Просмотр содержимого документа
«Ыктымалдуулуктар теориясынын пайда болушу»
Сабактын темасы: Ыктымалдуулуктар теориясынын пайда болушу
Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: __интерактивдуу.Өз алдынча иштөө, жупташып иштөө. Мээге чабуул ж.б.
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: окуукитеби, сүрөттөр, компьютер, проектор, интерактивдүү доска ж.б
| Сабактын максаттары | Күтүүлүүчү натыйжалар |
| Билим берүүчүлүк | Ыктымалдыктар теориясы айлана-чөйрө дүйнөсүнүн обьективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөчү математика илиминин бөлүгү болуп эсептелери жөнүндө жана биз жашаган мейкиндик чексиз көп окуялар менен толтурулганын билишет. | Ыктымалдыктар теориясында тажырыйба жыйынтыктары бир маанилүү эмес, так эсепке алынбай турган кокус тоскоолдуктардан да көз каранды маселелер жөнүндө жана окуялардын жалпы түрлөрүн баяндап айтып беришет |
| Өнүктүрүүчүлүк | Ыктымалдуулуктар теориясынын пайда болуш касиеттерин колдонуп мисалдарды чыгарат. | Турмушта ыктымалдуулуктар теориясын колдоно билишет. |
| Тарбиялык | Тырышчаактыкка, жоопкерчиликке, кол көтөрүп сүйлөөгө тарбилоо | Окуу куралдарын туура пайдаланууга тарбияланат |
Негизги компетенттүүлүктөр: Предметтик компетенттүүлүктөр:
1.Маалыматтык компетенттүүлүк (НК 1) 1. ________________________________(ПК 1)
2.Социалдык коммуникативдик комп (НК 2) 2. _________________________________(ПК 2
3. “Өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү” (НК 3) 3.____________________________ (ПК3)
4. _______________________________ (ПК 4)
Сабактын жүрүшү:
| Этап | убакыт | Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети | Компетенттүүлүк, баалоо |
| ((НК) | ( ПК) |
| Уюштуруу, | | Уюштуруу. Саламдашуу | Саламдашат | | | |
| | | № | | | | |
| Жаны тема | | Ыктымалдуулук теориясы - бир кокус окуянын ыктымалдуулугу боюнча кандайдыр бир түрдө аны менен байланышкан башка кокус окуянын ыктымалдыгын табууга мүмкүндүк түзүүчү математикалык илим. Окуя түшүнүгү Ыктымалдуулук теориясында - алгачкы жана ажырагыс түшүнүк. Окуя деп ар кандай кубулуштарды түшүнсө болот. Мис., тыйынды бир жолу көкөлөтүп ыргытканда ал герб же цифра жагынан түшүшү мүмкүн. Бирок тыйындын кайсы тарабынан түшүшүнө кызыкпастан, ошол натыйжанын биринин болушуна же болбошуна кызыксак, анда ал окуя түшүнүгүн берет. Бардык окуялар шексиз (мис., тыйынды ыргытканда же герб, же цифра жагынан түшүшү), кокус (мис., тыйынды бир эле ыргытканда герб жагынан түшүшү) жана мүмкүн эмес (мис., бир айда 36 күн болот деп эсептелиши) окуя болуп бөлүнөт. Ыктымалдыктар теориясы деле математиканын башка тармактары сыяктуу эле практиканын жана илимдин ички керектөөлөрүнөн пайда болгон жана өнүккөн. Адегенде ал кумар оюнунун жыйынтыктарын алдын ала божомолдоодо керек болгон. Азыркы учурда өндүрүштөгү, соодадагы жана экономикадагы – массалык процесстерди изилдөөдө колдонууда. Ыктымалдыктар теориясынын негизги түшүнүктөрү 15-17 – кылымдарда голландиялык Дж. Кардано, Х. Гюйгенс , француз окумуштуулары Б. Паскаль, П. Ферма ж.б. эмгектеринде пайда болуп, кумар оюндарынын теориясын түзүүгө арналган. Ыктымалдыктар теориясын өнүктүрүнүн экинчи этабы швейцариялык Я. Бернулли , франциялык Ж. Лаплас ж.б. окумуштуулардын ысымы менен байланышкан. Ал эми андан аркы математикалык статистика менен байланышты өнүктүргөн Россия окумуштуулары П.Л. Чебышев жана анын окуучулары А. Марков, А. Ляпунов ж.б. болушкан. | НК 1 НК 2 НК 3 | ПК 1 ПК 2 ПК 3 | |
| Бышыктоо | | Аныктама-1: Эгерде кандайдыр бир шарттарда: окуя сөзсүз ишке ашса, аны сөзсүз орун алуучу окуя , ал эми сөзсүз ишке ашпаса – сөзсүз орун албоочу окуя деп атайбыз. Ошондой эле кандайдыр бир шарттарда окуя же ишке ашса, же ашпаса, анда аны кокус окуя деп атайбыз. Мисалы: Күндүн чыгышы жана батышы – сөзсүз орун алуучу окуя , адамдын өлбөөсү – сөзсүз орун албоочу окуя , жердин титирөөсү – кокус окуя болот. | | | |
| Үй тапш | | | НК 1 НК 3 | ПК 1 ПК 3 | |
| Жыйын-тоо. Баалоо | | 1.Теманы бышыктоо үчүн суроолор берилет 2.Талкуу 3.Баалоо 4.Үй тапшырма берилет . | Окуучулар өз жөндөмдүүлүктөрү менен жазган иштерин жактап беришет.. | НК 1 НК 2 НК 3 | ПК 1 ПК 2 ПК 3 | |
Көптүктөрдүн үстүнөн болгон амлдар.
Бириктирүү -
Кесилишүү-
Айырма-/ же (-)
Көптүктөрдү чыгарууда Эйлер-Венн диаграммасын колдонуу өтө жеңил.
М: А={0,1,2,3,4,5,6,7,8,9} D={2,4,6,8,10}
А = {0,1,2,3,4,5,6,7,8,9,10}- мында А жана В көптүктөрүнүн элементтерин бириктирдик, мында эки элементте кайталанган сандарды кайталап жазбайбыз, иреттүү түрдө жазылат.
А В= {6,8} –мында А жана В элементтеринин кесилишинде турган элементтер гана жазылат.
А/В= {0,1,3,5,7,9}- мында В көптүгүнө тийешеси жок болгон А көптүгүнүн гана элементтерин жаздык.
В/А= {2,4,10}-мында А көптүгүнө тиешеси жок В көптүгүнүн гана элементтин жаздык.