттан ашпаган, ал эми иштебегендерге күнүнө сегиз сааттан ашпаган убакытка акысыз өтөлөт.
Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жаза, эреже катары, анын ден-соолугунун абалын, кесибин, квалификациясын, билим деңгээлин эске алуу менен дайындалат.
Соттолгон адам коомдук жумуштарды аткаруудан кыянаттык менен качкан учурда сот жазык-аткаруу инспекциясынын сунуштамасы боюнча жазаны түзөтүү
жумуштарына, эркиндигин чектөөгө же эркиндигинен ажыратууга алмаштыра алат. Мында соттолгон адамдын коомдук жумуштарды аткарган мөзгил ичиндеги убакыты түзөтүү жумуштарынын бир куну, эркиндигин чектөө же эркиндигинен ажыратуу коомдук жумуштардын сегиз сааттык эсебинде эсепке алынат.
Коомдук жумуштар төмөндөгүлөргө дайындалбайт:
аскер кызматчыларына;
55 жаштан ашкан аялдарга жана 60 жаштан ашкан эркектерге;
кош бойлуу аялдарга;
3 жашка чейинки балдары бар аялдарга;
I жана II топтогу майыптарга;
туруктуу жашаган жери жок адамдарга.
Айып сот тарабынан акчалай формада салынуучу же болбосо предметтин наркынын же коммерциялык сатып алуунун же паранын эселенген чоңдугунда эсептелүүчү айыпты мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуу. Ал эсептик көрсөткүчтөрдүн жыйырма өлчөмунөн элүү миң чейинки өлчөмүнө чейинки өлчөмдө белгиленет. Ал соттолгон адамдын мулктук абалын эске алуу менен жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордугуна жараша белгиленет.
4.Кылмыштардын айрым түрлөрү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги.
Инсанга каршы кылмыштар. Коомдун, мамлекеттин эң башкы байлыгы болуп инсан саналат. Ошондуктан, Кылмыш- жаза Кодексинин Өзгөчө бөлүгундө биринчи орунда инсанга, анын укуктары менен кызыкчылыктарына каршы багытталган кылмыштар турат. Аларга КЖКнын Өзгөчө бөлүгүндө "Инсанга каршы кылмыштар” - арналган. Ал 5 главадан турат:
16-глава - “Өмүргө жана саламаттыкка карты кылмыш- тар",
17-глава - "Инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына карты кылмыштар”;
18-глава - “Инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине карты кылмыштар";
19-глава - "Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине карты кылмыштар":
20-глава - "Үй-бүлөгө жана жаты жете электерге карты кылмыштар";
Өмургө карты кылмыштар эң оор кылмыштардын катарына киришет, себеби алар адамдын эң башкы баалуулугуна өмүргө карты багытталган. Аларга киши өлтүрүунүн ар кандай түрлөрү (КЖКнын 97-100-беренелери), байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу (101-6.), Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү (102-6.) кирет.
Киши өлтүрүү атайылап башка кишинин өмүрүн кыйуу. Оордук даражасына карата КЖК атайылап киши өлтүрүүнүн үч түрүн ажыратат:
оордотуучу жагдайлары жок киши өлтүруү (КЖКнын 97-беренесинин 1-бөлугү);
оордотуучу жагдайларда киши өлтүрүү (КЖКнын 97-бере- несинин 2-бөлүгү);
жеңилдетүүчу жагдайларда киши өлтүрүү (КЖКнын 98, 99, 100-беренелери).
Оордотуучу жагдайларда киши өлтүрүүгө төмөндөгүлөр кирет:
эки же андан ашык адамды;
күнөөкөр учун кош бойлуу экендиги белгилуү болгон аялды;
күнөөкөр учүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү;
өзүнүн кызматтык ишин же коомдук парзын жүзөгө ашы- рып жүргөн адамды же анын жакындарын;
көптөгөн адамдардын өмүрү учун коркунучтуу ыкма ме- нен;
өзгөчө мыкаачылык менен;
зордуктоо же жыныстык кумарын башка турде куч колдо- нуп канааттандыруу менен коштолгондо;
пайда табуу максатында же жалданып, ошого тете каракчылык, опузалап талап кылуу же бандитчилик менен коштолгондо;
улуттар аралык, расалык, же болбосо диний көрө албастык же касташуу негизинде;
хулигандык максаттарда;
адамды уурдоо же барымтага алуу менен коштолгондо;
жабырлануучунун бир мүчөсүн же денесинин башка жерин пайдалануу максатында;
башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында;
адамдардын тобу тарабынан;
апдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
уюмдашкан топ же кылмыштуу шериктик тарабынан жасалган киши өлтүрүү.
Бул кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагы - 14 жаш.
Жеңилдетүүчу жагдайларда киши өлтүрүүгө төмөндөгүлөр кирет:
Ачууга өтө алдырган абалда киши өлтүрүү (98-берене);
Аргасыз коргонуунун чегинен чыгып же болбосо кылмыш жасаган адамды кармоо учун зарыл болгон чаралардын чегинен чыгып киши өлтүрүү (99-берене);
Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрушу (100-берене).
