«Бирге окуйбуз» долбоору боюнча 3-класс
Долбоордун максаты.
1.Билим берүүчүлүк.
Окуучулардын билим билгичтигин текшерүү. Окууган предметтери боюнча билимдерин бекемдөө.
2. Өнүктүрүүчүлүк.
Алган билимин турмушта колдонуп, андан ары өркүндөтүшөт. Ой жүгүртүүсү өнүгүөт. Адабий тилде сүйлөө жөндөмүн көрсөтүшөт шериги менен биргеликте.
3. Тарбия берүүчүлүк.
Көпчүлүктүн астында балдардын бири-бирине болгон мамилени жакындатуу, бекемдөө. Ата-энелерди мектепке тартуу. Окуучулар эл алдында тартынбай өз ойлорун айтууну үйрөнүшөт.
Мугалим: Саламатсыздарбы ата-энелер, мугалимдер, окуучулар. Бүгүнкү 3-класстын “Мен жана шеригим” менен биргеликте уюштурулган “Окуганга чейин, окуган учурда жана окугандан кийин” таймаш сабагын баштоого уруксат этиңиздер. Бул сабагыбыздын, долбоордун негизги максаттары:Окуучунун алган билими менен окуучулардын шеригине болгон кам көрүүсү, өз билимин колдоно алуусу жана дагы класс ичиндеги деңгээли менен жакындан таанышуу. Балдарга дем, шык берүү, жана балдардын тартибине биргеликте ортоктош болуу. Балдар менен сабакка бирге катышып, шериги менен чогуу тапшырмаларды аткарышын балдардын бири-бирине өтө чоң дем, күч жана таасир берет деген ойдомун.
Таймаш 5-бөлүктөн турат
Жашылчалар жөнүндө карточкалар таркатылат. Окуу техникасын текшерүү- ар бир топ карточка тандап алат да текстти көркөм окуп беришет.
Мөмө-жемиштер боюнча сүрөттөр таркатылат.Сүрөт боюнча жазылган текстти таап келип толуктап жазышат. Кыргыз тили сабагынан кол жазмасы жана өз ойлорун толуктап жазуусу каралат.
Математикалык билимин текшерүү- Карточка берилет ошондогу амалдарды аткарышат. Карточкада көбөйтүү жана бөлүү боюнча мисалдар.
Кереметтүү маалыматтарга саякат жүргүзөбүз!- Мекен таануу сабагынан карточкадан окуп ошол тема боюнча сүйлөп беришет.
Таймашты баштоодо алгач төрт командага бөлүп алалы. Мугалимдер калыс болуп беришсин.
1-тур: каманда жетекчилери Раимбеков Абдыашим, Сыдыкбекова Малика,Атагараева Жумаайым, Саматова Сезимай жана аларга шерик болгон окуучулар
Маманова Сумая, Ра хманова Аяна, Жылкычыев Нуржигит жана Балбаева Минайым
1-Анкета
Каманданын аты: __________________________________
Мектептин директору ким?______________________________________
Канчанчы мөөнөттө окуйбуз? ___________________________________
Келечекте ким болосуңар?___________________________________
Математикадагы үй тапшырма кандай белгиленет?____________________
Эрте менен ким ойготот?________________________________
Математикада ичи боелбогон фигура кандай аталат ?
2-Анкета
Каманданын аты: __________________________________
Мектептеин окуу бөлүмүнүн башчысы( заучу) ким?________________________________
Менктеп канча мөөнөт менен иштейт ? ___________________________________
Келечекте ким болосуңар?___________________________________
Кыргыз тилинде үй тапшырма кандай белгиленет?____________________
Эрте менен ким ойготот?________________________________
Тегерек менен айлананын ортосундагы чекит эмне деп аталат ?______________________
3-Анкета
Каманданын аты: __________________________________
Мектептеин тарбия бөлүмүнүн башчысы( организатору) ким?________________________________
Бала бакчага баргансыңарбы ? ___________________________________
Келечекте ким болосуңар?___________________________________
Кайсы тамактар жагат?____________________
Кадай иштерге алың жетет?_____________________________________________
Ооруганда температураңы эмне менен өлчөйт ?_____________________________________
4-Анкета
Каманданын аты: __________________________________
Өзүң жашаган дарегиңди жазчы?__________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Сен тартип бузган окуучуларга кандай жаза колдонот элең ? ___________________________________
Келечекте ким болосуңар?___________________________________
Канчага чейинки жадыбалдарды билесиңер( Таблицаны)?___________________________
Үйдө тартип бузсаң ким жазалайт ?________________________________
Фигуранын аянттын жана периметри кандай табылат ?_______________________________________
Анда эмесе
2-тур: Жашылчалар жөнүндө карточкалар таркатылат. Окуу техникасын текшерүү- ар бир топ карточка тандап алат да текстти көркөм окуп беришет.
