Тема: Укуктун нормасы
1) Укуктун нормасынын түшүнүгү.
Укуктун нормасына түшүнүк берүүдөн алдын ала биз укуктун системасына түшүнүк берүүбүз, аныктообуз зарыл. Себеби: укуктун
нормасы укуктун системасынын структуралык бир бөлүгү, бир элементи.
Укуктун системасы төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:
1) Укуктун тармагы (тармак алдындагы тармак)
2) Укуктун институту ( субинститут)
3) Укуктун нормасы
Демек жогоруда көрсөтүлгөндөй укуктун эн майда бөлүгү, укуктун нормасы деп эсептелет. Ар бир ченемдик акт, мыйзамдар, мыйзам алдындагы актылар укуктун нормасынан куралат.
Укуктун нормасы- укуктун башталгыч, манилүү элементи катары укуктук системадагы негизги түшүнүк.
Укуктун нормасы - Жалпыга бирдей милдеттүү, коомдук мамилелерди жөнгө салуучу, мамалекет тарабынан санкцияланган жана корголгон, жүрүм турум эрежеси. Укуктун структуралык эн майда элементи.
Жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрсөк: ар бир маани туюндурган укуктук актынын бөлүгүн түшүнөбүз. Бир нече сөздөрдөн туруп, бирок бир маанини түшүндүрбөсө укуктун нормасы деп эсептелбейт.
Кыргыз Республикасынын конституциясынын 1- статьясынын. 1-пунктун алсак «Кыргыз Республикасы суверендүү, унитардык, демократиялык, лайык, укуктук, социалдык мамлекет». Эгер бул беренени толук бүтүрбөстөн алып карасак ал мааниси түшүнүксүз болмок да, укуктун нормасы деп айтылмак эмес.
Укуктун нормасы эреже болгондуктан, жүрүм турумду жөнгө салып турат. Башка социалдык эрежелерден айырмаланып, укук нормасы мамиленин катышуучуларынын ортосунда бир тараптарга субъективтүү укуктарды, бир тараптарга юридикалык милдеттерди жаратат.
Субъективтүү укук – кандайдыр бир мүмкүн болгон аракеттердин чеги. Алардын түрлөрүн мисал келтирсек: табигий, экономикалык, саясий ж. б. Демек укук нормасы катышуучуларга мүмкүнчүлүк жаратат.
Юридикалык милдет – кандайдыр бир аткаруу зарыл болгон аракеттердин чеги. Башка коомдук милдеттерден айырмаланып укуктун нормасы пайда кылган аракеттерди аткарбаса мажбурлоо чаралары колдонулат.
Укук нормасынын структурасы
Укуктун нормасы структуралык 3 бөлүктөн турат:
1) Гипотеза
2) Диспозиция
3) Санкция
Гипотеза - Укуктун нормасынын ишке ашуусуна таасир эткен жагдайдын бар же жок экендигин көрсөтүп туруучу бөлүгү. Укуктук норманы кыймылга келтирүүчү негизги күч, жүрүм турумдун абстрактуу эрежеси. Гипотезага мисал келтирсек: КРнын Үй бүлө кодексинин 12-беренесинде никеге туруу үчүн никеге туруп жаткан эркек менен аялдын ыктыярдуу өз ара макулдугу жана алардын нике курагына жетилиши зарыл. КРнын президенти болуп, 35жаштан жогору 70 жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген жана Кыргыз Республикасында 15 жылдан кем эмес жашаган КРнын жараны шайлана алат. Бул нормаларда үстүрттөн, шарттар гана каралып жатат. Ал шарттар биз аныктамада айтып өткөн жагдайлар болуп эсептелинет.
Гипотеза 3 түргө бөлүнөт:
А) Жөнөкөй гипотеза, бул бир нормада бир гана жагдайдын камтылуусу. Мисалы: КРнын Үй бүлө кодексинин 14-беренесинин 1- пунктун алсак: Нике курагы он сегиз жаш деп белгиленет. Бул нормада бир гана жаш курагын көрсөтүп өттү, демек бир гана жагдай.