Бул кылмыштар учун кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагы -16 жаш.
КР КЖКсы тарабынан каралган саламаттыкка каршы кылмыштар уч тайпага бөлүнушөт:
саламаттыкка ар кандай даражадагы залал келтируу (104-106, 112-беренелер);
кыйноо (111-берене);
ВИЧ-жугуш оорусун жана жыныстык ооруну жуктуруу (117-118-беренелер).
КР КЖКсы боюнча, саламаттыкка келтирилген залал үчкө бөлүнөт:
оор залал;
анча оорэмес залал;
жеңил залал.
Саламаттыкка келтирилген оор жана анча оорэмес залал учун (КЖКнын 104, 105-беренелери) кылмыш-жаза жоопкерчилиги 14 жаштан, башка мындай кылмыштар үчүн - 16 жаштан башталат.
КЖКнын 18-главасында "Инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар" - зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (129-131-беренелер), ошондой эле жашы жете элек балдарга карата адеп-ахлактын ченемдерин одоно бузган жыныстык чөйрөсүндөгү (132-133-беренелер) кылмыштар учүн кылмыш- жаза жоопкерчилиги каралган.
Бул кылмыштардын ичинен зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги 14 жаштан башталат.
Менчикке каршы кылмыштарга КЖКнын Өзгөчө бөлүгүнүн 21-главасы арналган. Аталган кылмыштар курамынын субъек- тивдүү жагынын белгилери боюнча экиге бөлүнөт:
пайда табуу максатында жасалган,
пайда табуу максатын көздөбөгөн кылмыштар.
Пайда табуу максатында жасалган кылмыштарга уурдоолор (164-168-беренелер) жана менчикке каршы, пайда табууну көздөгөн башка кылмыштар (170-173, 177-беренелер) кирет. Пайда табууну көздөгөн башка кылмыштардын уурдоодон айырмасы - алар ээлик кылуу укугун бузуу менен коштолбойт, а уурдоо болсо дайыма бул укукту бузат.
Пайда табуу максатын көздөбөгөн менчикке каршы кылмыштарга бөтөн мүлктү, тарых жана маданият эстеликтерин атайылап же байкабастыктан жок кылуу же зыянга учуратуу (174-176-беренелер) кирет.
Башка бирөөнүн мүлкүн укукка жат түрдө айыпкердин же башка адамдардын пайдасына акысыз алып коюу, ал жеке пайда көрүу максатында жасалганда, менчик ээсине же бул мүлктун башка ээсине зыян келтиргенде, мунун өзү уурдоо катары түшүндүрүлөт.
Тема №5 Эмгек укугунун предмети жана усулу.4-саат.
План.
1.Эмгек укугунун түшүнүгү предмети,усулу жана түркүмү.
2.Эмгекттик укуктук мамилелер жана эмгек келишими.
3.Жумуш убактысы жана эс алуу убактысы.
4. Эмгек тартиби жана анын түрлөрү.
Адабияттар.
1.КРдин Конституциясы. Б-2017ж.
2.КРдин Жарандык Кодекси.Б-2015ж.
3. КРдин Эмгек Кодекси.Б-2010ж.
4.Ч.И.Арабаев КРдин Жарандык укугу.Б-2009ж.
5.Н.Т.Шерипов КРдин Конституциялык укугу. Б-2012ж
6.Исаев И.А. История государства и права.М-2009г
1.Эмгек укугунун түшүнүгү предмети,усулу жана түркүмү.
Эмгек укугу - эмгектик укуктук мамилелердин катышуучуларынын арасында экономика чөйрөсүндө келип чыккан коомдук мамилелерди жөнгө салган укуктун тармагы, Бул мамилелер чарбалык субъекттердин ишмердиги учурунда физикалык жак- тардын билимин жана мүмкунчулүктөрун колдонууга байла- ныштуу келип чыгат.
Эмгек укугунун предмети. Эмгек укугунун предмети өндүрүштөгү эмгекке байланышкан коомдук мамилелер:
жумуш менен камсыз кылуу жана иш берүүчугө ишке орноштуруу боюнча мамилелер;
кызматкердин эмгегин пайдалануу жана анын шарттары боюнча анын иш берүүчү менен эмгектик мамилелери.
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 1-беренесине ылайык, эмгек мыйзамдарынын максаттары жарандардын эмгектик укуктарынын жана эркиндиктеринин мамлекеттик кепилдиктерин белгилөө, кызматкерлер менен иш берүүчүлөргө иштин ыңгайлуу шарттарын түзүү, укуктарын жана таламдарын коргоо болуп саналат. Эмгек мыйзамдары тараптардын эмгек мамилелеринин таламдарын, ошондой эле мамлекеттин таламдарын оптималдуу макулдашууга жетишүү үчүн зарыл укуктук шарттарды түзүүгө багытталган.
