СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуттук педогогика-математикада

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улуттук педогогика-математикада»

Кеченини темасы: Улуттук педагогика-математикада


Кеченини максаты: Окуучулардын математика сабагына болгон кызыгуусун

арттыруу. Ар бир окуучу окуп жаткан математика китебинин автору болгон Исак Бекбоевдин өмүрү ишмердүүлүгүн билүү. Боз үйдүн элементтери менен фигураларды айкалыштыруу менен фигураларга болгон окуучулардын түшүнүгүн бышыктоо. Боз үй жыгачтарынын, жабдууларынын аталыштарын окуучуларга үйрөтүү. Ата-бабабыздын билимдүүлүгүн баалоо.







Кечени 2 окуучу алып барат.

Киришүү

  1. Математика - акыл кенчи дегендей математика аралашпаган бир дагы илим жок. Математика бардык илимдердин падышасы деген сөз бекеринен чыккан эмес. Математика эң бийик илим, ал турмушта эң керек. Ошону менен эле бирге ал дайым жаш бойдон кала берет. Ошондуктан балдар, биз математиканы кызыгуу менен окуйлу, ал акылды иретке келтирет.

  2. Бүгүнкү кечебиз математиканын улуттук педагогикадагы орду жөнүндө болмокчу. Ушул билимдин кенчин байыткан улуу окумуштуу, улуттук педагогиканын улуу устаты Исак Бекбоев агайыбыз быйыл 85 жашка чыгып отурат.

1. Агайыбызды 85 жаш юбилейи менен чын жүрөктөн куттуктайбыз, агайга чың-ден соолук, кажыбас кайрат, ишине ийгилик каалайбыз.

2. Ал өзүнүн шакирттери менен бирдикте математика окуу китептерин нукура кыргыз тилинде жазып тартуулап отурат.



    1. Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу, биздин окуучулар жана мугалимдер.

    2. Көңүлдүү кечиңиздер менен кымбаттуу,математика илиминин күйөрмандары.

      1. Эмесе урматтуу,жаш математиктер, кечебизди баштоого уруксат этиңиздер.

      2. Кеченин темасы: Улуттук педагогика-математикада

        1. Ооба, математиканын улуттук педагогикадагы ордун таап, кенчин байыткан кыргыз илимпозу Исак Бекбоевдин өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө да болмокчу.

        2. Кайсы бир окумуштуунун ар ким өз ордунда Кусеин Карасаевдей эмгектенип берсе, кыргыз тилибиз алгалап өнүгөөр эле деп айткан бир жакшы ою бар.Ушул мааниде алганда, И. Бекбоевич да математика тармагында К.Карасаевче мээнеттенген кыргыз тилинин дыйканы. Илимий жана методикалык эң сонун эмгектеринде Исак Бекбоев математиканы кыргызча сүйлөткөн.

          1. Совет учурундагы мектептин математика боюнча окуу китептери дээрлик орусчадан которулган котормо китептер эле. Эгемендуу өлкөбүздүн билим беруүүсүн реформалоо учурунда Исак Бекбоев чон патриоттук-педагогикалык эрдик жасады. Ал бир кезде И.Арабаев түптөгөн улуттук педагогиканы өзүнүн жарым кылымга созулган талбаган мээнети менен жаны бийиктикке -илимий-теориялык деңгээлге көтөрүп чыкты.
            Анын тарыхый ролу ушунда деп ойлойбуз. Кыргыз педагогикасында И.Арабаев менен И.Бекбоев чоң бакандын эки учу сыяктуу.

          2. Окумуштуу өзүнүн шакирттери менен бирдикте 1-11-класска чейин математика окуу китептерин нукура кыргыз тилинде жазып, мектептерге тартуулап олтурат. Мына ушинтип тарыхыбызда биринчи жолу Исак Бекбоевдин колунан мектеп үчүн улуттук математика окуу китептери жаралды.

Бул мамлекеттик тилге атуулдук зор кызмат эмей эмне?
Бул патриотизм эмей эмне?