Б) Татаал гипотеза, бир нормада бир нече жагдай камтылуусу. Мисалы: КРнын Үй бүлө кодексинин 18-беренесине ылайык аялы кош бойлуу кезинде жана ортодогу баласы төрөлгөндөн кийин бир жыл ичинде аялынын макулдугусуз күйөөсү ажырашуу жөнүндө иш козгоого укугу жок.
В) Альтернативтик гипотеза, бир нормада бир жагдайдын болушу, бирок ал жагдайдын ар кандай абалдардын көрсөтүлүшү. Мисалы: КР Кылмыш жаза кодексинин 19-статьясынын 1- пунктун алсак: Кылмыш жасаганда акыл эси соо эмес абалда болгон, башкача айтканда психикалык өнөкөт оорусунун, психикасынын уббактылуу бузулушунун, кем акылдыгынын, же боьлбосо психикасынын башка оорусунун кесепетинен өзүнүн аракеттерине жооп бере албаган адам кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылат.
Бул нормада акыл эси соо эместик деп бир гана жагдай болду бирок кайсы учурлар табылат деп бир нече абал көрсөтүлдү.
Диспозиция – Укуктун нормасы ишке ашуусуна түздөн түз тасир этүүчү, юридикалык жыйынтык алып келүүчү, укуктук мамиленин катышуучулары сактоочу негизги бөлүгү. Диспозиция негизги бөлүгү болгону менен өзү жашабайт, гипотеза жана санкция менен айкалышып, биргеликте укук нормасын түзүшөт.
Мазмунуна карата диспозиция 3кө бөлүнөт.
А) Жөнөкөй диспозиция. Бир норма жүрүм турумду көрсөтөт, бирок толук ачып көрсөтпөйт. Мисалы: КР кылмыш жаза кодексинин 164- статьясынын 1- пунктун алсак: Уурдоо, башкача айтканда бирөөнүн мүлкүн жашыруун алып коюу. Бул нормада уурулукту атап бирок анын кандай методдор менен, кандай жагжайда экенин ачып көрсөтпөйт.
Б) Баяндоочу диспозиция Бир норма жүрүм турумду баардык манилүү белгилери менен биргеликте ачып көрсөтөт. Мисалы: КР кылмыш жаза кодексинин 170- статьясынын 1- пунктун алсак: Опуза талап, башкача айтканда зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же бирөөнүн мүлкүн талкалайм деп коркутуу, же жабырлануучунун анын туугандарын маскарлаган мааалыматты таратам деп коркутуу аркылуу башка бирөөнүн мүлкүн же мүлккө болгон укугун талап кылуу жана башка мүлктүк мүнөздөгү аракеттерди жасоо. Бул нормада опузалап алууну толук белгилери, методдору менен кошуп ачып берди.
В) Шилтеме диспозиция Бир норма жүрүм турумду ачып көрсөтүүдө башка нормага шилтеме жасайт. Мисалы: КР кылмыш жаза кодексинин 111- статьясынын 1- пунктун алсак: такай уруп сабоо же болбосо башка зомбулук аркеттер менен азап тозокко салганда, эгер булл, ушул Кодестин 104- 105-статьяларында көрсөтүлгөн жыйынтык алып келбесе. Бул нормада маанисин түшүнүү үчүн сөзсүз башка нормага кайрылуубуз зарыл экен ошондуктан шилтеме диспозиция деп аталат. Жогоруда бир мыйзамдын ичинде гана башка нормага шилтеме жасалган болсо, кээ бир нормалар башка нормативтик актынын нормасына шилтеме жасайт.
Санция- Укуктун нормасын бузуунун негизинде пайда болгон, жагымсыз жыйынтык алып келүүчү жаза белгилөөчү бөлүгү. Мыйзамдуулукту, укуктук тартипти сактоодо негизги каражат катары каралат.
Санкция көлөмүнө карай 3кө бөлүнөт.
А) Абсолюттук аныкталган санкция. Бул нормада укук бузуучуга жаза чаранын бирөө так көрсөтүлөт. Башкача айтканда бир укук бузууга бир чара гана колдонулат, тандоо мүмкүнчүлүгү жок. Бул көбүнчө эмгек укугун бузгандарга колдонулат.