Эмгек мыйзамдарынын негизги милдеттери эмгектик жана ага туздөн-туз байланышкан мамилелерди укуктук жактан төмөнкүлөрдү жөнгө салуу болуп саналат:
эмгекти уюштуруу жана эмгекти башкаруу боюнча;
иш берүүчүге ишке орноштуруу боюнча;
кадрларды түздөн-түз ошол иш берүүчүдө кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча;
иш берүүчүнүн, кызматкерлердин жана мамлекеттик башкаруу, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы социалдык өнөктөштүк, жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды тузуу боюнча;
кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүктүү органдарынын мыйзамда каралган учурларда эмгек шарттарын белгилөөгө жана эмгек мыйзамдарын колдонууга катышуусу боюнча;
эмгек чөйрөсундө иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн ортосундагы материалдык жоопкер- чилик боюнча;
эмгек мыйзамдарын (эмгекти коргоо жөнүнде мыйзамдар- ды кошкондо) сакталышына көзөмөлдүк жана контролдук боюнча;
эмгек талаш-тартыштарын чечүү боюнча.
Эмгек укугунун башаттары. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 2-беренесине ылайык, эмгектик жана ага түздөн-түз байланышкан эмгек мамилелерин укуктук жактан жөнгө салуунун негизги башаттары (принциптери) деп төмөнкүлөр таанылат:
ишке карата өз жөндөмүн тескөө жана тандоо, кесипти жана иштин түрүн, укугун кошкондо аны ар бир жаран эркин тандап ала турган же эркин макулдаша турган эмгектенүү укугу;
эмгек эркиндиги;
эмгек укугунун мамилелер чөйрөсүндө мажбурлап иште- түүгө жана басмырлоого тыюу салуу;
өтө жаман формалардагы балдар эмгегине тыюу салуу;
негизсиз кызматтан бошотуудан коргоо;
ишке орношууга көмөктөшүү жана жумушсуздуктан со- циалдык коргоо укугун камсыз кылуу;
коопсуздук жана гигиенанын талаптарына жооп берүүчү шарттарда эмгектенүү укугун камсыз кылуу;
эмгек келишимине ылайык эмгекке акы төлөөнүн мыйзамда белгиленген эң төмөнкү өлчөмүнөн аз болбогон сыйакы алуу укугун камсыз кылуу;
эс алуу укугун камсыз кылуу;
эмгек милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу кызмат- кердин ден соолугуна келтирилген залалдын ордун толтуруу укугун камсыз кылуу;
өндүрүштө кызматкерди кесиптик жактан өнүктүрүүгө кө- мөктөшүү, кадрларды даярдоо.
Эмгек укугунун милдеттери (функциялары). Эмгек укугунун милдеттери эмгек процессинде адамдардын жүрүш- турушуна анын ченемдеринин таасиринин негизги багыттары. Эмгек укугунун төмөндөгү милдеттери бар:
коргоо;
жөнгө салуу;
тарбиялык;
өндүруштүк;
социалдык;
Эмгек укугунун түркумү (системасы). Эмгек укугунун тур- куму экиге бөлунөт: Жалпы жана Өзгөчө.
Эмгек укугунун Жалпы бөлүгүнө бул тармактын бардык мамилелерине жайылтылган ченемдер кирет. Алар кызмат- керлердин эмгегин уюштуруунун жана колдонуунун эң жалпы суроолорун жөнгө салат. Алар эмгек укугунун предметин, жөнгө сапынган коомдук мамилелердин катышуучуларынын субъективдик курамын.'алардын укуктук абалын, укуктук жөнгө салуунун усулун, эмгек укугунун ченемдеринин убакыттагы, мейкиндиктеги жана жактардын чөйрөсү боюнча аракетинин чектерин, социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын ыйгарым укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин, социалдык өнөктөштүк чөйрөсүндөгү коллективдик келишимдик актылардын макулдашуусунун, кол коюлушунун жана өзгөртүлүшүнүн процедуралык суроолорун аныктайт,
Эмгек укугунун Өзгөчө бөлүгүнүн ченемдери Жалпы бөлүктүн жоболорун айкындаштырат. Алар коомдук мамилелердин айрым түрлөрүн жана алардын бирдиктерин жөнгө салат. Анда эмгектик укуктук мамилелердин айрым катышуучуларынын абалын жөнгө салган ченемдер камтылган.
Эмгек укугунун булактары. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 3-беренесине ылайык, эмгек укугунун булакта- рына төмөндөгүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
эмгек мыйзамдары (эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды кошкондо);
эмгектик укук ченемдерин камтуучу башка ченемдик укук- тук актылар: Эмгек Кодекси, башка мыйзамдар;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун токтомдору,
жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын актылары;
эмгектик укук ченемдерин камтуучу локалдуу ченемдик актылар;
Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган мамлекеттер аралык келишимдер жана эл аралык укуктун башка ченемдери.
2.Эмгекттик укуктук мамилелер жана эмгек келишими.
