Просмотр содержимого документа
«Улуу географиялык ачуулар»
Улуу географиялык ачуулар жана колониялык системанын пайда болушу.
М.Туйтунов атындагы Бакайташ орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Ниязбекова Назгүл.
Сабактын максаты:
А) Улуу географиялык ачуулардын өбөлгөлөрү жөнүндө маалымат аласыңар.
Б) Х.Колумб,Васка да Гама ,Ф.Магеллан ж.б. ачылыштары жөнүндө маалымат алып,өз билимдериңерди жогорулатасыңар.
В) Колониялык басып алуулардын башталышы жана колониялык империялардын түзүлүшү жөнүндө окуп,мекенди сүйүүгө тарбияланасыңар.
Негизги даталар.
Вставка рисунка
- 1454-ж. Х.Колумб туулган.
- 1492-ж. Х.Колумб Атлантика океанын алгачкы ирет кесип өткөн.
- 1493-ж. Антилдеги айрым аралдарды ,Пуэрто –Рико, Ямайка ,Кубанын түштүк жээгин ачкан.
- 1498-ж. Х.Колумб Тринидад аралдарын,Түштүк Америка материгин ачат.
- 1502-1504-жж. Борбордук Америкаканын Атлантика жээктерин изилдейт,Кубанын түштүгүндөгү материкти ачкан.
- 1506-ж. 20-майда Х.Колумб дүйнөдөн кайткан.
- 1497-ж.Индияга бара турган деңиз жолун издөөгө португалиялык король Мануэла1 Васко да Гама башында турган жаңы саякатты жөнөтөт.
- 1497-ж. Васко да Гама европалыктар болуп көрбөгөн Африканын чыгыш жээгине чыгышат.
15-17-кк. Европалык саякатчылар тарабынан Африка ,Америка ,Азия жана Океанияга дениз жолдорунун ачылышы жана бул аймактарда жаңы жерлердин ачылышы тарыхта Улуу географиялык ачылыштар деп аталган.
Каравелла –деген эмне? 15-к. Аягына келип ,океандын толкундарына туруштук берүүчү ,шамалга каршы сүзө алуучу парустуу кеме – каравелла жаратылды ,кемелерди башкаруу аспаптары жана өнөрү кыйла өнүктү.Каравеллалар Атлантика океанын коопсуз сүзүп өтө ала турган алгачкы кемелер эле.
Улуу географиялык ачылуулардын маршруту .
Х.Колумб 1454-ж. Генуядагы токуучунун үй-бүлөсүндө туулган.Жердин тоголоктугу жөнүндөгү элестетүүдөн келип чыккан Х.Колумб аттуу деңиз саякатчысы Испания королуна Атлантика океанын бойлой батышка карай сүзүп ,деңиз аркылуу Индияга жол ачууну сунуш кылган.бирок мындай тобокелчиликке ыраазы боло турган деңизчилерди табуу жана саякатты каржылоого өтө оор болду.Акыры ,Х.Колумб башчылыгында уюштурулган испан экспедициясы үч тез сүзүүчү парустуу кемеде жолго чыгып,1492-ж. 12-октябрда Багама аралдарынын курамына кирүүчү бир аралга жетип келди жана аны «Сан-Сальвадор «(«Ыйык куткаруучу «)деп атады.Ошентип Америка материги ачылды.Ал өзү ачкан жерлерди Индия экендигине ишенген.Ошол себептен бул жерлердин калкын индеецтер деп атады.
Х.Колумб жаңы материкте.
Бош орундуктарга сөздөрдү коебуз.
Улуу географиялык ачылыштар –бул ..........1492-ж............. Васко да Гамма ишке ашырган ачылыш ...........1519-1522-жж.
1519-ж. Дагы бир деңизчи-Фернандо Магелландын экспедициясы Американын түштүгүндөгү бир кысыкты айланып өтүп ,бейтааныш жана тынч болгон чоң океанга чыкты.Океандын башка маалдарда бороондуу болоорун билбеген Ф.Магеллан аны Тынч океаны деп атады.Океанда узак сүзүүдөн ,ачкачылык жана ооруудан ,ошондой эле жаңы ачылган аралдардагы жергиликтүү калк менен болгон кагылышууларда экспедиция мүчөлөрүнүн көбү ,о.э. Ф.Магеллан да каза болду.Ф.Магеллан ачкан деңиз жолу практикалык мааниге ээ болбоду ,андан узак убакыт эч ким пайдаланбады.Бирок бул ачылыш Жердин тоголоктугун иш жүзүндө далилдеди.
Фернан Магеллан.
Дагы бир деңизчи Васко да Гама башчылыгындагы экспедиция 1497-ж. Африканын түштүктөн айланып өтүп ,Инд океанына чыкты.Алар Африка жээктерин бойлой сүзүп,араб деңизчиси –Ахмад Мажиддин жардамында 1498-ж. Индияга жетип келди.Дээрлик эки жылга созулган саякатта экспедиция мүчөлөрүнүн көбү каза болду.1499-ж. Португалияга кайтып келди. Ошентип,Индияга туруктуу деңиз жолу ачылды.
Жаңы терминдер.
Каравелла -15-17-кк. Европада кеңири тараган парустуу кеме.
Экспедиция - атайын белгиленген максат менен уюштурулуучу саякат.
Буржуазия -капиталисттик коомдо эмгек куралдары жана өндүрүш каражаттарына ээлик кылуучу жана алардан киреше табуучу, башкаруучу катмар.
Улуу географиялык ачылыштар себеп европалыктардын Жер жүзү жана анын калкы жөнүндөгү көз караштары толук өзгөрдү .Америка ,Азия жана Африкада Европа мамлекеттеринин колониялары пайда болуп ,акырындап дүйнөлүк колониалисттик режим калыптанды.
Үй тапшырма:
«Улуу географиялык ачылыштардын натыйжалары төмөнкүлөр......» темасында эссе жазуу.
Хронология жаттоо.
29-теманы окуп келүү.
Көңүл бургандарыңызга рахмат