Б) Салыштырмалу аныкталган санкция Бир нормада укук бузуучуга бир жазанын түрү, эн төмөнкү жана жогорку чеги көрсөтүлөт. Башкача айтканда укук бузуучуга бир гана жаза чара колдонулат, бирок жазанын чектери көрсөтүлөт. Мисалы: КР кылмыш жаза кодексинин 97-статьясынын 1-пунктунун санкциясы. -- Адам өмүрүн кыйганда 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен эркинен ажыратылат. Жазанын эркинен ажыратуу түрү гана колдонулат, бирок анын мөөнөтүн тандоо жаза колдонуучунун эркинде болот.
В) Альтернативтик аныкталган санкция. Бир нормада укук бузуучуга бир нече жазанын түрлөрү көрсөтүлөт. Башкача айтканда укук бузуучуга көрсөтүлгөн жазанын бирөөсүн колдонуу, тандоо мүмкүнчүлүгү укук колдонуучунун эркинде болот. Мисалы: КР кылмыш жаза кодексинин 164- статьясынын 1- пунктунун санкциясы. Уурдоодо
- 3эселенген айып же 50 минималдык айлык өлчөмүндө айып төлөм, 3 айга чейин камакка алынат же 2- жылга чейин эркинен ажыратылат. Жазанын бир нече түрү эсептелди алардын бирөө гана колдонулат. Ал жаза укук бузуунун методуна, келтирген зыянына, укук бузууга кылган мамилесине жараша колдонулат.
Укуктун нормасы төмөнкү критерийлер менен түрлөргө бөлүнөт:
Укуктун нормасынын жөнгө салган мамилесине карай:
А) Материалдык укуктун нормасы
Б) процессуалдык укуктун нормасы
Материалдык укук нормасында жактардын экономикалык, социалдык, саясий ж.б. укуктары көрсөтүлсө, процессуалдык укук нормасында аларды ишке ашыруу процедурасы көрсөтүлөт.
Укук нормасы камтылган нормативтик актынын мүнөзүнө карата:
А) Мыйзамдын нормасы
Б) Мыйзам алдындагы актынын нормасы
Мыйзамдын нормасы башка актылардын нормаларынан жогору турат. Бул бөлүштүрүү ар бир норманын ордун аныктап, иерархиялык жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Коллизиялар учурунда чечим кабыл алууга, мыйзамдуулукту, тартипти сактоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Аракеттенүүсүнө карай:
- Мейкиндик боюнча:
А) Мамлекеттин баардык аймагында аракеттенүүчү.
Б) белгилүү бир бөлүгүндө аркеттенүүчү.
- Убакыт боюнча:
А) Ар дайым аракеттенүүчү
Б) Убактылуу аракеттенүүчү.
- Жактар арсында:
А) Жалпы нормалар
Б) Атайын нормалар
Ар бир укуктун нормасы, укуктук акт менен байланышкан. Укуктук актынын качан күчүнө кирүүсү жана кайсы аймакта кимдер арасында аракеттенүүсү жогорку мааниге ээ. Жөнөкөй сөздөр менен айтканда, аракеттенүүсү - анын жашоосу. Эгерде укуктун нормасы аракетин токтотсо жашоосуз (мертвый) нормага айланат. Ар бир укук нормасынын убакытта, мейкиндикте жана жактар арасында багыты бар.
Укук нормасынын тармакка тиешелүүлүгүнө карай:
А) конституциялык укуктук
Б) Кылмыш жаза укуктук
В) Жарандык укуктук
Г) Үй бүлө укугу ж.б.
Укук нормасынын кайсыл тармакка тиешелүүлүгүн билүү негизинен, аны колдонууда женилдиктерди жаратат. Ар бир укуктук актыны жана укук нормасын алып карайлы, кайсыл бир укук тармагына тиешелүү.
5) Чагылдыруу формасына карай:
А) Укук берүүчү норма
Б) Милдеттендирүүчү норма
В) Тыюу салуучу норма.
Укук нормасы жүрүм турум эрежеси катары, укуктук мамиленин катышуучуларына ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Ошону менен катар аткарууга зарыл болгон аракеттерди же болбосо юридикалык милдеттерди жүктөйт. Тыюу салуучу нормалар кээ бир аракеттерди жасоодон карманууга багыттайт.