Эмгектик укуктук мамилелер анын билимин, жөндөмдүүлүгүн эмгек процесси учурунда колдонуу боюнча кызматкердин жумуш берүүчү менен болгон ыктыярдуу юридикалык байланышы. Алар бир гана эмгектик келишимден гана келип чыгат. Эмгектик келишим - эмгектик укуктук мамилени орнотууга багытталган юридикалык акт.
Эмгектик укуктук мамиленин субъекттери кызматкер жана иш берүүчү. Кызматкер иш берүүчү менен эмгектик мамилелерге кирген 16 жаштагы жеке жак.'Өзгөчө учурларда уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын, болбосо эмгек чөйрөсундө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын макулдугу боюнча 15 жашка толгон адам ишке кабыл алынышы мумкун.
14 жашка чыккан окуучулар окуудан бош мөзгилинде ден соолугуна зыян келтирбеген жана окуу процессии бузбаган
жеңил жумуш аткаруу учун ата-энесинин биринин (камкорчу, көзөмөлчу), же камкордук көрүү жана көзөмөлдөө органынын жазуу жүзүндөгу макулдугу мечен эмгек келишимин тузе алы- шат (КР Эмгек Кодексинин 18-беренеси).
Иш берүүчү кызматкер мечен эмгек мамилесине кирген жеке жак, болбосо юридикалык жак (уюм). Мыйзамда белги- ленген учурларда иш берүүчү катары эмгек келишимдерин ту- зуүгө укугу бар башка субъект чыга алат.
Бул тараптардан тышкары, эмгектик укуктук мамиленин субъекттерине төмөндөгүлөр кирет;
кызматкерлердин өкулчулүктүу органы (кесиптик кошуун, бириккен өкулчулүктүү орган, кызматкерлердин кеңеши ж.б.);
иш берүүчулөрдүн бирикмеси;
мыйзамдарда белгиленген учурларда башка субъекттер.
Эмгек укугунун субъекттери - мыйзамдуулук жана айкындаштырылган келишимдер тарабынан айкын укук-милдеттер жүктөлгөн, коомдук мамилелердин катышуучулары.
КР Эмгек Кодексинин 19-беренесине ылайык, кызматкердин төмөнкүлөргө укугу бар:
Эмгек Кодексинде, башка мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда эмгек келишимин түзүүгө, өзгөртүүгө жана бузууга;
ага эмгек келишимдеринде шартталган жумушту жана эмгек акыны алууга;
зыяндуу жана коркунучтуу факторлордун таасирлеринен корголгон жумуш ордуна, жумуш ордунда эмгекти коргоо боюн- ча шарттардын абалы жана талаптары жөнүндө маалыматка;
өзүнүн квалификациясына, аткарылган иштердин санына жана сапатына ылайык эмгек акынын өз учурунда жана толук төлөнүшүнө;
анын күнөөсуз иштебей токтоп калууларга Эмгек Кодексинде аныкталгандан төмөн эмес өлчөмдө акы төлөнүшүнө;
Эмгек келишиминдеринин түрлөрү. Эмгек келишимдери мөөнөтү боюнча эки тургө бөлүнүшөт; мөөнөттүү жана мөөнөтсүз.
Мөөнөтсүз келишимдер — аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн келишимдер.
Мөөнөттүү эмгек келишими - эгерде Эмгек Кодексинде жана башка мыйзамдарда башка мөөнөт белгиленбесе, 5 жылдан ашпаган аныкталган мөөнөткө түзүлгөн келишимдер (ЭКнын 55-беренеси).
Келишимдердин негизги түрү
мөөнөтсүз келишимдер. Көпчүлүк учурларда дал ушундай келишимдер түзүлүшү керек.
Мөөнөттүү эмгек келишими эмгек мамилелери алдыдагы иштердин мүнөзүн же шарттарын эске алуу менен аныкталбаган мөөнөткө белгилениши мүмкүн болбогон учурларда түзүлөт. Бул учурлар Эмгек Кодексинин 55-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн (мисалы, убактылуу иштер, шашылыш иштер ж.б.).
Эмгектик мамилелердин мүнөзүнө жараша эмгек келишимдери төмөндөгү түрлөргө бөлүнүшөт:
негизги иштеген орду боюнча эмгек келишими;
айкалыштырып иштеген орду боюнча эмгек келишими;
эки айга чейинки мөөнөткө убактылуу иштөө боюнча эмгек келишими;
мезгилдик (сезондук) иш боюнча эмгек келишими;
иш берүүчү жеке жакта иштөө боюнча эмгек келишими.
КР Эмгек Кодексинин 64-беренесине ылайык, эмгек келишимин түзүүдө ишке орношуучу адам иш беруүчүгө төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
паспорт же инсандыгын ырастоочу башка документ;
эмгек китепчеси;
социалдык коргоо күбөлүгү;
аскердик эсепке алуу документтери (аскерге милдеттуулөр жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон адамдар),
атайын билимдерди (даярдыктарды) талап кылган ишке кызматкердин билими жөнүндө (адистиги, квалифи- кациясы) документ.