Мунун өзү кыйкырбаган нукура, жөнөкөй, эмгекчил патриотизм деп аталат.
1. Кеченин программасында

1.Исак Бекбоевдин өмүрү, чыгармачылыгы

2.Боз үйдөгү геометрия

3.Викториналык суроолор

4.Тамсил



Улуттук Педагогиканын устаты Исак Бекбоевдин өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча да кыскача сөз кылбасак болбойт. И.Бекбоев 10-январда 1930-жылы Нарын областынын Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн. Мектепти Чуй областынын Кемин районунун Жаңы - Алыш айылында 1948-жылы күмүш медаль менен бүткөн. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Институтунун физика- математикалык факультетине кирип окуйт. Сталиндик стипендия менен эң мыкты окуп 1952-жылы ийгиликтуу аяктайт. Талыкпаган эмгектенүүнүн негизинде далай ийгиликтерге жетишип көптөгөн сыйлыктардын ээси болот.

60 жылга созулган илимий ишмердигинде күжүрмөн аалым 12 монографияны, 66 окуу китептерин, илимий методикалык жана окуу куралдарын мектептерге жана жогорку окуу жайларына тартуулап отурат. Исак Бекбоевди "Улуттук педагогика илиминин өнүгүш- калыптанышынын эң башкы куратору" деп айтууга болот.

Слайд көрсөтүлгөндөн кийин боз үйдүн колдонулушу, курамы, геометриялык фигуралар менен байланышы боюнча жалпы маалымат берилет.

Боз үй


              1. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө жетишүүсү, кыргыз тилинин мамлекеттик тилдин статусуна ээ болушу ар кандай илимдердин мазмунун мүмкүнчүлүккө жараша улуттук мүнөзгө ылайыкташтырууга жакшы шарт түздү. Исак Бекбоевдин улуттук математикага кайрылуусунун себеби да бекеринен эмес. Башка илимдер сыяктуу эле математика илими да ата- бабабыздын турмушунда байыртадан бери эле практика жүзүндө колдонулуп келгендиги белгилүү. Алыс барбай эле,бүт дүйнөгө белгилүү болгон "Манас" ата - бабабыздын өргөөсүн алып көрөлүчү. Кыргыз элинин турмушунда боз үй көчүп конууга ыңгайлуулугу, жеңилдиги, кураштырууга ийкемдүүлүгү менен баркталган.

              2. Боз үй айрым көчмөн элдердин байыртадан урунуп келе жаткан турак жайы. Тарыхта боз үйдүн түздүктө жашагандарга сүйрөмө, тоолуктарга жүктөмө түрү кеңири жайылган. Боз үйдүн эң мыктысы өргөө. Өргөөгө чыгдан тартылбайт, от жагылбайт.Боз үй негизинен боз үйдүн жасалышы, тигилиши, ички жасалгалары, чечилиши, сакталышынан турат.

Боз үй негизинен жыгач, өрө кийиз, чий, боо-чуудан турат.

Жыгачына - түндүк, уук, кереге, босого - таяк каалга жана бакан.

Өрө кийиз - үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик;

Боо-чууга - түндүк жабуу боосу, жел боо, канат боо, үзүк боо, туурдук боо, кырчоо, эшик боо, уук тизгич жана кереге чалгыч ж.б.

Чийге - канат чий, чыгдан, эшик, чыны кап ж.б. кирет.

Боз үй көзгө жөнөкөй көрүнгөнү менен аны жасоо зор чеберчиликти талап кылат. Ошондуктан бул ишти колунан көөрү төгүлгөн чеберлер гана аткара алышат.



Математикалык закон ченемдүүлүк менен жасалган боз үйдө бардык геометриялык фигурулар кездешет. Кооздукту жана туруктуулукту сактоо үчүн борбордук жана октук симметриялар эске алынган. Кыймылдын түрлөрү: окшоштук, гомотетия, которуу ж.б.колдонулган. Мисалы, боз үйдүн ички жасалгасы оймо- чиймелерине түшүрүлгөн сүрөттөр симметриялуулукту сактоо менен кыймылдын касиеттерине таянат. Боз үйдун сырткы көрүнүшүн алсак, цилиндр, конус, кесилген конус, шардык секторду элестетет. Ал эми анын
жабдууларын бирден алып карасак туурдугу-тик бурчтук, үзүгү-алкактык сектор, түндүк жабуусу-квадрат, эшиги-тик бурчтук, эшиктин жогору жагы-үч бурчтук, негизи-тегерек ж.б.жалпак фигуралар.

