СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуу мугалим - улуу өлкө

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улуу мугалим - улуу өлкө»

Улуу мугалим – улуу өлкө.



Окуганды,окутканды жана окуучуларын жакшы көргөн мугалим-жашоону жакшы жакка өзгөртүү жана өнүктүрүү күчүнө ээ. Бүгүнкү күндө мугалимдин таасири менен жашоосу жакшы нукка бурулган канчалаган инсандардын жашоолоруна күбө болуп келебиз. Алар бир гана окутуучу эмес,инсандык сапаттары менен ар бир баланы өзүнө ылайык туура жолго багыттоочу жол башчы дагы. Жашоолорун мектеп, балдар үчүн арнаган мугалим агай-эжелерибиз кыйын шарттарга карабай инсандык сапаттары менен ар кандай көйгөйлөрдү жеңип келе жатканын сыймыктануу менен карап турабыз.











Мыкты мугалим.

( Курманбаева Аида)

- Кутман күнүңүз менен!

-Кутман күн!

-Сизди жалпы мугалимдер майрамыңыз менен куттуктап, ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!

-Ырахмат!

-Сизден мектептик «Жаш муун» газетасы үчүн интервью алгым келди. Алтындай болгон убактыңызды бөлүп бере аласызбы?

-Макул.

- Алгачкы суроом. Эмгек жолуңузду качан жана кантип баштагансыз?Мугалим болууга ким түрткү болду,же өзүңүз кызыктыңыз беле?

-Мугалимдик кесипке өзүм кызыккан эмесмин. Бул кесип негедир жакчу эмес. Балалык кезимде саякатчы болгум келчи. Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет экен, мугалим болдум. Эрте турмушка чыкканыма байланыштуу окуу жайды ата-энемдин күчү менен сырттан бүтүргөм. 2009-жылы ушул эле Мамыров мектебинде иштеп баштагам, 10 жылдын жүзү болду иштеп келе жатам.

-Жакшы . 10 жылдан бери эмгектенип, уюштуруучу болум иштейсиз. Жетекчилердин ичинен жашы сиз экенсиз ийгиликтин сыры эмнеде?

-Ийгиликте сыр деле жок. Болгону өзүмдүн кызыгуум окшойт. Окуучулар менен иштөө мага кызыгуу жаратат, ошол себептен да уюштуруучу болдум.

- Ɵзүңүздү башка кесиптен сынап көрдүңүз беле?

-Коммерция жактан сынап көргөм. Кыйынчылыктар бир аз болгон, бирок иштесе болчу эле жумуш экен.

- Мугалимдик кесиптен кеткиңиз келеби? Көпчүлүк бул кесиптин айлык маянасынан качышат?

- Ооба , кетким келет, бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу эч жакка кете албайм.

-Үй жумуштарына кандай карайсыз? Убактыңыздын көбү мектепте өтөт, баарына кантип жетишесиз?

- Баарына жетишем. Үйдө көйгөй деле жок. Баарыбыз жумуштарга кетип калабыз, кызым бала бакчага барат. Эртең менен кетип кечинде келебиз.

- Маегиңизге чоң ырахмат! Жыйынтыктоо сөзү сизде. «Ийгиликтин сыры» деп калдык. Ийгиликтин сыры жок. Ар бириңер өзүңөрдүн мээнетиңер менен, ак эмгегиңер менен иштесеңер өзү келет.

-Ырахмат!

Уланбек кызы Айгерим.


Сүйүктүү эжеке!

( Момунбаева Сагын )

- Саламатсызбы?

- Саламатчылык!

-Уруксат болсо сизден « Жаш муун» гезитине интервью алалы дедик эле. Бизге убактыңызды бөлө аласызбы?

- Макул.

- Мугалим болууга эмне түрткү болду жана иштегениңизге канча жыл болду?

- Менин ушул мектепте иштегениме 27 жыл болду. Алгач мектепке келгенде кыргыз тили жана адабияты сабактарынан мугалим болгом. Азыр болсо башталгыч классты тандап алгам себеби: башталгыч класста наристелер окуйт, мага кичинекей наристелер менен иштешкен жагат. Эгер кайра дагы жаралып калсам, кайрадан ушул «мугалимдик» кесипти тандамакмын. Себеби: мен бул кесипсиз өзүмдү башка кесипте элестете албайм.

- Биздин байкашыбызча окуучулардын мүнөзү мугалиминин мүнөзүнө окшошуп калат. Бул сизге байкалабы?

-Ооба. Сөзсүз түрдө байкалат. Мисалы, мугалими жоош болсо классына кирсең, окуучулары да тынч, жоош болот. Мен да окуучуларымды оюн ачык айтууга көп үйрөтөм.

- Доктурлар адамды даарылоодо өмүрүн сактап каламбы деп, айдоочулар сапарга чыкканда адамды аман- эсен жеткиземби деп коркот. А мугалимдер эмнеден коркушат?

-Мисалы, биз отуз окуучуну окутсак, отуз окуучунун отуз мүнөзү бар, отуз тагдыры бар. Ошол тагдырдан коркуш керек. Ар бири өз ордун таап кетсе экен, адам болсо экен дейбиз. Эгерде өз кесибин тандап, элге жардамын тийгизип, адам болсо, анда биздин эмгегибмз акталган болот.

-Ушул убакка чейин канча классты бүтүрдүңүз?

-Болжол менен 4-5 классты бүтүрдүм.

-Көп эле классты бүтүрүпсүз,ошол убактагы окуучулар менен болгон кызыктуу окуяларыңызды айтып берсеңиз?

-Ооба, кичинекей балдар менен көп окуялар болот. Бир жолу окуучуларыма пластилинден каалаган нерсеңерди жасап келгиле десем, бир окуучум эсимде алманы жасап келиптир. Анан өзүнөн кайра “бул эмне” деп сурасам, уялып эч айтпайт. Кайра-кайра сурасам анан төтөн деп айтып жатпайбы. (күлүп)

-Мурдагы окуучулар менен азыркы окуучулардын айырмасы барбы?

-Албетте бар. Мурунку окуучулар китепти көп окушчу жана элпек болушчу. Азыркы окуучулар болсо айткан сөздү көп уга бербейт жана тапшырманы дайыма интернеттен карашат. Китептен тапшырма берсең көп аткара беришпейт.



Самаган кызы Татина




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!