Айрым учурларда аткарылуучу иштин өзгөчөлуктөрүн эске алуу менен Эмгек Кодексинде, башка мыйзамдарда ишке кирүүдө кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.
Ишке кирүүдө Эмгек Кодексинде жана башка мыйзамдарда каралгандан сырткары документтерди кызматкерлерден талап кылууга тыюу салынат. Биринчи жолу ишке орношуп жакан адамдарга иш берүүчү тарабынан эмгек китепчеси жана социалдык коргоо күбөлүгү толтурулат. кан адамдарга иш берүүчү тарабынан эмгек китепчеси жана социалдык коргоо күбөлүгү толтурулат.
Түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш берүүчү кызматкерди ишке кабыл алуу тууралу уч күндүк мөөнөттө буйрукту чыгарганга милдеттүү. Анда эмгек келишиминин милдеттуу терт шарты көрсөтүлүшү керек эмгек орду, эмгек милдети, ишти баштоонун датасы, эмгек акысынын өлчөмү.
Эмгек келишимин токтотуу. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 79-беренесине ылайык, эмгек келишимин токтотуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:
тараптардын макулдашуусу (80-берене);
эмгек келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү (81-берене);
кызматкердин демилгеси (82-берене);
иш берүүчүнүн демилгеси (83-берене);
кызматкерди анын өтүнүчү же макулдугу боюнча башка
иш берүүчүгө ишке которуу же шайлануучу (ишке) кызматка өтүү; .
тараптардын эркинен тышкаркы жагдайлар (88-берене);
медициналык корутундуга ылайык ден-соолугунун абалына байланыштуу башка ишке которуудан кызматкердин баш тартышы (75-берененин үчүнчү бөлүгү);
эмгектин олуттуу шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу кызматкердин ишти улантуудан баш тартышы (71-берене- нин төртүнчү бөлүгү);
менчик ээсинин алмашышына, уюмдун таандуулугунун (ведомствого караштуулук) өзгөрүшүнө жана анын өзгөртүп кайра түзүлүшүнө (77-берене) байланыштуу кызматкер ишти улантуудан баш тартышы;
иш берүүчүнүн башка жерге жылдырышына байланыштуу кызматкердин которуудан баш тартышы (69-берененин би- ринчи бөлүгү);
сыноо мөөнөтүнүн канааттандыраарлык эмес натыйжа- лары (62-берененин 7-бөлүгү).
Эмгек келишими Эмгек Кодексинде жана башка мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча да токтотулушу мумкун.
Кызматкер иш берүүчүгө 2 жума мурда жазуу жүзүндө арыз берүү менен эмгек келишимин бузууга укугу бар. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишими эскертүү мөөнөтү буткөнгө чейин да бузулушу мүмкүн.
3.Жумуш убактысы жана эс алуу убактысы.
Жумуш убактысы. Жумуш убактысы кызматкер ички эмгек тартибинин эрежесине же иш графигине, болбосо эмгек келишиминин шарттарына ылайык өз эмгек милдеттерин аткарууга тийиш болгон мезгил (КР Эмгек Кодексинин 89-бере- неси).
Жумуш убактысын укуктук жөнгө салуу анын узактыгын ченемдөө, айкын режимди аныктоо, кызматкерлердин укук- милдеттерин, иш берүүчүнүн жумуш убактысы боюнча милдеттерин орнотуу, бул укук-милдеттерди жүзөгө ашырууну камсыз кылган кепилдиктерди бекемдөө.
Жумуш убактысы тууралу мыйзамдуулуктун юридикапык базасы - КР Конституциясынын 44-беренеси. Ага ылайык, эң узак иш убактысы, жумалык эс алуунун эң кыска мөөнөтү жана жыл сайын акы төлөнүүчү өргүү, ошондой эле эс алуу укугун ишке ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.
Жумуш убактысын (эс алуу убактысындай эле) жалпы жана атайын укуктук ченемдер жөнгө салат. Алардын кээ бирлери баардык кызматкерлерге жайылтылса, башкалары (өзгөчө, атайын) кызматкерлердин кээ бир категорияларынын эмгегин жана өндүрүшүн уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн, эмгек ишмер- дигинин түрлөрүн жана башкаларды эске алууга багытталган. Эмгек келишимин түзгөн ар бир кызматкер үчүн белгиленген жумуш убактысы милдеттүү күчкө ээ.
Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгы КР Эмгек Кодекси тарабынан аныкталат жана уюмдун локалдуу акттары менен да, жамааттык келишим менен да, тараптардын жеке макулдашуулары менен да көбөйтүлүшү мүмкүн эмес Анын узактыгы, КР Эмгек Кодекси тарабынан каралган учурларды кошпогондо, жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш (90-берене).
Тараптардын макулдашуусу боюнча. эмгек келишимдеринде жумуш убактысынын аз узактыгы каралышы мүмкүн.
Мыйзамдуулукта иш жумасын уюштуруунун эки режими каралган:
2 дем алыш күн менен беш күндүк иш жумасы;
1 дем алыш күн менен алты күндүк иш жумасы.
