СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Вируcтар жана антивирустар

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучуларга вирус жана анын түрлөрү жөнүндө түшүнүк берүү,  вирутун жугуу жолдрун жана алардан коргонууну үйрөтүү. Антивирустук программалар жөнүндө кеңири маалымат берүү жана аларды колдонууну үйрөтүү.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын маалыматтык маданиятын жана маалыматтык коопсуздук боюнча билимдерин тереңдетүү.

Тарбия берүүчүлүк: Окуучулардын маалыматтык маданиятын жакшыртуу, топто иштөөгө тарбиялоо.

Просмотр содержимого документа
«Вируcтар жана антивирустар»

Өтүлгөн күнү:________

Бекитилди:__________

Сабакын темасы: Вируcтар жана антивирустар

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучуларга вирус жана анын түрлөрү жөнүндө түшүнүк берүү, вирутун жугуу жолдрун жана алардан коргонууну үйрөтүү. Антивирустук программалар жөнүндө кеңири маалымат берүү жана аларды колдонууну үйрөтүү.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын маалыматтык маданиятын жана маалыматтык коопсуздук боюнча билимдерин тереңдетүү.

Тарбия берүүчүлүк: Окуучулардын маалыматтык маданиятын жакшыртуу, топто иштөөгө тарбиялоо.

Сабактын тиби: Жаңы билимге ээ болуу.

Сабактын формасы: Интерактивдүү.

Сабактын жабдылышы: компьютер, ноутбук, интерактивдүү доска, карточкалар, презентация, Eset Smart Security программасы.

Сабактын жүрүшү: I. Уюштуруу

II. Үй тапшырмасын суроо.

1. Маалымат алып жүрүүчүлөр кайсылар?

2. Маалымат алып жүрүүчүлөрдө канча бош орун калгандыгын кантип текшеребиз?

3. Маалыматты компьютерден флешкага кантип көчүрөбүз?

4. Маалыматты кантип ченейбиз?

5. Компьютердеги маалыматтын флешкага батаарын же батпастыгын кантип текшеребиз?

III. Жаңы теманы түшүндүрүү:

Мээге чабуул ыкмасын колдоном.

Билем, билгим келет, билдим технологиясын колдоном.

Вирус (Computer virus) – компьютерде башка программалык жабдыкка же файлга кирип, аларды зыянга учуратуу үчүн иштелип чыккан колдонуучуга белгисиз болгон компьютердик программа. Вирус программасы контакт болгон программалык жабдыкка же файлга кирет. Ал көбүнчө компьютердик системаны зыянга учуратат, берилиштерди жоготот, бузат жана өзүн андан ары таркатат. Вирус дискет, модем же байланыш тармагы боюнча башка компьютерден кирет. Эгер Вирус кирген файл башка компьютердик системага жиберилсе же бул системага кайрылса, анда ал башка системага таралат. Кийинки жылдары улам миңдеген жаңы Вирустар пайда болуп, айрымдары кеңири колдонулуучу программаларга кирип, бүткүл дүйнөгө таралат жана бир нече ай бою компьютерде жайгашып, анан капысынан таасир эте баштайт. Вирус компьютер тармактарынын (локалдык, глобалдык), интернеттин пайда болушу Вирустун таралышын өзгөчө жеңилдетти. Вирустардын негизги 4 тиби (жүктөлүүчү сектор Вирусу, файл Вирусу, троян Вирусу жана макро Вирустар) бар. Жүктөлүүчү сектор Вирусу компьютер системасын иштетүүчү баштапкы жүктөө программасына кирет. Вирус кирген программа иштетилгенде андагы Вирус компьютердин эсине жазылып калып, компьютердеги флоппи дисктердин ар бирине көчүрүлүп жазыла берет. Троян (грек мифи) Вирусу кадимки программага окшош, ал программанын ичинде жашыруун түрдө кирип алат. Текстти иштетүү сыяктуу колдонмолордо пайдаланылган макро-буйруктарда Вирус коддору жашырынып калат. Макро-буйруктардан киргизип алган Вирустуу документ ачылганда Вирус эске жүктөлөт жана андан башка программаларга кирет. Көп учурда макро Вирустар шаблондун бөлүгү түрүндө иштелет жана түзүлүп жаткан документ шаблонду (үлгү) колдонгон сайын кирет. Айрым Вирустар жөн гана компьютердик системага убактылуу кирип, үн же текст түрүндө кабар чыгарат. Мисалы, Грин курту аттуу Вирус экрандан жашыл куртту көрсөтөт. «Тире» деп аталган Вирус башка Вирустардай өзгө программаларга өзүн көчүрбөстөн, жөн гана эске же дискке өзүн көп ирет көчүрө берип, эсти же дискти толтуруп коёт. Эсте же дискте орун калбай калганда компьютер иштешин токтотот. Вирусту атайы таркатуу көп өлкөдө чыккынчылык катары эсептелет. Компьютердик тармакка туташгырылбаган жана башка компьютер менен маалымат алмашуу жүргүзүлбөгөн компьютерге Вирус кирбейт. Вирустун улам жаңы түрү пайда болуп тургандыктан, антивирус программасы да мезгили менен жаңыланып турушу зарыл. Белгилүү антивирус программалары: AIDSTEST, DRWEB, ADINF, WEBVAMP, ESET, KASPERSKY ж. б.

IV. Топторго бөлүнүп ищтөө:

Классты биологиялык жана компьютердик вирустар деп экиге бөлөм. Ар бир топ маалымат, топтоп газета жасашат жана жактап беришет. Газета төмөнкү бөлүктөрдөн турушу керек:

1. Вирус деген эмне? (аныктамасы)

2. Вирустун түрлөрү.

3. Жугуу жолдору.

4. Жуккандан кийинки белгилери (симптомдору).

5. Коргонуу жана дарылануу (тазалануу).

V. Практика.

Компьютерлерде отурушуп вирус жуккан флешкаларды антивирустук программалар менен тазалашат.

VI. Тест компьютерлерде отрушуп өтүлгөн тема боюнча тест тапшырышат.

VII. Үй тапшырмасына жооп бергендигине жана сабактагы активдүүлүгүнө карата баалайм.

VIII. Үйгө тапшырма: Т. Р. Орускулов, М. У. Касымалиев “Базалык курс” 326 – бет, §5 окуп, конспектилеп келүү.