«Чаташкан-логикалык чынжырчалар» стратегиясы
Класс: 9-класс
Сабактын темасы: Windows 7 аракет системасын орнотуудагы компьютерге коюлган талап
Сабактын максаты:
Окуучулар Windows 7 аракет системасын кандай компьютерге орнотууга болоорун түшүнүшөт.
Компьютерге коюлган талапты билүү менен өз алдынча Windows 7 АС орнотууну билет.
Windows 7 аракет системасын орнотууда ар баскычты туура аткарууга үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: аралаш
Сабакта колдонулган стратегия: чаташкан-логикалык чынжырча
Сабактын жабдылышы: таркатылуучу тексттер, маркер доскасы, проектор
Колдонулган адабияттар: Т. Р. Орускулов, М. У. Касымалиев «Базалык курс», интернет тармагынан алынган маалыматтар.
Сабактын жүрүшү:
Уштуруу учуру(1мүн). Окуучулардын тизмесин тактоо. Күндүн числосун, теманы жазуу.
Жагымдуу маанай түзүү(2-3 мүн) «Эмне экенин тап?»
Баштыкчага колун салып, андагы буюмду кармап көрүп эмне экендигин туура табуу.
Өтүлгөн теманы кайталоо(5-7мүн)
Аракет система деген эмне?
АС нын кандай түрлөрү бар?
Эң алгачкы пайда болгон АС кайсы эле?
Эң акыркы пайда болгон АС кайсы экен?
Unix аракет системасы канчанчы жылдары пайда болгон?
Windows АСнын версиялары?
Windows деген сөз эмнени түшүндүрөт экен?
Жаңы теманы түшүндүрүү
Тема жана сабактын максаты айтылат. Окуучулар дептерлерине жазышат(1мүн)
Чакыруу этабы(3 мүн)
Windows 7 АС сын кандай компьютерге орното алабыз?
А) өз алдынча (1 мүн)
в) группада (ойлорун айтышат). Бул учурда ар бир окуучунун оюу доскага жазылат.
Эми келгиле, компьютерге Windows 7 АС орнотуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек? Мындагы маалыматтарды карап өзүңөрдүн оюңарды жазгыла?
Каттуу диск 20 Гбайт жана андан жогрру болушу керек
Оперативдик эс 32 бит версиясы үчүн 1 Гбайт, 64 бит версиясы үчүн 2 Гбайт
Процессор 1ГГц жана андан жогору
DVDROM же USB
Үндүк карта
Ведеокарта CGA, EGA,VGA,SVGA
Сканер
А) өз алдынча (1 мүн)
в) группада (ойлорун сүрөттөр боюнча иреттешет)
Түшүнүү этабы: (6 мүн)
Окуучуларга текст таркатылат.
Windows 7 АС сын орнотуу үчүн компьютерге коюлган талап:
Компьютерге Windows 7 АСсын орнотуу үчүн төмөнкү 3 нерсеге гана көңүл буруу зарыл:
Процессор-бул берилиштерди эсептѳѳгѳ негизделген. Процессорду эки бѳлүккѳ бѳлүүгѳ болот: АЛТ (Арифметика-Логикалык түзүлүш) жана УУ (түзүлүштү башкаруу). Биринчиси берилиштерди анализдейт, экинчиси болсо – аларды жѳнѳтѳт. Процессор ички эс менен жабылган.
Процессор
Азыркы учурда процессорду негиздеген бир нече уюм бар, бирок алардын ичинен эң алдыңкысы: Intel жана AMD. Windows 7 АСсын компьютерге орнотуу үчүн 1ГГц жана андан жогору өлчөмдөгү процессор талап кылынат.
(HDD–Hard Disk Driver). Бул-винчестер, бул-винт, бул-хард. Бул берилиштерди(программалар, оюндар, вирустар) сактоочу түзүлүш.
Катуу дискттердин кѳлѳмү азыркы учурда гигобайттар менен ѳлчѳнѳт.
Windows 7 АС сын компьютерге орнотуу үчүн 20 Гбайт жана андан жогорку каттуу диск талап кылынат.
Каттуу диск
Оперативдик эс-компьютер иштеп жаткан учурда гана маалыматты убактылуу эске сактайт. Ал өзүнүн ар кандай уячасынан маалыматты окууну жана жазууну камсыз кылат. Windows 7 АСны компьютерге орнотууга 32 бит версиясы үчүн 1Гбайт. 64 бит версиясы үчүн 2 Гбайт талап кылынат.
Оперативдик эс
Мындан сырткары DVD ROM же USB талап кылынат.
Ойлонуу этабы(7 мүн)
Тексттеги маалымат менен таанышкандан кийин, доскада жазылган ойлор менен салыштырышат, каталарын табышат. (Доскадагы туура эмес айтылган мааыламттарды сызып коебуз)
Сүрөттөр боюнча айтылган ойлорундагы каталарын табышат
Эгер … болсо компьютерге Windows 7 орнотууга болобу?- деген суроолорго жооп беришет
Окуучулар Каттуу диск деген зат атоочко синквейн түзүшөт(5 мүн)
Катууу диск
кабаттуу кѳлѳмдүү
окуйт эсептейт башкарат
мааламаттарды эске тутуучу түзүлүш
Винчестер
Окуучулардын билимдерин баалоо(1 мүн).
«5»-окуучу өтүлгөн теманы кайталоодо активдүү катышса, жаңы тема боюнча ойлорго өз маалыматын кошсо, синквейн түзүүгө жетишсе, текст менен таанышкандан кийинки жаңы пайда болгон ойлорун айта алса.
«4»-жогорудагылардын 1 катыша албаса
«3»- жогорудагылардын 2 катыша албаса
Үйгѳ тапшырма берүү: Кайталап окуу. «Процессор», «Оперативдик эс» деген зат атоочторго синквейн түзүү (1 мүн)