Ченемге салынган жумуш убактысы жумуш убактысын,кызматкердин эмгек акысын эсептөө, эмгектик ченемди аткаруудан тикелей көз каранды болгондой, уюштуруу.
Эмгектик ченем жумуш убактысынын аныкталган узактыгынын ичинде кызматкер аткарышы зарыл болгон эмгек тапшырмасынын көлөмү. Аны аткаруу ар бир кызматкердин негизги милдеттеринин бири.
Ченемге салынбаган жумуш күнү иштин өзгөчө режими, ага ылайык айрым кызматкерлер иш берүүчүнүн тескемеси боюнча зарыл учурларда өздөрүнүн эмгектик иш-милдеттерин жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан сырткары атка- рууга тартылышы мүмкүн. Мындай жумуш күнү менен иштеген кызматкерлердин кызмат орундарынын тизмеги жамааттык келишим, макулдашуу менен же уюмдун ички эмгек тартиби менен белгиленет (106-6.).
Жумуш убактысынын мындай түрү, эреже катары, башкаруу персоналы үчүн колдонулат, себеби алардын эмгеги сандык көрсөткүчтөргө көз каранды эмес.
Жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы төмөндөгү кызматкерлер үчүн белгиленген:
18 жашка чейинкилерге;
оор жумуштарда иштегендерге, эмгектин зыяндуу жана коркунучтуу шарттарында иштегендерге;
кызматкерлердин айрым категорияларына:
педагогикалык кызматкерлерге;
медициналык кызматкерлерге;
иштеген майыптарга.
Жумуш эмес майрам күнүнүн алдындагы күндөрдө да кыскартылган жумуш убактысы аныкталат (96-берене).
Кызматкердин жана иш берүүчүнүн ортосундагы макулда- шуусу боюнча ишке кабыл алууда, ошондой эле андан кийин да толук эмес жумуш күнү, же толук эмес иш жумасы белгилениши мүмкүн. КР Эмгек Кодексинин 93-беренесине ылайык, иш берүүчү төмөндөгүлөргө толук эмес жумуш күнүн, же толук эмес иш жумасын белгилегенге милдеттүү:
кош бойлуу аялга;
14 жашка чейинки баласы бар (18 жашка чейинки ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала) ата-энелердин (камкорчу, көзөмөлчү) бирине;
медициналык корутундуга ылайык, үй-бүлө мүчөлөрүндө ооругандарды баккан адамга.
Толук эмес жумуш убактысынын шарттарында иштегенде кызматкерге эмгек акы иштеген убактысына пропорционалдуу же иштеп чыккандарына жараша төлөнөт. Мындай иш кызматкерлер үчун акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүсүнүн узактыгына, эмгек стажын эсептөөгө жана башка эмгектик укуктарына кандайдыр бир чектөөлөрду лайда кылышы мүмкүн эмес.
Мөөнөтүнөн ашык иштөө. Мөөнөтүнөн ашык иштее - иш берүүчүнүн демилгеси боюнча жумуш убактысынын, күндөлүк иштин (көзметтин) белгиленген узактыгынан ашыкча, ошондой эле эсепке алынган мөзгилдин ичинде жумушчу сааттардын ченемдүү санынан кызматкердин ашык иштеген иши. Мындай иштерге тартуу иш берүүчүнүн тарабынан кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен төмөндөгү учурларда жүргүзүлөт:
өлкөнүн коргонуусу үчүн, ошондой эле өндүрүштөгү кыйроону болтурбоо, же өндүрүштөгү кыйроонун, же табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл иштерди аткарууда;
суу, газ, жылуулук, жарык, канализация, транспорт, бай- ланыш менен жабдуу боюнча коомдук зарыл иштерди аткаруу алардын кадимкидей иштешине кедерги болгон капилет жагдайларды жоюу үчүн;
башталган иш өндүрүштүн техникалык шарттарына бай- ланыштуу токтоп калышынан улам жумуш сааттарынын че- немдүү санынын ичинде аткарылбай (бүтүрүлбөй) калышы мүмкүн болсо,
кызматкерлердин көпчүлүгүнүн ишти токтотушуна апып келиши мүмкүн болгон учурларда механизмдерди жана курулмаларды оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди аткарууда;
эгерде жумушту үзгүлтүккө учуратууга болбосо, жумушту улантуу учүн ордун алмаштыруучу кызматкер келбей калса. Мындай учурларда иш берүүчү көзметчини башка кызматкер менен апмаштырууга токтоосуз чара көрүүгө милдеттүү.
Мөөнөтүнөн ашык иштее ар бир кызматкер үчүн 2 кун ууда 4 сааттан ашпоого тийиш.
Эс алуу убактысы. Эс алуу убактысы - кызматкер эмгек милдеттерин аткаруудан бош жана өз каалоосуна ылайык пайдалана алуучу убакыт (108-6.).
