© 2025, Шадыманова Буусажида Жусубалиевна 31 1
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до 07.06.2025
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Улуттук нарк – улуттун жүзү!
Сабактын тиби: Аралаш сабак
Сабактын формасы: Стандарттуу эмес
Сабакта колдонулуучу методдор: Интерактивдүү, көрсөтмөлүүлүк
Сабактын максаты: 1) Окуучулар улуттук нарк тууралуу үй-бүлөдөн угуп, үналгыдан угуп,маалымат каражаттарыдан,китептерден окуп билишкен;
2) Алар улуттук нарктардын маанисин түшүнүп, аны баалай билүүнү,жайылтууну, үйрөнүшөт, ой-пикирлерин билдиришет;
3) Патриоттуулукка, мекенчилдикке, кыргыз элинин мурастарын, каада-салттарын көздүн карегиндей сактоого тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Проектор, ноутбук, видеослайддар, плакаттар, маркер, гүлдөр, сүрөттөр, желекчелер, буклеттер.таркатмалар..
Сабактын урааны: Улуттук баалуулуктар — улуттун сыймыгы жана тарыхы
Сабактын жүрүшү:
1)Саламдашуу: Мугалим: Саламдашуу элибиздин улуу салты.
Улуулардын бизге үйрөткөн ыйык парзы.
Улууга да,кичүүгө да,урмат кылуу,
Илгертеден келе жаткан кыргыз салты.
Ассаламу алейкум, кымбаттуу окуучулар жана биздин меймандар! Бүгүнкү сабагыбызга кош келипсиздер!
2) Жагымдуу маанай: Эң алгач эле сиздер менен жагымдуу маанай түзүп алалы.
Төиөнкү ырдагы “К” тамгасын алып ырдап көрөлү.(слайддан сөзүн чыгарам)
Кыргыз калкым
Кемер кур, кемсел өтүк, ак калпагы, Кээ бирөө билбейт жүрөт анын баркын. Элинен белги берип тааныштырган, Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым.
Кайырма:
Кыргыз калкым, кыргыз калкым, Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым. Үйүнө конок келсе жүзү жарык, Кой союп, сыйлай билет ата – салтын. Кызытып кымыз берип, май жегизген, Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.
Кайырма:
Кыргыз калкым, кыргыз калкым, Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым. Сабактын жүрүшү: Мугалим: Азаматсыздар. Анда эмесе, окуучулар, алгач «Кыргыз калкым» аттуу ырды чогуу ырдашыңарды сунуш кылат элем. Мугалим: Ырда эмнелер тууралуу айтылган, ырдын мааниси жөнүндө ким оюн айтат? Окуучулардын,ата-энелердин оюн угуу. Демек, ырда кыргыз элинин каада-салты, меймандостугу, кең пейилдиги, комузу, кийими жөнүндө айтылып жаткандыктан, булардын баары биригип келип, улуттун наркын түзөт экен. балдар. |
Мугалим: Кыргызстан — биздин Мекенибиз. Кыргыз эли байыртадан уюткулуу улут болуп, улуу тарыхка, салт санжырага бай болуп, аларды канчалаган кылымдар бою жоготпой, муундан-муунга жеткирип, биздин заманга чейин сактап келген. Ушул улуу журттун урпактары келечек ээлери, жаш муундар бүгүнкү күнү ата-бабалардын башынан кечирген тарыхты жана каада-салтты урматтабай, унутуп бара жаткандыгы ойлондурбай койбойт.
Кыргыз баласы кыргыз жеринин кооздугу, шаркырап аккан суулары менен сыймыктана алат. Асман тиреген тоолору, кең байлыгы мол Ала-Тообуз кыргыз элин коргогон табигый чеп болуп келген. Кыргыз жериндеги сандаган озон суулар, чалкып жаткан тоолор, токойлору менен шалбаалары, сан миндеген жан-жаныбарлардын мекени кут түшкөн жерибиздин байлыгы болуп эсептелет. Ал эми кыргыздын бермети болгон Ысык-Көл не деген табияттын сулуулугу жана ал сыяктуу кичине көлдөрүбүз ондоп саналат.
Кыргыздар көптөгөн кылымдар бою көчмөндүк турмушту баштарынан кечирип келген эл. Мал чарбачылыгы менен кесиптенип мал багып жашоосун өткөргөн. Ошондуктан жайдыр-кыштыр журт которуп, көчүп-конуп жүрүшкөн.
Ал эми Саймалуу-Таш ачык асман алдындагы сүрөт галереясы — ата-бабалардын улуу тарыхы.
Кыргыздар мамлекеттин өнүгүшүнүн негизи болгон улуттук нарк аркылуу кылымдар бою кошуна элдер менен жанаша жашап, тарыхтын тереңинде жок болуп же сиңип кетпей, атын жоготпой, тарыхта өз изин калтырды.
