СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ууру уку текст.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ууру уку текст.

Просмотр содержимого документа
«Ууру уку текст.»

Ууру үкү.

Илгери бир кедей болуптур. Анын бир коену, коендун бир бөжөгү бар экен. Короосунда көлөкө түшүрүп турган кучак жеткис бир күн карама жайдыр-кыштыр гүлдөп турчу экен.

Күндөрдүн биринде коен бөжөгүнө жем издеп кетет да, бөжөк күн караманын түбүндө ойноп отуруп, коңурук тартып уктап калат. Асманда сайран куруп жүргөн үкү анын коңуругуна кыжыры келип, бөктөрүнүп кетет.

Коен үйүнө келсе, бөжөгү жок. Ана келет жок,мына келет жок. Чый- пыйы кетип издеп, жолго чыгат. Ар кимден сурап отуруп, тажаганда булуттан чыга калган Күнгө кайрылат:

  • О, Күн, бөжөгүмдү жоготтум! Кичинекей неменин жүрөгү түштү го! Анын үстүнө аябай коркок эле. Бөжөгүмдү таап бер. Андан башка эмнем бар? – деп ыйлап жибериптир.

Күн коенго боору ооруп, ууруну табуу үчүн жердеги жан-жаныбарлардын баарына буйрук берет:

  • Кана, баарыңар мени көз ирмебей карап тургула. Тилимди албаганыңар жалыныма күйүп каласыңар.

Бардык жан-жаныбарлар жабалактап Күндү карашты. Бир маалда үкүнүн көзү тостоюп чыкты да, Күн менен коендон кечирим сурап, ыйлап жиберди:

  • Айланайын, коен! Мен ит болдум. Бөжөгүң меникинде.

Мына ошондон кийин Күн Үкүнү жазалап, күндүз көзүн сокур кылып, түндөсү балдар бакчасы, дүкөн, мектеп жабылганда гана учуруп коюптур. А ууруну жазалаганына кубанган коендун көзү бакырайып чыгыптыр да, так секирип, бийлеп калыптыр. Күн карама ошондо Күнгө ыраазылыгын билдирип, дайыма калпагын башынан албай, ага жүгүнүп калган дейт.



1. Үкү эмне үчүн бөжөктү бөктөрүп кетиптир?

А) жакшы көрүп Б) жегени В) кыжыры келип



2. Коен Күнгө эмне деп кайрылды?

А) “жылыт”- деп Б) “жол жарыт”- деп В) “баламды тап”- деп



3. Күн жаныбарларга эмне деп буйрук берди?

А) “издегиле”- деп Б) “көз ирмебегиле”- деп В)” уктагыла”-деп



4. Ким коендон кечирим сурады?

А) Күн карама Б) Күн В) Үкү



5. Үкүнүн көзү кантип калды?

А) тостоюп Б) жумулуп В) кызарып





Окуя болгон жер (2 упай)



Башкы каарман же каармандар ( 3 упай )



Көйгөй (5 упай )



Текстен кандай тарбия алдыңар? (5 упай )



Жазуу сабаттуулугу ( 5 упай )