Эс алуу убактысынын түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
жумуш күнүнүн ичиндеги тыныгуу;
күндөлук тыныгуу;
дем алыш күндөр (жума сайын үзгүлтүксүз эс алуу);
жумуш эмес майрам күндөр;
өргүү.
Кызматкерге күн сайын (көзметтеги) иштин учурунда эс алуу жана тамактануу үчүн узактыгы 30 мүнөттөн кем эмес жана жалпысынан 1 сааттан ашык эмес тыныгуу берилүүгө тийиш, ал жумуш убактысына киргизилбейт.
Өндүрүштүн (иштин) шарты боюнча эс алуу жана тамакта- нуу үчүн тыныгуу берүүгө мүмкүн болбогон жумуштарда иш берүүчү кызматкер үчүн жумуш убактысы учурунда, эс алууга жана тамактанууга мүмкүнчулүктү камсыз кылууга милдеттүү.
Мындай жумуштардын тизмеги, ошондой эле эс алуучу жана тамактануучу орун уюмдун ички жумуш тартибинин эрежелери менен аныкталат.
Жумуштардын айрым түрлөрүндө
Эреже катары, эки дем алыш кун катары менен удаа берилет.
Жумуш эмес майрам күндөрү. Кыргыз РеспубликасЫнда жумуш эмес майрам күндөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1-январь -Жаңы жыл;
23-февраль - Ата-Журтту коргоонун күнү;
8-март - Аялдардын эл Эралык күнү;
21-март - Элдик Нооруз майрамы;
1-май - Эмгек майрамы;
5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
9-май - Жеңиш күнү;
31-август КРдин Көз карандысыздыгынын күнү;
7-ноябрь - Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын куну.
Ай календарь! боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Кур- ман айт" мусулман майрамдары жана 7-январь - Ыйса Пай- гамбардын туулган күнү (православия рождествосу) жумушчу эмес майрам күндөрү болуп саналат.
Дем алыш кунуне жана жумуш эмес майрам кунунө туш келип калганда дем алыш кун майрамдан кийинки жумуш кунунө которулат.
4. Эмгек тартиби жана анын түрлөрү.
Эмгек тартиби КР Эмгек Кодекси, башка мыйзамдар, жамааттык келишим, макулдашуулар, локалдуу ченемдик ак- тылар, эмгек келишими тарабынан аныкталган жүрүш-туруш эрежелерине баардык кызматкерлердин милдеттүү түрдө баш ийиши. Бул эрежелер уюмдун ички эмгектик ыраатынын ченемдик негизинин мазмунун түзөт.
Уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери - кызматкерлерди жумушка кабыл алуунун жана жумуштан бошотуунун, эмгек келишиминин тараптарынын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин, уюмдун иштее режимин, эс алуу убактысын, кызматкерлерге карата колдонулуучу сыйлоо жана жазалоо чараларын жана уюмда эмгек мамилелерин жөнгө салуунун башка маселелерин Эмгек Кодексине жана башка мыйзамдарга ылайык жөнгө салуучу уюмдун ченемдик локалдуу актысы (Эмгек Кодексинин 144-беренеси).
Эмгек тартиби чогуу эмгектин катышуучуларынын алар катышып жаткан технологиялык процесстин талаптарын тие- шелүү түрдө сактоо. Анын уч түрү бар:
аткаруучулук тартиби өзүнүн баардык милдеттерин аткарып, башкы көңүлдү аларга бөлгөн кызматкердин жүрүш-турушу;
өздүк тартип милдеттерди аткаруудан тышкары, кызматкер өзүнүн укуктары менен жигердуү пайдаланат;
укуктук жигердүүлүк милдеттерди аткарып, укуктарын жигердүү пайдаланып, кызматкер укуктун ченеми талап кылгандан ашыкча жигердүүлүктү көрсөтөт.
Кызматкерлер ак ниет иштегенге, эмгек тартибйн сактаганга, администрациянын тескөөлөрүн так жана өз убагында аткарганга, уюмдун, мекеменин, ишкананын мүлкүнө аяр мамилеге кылганга милдеттүү. Уюмдардагы, мекемелердеги, ишканалардагы эмгек тартиби жогорку өндүрүмдүу ишти камсыз кылуу үчун тиешелүү уюштуруучулук жана экономикалык шарттарды түзүү, эмгекке аң-сөзимдүү мамиле кылуу, ынанды- руу, тарбиялоо усулдары менен, ошондой эле акниет эмгек учун сыйлоо менен камсыз кылынат. Кээ бир акниетсиз кызматкерлерге зарыл учурларда тартиптик жана коомдук таасир көрсөтүүнүн чаралары колдонулат.
Эмгек укугунда эмгек тартибинин эки түрү бар:
эмгектин жалпы тартиби;
эмгектин атайын тартиби.
Эмгектин жалпы тартиби ички эмгек тартибинин эрежеле- ри тарабынан каралган жана баардык кызматкерлерге жайылтылат. Бирок бул эреже алар үчүн атайын тартиптик жоопкерчилик каралган кызматкерлерге колдонулбайт.
