СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуу философ Асанбек Таабалдиевдин накыл сөздөрү.

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу ойчул,философ Асанбек Таабалдиев жөнүндө Нурдин Адиев атабыздын эскерүүлөрүнөн

Просмотр содержимого документа
«Улуу философ Асанбек Таабалдиевдин накыл сөздөрү.»

Бир өмүрдүн сабагы”

Улуу ойчул, тарыхчы жана философ Асанбек Табалдиев 1935-жылы 25-январда Нарын дубанынын Тянь-Шань районунун Жерге-Тал айылында колхозчунун үй-бүлөөсүндө туулган. Асанбектин балалыгы тоо койнунда өткөн. Бирок ошол балалыгы, жаштыгы согуш жылдарыны туш келген. Ал чоң кишилерден кем калышпай сокодо атка минди, күзүндө орок орду, машак терди. Элдин муң кайгысы наристе баланын жүрөгүнө так калтырды. Анын ошол убактан алган олжосу: ойлонуудан, кыялдануудан, алга умтулуудан, эмгектенүүдөн чарчабагандыгы болду.

Асанбекти кенедейинен тааныган жердеши, агасы жана сырдашы Нурдин Адиев атабыздын эскерүүсүндө : “ Асанбек адабиятка абдан кызыкчу. Адабий китептерди көп окучу. “Каныбек” романынын эки китебин менден сурап окуду. Ошондо “Асан, китеп кандай жазылыптыр?” десем, “жакшы экен агай, бирок апыртуусу көп экен. Китеп деген турмуштун өзүнөн алынып, апыртуусуз жазылуу керек” деп күлүп койду. Карачы, келечектеги чоң философтун көз карашын” деп ойлогонун эскерген.

Асанбектин күндөлүгүнөн алынган акын кызга арналган сүйүү ыры анын жыйырма жашында, боз улан кезинде жазылган.

“Суйкайып нурун чачып турган айга,

Жумшак түн мемиреген сен оюмда.

Олтуруп жалгыз өмүр бир сонун түн,

Сени ойлоп,терең кеттим алда кайда.

Бүркүттөй алыстан көр, билгин туйгун,

Кайгырбай күлүп өткүн, дайым сүйүп.

Турмушта жашоо кымбат, өлүм оңой,

Бул өмүр чечилбеген татаал түйүн”.

А. Табалдиевдин накыл сөздөр, учкул ойлорунан.

“Ар бир эр-азамат-бул адамзаттын өсүшүн айгинелеп турат”.

“Медицина- өз денеңди сүйүү жөнүндөгү илим”.

“Чындык- сага чейин деле болгон, сенсиз да жана сенден кийин да жашай берет. Өмүр бою анын шарапатында, шарданында жашоо деле кажетсиз,андан көрө жаңы чындыкты ачып жашаган керемет”.

“Өгүз аттай желбейт. Дүйнө кайра келбейт”.

“Ырас, ар ким бакытты ар кандай жол менен издейт. Бирок, эң арзан, оңой жол менен табылган бакыт, ал бакыт эмес ”.

Мына Асанбектин күндөлүгүнөн алынган улуу сөздөр. Ушул ойлорго,анын турмуш тажрыйбасынан, окуган китептери, адамдардын өмүр тагдырлары себеп болгондур.

Ошондой эле ал башкалардын да накыл сөздөрүн тумардай сактап, көкүрөгүнө түйгөнө

Мисалы:”Өмүр өтөт, атак, даңк өлбөйт. Ошон үчүн ал кымбат турат өмүрдөн” (Фирдоуси)

Кеңеш Жусуповдун “Сапар китеп” аттуу китебинен


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!