СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 09.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

“Ыйман, адеп-ахлак...!?”

Нажмите, чтобы узнать подробности

«Чили-Сай” орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бототаева Гүлжамалдын “Ыйман, адеп-ахлак...!?” макаласы.

“Эгер дүйнө, деңиз болсо ыйманы суз,

Мен кайыкмын, сууда сүзгөн калаксыз.

Эгер Аалам, асман болсо ыйманы суз,

Мен бир кушмун, көккө умтулган канатсыз”!

Мен бул макаланы атабыздын торт сап ыры менен баштаганым бекер эмес. Инсанды бастырып, сүйлөтүп, жашатып, кайгы-капа, кубанычка бөлөгөн, ыйлаткан нерсе денедеги бир үзүм эт-жүрөк болсо, анын руханий байлыгын, ааламды таанып билүүсүн, арам менен адалды, боорукерлик менен мерездикти, баам-парасат караөзгөйлүктү акыл-эстин пастыгы менен даанышмандыкты, адамгерчилик менен айбандын турум-турпатын таразалап, бөлүп турган нерсе-бул ыймандыр.

Ыйман деген-бул жакшы адеп-ахлак. Анткен менен ислам дининин негизин да жакшы кулк-мүнөз, жакшы адеп-ахлак түзөт. Пайгамбарыбыздын хадистеринин бирин ырга айланткан атабызыдын ыр саптарында бул жөнүндө айтылат.

“Бир адам пайгамбарга суроо берди;

Ислам деген-бул эмне өзү, бул кандай дин?

Эмне болот бул диндеги башкысы?

Кайра-кайра берилген суроолорго

Кайталанып беш ирет жооп болду,

Ислам деген-адебиңдин жакшысы”.

Биздин динибизден өйдө жүрүм-турумубуз алдыңкы орунда, анда адеп-ахлак деген эмне? Бул-биздин руханий дүйнөбүздүн кийими, жабынчубуз, биздин ар-намысыбыз, уятыбыз, акыл-эсибиз, динибиз. Биз адамдар канатыбыз жок, бирок тонналаган жүгүбүз менен топ-топ болуп уча алабыз. Балык эмеспиз, бирок жүздөгөн-миңдеген тонналаган жүктөр менен деңиздерде сүзө алабыз, деңиз түбүнө балыктар жетпеген тереңдиктерге батискадотар менен чумкуй алабыз, мылтыктын огунан кырк-элик эсе ылдам учкан космостук корабилдерде уча алабыз, жүз миңдеген чакырым алыстагы адам менен сүйлөшүп анын жүзүн көрө алабыз. Чоң-чоң телескоптор менен Аалам түпкүрүндөгү галлактикаларды көрө алабыз. Күндүн, Айдын, жердин жана башка планеталардын салмагын дарбызды таразага тарткандай өлчөй алабыз. Биз, инсандар, ушундай акылдуубуз, кыйынбыз, эстүүбүз! Жок! Дагы бир ирет жок! Өзүбүздүн күндөлүк турмушубузду карагылачы, Адамдар экиге бөлүнүп калды: бирөөлөрү кайдадыр шашкан, салам айтуу жок, кабактар бүркөлгөн, ар кимисинин өз көйгөйү өзүндө, унчукмай, сүйлөшмөй жок, экинчилери алакандай чөнтөк телефону менен унчукпай сүйлөшүп үңүлөт. Кечке ушул, саламдашуу жок, сүйлөшүү жок, жылмаю жок, сурашуу жок. Тегерегиңде адамдар жок, телефондор эле калды. Мунун менен мен эмне демекчимин? Бизде жакшы адеп-ахлак болбосо, ыйман болбосо, Ааламды жана бизди жараткан Алладан коркпосо, анда сени менен биздин аалам кезип, жылдыздарды аралай учкан акылыбыздан эмне пайда? Биз, бири-бирибизди кемсинтип, бири-бирибизди кордоп, жетимдин тамагына колуңду салып, жесирдин жарым теңгесине көз арткан бул теңсиз дүйнөнүн бир арсыз кулу болуп калдыкпы? Ушуларга акыл жүгүртпөсөң адеп-ахлагың жаман болсо, анда сенин акылың, илим-техникаңдын жетишкени, жылдыз аралаганың бир тыйын. Пайгамбарыбыз ошол өзү жашаган доордогу бир акындын ырынан: “Заман сага оюңа келбеген кабар айтат”-деген ыр сабын айтып калчу-деп Айша энебиз айтканы бар.

Карачы сыналгыны кой, үналгыны бура, гезит бетин ач, үрөй учурган кабар! Биринен-бири өтөт. Кыямат келип калдыбы дейсиң. “Кээси заман бузулду”-дейт. Жок, “заман бузулду”-деген адам өзү заманды бузган болуп эсептелет. Эч нерсе бузулган жок. Жөн гана ыйман жакырданып бара жатат. Акылга салбайсыңарбы? Баарынын чөнтөгүндө ушак-айың, гыйбат, бузуку, адепсиз сөздөр, ыпылас сүрөттөр пачкасы менен эмес, тонналап кичинекей алакандай чөнтөк телефонго жыйылган. Эч ким силерди телефонуңарды ыргытып салгыла деген жок, жөн гана “көздүн зынаасы”, “кулактын зынаасы”-дегендер бар. Ошолордон этият бол деген эле сөз. Эрте менен турганда ата-энеңе салам айтуу, көчөгө чыкканда тааныштар алдыңан чыкса амандык сурашуу, бирөө мүдүрүлүп жыгылса өйдо кылып туругузуп коюу үчүн эч кандай жогорку маалыматтын же ислам институтун бүтүрүү зарыл эмес. Сенин адамгерчилигин эле жетиштүү. Тааныш болсун, тааныш эмес болсун, кимдир бирөө жолуңдан чыкса “амансыңбы бир боорум”-деп жылмайып койсоң, ал адамды ошол сенин жылуу кебиң жөн эле дегенде кечке дейре жүрөгүн жылытып жүрөөрүн ойлодуңбу? Бул дүйнөнү “ташканак дүйнө”, “жалган дүйнө” дебегиле. Эгер бул дүйнө болбосо анда аркы дүйнөгө деген соопторду кайдан чогултуп бармаксыңар. Силердин ар бир сүйлөгөн жакшы сөзүңөр, кылган жакшы иштериңер, үй-бүлө, бала-чака бакканыңар, жакшы ниет кылып, жолдон жок дегенде бир чырпык, бир данектей болсо да ташты бирөөгө зыяны тийбесин деп четке алып, жылдырып койгонуңарга чейин сооп. Акыйкат чындык акыры дүйнөнүн барлыгы. Өлүп-тирилээриңер чындык. Бардыгы үчүн жооп берилет, ал түгүл тоё жеген оокатың үчүн да жооп бересиң. Ошондуктан ар бир кадамыңды таштаар астында кайсыл жакка, эмнеге кадам шилтедим деп ойлонуш керек. Чындыкты чындык деп билүү-Ыймандан.

Показать полностью

Просмотр содержимого документа
«“Ыйман, адеп-ахлак...!?”»

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!