СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуттар биримдиги- улуу байлык

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улуттар биримдиги- улуу байлык»




А.Атамов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими Нурматова Нафисанын "Улуттар биримдиги - улуу байлык" аттуу темада даярдаган бир сааттык тарбиялык сааттын иштелмеси.








УЛУТТАР БИРИМДИГИ – УЛУУ БАЙЛЫК


Сабактын максаты:


Окуучулар башка улуттарды сыйлоого, урматтоого тарбияланышат. Кыргыз элинин улуттар аралык ынтымагын чыңдоого салым кошушат.


Сабактын жабдылышы:


Ар түрдүү улуттардын улуттук кийимде түшкөн сүрөттөрү, ырлары ж.б.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим сабакты «Улут» деген сөзгө түшүндүрмө берүү менен баштайт. Андан соң окуучулардан Кыргызстанда жашаган башка улуттар жөнүндө билген маалыматтарды угат. Жана төмөндөгү лекциялык материалды пайдаланып теманы түшүндүрөт.


Жер шаарындагы миңдеген элдерге, улуттарга таандык беш миллиарддан ашуун киши адамзатты түзүп турат. Адамзаттын катарында саны миллиарддан ашуун кытайлардын да, миңге жетпеген тофалар сыяктуу элдердин да өз орду бар.


Эчкимге кошулбай өзүнчө бөлүнүп жашоого мүмкүн эместигин,башкаэлдермененалакалаш жашоо зарылдыгын бабаларыбыз да туура баамдап, «Жалгыз аттын чаңычыкпайт, жалгыз эрдин даңкы чыкпайт», «Ынтымак баржерде ырыс бар», «Айылы аралаштын койукороолош»,«Акылдашкан сагызган айгыр алат»,«Жел желге кошулса жут,элэлгекошулса кут» деген акылман ойлорду жаратышкан. «Манас» эпосунда мындай ойлор көп айтылган. Эпосто он-он беш улуттун аты аталат, бирок бир да улутка тескери пикир айтылбайт. Манас өздөрү келип катылган калмактын балдарын сабаганда бай Жакып:


Азып келип мал күттүм,Алтайым жакшы жер эле.


Эли сонун, ичи кең,


Менин калмагым сонун эл эле - деп жан тартып, уулу Манасты күнөөлөйт. Ал эмикыргыздардын колу Бээжинге аттанып жаткандагы акылман энебиз Каныкейдин:


Уругу кытай улуу журт, Көптүгүн көрсөң кара курт.


Кылым кытай эл деген,


Кыяматка жеткенче


Кылайып душман жеңбеген.- деген сөзүнөн кытай элинин күчүнө, касиетине, мүмкүнчүлүгүнө тан берүү байкалат. Ошондон улам эпосту жараткан ата-бабаларыбыз байланышы болгон бардык элдерге өзүнүн туура баасын берип, өздөрүн алардан артык да, кем да көрбөгөнүн туябыз. Мына ушул жерден авар элинин белгилүү акыны Расул Гамзатовдун: «Дагестанда: ким кошунасын тилдесе ал келесоо, ким башка улутту сөксө - ал өз улутунун акмагы, ким чоочун өлкөнү урушса анда ал өз өлкөсүнүн нааданы дешет» деген сөзүн эске салгыбыз келет. Өз элин гана сүйүп, башкаларга жек көрүү менен мамиле кылган адам акыр түбү өз элин да чанат. Өз элин бекем сүйүп, ага жан аябай кызмат кылуунун да, башка элдерди бөтөнсүнбөй бирдей сыйлоонун да үлгүсүн манастан көрөбүз.

Эпосто андагы катышкан каармандар тилине, тегине, динине, улутуна карап бааланбайт. Буга Алманбеттин мисалын алсак болот, өз элинен качып келип казактарга

кошулуп, төрт жыл жан аябай кызмат кылган Алманбет тегерегиндеги бузуктардын

сөзүнө алданган Көкчөдөн:


Кытайдан келген кысталак,Кыйыры казак журтумаЭмне үчүн кысталат?


Кет десеңер болбойбу,


Жергесине калмактын,


Жет десеңер болбойбу?- деген сөз угуп, ичи муздап, аны таштап кетет. Адилетсиздикке жаны ачыган акылман зайып Агеркеч узата чыгып, кечирим сурап Манас жөнүндө:


Төрүнө өтсөң жектебес,Кейишке салсаң кет дебес.


Бүлүндүрсөң кейибес,


Мүнөзү жумшак мол болгон,


Төгүп жатсаң тосулбас,


Дарыя чалкар көл болгон.- деген маалымат берип, ага барып кошул деген акыркы кеңешин берет. Айткандай эле жандай көргөн Аккуласын тартуулап, Алманбеттин келишине арнап той берип, энеси Чыйырдынын эмчегин эмизип бир тууган кылып алат.


Бабаларыбыз бизге калтырган «Түбү бирге түтпөйт», «Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат» сыяктуу акылман ойлору да ошону бекемдеп турат.


Биздин максат этносуна карабастан бардык граждандары өз мекеним деп сыймыктануу менен эсептей турган эркин, демократиялуу жана бакубат өлкөнү, анда жашаган жана эмгектенгендердин бардыгы үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу болгон өлкөнү куруу. Кыргызстанда жашаган 80 ден ашуун улуттар ынтымакта, достукта жана кызматташтыкта жашоо.




Нуска ойлор


Кең дүйнө - баасын анын билбейсиңер, Кээ бириң « кем дүйнө» деп тилдейсиңер. Жарыктын баасы кымбат бул ааламда, Андыктан тартуу кылат биртке гана.


Чырагым, уктуң беле уламышты: Эки дос бир пендени түзөт деген.


Кеткенде түбөлүктүү өз жайына,


Эки дос достук жибин үзөт деген.


Угуп тур эки достун бул баянын,


Күнүмдүк бул жашоонун сырдуу аягын. Жан-досту, дене-достон бөлүп алып, Жараткан ишке ашырат өз аянын.


Мына ошо эки досуң боюңдагы,


Акылың,эркиң, күчүң оюңдагы,


Муну сен - жан досум деп кабыл алгын. Турпактан жууруп койгон келбетиңди, Муну сен - дене-дос деп билип койгун.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!