Просмотр содержимого документа
«Вирус деген эмне?»
Вирус жана Антивирус программалары:
Компьютердик ВИРУС деген эмне?
Вирус (Computer virus) – компьютерде башка программалык жабдыкка же файлга кирип, аларды зыянга учуратуу үчүн иштелип чыккан колдонуучуга белгисиз болгон компьютердик программа.
Вирус программасы контакт болгон программалык жабдыкка же файлга кирет. Ал көбүнчө компьютердик системаны зыянга учуратат, берилиштерди жоготот, бузат жана өзүн андан ары таркатат.
Вирус таралуу каналдары
Вирус дискет, модем же байланыш тармагы боюнча башка компьютерден кирет. Эгер вирус кирген файл башка компьютердик системага жиберилсе же бул системага кайрылса, анда ал башка системага таралат.
Xerox Palo Alto Research Center -компаниясынын программистери 1979-жылы эё алгачкы вирусту ойлоп табышкан –анын кызматы жон гана интернетте олтурган компьютерлерди бил\\ болгон.
Кийинки жылдары улам миңдеген жаңы вирустар пайда болуп, айрымдары кеңири колдонулуучу программаларга кирип, бүткүл дүйнөгө таралат жана бир нече ай бою компьютерде жайгашып, анан капысынан таасир эте баштайт. Вирус компьютер тармактарынын (локалдык, глобалдык), интернеттин пайда болушу вирустун таралышын өзгөчө жеңилдетти.
Компьютерге Вирус жуккандын белгиси.
• программалар туура эмес иштеп баштайт;
• компьютер жай иштеп баштайт;
• Аракет системасынын жүктөлбөй калуусу;
• Файлдардын жана папкалардын жок болуп кетүүсү;
• Файлдардын көлөмүнүн өзгөрүүсү;
• Файлдардын саны өз алдынча көбөйүүсү;
• Оперативдүү эстин толушу;
• Экранга күтүлбөгөн билдүрүүлөрдүн жана сүрөттөрдүн чыгышы;
• Күтүлбөгөн үндөрдүн чыгышы;
• Компьютердин катып же жай иштеши ж.б.
Вирустан сактануу программалары.
Вирустан кантип сактанабыз.
Антивирустук программа орнотуу
Компьютерди (түзүлүштү) системалуу түрдө текшерип туруу
Антивирустун базасын жаңыртып туруу
Келген маалыматтарды текшерип анан ачуу
Word жана Excel документтердеги макростордун жүктөлүүсүнө чек кою ;
Браузердеги жогорулатылган коопсуздук кызматын колдонуу
Маалыматтарды маал маалы менен архивдеп туруу
Эллектрондук почтадан кыстарылып келген файлдарды ачпоо керек. Зарыл болсо антивирустук прорамма менен текшерип туруп ачуу