СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуттар аралык ынтымак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуттар аралык ынтымак

Просмотр содержимого документа
«Улуттар аралык ынтымак»

Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык

18

НОЯ

2010

(нет перевода)

Кыргыз элинин тарыхы бери дегенде эки миң жылдан ашуун жол баскандыгы белгилүү. Мына ошондон бери эле кыргыз эли алыскы жана жакынкы чет өлкөлүктөр менен тыгыз кызматташууда.

Улуттук китепкананын “Кыргыз китеби” бөлүмүнүн окуу залында 2010-жылдын 18-ноябрдан 28-ноябрга чейин “Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык” деген темада китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан бейпилчиликте жана тынчтыкта өнүгүп бараткан өлкө. Анын ичинде 100дөн ашык ар түрдүү улуттун өкүлдөрү ынтымак-ырашкеликте, коюн –колтук алышып, кыз беришип, келин-алышып тынчтыкта доор сүрүп келатышат. Ушуга байланыштуу өнүккөн башка баардык мамлекеттердей эле Кыргызстанда да Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы Кыргызстан элдеринин 1курултайында 11 улуттук-маданий борборлордун демилгеси менен 1994-жылы 22-январда тузүлгөн. Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын негизги максаттары жана милдеттери болуп, баардык этностордун үрп-адаттарын, салттарын, тилин, маданиятын өнүктүрүү, маданиятты интеграциялоо, улуттар аралык мамилелердеги сабырсыздыктын жана карама-каршылыктын алдын алуу, демократиялык мамлекетти курууда жарандык активдүүлүктү жана жаштарды патриоттук духта тарбиялоо болуп эсептелет.

Көргөзмөгө “Улуттар ынтымагы-өнүгүүнүн шарты”, “Кыргызстан көп улуттуу өлкө” деген бөлүмдөр менен жабдылып, окуумуштуулардын ой-пикирлери менен жазылган материалдар коюлду.