СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуу манасчы- Саякбай Каралаев

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улуу манасчы- Саякбай Каралаев»



Улуу Манасчы-Саякбай Каралаев

Кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаев жөнүндө Кыргыз эл жазуучусу,Эл баатыры Ч Айтматов мындайча эскергени бар.

Тагдыр айдап,кайсы бир жылы Сакең менен бирге Чүй өрөөнүндөгу бир айылга барганы эсимде .”Каралаев келиптир” деген кабар туш-тушка желдей тарап кетти. Алыскы жайлоолордон ,тоо этектериндеги фермалардан машинага,тракторго жармашып,айтор жөө-жалаңдапкөпчүлүк туш-туштан агылды дейсиң . Каралаевдин өнөрүнө куштарлангандардын көптүгү ушунчалык,колхоздун клубуна батпай,жарымы сыртка калды. Муну көргөн Каралаев “Манасты” ачык асман астында,эл ортосунда айтмакчы болду .

Саякбай клуб алдындагы секичеге отурду,тегеректеги элдин көпчүлүгү малдаш урунуп олтурушту . Кээ бирөөлөрү машинанын устүнө чыгып, айрымдары ат устүнөн улуу дастанга кулак түрүштү. Бир маалда көк жээктен көтөрүлгөн кара булут так төбөгө келди да,ыйын токтото албагандай нөшөрлөтүп жиберди. Бирок Каралаев жамгыр менен жарыша ыр төктү.Үстүмдөгү жаңы костюмумдун сыны бузулат деп кооптонсом керек,өзүм жалгыз клубдун бурчуна барып корголонупмун. Карасам ,өзүмдөн башка эч ким жок. Бирөө да былк этээр эмес. Уялганымдан кайра көпчүлүккө келдим. Үстүнөн өткөн суу кызыл ашыгына чейин жетсе да ,улуу дастан аякталмайынча ордунан козголгон эч ким болгон жок...

Бул окуядан илгерээкте өткөн дагы бир кызык учур эсимде калыптыр.

1959-жылы Москвадан окууну бутүп ,элге жаңыдан кайткан кезим.

Саякбай Каралаев ,Карамолдо Орозов сыяктуу кыргыздын аты чулу алптарын чакырып ,атайы жолугушуу өткорүлдү.Угуучулар жалаң кыргыздар эмес ,арасында орус, немец аралаш түрдүү улуттун өкүлдөрү бар эле. Ал эми манасчылар менен өнөрпоздордун көпчүлүгү орусча билишпейт. Эки ортодо котормочу болдум . Кезек Саякбайга келди.

-“ Манасты” канча жашыңыздан баштап айта баштадыңыз? Алгачкы устатыңыз ким ? Бир кишинин башына ушунча ташкындаган ырлар кантип баткан?- дешип жыйындагылар сурону үстөкко-босток жадырып жатышат.

Бала кезимде кой кайтарып жүрүп бир теректин түбүнө уктап калыпмын ,-деп баштады

аңгемесин Каралаев .-Бешим ченде ат дүбүртүнөн ойгонуп кеттим .Уйкулуу көзүмдү ачсам ,туура мага карай бир аргымакчан зор алыбеттүүкиши чымын-куюн болуп келе жатат.Колундагы найзасы күнгө чагылышып ,жарк-журк этет. Тулпарларынын эки көзү оттой жанып ,ооздугун карс-курс чайнайт.Омуроолотуп келип тизгин тартты.Ашыкпай атынан түштү да :

-Эй бала,бул жатышың кандай?-деди.

-Уктап калыпмын.

-Сенин оозуңа зор бакыт куюлат.Мындан аары сен “Манас “айтасың. Кана ач оозуңду!

Оозумду ачсам алиги адам заарын бүркүп жибергени .Ак маржандай куюлган көбүктүн оозумда буркураганы ушунчалык, тумчугуп кала жаздадым...

А-бу дегиче ,аттуу киши көздөн кайым болду.Мага жолуккан адам арбак,балким,кыдыр чыгаар,ошондон баштап “Манасты” айтып кеттим,-деп жооп берди.











Чыңгыз Айтматов