2. Боз үйлөр керегенин санына жараша 4,6.8 же 12 канат болушат. Ууктарына карата 80 баштуу, 100 баштуу деп аталат.

Үйдүн сырткы жабдуулары кыргыз койдун жүнүнөн жасалган ак кийизден бычылат. Керегелерди жабуу үчүн 4 туурдук. ууктарды жабуу үчүн 2 үзүк,түндүктү жана эшикти жабыш үчүн жабуулар жасалат. Үйдүн ичин кооздо үчүн ар кандай оюулар салынган жабык баш, боолор, чырмак чийлер ж.б жасалып көркүнө чыгарылат.

Планиметрияда: Стереометрияда:

1. Тик бурчтук

1.

Цилиндр

2. Ромб

2.

Конус

3, Квадрат

3.

Кесилген конус

4. Үч бурчтук

4.

Сфера

5. Трапеция

5.

Шар

6. Айлана

6.

Симметриянын түрлөрү

7. Жаа

                1. Тегерек

                2. Сектор

                3. Алкак

                4. Алкактык сектор



сабактарына пайдаланылат. Мындай сабак аркылуу окуучуларга кыргыздын улуттук каада-салты, үрп-адаты,турмуш тиричилигине колдонгон буюм-терими тууралуу кеңири түшүнүк берүү менен бирге боз үйдүн маанисин туура баалап, аны ажырата жана курай билүүгө үйрөтөт. Ошондой эле, кыргыздын шырдагы, ала кийизи, курак төшөгү ж.б буюмдарында дагы математикалык эрежелер камтылган.



Боз үйдөгү геометрия

1. Боз үйдүн ар бир элементи математикалык эрежелерди так сактоо менен жасалып келген. Демек, биз ата- бабаларыбыздын тубаса билими, ишмердиги акыл-эси менен сыймыктана алабыз. Математикалык закон ченемдүүлүк менен жасалган боз үйдө бардык геометриялык фигуралар кездешет.

Боз үйдү кыргыз жасаган
Боз үйдө кыргыз жашаган

Балага калган эстелик
Абалкы эне-атадан

окуучулар көшөгөнүн артына туруп фигураларды сүйлөтүшөт.( Куурчак театрындай таякчанын башына бекитилген боз үй, ромб, сектор, айлана тик бурчтук, квадрат, параллель сызыктар)

Боз үй: Ооба, азыр сөз кылгандай менин ар бир элементим математикалык эрежелерди так сактоо менен жасалып келген.

Менин атым Боз үй

Атыма затым жарашкан кооз үй

Кыргыз элинин атын алыска чыгарган турак үй



Ромб: Ой, боз үй, кооз үй, турак үй

Менсиз сиздин турушунуз кыйын го

Баятан бери керегелеринди карасам

Жалаң менден куралган.



Боз үй: Туура айтасын керегем
Мен жок сенсиз берекем
Ачууланбай туруңуз
Башкалардын да кебин угунуз



IIс-р (параллель сызыктар):

Саламатсыңарбы,туугандар?
Турушунар жаман үрпөйүп
Эмне болду кереге?
Кабагың бүркөө жөн эле.







Ромб:

Бир аз чыйрыккансып турамын

Менин кылган кызматым

Өтө чоң деп айтып турамын.



II сызыктар:

Кызык экенсин кереге
Турамынбы жөн эле
Менин деле кызматым
Боз үй үчүн чоң эле
Көтөрүлбөй түндүгүн
Менсиз жатмак жерде эле.

