СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ушак айтуу-адамдагы жаман сапат.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ушак айтуу-адамдагы жаман сапат.»

Сабактын темасы: Ушак.

Сабактын максаты:

  1. Ушак деген эмне экендигин талкуулап, тушунук беруу.

  2. Ушактан келип чыккан койгойлор жонундо, ушак менен курошууго багыт беруу.

  3. Ушак айтпаганга, адептуу болууга чакыруу.

Сабактын жабдылышы: Суроолор жазылган карточкалар.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу.

Сабактын темасы, максаты жонундо тушундурмо беруу.

  1. Киришуу. Оюн “бузук телефон”

Оюндун эрежеси: Бардык катышуучулар ордуларында калышат. Катардын башында отурган адамдын кулагына бир суйлом айтылат. Мисалы, “Алима эженин кызы уйуно кайтып келиптир”. Бул суйломду бири-биринин кулагына кайталабай секин бир жолу айтышат. Акырында отурган адам эмне укканын унун чыгарып айтат (коп учурда акыркы айтылган суйлом биринчисинен такыр башкача болот). Биринчи суйломду айткан адам туура вариантын айтат. (Бул оюнду бир нече жолу кайталаса болот. Ар турдуу суйломдорду айтууга болот).

Суроо-жооп:

    1. Эмнени байкадынар?

    2. Суйлом оз тузулушун аягына чейин сактай алдыбы?

    3. Эмне учун деп ойлойсунар?

    4. Жашоодо ушундай учурлар кездешеби? Мисалдар келтиргиле.

  1. Ушак жонундо тушундурмо. Топтор менен иштоо.

Мугалим катышуучуларды 3 топко болуп, аларга суроо кагаздарын берет.

1-топко суроо: Ушакты силер кандай тушуносунор? Окуучулардын болжолдуу жооптору:

    1. Уккан созду кошумчалап, коркомдоп бироого айтуу.

    2. Ушактын тубу уруш, туболугу жок, тугонбойт.

    3. Айткан ушакчы эмес, айтып барган ушакчы.

    4. Ушак биздин жашообуздагы жакшы мамилеге тоскоолдук.

2-топко суроо: Ушактын натыйжасы кандай болушу мумкун? Окуучулардын болжолдуу жооптору:

    1. Он таасири 30% (ушактаганын коруп, “жок, мен мындай болгум келбейт” дешибиз мумкун)

    2. Терс таасири 70%

      • Мамилени бузат

      • Тескери маалымат

      • Нервти жейт

      • Ажырашып кетуу

      • Соттошконго чейин баруу.

3-топко суроо: Озун жонундо ушак уксан, озунду кандай сезесин? Окуучулардын болжолдуу жооптору:

    1. Ушак айткан адамга ачууланам.

    2. Кыжалат болом.

    3. Урушканга чейин баруу.

    4. Маани бербейм.

    5. Суруштуруу.

    6. Ким баштаганына карап иш кылам.

Эми балдар, жогорку суроо-жооптон жыйынтык чыгарып, “ушак” деген созго аныктама берели.

    1. Ушак – бул бир адамдан экинчи адамга башка бироо жонундо туура эмес маалыматтын берилиши.

    2. Ушак – бул жан дуйнодон кайнап чыккан, бироону каралаш учун ойлонуп табылган соз – удургутуу, - коро албастык.

    3. Ушак – бул адамдын жекелик иштери жонундо формалдуу эмес создор, божомолдон да келип чыгат.

    4. Ушакчы – бул башка бироолордун жекелик иштери жонундо коп суйлоо.

  • Ушак жонундо создор.

Сулаймандын накыл создору:
16:28 аят

Анткор адам чыр-чатак себет, ушакчы адам досторду ажыратат.
20:19 аят

Соз ташыган адам бироонун жашыруун сырын ачат. Оозу чон адам менен байланышпа.
18:8 аят

Ушакчынын создору – татуу нерсе, алар адамдын ички дуйносунун эн терен жерине чейин жетет.

  • Жыйынтыктоо.

Демек балдар, ушак суйлоо адепсиздик экен жана достор, туугандар ж.б. арасында мамиле бузулуусуна алып келет экен. Бироо жонундо ушак созду эч качан айтпашыбыз керек. Бироонун ички сырын эгер ал каалабаса башкаларга ашкере кылуу да адепсиздик болуп эсептелет. Ошондой эле канчалык кызыктырып айтпасын ушакчынын созун укпашыбыз керек. Айрыкча ал айткан создорду башкаларга айтып барбашыбыз керек, анда озубуз да ушакчы болуп калат экенбиз. Так билмейинче бироолор жонундо божомол маалыматтарды айтып, бироонун жеке турмушуна ашыкча кызыгуу менен ушак башталып кетээрин унутпашыбыз керек.