СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уурулук- бул жаман адат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Уурулуктун кылмыш катары эсептелип, жазасын алары тууралуу тарбия саат

Просмотр содержимого документа
«Уурулук- бул жаман адат»

Сабактын темасы: Уурулук-бул жаман адат.



Сабактын максаты:
  1. Билим берүүчүлүк: Окуучулар уурулуктун маанисин жана ал кылмышка алып баруусун түшүнүшөт, уурулук жана анын жазасы жөнүндө маалымат

алышат.

  1. Өнүктүрүүчүлуүк: Окуучулар уурулукка барбоонун, ага каршы күрөшүүнүн жолдору менен таанышышат.

  2. Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар бири-бирин сыйлоого, ынтымактуулукка, жаман адаттардан алыс болууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Плакаттар , сүрөттөр.

Сабактын тиби: Стандарттуу эмес.

Сабактын формасы: Сахналаштырып көрсөтуүү.

С а б а к т ы н ж у р у ш у :Алып баруучу: -Учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири- бул…

  1. окуучу: Мектеп рэкетчилиги.

  2. окуучу: Зомбулук.

  3. окуучу: Уурулук.

  4. окуучу: Хулиганчылык.

  5. окуучу: Аракечтик.

  6. окуучу: Наркомания.

Жалпы окуучулар: Мунун баары-кылмыштуулук. Бул илдеттер менен күрөшүү жалпыбыздын милдетибиз.

Алып баруучу: Албетте, уурулук да –кылмыш. Ууру деген ким?

  1. окуучу: Бирөөнүн мүлкүн билгизбей алып койгон адам.
  2. окуучу: Бирөөнүн чөнтөгүнөн акчасын же телефонун алып качкан бала.


  1. окуучу: Класста тыныгуу маалында классташтарынын сумкасынан буюмун алып, катып койгон окуучу.

  2. окуучу: Уюшуп алып, бирөөлөрдүн малдарын алып чыгып , сатып жиберген

адамдар.

Алып баруучу: Эмне үчүн адамдар уурулукка барышат?

  1. окуучу: Жокчулуктун айынан.

  2. окуучу: Таалим-тарбиясы начар болгондуктан.
  3. окуучу: Азгырылуунун айынан.

  4. окуучу: Аракка же наркотикке акча табуу үчүн.
  5. окуучу: Бай болуу үчүн.

  6. окуучу: Кумар, козино оюндарын ойноо үчүн.

Алып баруучу: Эми бизге келген юристконсультанттарга сөз берсек. Алар бизге уурулукка барган адамдарга кандай жазалар колдонулаарын айтып беришсин.


1-юрист:

164-берене – уурдоо. Уурдаганда , башкача айтканда бирөөнүн мүлкүн билгизбей алып кеткенде – үч эселенген айып салынат же эн аз айлык акынын элуу эселенген нормасын төлөп берет, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.


2-юрист:

Уурдоо:

  1. Адамдардын тобу тарабынан

  2. Олутту өлчөмдөрдө жасалганда

  3. Жабырлануучунун өзүнөн (чөнтөгүнөн же сумкасынан)уурдалганда – үч эселенген айып салынат жана мүлкүн конфискациялоо менен эки жылдан алты жылга чейинки мөөнөтко эркиндигинен ажыратууга жазаланат.


  1. юрист:

Уурдоо:

    1. Уюмдашкан топ тарабынан

    2. Ири өлчөмдө

    3. Мурда уурулук менен эки же андан көп жолу кесилген адам тарабынан

    4. Турак жайга же башка сактоочу жайга мыйзамсыз кирүү менен жасалганда Мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен

ажыратууга жазаланат.


  1. юрист:

Эскертуу :Башка бирөөнүн мүлкүн укукка жат түрдө күнөөлүүнүн же башка адамдардын пайдасына акысыз алып коюу, ал жеке пайда көрүү максатында

жасалганда. Менчик ээсине же бул мүлктүн башка ээсине зыян келтирилгенде , мунун өзү уурдоо катары түшүндүрүлөт.

Алып баруучу: Уурулукка барган адамдарды ушундай жазалар кутуп турат. Андан башка ал адамдын жана анын жакындарынын кадыр-баркы эл ичинде ото томондойт. Келечегине балта чабат. Ошондуктан достор

Окуучулар:Эч качан уурулукка барбайбыз!


Алып баруучу: эгерде мектепте уурулар пайда болсо кантип жана кимдер менен иштешибиз керек?


  1. окуучу: Адатта уурулук менен айрым гана балдар алакеттенет, ошондуктан аларга каршы классташтарынар, курдаштар менен биримдигинер ото кучтуу болсун.

  2. окуучу: Мушташууну, алардын жазасын берууну максат кылбагыла, бирок бул ыпластыкка туп тамырынан каршы экенинерди ачык билдиргиле, женишке

жетишкенче туруктуулугунарды корсоткуло.


  1. окуучу: Мектептеги активисттер, мектеп парламенти сыяктуу уюмдар менен биргелешип жыйындарды откоргуло, ачык тушунуктуу, мыйзамга туура келе тургандай чечим кабыл алгыла.


  1. окуучу: Мектептин директору, окуу- тарбия болумдорунун башчылары, мугалимдеринер аркылуу ата-энесине, туугандарына ушундай иш менен алектенип жаткандыгын билдиргиле.


  1. окуучу: Жардылыктан уурулукка барып барып жаткандар болсо, ачык акция уюштуруп, аларга жардам корсоткуло. Ар киминер оз кошумчанарды кошкула. Аларды камкордукка алгыла.


Алып баруучу: Өспөрүмдөрдүн арасында уурулардын пайда болуусуна мектеп рэкеттери да себепчи болушат. Рэкет деген ким? Класстер тузобуз.

Окуучулар кластер формасында туруп, рэкетчиликтин маанисин тушундуруп беришет.


Мугалим : Мына балдар, бугунку сабагыбызда уурулук кантип пайда болоору жана

кандай жазаланаары, ошондой эле кылмыштын алдын алуу учун эмне кылуу керектиги жонундо талкууладык. Элибизде мурдатан эле айтылып келе жаткандай “Укпайт деп ушак айтпа, корбойт деп уурулук кылба”. Жаман адаттарга берилсен, кылмыш

жасасан, ал эч качан жазасыз калбайт. “Кыныр иш кырк жылда да билинет” дегендей бир кун албетте жазасын алат. Жабырлануучулардын каргышы, мун -зары “Кудай жазанды берсин”деген оор созго такалат. Ошондуктан балдар, эч качан уурулукка барбай, оз мээнетибиз менен жашаганга уйрөнөлү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!