СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуу татариянын географиялык сүрөттөмөсү

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улуу татариянын географиялык сүрөттөмөсү»

11. Филипп Иоганн Страленбергдин ‘Улуу Таттариянын жаңы географиялык сүрөттөмөсүндө’ (1730-ж.) кыргыз этноними



Бул картада кыргыз этноними латынча Koergese деп жазылыган. Бул картадагы кыргыз этноними, же болбосо кыргыздардын ысымына байланыштуу эң кызык жагдай – бул “Koergese alias Brutt Tattari (Кыргыздар же болбосо бурут татарлары (түрктөрү))” жана “Brutt alias Koergoese Tattari (Буруттар же болбосо кыргыз татарлары (түрктөрү))” деген сүйлөмдөрү менен кыргыз жана бурут этнонимдери менен чагылдырылган элдин бир эле эл экендигинин белгилениши. Демек Ф.И. Страленберг боюнча кыргыз жана бурут этнонимдери кыргыздарды билдирген синоним этнонимдер. Күбө болгонубуздай, бул картада кыргыз энчилүү аты элди, калкты көрсөткөн этноним катары колдонулган.

Каралып жаткан картада кыргыз этноними эки жерде көрсөтүлгөн. Биринчиси, Маргалаң, Наманган шаарларынын түштүгүндө, Кашкар шаарынын батышында орун алып, Түркстан аймагына кирген жерде орун алган. Экинчиси, Ысык-Көл же Каланусун көлү деп көрсөтүлгөн аймакта берилген. Бул жер Мугалиа деген аймакка киргизилген. Демек бул карта боюнча кыргыздар XVIII кылымдын башында азыркы Кыргызстандын аймагында жашашкан.