Айлана:

Эй, сөзү суук ууктар
Кайрып алгыла өзүңөргө
Сөзүңөрдүн жаманын
Унчукпай койсо дегеле
Үнүңөр кетти бийиктеп
Кереге менен түндүксүз
Сен турмаксың бириндеп
Атың чыкпай эч кимге
Жатмаксың жерде жөн эле
Менин деле силерге
Айтайын деген сөзүм бар
Мен түндүгүнө боз үйдүн
Форма берип турамын
Ал эле эмес кызматым
Ээлеген ордун боз үйдүн
Келтирип турам иретке
Ыйык атын түндүктүн
Өзүм коргоп турамын



Тик бурчтук: Ой туугандар,мага да кулак түрүңөр

Мен жок болсом боз үйгө
Керегени айланып
Таппай кетмек эшикти.
Ошол эшик деген кызматты
Дал өзүм турам аткарып.
Тосуп алып келгенде
Узатып коем кетерде



Боз үй: Ой, менин элементтерим

Мага да кулак салгыла
Чыр чатаксыз жөн эле
Чечилет бардык маселе
Жандыкты мунжу деп коет
Бир мүчөсү кем болсо
Мен деле бириң жок болсоң
Кандай атка конмокмун
Ансыз деле силерди
Боз үйдүн сөөгү деп коет
Баарындын кылган кызматың
Мен үчүн бүтпөс кеп болот.

Тик бурчтук: Бул айтканыңыз туура

Мен сиз үчүн дагы бир
Эшик менен кошо эле
Туурдук деген кызматты кыламын
Керегени айланып
Сыртынан курчап турамын
Каралашып өзүңүз
Бердиниз эки кызматты
Ишеничти мен да актап
Турамын сизди жылуулап.



Сектор: Ой,туке

Сиз кылган ишти мен деле
Жазасам керек боз үйгө
Каңкайтып коюп ууктарын
Көрксүз койбой боз үйдү
Жатамын ууктун үстүндө
Кийгизип кооз көйнөктү
Келтирем көрккө боз үйдү
Жайкысын жаандан коргоймун
Кышкысын сууктан жылуулайм.

Квадрат: Атсалоом алейкум,

Менин бир туугандарым
Үнүңөрдү угуп силердин
Кайрылып калдым бул жерге
Аткарган кызматыңар жөнүндө
Айтып жаткан окшойсуңар боз үйгө
Айтайын мен да жөн кетпей

Силерден жогору кызмат кыламын

Эң ыйык болгон түндүктү

Жылуулап жаап турамын.

Боз үй: Баарыңардын мен үчүн

Кызматыңар чоң кылган
Менин көркүм чыгарган
Сөөгүмдө эле эмес сынында
Адамды деле чүпүрөк
Көркүн кошот көркүнө
Туурдук, үзүк, түндүк жабуу
Көрксүз мен да силерсиз
Эмесе менин кымбаттуу
Элементтерим сымбаттуу
Ынтымактуу бололу
Чыгаралы биригип
Кыргыздын атын алыска





1 –окуучу Көрсө ата-бабабыз

Жатпаптыр бекер чалкалап
Илим менен билимди
Коюптур эчак талкалап
Ылайсыз суусуз купкургак
Үйүнүн кышын коюптур
Геометриалык элементтерден
Математика илими
Өнүгө берсин дайыма
Эми, балдар талыкпастан окуйлу
Окумуштуу Исак агайдын
Биз да жолун жолдойлу
Так илимге биз дагы
Салымыбызды кошолу.



Боз үйдөгү геометрия сценкасы бүткөндөн кийин музыкалык тыныгуу

Викториналык суроолор берилет:
Залда олтурган окуучулар викториналык суроолорго жооп беришет.
Жыйынтыгында кайсы класс активдүү катышкандыгы айтылат.

