СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уурлук бул кылмыш

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Уурулу тууралуу иштелме

Просмотр содержимого документа
«Уурлук бул кылмыш»

Сабактын темасы:  Уурулук-бул кылмыш.


Сабактын максаты:
1. Билим беруучулук: Окуучулар уурулуктун  маанисин жана ал кылмышка алып баруусун тушунушот, уурулук жана анын жазасы жонундо жонундо маалымат алышат.
2. Онуктуруучулук: Окуучулар уурулукка барбоонун, ага каршы курошуунун жолдору менен таанышышат.
3. Тарбия беруучулук: Окуучулар бири-бирин сыйлоого, ынтымактуулукка, жаман адаттардан алыс болууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Плакаттар , суроттор.
Сабактын тиби: Стандарттуу эмес.
Сабактын формасы: Сахналаштырып корсотуу.




С а б а к т ы н   ж у р у ш у :

Алып баруучу: -Учурдагы койгойлуу маселелердин бири- бул…
1-окуучу: Мектеп рэкеттиги.
2-окуучу: Зомбулук.
3-окуучу: Уурулук.
4-окуучу: Хулиганчылык.
5-окуучу: Аракечтик.
6-окуучу: Наркомания.
7-окуучу: Таксикомания.
Жалпы окуучулар:  Мунун баары-кылмыштуулук. Бул илдеттер менен курошуу жалпыбыз- дын милдетибиз.


Алып баруучу:  Албетте, уурулук да –кылмыш. Ууру деген ким?
1-окуучу: Бироонун мулкун билгизбей алып койгон адам.
2-окуучу: Бироонун чонтогунон акчасын же телефонун алып качкан бала.


3-окуучу: Класста тыныгуу маалында классташтарынын сумкасынан буюмун алып, катып койгон окуучу.
4-окуучу:  Уюшуп алып, бироолордун малдарын алып чыгып , сатып жиберген адамдар.
Алып баруучу:  Эмне учун адамдар уурулукка барышат?
1-окуучу: Жокчулуктун айынан.
2-окуучу: Таалим-тарбиясы начар болгондуктан.
3-окуучу: Азгырылуунун айынан.
4-окуучу: Аракка же наркотикке акча табуу учун.
5-окуучу: Бай болуу учун.
6-окуучу: Кумар, козино оюндарын ойноо учун.
Алып баруучу: Эми бизге келген юристконсультанттарга соз берсек. Алар бизге уурулукка барган адамдарга кандай жазалар колдонулаарын айтып беришсин.

1-юрист:164-берене – уурдоо. Уурдаганда , башкача айтканда бироонун мулкун билгизбей алып кеткенде – уч эселенген айып салынат же эн аз айлык акынын элуу эселенген нормасын толоп берет, болбосо эки жылга чейинки моонотко эркинен ажыратууга жазаланат.

2-юрист:Уурдоо:
1. Адамдардын тобу тарабынан
2. Олутту олчомдордо жасалганда
3. Жабырлануучунун озунон (чонтогунон же сумкасынан)уурдалганда – уч эселенген айып салынат жана мулкун конфискациялоо менен эки жылдан алты жылга чейинки моонот ко эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3-юрист:Уурдоо:
1. Уюмдашкан топ тарабынан
2. Ири олчомдо
3. Мурда уурулук менен эки же андан коп жолу кесилген адам тарабынан
4. Турак жайга же башка сактоочу жайга мыйзамсыз кируу менен жасалганда Мулкун конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки моонотко эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4-юрист:Эскертуу :Башка бироонун мулкун укукка жат турдо куноолуунун же башка адамдардын пайдасына акысыз алып коюу, ал жеке пайда коруу максатында жасалганда. Менчик ээсине же бул мулктун башка ээсине зыян келтирилгенде , мунун озу уурдоо катары тушундурулот.
Алып баруучу: Уурулукка барган адамдарды ушундай жазалар кутуп турат. Андан башка ал адамдын жана анын жакындарынын кадыр-баркы эл ичинде ото томондойт. Келечегине балта чабат. Ошондуктан достор


Окуучулар:Эч качан уурулукка барбайбыз!
Алып баруучу:  эгерде мектепте уурулар пайда болсо кантип жана кимдер менен иштешибиз керек?
1-окуучу: Адатта уурулук  менен айрым гана балдар алакеттенет, ошондуктан аларга каршы классташтарынар, курдаштар менен биримдигинер ото кучтуу болсун.
2-окуучу: Мушташууну, алардын жазасын берууну максат кылбагыла, бирок бул ыпластыкка туп тамырынан каршы экенинерди ачык билдиргиле, женишке жетишкенче туруктуулугунарды корсоткуло.


3-окуучу: Мектептеги активисттер, мектеп парламенти сыяктуу уюмдар менен биргелешип жыйындарды откоргуло, ачык тушунуктуу, мыйзамга туура келе тургандай чечим кабыл алгыла.
4-окуучу: Мектептин директору, окуу- тарбия болумдорунун башчылары, мугалимдеринер аркылуу ата-энесине, туугандарына ушундай иш менен алектенип жаткандыгын билдиргиле.




5-окуучу: Жардылыктан уурулукка барып барып жаткандар болсо, ачык акция уюштуруп, аларга жардам корсоткуло. Ар киминер оз кошумчанарды кошкула. Аларды камкордукка алгыла.
Алып баруучу: Оспурумдордун арасында уурулардын пайда болуусуна мектеп рэкеттери да себепчи болушат. Рэкет деген ким? Класстер тузобуз.
Окуучулар кластер формасында туруп, рэкетчиликтин маанисин тушундуруп беришет.

Мугалим : Мына балдар, бугунку сабагыбызда уурулук кантип пайда болоору жана кандай жазаланаары, ошондой эле кылмыштын алдын алуу учун эмне кылуу керектиги жонундо талкууладык. Элибизде мурдатан эле айтылып келе жаткандай “Укпайт деп ушак айтпа, корбойт деп уурулук кылба”. Жаман адаттарга берилсен, кылмыш жасасан, ал эч качан жазасыз калбайт. “Кыныр иш кырк жылда да билинет” дегендей бир кун албетте жазасын алат. Жабырлануучулардын каргышы, мун -зары  “Кудай жазанды берсин”деген оор созго такалат.  Ошондуктан балдар, эч качан уурулукка барбай, оз мээнетибиз менен жашаганга уйронолу.

Тарбиялык саат томонку ыр саптары менен жыйынтыкталат:

1-окуучу:                     Эстуу болсон элин суйот ар качан,
                                      Карылардын капка салгын айтканын.
                                      Бололу биз ыйман куткон жакшы адам,
                                      Бойго жетип, адеп жыйнап, окуган.

2-окуучу:                     Капа кылбай эне менен атаны,
                                       Жаман жорук, тентектиктен качалы.
                                       Таанылып мектепке да, элге да,
                                       Эн адептуу мыкты окуучу катары.

3-окуучу:                      Ыйман болсо олко онугот жогору,
                                        Тартип менен бейбаштыкты жоёлу.
                                        Элге керек келечектин ээлери,
                                        Эн ыймандуу уул-кыздар бололу.

4-окуучу:                       Оолак болуп жаман жорук кылыктан,
                                        Орун тапсак кен кесири турмуштан.
                                        Ар убакта бизге болоор ыраазы,
                                        Ата-энебиз оксу болбой сыймыктан