Эмгектин атайын тартиби атайын ченемдик актылар (тартип жөнундөгу уставдар, жоболор) менен орнотулат. Атайын тартиптик жоопкерчиликке милициянын, прокуратуранын, темир жол транспортунун кызматкерлери, тергөөчүлөр, соттор ж.б. кириптер болушат.
Сыйлоолор жана тартиптик жазалар. Иш берүүчү ийгиликтүү иши үчүн уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелеринде каралган сыйлоо чараларын колдонот
Кызматкерлердин эмгеги үчүн сыйлоонун башка түрлөрү жамааттык келишим же уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери, ошондой эле тартип жөнүндө уставдар жана жоболор менен аныкталат. Кызматкерлер коомго жана мамлекетке өтөгөн өзгөчө эмгеги үчүн, ошондой эле иш берүүчүлөр иш берүүчүлөрдүн бирикмелери аркылуу, мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мумкун.
Кызматкерлердин тартиптик жоопкерчилиги юридикалык жоопкерчиликтин бир түрү болуп эсептелет. Ал кызматкерлердин укуксуз жүруш-турушунун айынан келип чыгат. Бул өзүнүн эмгектик милдеттерин күнөөлүү, укукка жат түрдө аткарбагандыгы учун эмгек укугунун ченемдери тарабынан каралган жазага кызматкердин кириптер болуу милдети. Анын келип чыгышынын негизи айкын кызматкер тарабынан тартиптик жорукту жасоо.
Тартиптик жорук кызматкердин өзунүн милдеттерин кунөөлүү, укукка жат турдө аткарбагандыгы же тийиштуу турдө аткарбагандыгы. Мындай жоопкерчиликтин субъектик уюм менен эмгектик мамилелерде турган, жеке жоопкерчиликти алып жүргөнгө мүмкүнчүлүгү бар жак.
Тартиптик жоопкерчиликти администрациялык жоопкерчи- ликтен ажырата билүү зарыл. Администрациялык жазапарды (эреже катары, айып турунде) укук бузуучу менен эмгектик мамилелерде турбаган органдар колдонушат. Аларга ички иштер же мамлекеттик көземел органдары кирет.
Эмгек тартибин бузгандык, башкача айтканда кызматкерге тапшырылган эмгек милдеттерин, анын күнөөсү боюнча укукка каршы аткарылган же тийиштуу турде аткарылбагандыгы учун, иш берүүчү ага карата төмөнкүдөй тартиптик жазаларды колдонууга укуктуу:
эскертүү; •
сегуш берүү;
тийиштүү негиздер боюнча иштен бошотуу.
Кызматкерлердин айрым категориялары учун тартип жөнүндө уставдар жана жоболор менен башка дагы тартиптик жазалар каралышы мумкун.
Тартип жөнүндө мыйзамдарда, уставдарда же жоболордо каралбаган тартиптик жазаларды колдонууга жол берилбейт.
Тартиптик жазаларды колдонуунун тартиби. Тартиптик жазалар уюмдун жетекчиси, ыйгарым укуктуу кызмат адамда ры тарабынан колдонулат. Алар колдонулганга чейин кызматкерден жазуу жүзүндөгү түшүнүк алынууга тийиш.
Тартиптик жаза жорук аныкталгандан кийин дароо, бирок кызматкер ооруп жаткан же ергууде болгон убакытты эсепке албаганда, 1 айдан кечиктирилбестен колдонулат. Мындай жаза жорук болгондон 6 айдан кийин колдонулушу, ал эми ревизиянын, финансы-чарбалык текшерүүнүн жана ауитордук текшерүүнүн натыйжасы боюнча ал жасалгандан 2 жылдан көп колдонулушу мумкун эмес Көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жазык иши боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн убакыт кирбейт.
Тартиптик жазаны колдоноордо кетирилген жоруктун оордугу, ал жасалган жагдайлар, мурдагы иштер эске алынат.
Ар бир тартиптик жорук учун бир гана тартиптик жаза колдонулушу мүмкүн.
Тартиптик жаза колдонуу жөнүндө буйрук (тескеме, токтом) кызматкерге ал чыгарылгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде кол койдуруу менен билдирилет.
Мындай жаза доо мүнөзүндөгү жекече эмгектик талаш-тартыштарды кароо үчүн белгиленген тартипте же мамлекеттик эмгек инспекциясына даттанылышы мүмкүн.
Тартиптик жаза ал колдонулгандан кийин 1 жыл бою жарактуу болот. Эгерде ошол мөөнөттүн ичинде кызматкерге жаңы тартиптик жаза берилбесе, ал тартиптик жаза берилген эмес деп эсептелет.
Тартиптик жаза колдонгон иш берүүчү аны бир жыл өткөнгө чейин өзүнүн демилгеси боюнча, кызматкердин өтүнүчү боюнча, кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын же кызматкердин түздөн-түз жетекчисинин расмий өтүнмөсү боюнча алып салууга укуктуу.