Салам айтам кадырман кыргыз калкым
Салам айтам урматтап кары-жышыӊ
Улуулардан уланып бизге келген
Улантайын кыргызымдын улуу салтын
Эли-журтум баарыӊарга салам болсун!
Кыргызымдын учу- кыйры аман болсун!
Эл оозунда тилим ,дилим өсүп-өнүп
Жеримде бейпилчилик заман болсун!
Залкар ойду таразалап батырган
Закымдаган ак таӊдарды атырган
Заманымдын асыл,тунук байлыгы
Замандашка салам айтып кайрылган.
«Салам»дештин кыргызча мааниси бар
Саламдашуу жөн эле эмес,шааниси бар
Ар адамга биринчи тынчтык каалап,
Жаш сурашып,андан кийин таанышуу бар.
Андыктан мен берейин
Асылын сөздүн терейин
Анда өзүм жөнүндө
Кыскача айтып берейин.
1985-жылдын ,жаркыраган жайында
Жарыкка келген экенмин
Ошол жаздын 7- мартында
Жалал- Абад шаарынын
Бек-Абад деген айлында.
Аты жөнүм сурасаӊар
Атабаева Назира.
Мен киммин?
Мен бир кызмын ушундай бир жөнөкөй
Жан- дүйнөм да дал ушундай жөнөкөй
Жүрсөм деймин жөнөкөй болуп гана
Пайдам тийсе деймин элиме гана.
Мен киммин?
Мен бир кызмын үй-бүлөнүн тунгучумун
Ата-энемдин таянган туткучумун
Эки сиӊди,бир инимдин эжелеген эжесимин
Бактылуу бир үй-бүлөнүн керегимин.
Ошондогу эрке кызмын секелек
Ата-энем акыл-эсим топтоду
Тарбия берип,билим менен сугарып
Тааныштырды ушул көркөм дүйнөнү
Мезгил өтүп толгон кезде 7 жашка
Билим алуу түйшүгү түштү башка
№4 « Интернационал» деп аталган
Ак мектептин босогосун аттадым
«А»тамгасын ушул жерде тааныдым.
Эӊ жакшы окуп бүткөнмүн
Айылымдын мектебин
ЖАГУдан билим алсам деп
Ошентип ойду чектедим
Филология факультетинде
Окудум, алыс кетпедим.
Тагдыр мага ачып татаал эшикти
Тандап алдым мугалимдик кесипти.
«Турмушка чыгуу»- деген сөз
Ойдо жок жерден тез келди
Алладан бактым бар экен
Акылдуу жигит кез келди.
Жанаша бастык экөөлөп
Жашоонун жаӊы барагын
Апасы болдум сүйкүмдүү
Эрчишкен эки уул баланын
Жаштыкта жалын өчө элек
Орошон курак өтө элек
Эмгекке болгон талабым
Башталды эми ,бүтө элек.
Сүйөмүн тазалыкты ,тыкандыкты
Баалаймын инсандагы асылдыкты
Жашоодогу туу тутунган урааным,
Жактаймын эӊ биринчи адамдыкты
Сүйөмүн китеп окуп,ыр укканды
Кандайдыр бир жаӊылыкты жаратканды.
Көркөм дүйнө тартып алып өзүнө
Жан-дүйнөмө бүлүк салат тынчытпай
Жүрсөм деймин билим майданында
Эл кызматын кылсам деймин өмүрдө
Бул тилекти ашырууга
Мен мектепти тандадым
Окуучумду сүйүп дайым
Өз баламдай карадым.
Заманым менен бирге арыштап
Окуучум менен дос болуп
Сабак өтсөм деген ой
Жаӊы ыкмаларды колдонуп
Максатка карай алоолоп
Окутуп жүрөм долбоорлоп.
Ушул жылы жакшы жыл деп аталды
Аймактарды өнүктүрүү каралды
Ааламга жол айылыӊдан башталат
Ар бир аймак өнүгүүгө бет алды.
Техника ,технология заманында
Ар бир аймакты санариптештирүү каралды
Желдей учкан интернет заманында
Кел окуучум ,кадам ташта артта калба.
Жылына бир болуучу бул таймашка
Кадикмки майрам күндөй тоссок деген
Жылдын мыкты мугалими сынагына
Мен өзүмдү сынамакка келип турам
Кара кылды как жарган оо калыстар
Калыстык кыл ,калыстыкка моюн сунам
Конкурс деген жеӊилесиӊ ,жеӊесиӊ
Сынак деген сыналасыӊ,сынасыӊ
Жамаатташтар ,күйөрмандар колдосо
Узак жолго чыйраласыӊ,чыгасыӊ
Оо кутман эл,сурашалы амандык
Бир бололу,алыс болсун жамандык
Бүгүнкүдөй майрам болсун күндөрдө
Биз сиздерге жакшылыкты кааладык.