Пияз
Тоголок же сүйрө болгон, саргыч-кызгылт кабыктуу жашылча өсүмдүк. Анын ачуу жыты бар. Ал абага тез тарайт да көздү ачыштырат. Пияз оору жугузуучу бактерияларды жок кылат. Тамак ашта кеңири колдонулат. Абдан пайдалуу.
Сарымсак( чеснок)
Кескин жыттуу, даарылык касиети бар өсүмдүк. Ал бир нече айрым бөлүктөрдөн турат. Ар бири өзүнчө кургак, катуукабыкгча менен капталат. Тамак-ашта колдонулат. Сарымсак зыяндуу бактериаларды жоготот.
Помидор
Помидордун мөмөсү тоголокже сүйрү келет. Өңү саргыч же кызыл болот. Мөмөсүндө кант жана ар түрдүү витаминдер бар. Гүлдөрү майда ак, сары, кызгылт түстө болот. Жалбырагы ар түрдүү тилкелүү болот.
Бадыраң
Баалуу жашылча өсүмдүк. Жалбырагы жазы, учтуу, сабагында кезектешип жайгашат. Гүлү коңгуроо сымал, сабагы калың, быдырлуу, өңү жашыл. Ал жарык , жылуу, нымдуу жерде жакшы өсөт.
3-тур: Мөмө-жемиштер боюнча сүрөттөр таркатылат.Сүрөт боюнча жазылган текссти таап келип толуктап жазышат Кыргыз тили сабагынан кол жазмасы жана өз ойлорун толуктап жазуусу каралат.
Алма.
Алма ____________ бышат. Алар _____ ___________, жашыл ________________ болот. ___________________ алманын жыты_________________. Алма _______________ ширелүү __________ даамдуу. Кышында _____________________
сакталат. Алма ______________________ абдан бай.
Өрүк.
Өрүктүн дарагы _______________ жерлерде _____________,өрүкзарларды түзөт. Өрүк ___________, сүйрү ________ майда болот. _______________ сөөк данеги ______. Өрүктүн _________ сары ______ сары-кызгылтым. Өрүктөн ________________ же өрүк __________________ даярдалат.
Кулпунай ( клубника)
Кулпунай ____________ сойлоп ____________ чөп өсүмдүгү. ____ конус сымал жана __________________ да ____________. Түсү _______________. __________________ таттуу, ширелүү, ______________ жумшак, жыпар ________________________. Мага _______________ жагат.
Жүзүм.
Жүзүм чырмалып, ________________ өскөн _______________. Жүзүм мөмөлөрү ______________ тоголок жана ___________________ болот. ____________ топтошуп, сабактын _______________ учтарында жайланышкан, _______ шиңгил ___________. Жүзүм _____________ жана кара _______________ болот. Жүзүм канты ______________ жана ширелүү _______________. Уругу жок _______________ “киш-миш” _____________айтылат.
4-тур: Математикалык билимин текшерүү- Карточка берилет ошондогу амалдарды аткарышат. Карточкада көбөйтүү жана бөлүү боюнча мисалдар
Ар бир топ өздөрүнүн атын жазып иштеп тапшырышат.
5-тур: Кереметтүү маалыматтарга саякат жүргүзөбүз!- Мекен таануу сабагынан карточкадан окуп ошол тема боюнча сүйлөп беришет.
Тоту куш, Пил, Төө куш, Пингвин карточкадан окуп өз ойлорун айтып беришет ар бир топ
Анда эмесе калыстар тобуна сөздү берсек!
1-орун:____________________________________________________
2-орун:______________________________________________________
3-орун:____________________________________________________
4-орун:______________________________________________________
Ушуну менен бүгүнкү таймашыбыз соңуна чыккты
Кийиншки таймаштан жолукканча сак саламатта болуңуздар!