Манаста айтылгандай, кыргыз өз касиеттерин нукура таза сактоо менен жашаш керек, ошондо гана кыргыз кыргыз бойдон сакталат. Кана, балдар, айткылачы айылыбызда да мурас катары сактай турган баалуулуктарыбыз барбы!
Мисалы:Асти-Дөбүт мазары,Козу-Баглан дарыясы
Мугалим: Кыргызстандын кандай символдору бар?
--- Кыргызстандын герби, желеги, гимни
Мугалим: Кыргызстандын өзгөчөлөнтүп турган дагы кандай белгилери бар, балдар?
-Кыргыздын улуулугу — карапайым мүнөзүндө
-Кыргыздын сулуулугу — таза кирсиз жүрөгүндө
-Кыргыздын күчү — биримдигинде
-Кыргыздын байлыгы — керемет тоолорунда
-Кыргыздын сыймыгы — Ысык-Көлүндө
-Кыргыздын тарыхы — санжырада
-Кыргыздын маданияты — Манаста
-Кыргыздын музыкасы — комузда
-Кыргыздын уздугу — шырдагында
-Кыргыздын өлбөстүгү — эне тилинде, каада-салтында
Тили жок эл болбойт эмеспи. Улуттун жүзү болгон мурастарыбыз муундан-муунга ошол тилдин жардамы менен жетип отурат.
«Кыргыз тили кылымдарды карыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» демекчи,
1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили «Мамлекеттик тил» статусуна ээ болгон.
Жаша тилим, миң кылымды карытып,
Менин тилим, кыргыз тилим,
Он миң кылым, жүз миң доорду арыткын.
Мен кыргыздын кызымын.
Жер шарында кыргыз деген эл турсун,
Толгоп тарткан кыл арканды,
Нурун ичип улуу Күндүн, жарыктын
Тоо булбулу Токтогулдун санаты.
Мугалим: Асман тиреген Ала-Тоосу менен сыймыктанган ак калпак кыргыз элинин байыртадан чертме кылдуу, үндүү аспабы — комуз жөнүндө сүйлөшөлү, балдар!
Комуз — өрүк, жаңгак, ак чечек, тал, терек, карагай, арча сыяктуу жыгачтардан чабылат. Комуздун жалпы узундугу 90 см. болуп, туурасынын эң жазы жери 19,5-22,5 см.ге жетет. Комуз башы, тулкусу, чарасы, моюну, капкагы, куткуну, тепкеги, үч кулагы, анан үч кылдан турат. Башка жыгачтарга караганда өрүктөн чабылган комуз нарктуу эсептелген. (Комуздун пайда болушу жөнүндө уламыш айтылат).
Камбаркан жасаган аспап комуз деп, чертилген биринчи күү «Камбаркан» деп аталып, «Күүнүн башы Камбаркан» деген сөз мына ушундан калган экен, балдар.
Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.
Оп-оңой, көргөн көзгө жөп-жөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус.
Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй,
Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй.
Бул комуз көп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жөп-жөнөкөй
Мугалим: «Тамыры жок бак болбойт, тарыхы жок эл болбойт» дегендей, биз тарыхты унутта калтырбай, ата-салтыбызды сактап, келечек муундарыбызга мурас кылып өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз, балдар!
Кыргыз элинин биздин заманга чейинки бүткүл тарыхын камтыган чыгарма кайсы балдар?
Окуучулар: — «Манас» эпосу
Мугалим: — Албетте, “Манас” эпосу
“Манас” эпосу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын алтын казынасы.
Бул чыгарма элибиздин руханий табылгаларынын алгылыктууларын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы. Кыргыз эли өткөн миң жылдыкта адамзаттын дүйнөлүк маданиятына «Манас» эпосун жаратуу менен чоң салым кошту десек жаңылышпайбыз.
«Манас» эпосу дүйнөдө теңдешсиз зор көлөмдүү көркөм чыгарма. Манасчы Саякбай Карала уулунан жазылып алынган “Манас”, «Семетей», «Сейтек» үч бөлүмүнүн жалпы көлөмү 500 миң сап ырды түзөт. Бул байыркы гректердин «Иллиадасы» менен «Одиссеясын» бирге кошкон көлөмүнөн 20 эседей көп жана инди элдеринин «Махабхарата» эпосунан эки жарым эсе чоң. (Манастан үзүндү уктурулат) Саякбай Каралаевдин аткаруусунда.
Окуучулар манас айтышат.
Мугалим: Ак калпак – Ала-Тоонун символу. Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан турат. Ал талаалар биригип келип, кыргыз эли байыртадан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Демек, ал мекенибиздин символун берет.
Калпак — кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан ак калпак деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылган кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери мандай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак — бул кыргыз кийимдеринин эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң, салтанатка кийип жүргөндүгү дүйнө элине маалым. Кыргыз өмүрү 40-35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжыра.