Викториналык суроолор:

  1. Кандай нерсенин контуру бардык жагынан бирдей сүрөттөлөт. (шар)



  1. 2.Үй бүлөдө 2 атасы 2 баласы бар . Бардыгы канча киши, (үч киши)



  1. Капаста үч коен бар.Үч кыз бирден коён берүүнү суранышты. Кыздардын суроолорун канааттандырып , алардын ар бирине бирден коен беришти. Капаста

1коен калды, эмне үчүн мындай болду? (Бир кыз капас менен кошо алган)



  1. Кайсы сан калдыксыз башка бардык сандарга бөлүнөт. (0)



  1. Топ чымчык топ чырпык. Ар бир чырпыкка бирден чымчык кондурсак бир чымчык артат. Ал эми бир чырпыкка эки-экиден консо, бир чырпык артат. Канча чымчык, канча чырпык? (4чымчык 3 чырпык)





  1. Монеталарды кантип жылдыруу керек. Столдун бетине алты монетадан үч бурчтук жайгаштырылган.



Эң аз жүрүш менен монеталарды шакекче түзүлгүдөй кылып кантип жылдырууга болот. Ар бир жүрүштө бирден монета жылдыруу керек, ушул кезде башка монеталарды ордунан жылдырууга болбойт. Жылдырган монета башка эки монета менен жанышкыдай болсун. Монеталарды көтөрүп жылдырууга болбойт.

Жообу:



1ди жылдырабыз

2жана 4 менен жанышкыдай кылып.

4тү жылдырабыз

5жана 6 менен жанышкыдай кылып.

5ти жылдырабыз

1жана 2 менен жанышкыдай кылып.

1ди жылдырабыз

4жана 5 менен жанышкыдай кылып.





7) Гипотенузанын узундугун кантип табууга болот?



Тик бурчтуу үч бурчтук айлананын чейрек бөлүгүнө

жайгаштырылган. (чиймеде көрсөтүлгөндөй)
Чиймеде берилген чоңдуктар боюнча АС гипотенузасынын узундугу канча.
(ойлонууга бир минута берилет).














Математикалык тамсил


Тамсилди бир окуучу окуйт, көкүрөктөрүнө 1-10 сандар, 0,А,В,С тагынган окуучулар тамсилди сахнада үнсүз кыймыл менен аткарышат. Тамсилдин маанисин түшүнүп отуруулары эскертилет, аягында бир нече суроолор берилет.

Тамсил

«Бир» сандардын кеңешмесине келди.
Ал жерде берекелүү «10»ду көрду,
-Ах чиркин ай, эптеп-септеп «0»дү таап,
Мен дагы берекелуу болсом деди.

Нары барды, бери келди,
Кайдан - жайдан «0»дү таап,
Эми мен берекелуу болом деди.
«0»дү алдына коюп, мактанып,

Бүт сандарга туруп берди.
Негедир бирдин дагы эле жаны тынбайт,

«10»го ичи таарыйт.
Анын берекелүү турпаты,
Бирдин тар дүйнөсүнө сыйбайт.
Дагы ойлонду, бирдеги пас сезимдердин,

Кыйласы ойгонду.
Төмөн түшүп, жогору чыгып келди.
«0»дү таап, мына эми сонун болдум деди.

Башында ал бир сан болсо,
Эми бир тыйын болуп чыга келди.
Бирдин ичи ого бетер уйгу-туйгу,
Калп эле «10»го жетемин деп турду.
«0»дүн бир нечесин таап,
Алдына бурду.
А дан алдады, Б дан уурдады.
С ны караманча сызга отургузду.

Баарына кыянаттык кылып турду.
Башында ал бир эле,

Эми 0,000000001 болуп калды.
Ошентип бир жок болду.

Аягында залда олтурган окуучуларга суроолор берилет.



  1. Эмне үчүн 1 саны нөлдөрдү өзүнүн алдына чогултту? (берекелуу болуш үчүн).

  2. Эмнеге 1, бир тыйын болуп калды? (2 нөлдү туура эмес чогулткандан кийин).

  3. Эмне үчүн 1 жок болуп кетти? (нөлдөрдү туура эмес чогулткандан кийин).

  4. Эмненин жыйынтыгынын негизинде ал мындай ишке барды? (ичи тардыктан,
    билимсиздиктен)

Тамсил менен кече жыйынтакталат.
















9