Просмотр содержимого документа
«Уламыштар жонундо»
Лейлек районунун Ак-Булак айылындагы «Кутчу» тоосунун аталышы жонундо уламыш.
Илгери Ак-Булак айылындагы тоо малга жайлуу болуп,боорунан булак суулары агып,койнунда арча,карагат,шилби,ит мурун,жапайы чие осуп,туланы жайкалып малы семиз болуп,жапайы аркар кулжа,тоо эчкилер деги бардык тоо жаныбарлары жашаптыр.Айылдын аты да булак суусунун атына коюлган .Элдер да ошол тоонун устунку тегиздигине буудай,арпа эгишип тиричилик кылгышкан.Жери байдын эли бай дегендей бай жашаган элдер болгон экен.Алардын уруусун Бектер деп аташкан.
Бир жылы жыл кургакчыл болуп жерге чоп чыкпай,суу тартылып, малдын баары кырылып,эгин- тигин болбой, эл аябай кыйналып жакыр болот.
Ошентип ыйык рамазан айынын кадыр тун кечи болот.Элдин бары чогулушуп кудайдан ырыскы,кут,береке беруусун тилеп бата кылышат.Кудайдын керемети танга жуук тоого кыбыла тараптан асман аркылуу мандайында жылдызы жанган касиеттуу бугулар келип тушот.Эртеменен эл коргон козуно ыраазы болуп,мандай жарыла кубанышат.Анткени булак суулары кайра кобойуп агып,чоптор жайкалып осуп,жер ооп кеткен жаныбарлардын бары келип ,мурдагыдай куттуу тону мекендеп журуптур.Унубуз кудайга жетиптир деп кубанышат.
Эл аксакалы элге карап,канна журтум кол жайгыла.Кудайым бизге кайрадан кут,ырыскы берди.Куттуу тообуздун аты мындан ары «Кутчу» болсун,кут уялап,эч качан кетпесин дегенде элдин баары бата кылышат.
Ошондон бери бул тоонун аты «КУТЧУ» деп аталып калган экен.