Просмотр содержимого документа
«Вакумдагы электр талаасы»
Кыргыз республикасынын билим беруу жана илим министирлиги. Ош мамлекеттик университети. МИТ факультети.
Тема: Вакумдагы электр талаасы.
Аткарган: Калыбекова Айзада.
Тайпасы: ФМОМ(Б)-1-20
Жетекчи: Эгемназарова Айчурок.
Тема:Вакумдагы электр талаасы.
План:
- Вакумдагы электр талаасы жонундо тушунук.
- Электр заряды.
3. Заряддын сакталуу закон.
4. Кулондун закону.
- 1 Вакумдагы электр талаасы.
- Электр-магнит талаасы - материянын электр менен заряддалган бөлүкчөлөрдүн арасындагы түздөн-түз өз ара аракеттешүүлөр ишке ашуучу өзгөчө формасы.
- Вакуумдагы Электр-магнит талаасы электр талаасынын чыңалышы жана магниттик индукция В векторлору менен мүнөздөлүп, ал талаа тарабынан кыймылсыз жана кыймылдуу заряддалган бөлүкчөлөргө аракет этүүчү күчтөрдү аныктайт. Чөйрөдө Электр-магнит талаасы кошумча эки жардамчы чоңдук: магнит талаасынын чыңалышы Н жана электр индукциясы D менен да мүнөздөлөт. Электр-магнит талаасын классикалык электрдинамика үйрөтөт; эркин чөйрөдө заряддардын жана токтун бөлүштүрүшүнө байланышкан талааны аныктоого мүмкүндүк берүучү Максеелл тпеңдемелери менен жазылат.
Айрым элементардык бөлүкчөлөр түзгөн микроскопиялык Электр-магнит талаасы микроскопиялык талаанын электр талаасынын ё жана магнит талаасынын h жылышы менен мүнөздөлөт. Алардын орточо маанилери Электр-магнит талаасынын макроскопиялык мүнөздөмөлөрү менен төмөнкүдөй байланышкан: e =Е, h= В .
2.Электр заряды. Электр кубаты(заряды) - электр-магнит талаанын булагы; заряддуу бөлүкчөлөрдүн электр-магниттик өз ара аракеттенүүсүн аныктоочу физикалык скалярдык чондук.шж Лебюавывю. Электр заряды электр жөнүндөгү түшүнүктөрдүн бири. Электр зарядынын болушун, кыймылын жана өз ара аракеттешүүсүн электр жана магнит кубулуштарынын толук жыйындысы түшүндүрөт. Электр заряды шарттуу түрдө оң жана терс деп экиге бөлүнөт. Мында бир аттуу заряддалган нерселер (бөлүкчөлөр) түртүлүшөт, ал эми түрдүү заряддалгандар тартылышат. Бул кубулушту 1733-34-ж. фр. физик Ш. Ф. Дюфе аныктаган. Электрленген айнек таякчанын заряды оң, ал эми чайырдыкы ( янтарь ) терс деп аталат.
Тынч жаткан заряддалган бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүү күчү Кулон законуна баш ийет. Электр заряды менен электр магнит талаасынын байланышы Максвелл теңдемелери боюнча аныкталат. СИде Электр заряды кулон менен ченелет.
3.Заряддын сакталуу закону.
Заряддын сакталуу закону - туюк системанын бардык бөлүктөрүндө заряддардын алгоритмикалык суммасы өзгөрбөйт деген жаратылыш закондорунун бири: q 1 +q 2 +q 3 +...+q n =const. Закон 18кылымда белгилүү болуп, англис физик М. Фарадей тарабынан тажрыйба жүзүндө далилденген. Жаратылыштагы бардык зат атомдордон, атом электрон, протон жана нейтрондордон тургандыктан, нерсенин электр заряды алардын элементардык электр заряддарынын суммасынан турат. Ал элементардык заряд болуп эсептелген электрон зарядынан бир нече (бүтүн санга) эсе чоң болот: q=Ne.
Нерсени электрлөө процесси бул сүрүлүүнүн же нерсе менен тийишүүнүн натыйжасында нерсенин белгилүү бир сандагы электрондорун кошуп алышы же өзүнөн бериши. Электронду кошуп алса нерсе терс, берсе оң заряддалат. Мындай туюк системада заряддын сакталуу закону аткарылат. Микроскопиялык нерсе электрленген мезгилде заряддалган бөлүкчөлөрдүн саны өзгөрбөйт, алар мейкиндикте гана бөлүштүрүлөт. 3аряддалган бөлүкчөлөр бир нерседен экинчи нерсеге өтөт. Элементардык бөлүкчөлөр физикасында бөлүкчөлөр бири бирине айланат жана бөлүкчөлөрдүн саны сакталбайт, ал эми заряддын сакталуу закону так аткарылат. Ал энергиянын сакталуу закону менен бирге электрондун турактуулугун түшүндүрөт.
4.Кулондун закону. Кулон закону — электр-статиканын кыймылсыз чекиттик эки электр зарядынын өз ара аракеттенүү күчүнүн чоңдугун аныктоочу негизги закону. Вакуумда жайгашкан заряддалган эки чекиттик кыймылсыз нерселердин өз ара аракеттенүү күчү F алардын заряддарынын модулдарынын көбөйтүндүсүнө түз пропорциялаш жана алардын арасындагы аралыктын квадратына тескери пропорциялаш F=kq q /r 2 , мында q , q 2 —заряддардын модулдары, r — заряддардын орны. Бул законду француз физиги Ш. Кулон 1785-жылы атайын жасалган толгонмо таразанын жардамы менен далилдеген. Заряддардын өз ара аракеттенүү күчү Кулон күчү деп аталат.
1.«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
2. «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
3. “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы : 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
4. “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы : 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9