Мугалим: Элдик нарктарды «элдик мыйзамдар» деп атаса да болот. Демек, ал «элдик протокол» эч качан өзгөрбөйт жана салттар ошол «мыйзамдар» аркылуу ишке ашырылат. Кыргызда наркты билбеген адамды «наркы жок, нарк билбеген билимсиз» деп айыпташкан. Анда эмесе, аталардан калган асыл-нарктарыбызды эске салалы.
(слайд көрсөтүлөт)
— Адамдык ариетти бекем тутуу
— Улуттук аң-сезимди, ар намысты сактоо
— Улуттук нарктарды, каадаларды, үрп-адаттарды сактоо
— Ата-мекенди сүйүү, коргоо жана ага кызмат кылуу
— Эл-журт алдындагы атуулдук парзын аткаруу
— Мекендин жашыруун сырларын сактоо жана душманга дилин бербөө
— Ата-энени сүйүү жана урматтоо
— Абийир, ар намысты сактоо
— Ата-салтты бузбоо, эне адебин сактоо
— Эне-тилин жана табиятты коргоо
— Улуттук кийимдерди кастарлоо
— Улуттук тамак-аштарды жасай билүү ж.б.
Мугалим: Элибизде дагы бир сөз бар, ал «нарк-насил» деген ыйык сөз. “Улуттук нарк-насилибизди сактоо менен гана улутубуз сакталып келет» деп айтабыз. Насил – «түпкү тек» деген маанини билдирет. Андай болсо «нарк-насил» деп кош сөз түрүндө айтканыбыздын жөнү бар экен. Ал «аталардын наркы, аталардан келаткан нарктар» дегенди эске салат тура, балдар.
1)Кыргыздар келинди чачына карап тандашкан. Эгер кыздын чачы узун, калын болсо, анын дени сак, мээнеткеч жана ырыстуу кыз деп баалашып, ага куда түшүп келишкен. Чачы жакшы өспөй, суюк болсо чачын жакшы күтө албаган жалко
2) Жылкынын жалындай катуу чачтар аял кишинин ички өзөгү бекем кайраттуулугунан кабар берген. Жумшак, уяң чачтар мээримдүү жароокерликтин жарчысы болгон. Таралбай чачы чачыша берген кыздарды «кыялың менен» дешкен. Эмнеси болсо да эл ичинде калын, кундуздай жылтылдаган, узун чачтуу кыз-келиндер жогору бааланып, элдин кутун, касиетин сактайт деп ишенишкен.
3) Кыз төрөлгөн ар бир үйдө анын чачына көңүл бурулуп, күтүрөп өсүп чыксын үчүн көп кырып, башына нан коюп, супарага унду көп калтырып, түрдүү аракеттерди апалар тынбай жасашкан. Анткени, узун чачтуу кыз көптүн сүймөнчүгү, журттун көркү эмеспи.
4) Ар бир үйдө кийимдин жакшысын, көрктүүсүн тандап кыз бала кол арага жарап, секелек болуп калганда кырк өрүм кылып чачын өрүшкөн. Келечеги жакшылыктарга мол болсун деп кырк болсо, берекеси жайнасын деп чачын майлаган. Аруулугунан жанбасын, ак жалгасын деп ак билик менен учуктап, чач өрүү салтын жыйынтыкташкан.
5) Чач кыркуу кыргыз салтында жосунсуз жорук деп эсептелген. “Чач кеспе, ырыскыңды кесесин” деп чоң апа, таенелер айтышчу. Чач жаюу кыргыз коомчулугунда аза күтүүнүн белгиси болгон. Чач жайган кыздарды «жамандыкты чакырасыңар, жыйнагыла» деп улуулар урушкан.
Слайд көрсөтүлөт:
Каада-салттар, ырым—жырымдар
Жаш балдарга байланыштуу каада—салттар
Тушоо кесүү,чач алдыруу,Баланы жээнтектөө,Киндик эне болуу.ымыркайды оозантуу,сүйүнчүлөө,
Бойго жеткен кыз, эркек балдарга карата өткөрүлүүчү той каадалары
Үйлөнүү тоюу.,чачын өрүү.сөйкө салуу,жуучу болуу,куда түшүү,жар көрүүэ
Ырым-жырым каадалары
Шыпыргыны тургузуп койбо.Кечинде суу алба.ысырыктоо.киренелөө,дем салуу,ап-аптоо.ж.б
Мамиле адебине байланыштуу каада—салттар
Салам айтуу,ашарга чакыруу,ант берүү,Конок күтүү.
Мал-жанга байланыштуу ырым, каадалар
Эн салуу,шырылдаң
Эмгекке байланыштуу каада—салттар
Ашарга чакыруу.
Сабакты жыйынтыктоо: