СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ыктымалдыктар теориясы - практикалык сабак

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ыктымалдыктар теориясы - практикалык сабак»

Практикалык сабак №7

Тема: Ыктымалдыктар теориясы.

Сабакта аткарылуучу тапшырмалар

Баалоо үчүн критерийлер

  1. Окуя жана анын түрлөрү

  2. Ыктымалдыктын классикалык, статистикалык жана геометриялык аныктамалары

  3. Комбинаториканын элементтери: орун алмаштыруу, орундаштыруу жана топтоштуруунун формулалары

  • Окуя жана анын түрлөрүн билсе;

  • Ыктымалдыктын үч аныктамасын тең айта алса;

  • Комбинаториканын элементтеринин формулаларын билсе жана мисал иштөөдө колдонсо.

Көрсөтмө:

Мисал 1. Күндүн чыгышы жана батышы – сөзсүз орун алуучу окуя, адамдын өлбөөсү – сөзсүз орун албоочу окуя, жердин титирөөсү – кокус окуя болот.

Мисал 2. Эки тааныш адамдын жолугуусу (1-окуя) жана жолукпоосу (2-окуя) – карама-каршы окуялар; Алардын жолугушуп кол алып учурашуусу – биргелешкен окуя; ал эми алардын жолугушпоосу жана кол алышып учурашуусу – биргелешпеген окуя.

Мисал 3. Кутуда 12 ак, 6 кара жана 8 кызыл шарлар бар. Бир шар алынды. Алынган шардын кызыл экендигинин ыктымалдыгын тапкыла.

Чыгаруу.

Мисал 4. Жагы 1м болгон квадратка, негизи ошол квадраттын жагы менен дал келген тең капталдуу үч бурчтук жайланышкан. Ыргытылган топтун тең капталдуу үч бурчтукка тийишинин ыктымалдыгын эсептегиле.

Ч ыгаруу.

1-тапшырма (жуптарда иштөө):

Окуялардын кайсынысы кокус, сөзсүз орун алуучу, сөзсүз орун албоочу болот?

1. Бир лотереялык билет боюнча утушка ээ болуу..

2 . Кутучадагы 4 көк жана 6 кызыл шарлардан өңдүү шаарды сууруп алуу.

3.  200 беттүү китепти ачканда 205 чи беттин ачылышы.

4. Бутаны атканда ага тийиши же тийбөөсү кандай окуя?

5. Куб түрүндөгү сөөк оюнчугун ыргытуудан 6 дана чоң упай болушу кандай окуя? 6. Эгерде металл тыйыны ыргытылса, анда герб жагынан түшүшү кандай окуя? – кокус окуя.

7. Жылуулуктан муздун эриши кандай окуя.

8. Эртең жаан жаайт же жаабайт.

9. Студент окуу жайды бүтүрсө, кызыл диплом алат.

10. Кутучада салынган 3 кызыл жана 5 сары шарлардан ак түстөгү шарды сууруп алуу.

11. Бир кыз быйыл орто мектепти бүтүрдү, алтын медаль алды жана бүтпөй калды. Канча окуя бар, карама-каршы, биргелешкен жана биргелешпеген окуяларды тапкыла.

12. Жумушчу ишке орношту, орношподу, үй алды жана пропуска берилди. Канча окуя бар, карама-каршы, биргелешкен жана биргелешпеген окуяларды тапкыла.

2-тапшырма (жупта иштөө):

Окуянын ыктымалдыгын тапкыла:

1. Урнада 5 ак жана 7 кара шарлар бар. Кокусунан алынган бир шардын кара экендигинин ыктымалдыгын тапкыла.

2. Кутуда 12 кызыл жана 8 көк щарлар бар. Алынган бир шардын кызыл экендигинин ыктымалдыгын тапкыла.

3. Ящикте 12 детал бар. Алардын ичинен 4 өө жараксыз. Жумушчу бир детал алды. Ал деталдын жарактуу экендигинин ыктымалдыгын тапкыла.

4. Металл тыйынды ыргытканда герб жагынан түшүүсүнүн ыктымалдыгы канчага барабар?

5. Узундугу 10 см болон кесиндиге узундугу 2 см болгон кичине кесинди жайгашылган. Болжол менен ыргытылган чекит кичине кесиндиде жатуусунун ыктымалдыгын тапкыла.

6. Кутудагы 20 окшош чүкөнүн 8и оң чүкө. Болжоосуз алынган бир чүкөнүн оң чүкө болуш ыктымалдыгын тапкыла.

7. Тыйын 2 жолу ташталган. Экөөндө тең гер түшүүнүн ыктымалдыгын тапкыла.

8. Бардык грандары сырдалган куб бирдей 1000 кичине кубиктерге бөлүнгөн жана аябай аралаштырылган. Көрбөй туруп алынган кубик бир грандуу болушунун ыктымалдыгын тапкыла.

9. Ар түрдүу 8 китеп текчеге ар кандай жайгаштырылган. Белгилүү 2 китептин катар жайгашуусунун ыктымалдыгын тапкыла.

10. Техникалык текшерүү бөлүму 100 тетиктен турган топтон 5 стандарттуу эмес тетик тапкан. Стандарттуу эмес тетиктердин чыгуу салыштырма жыштыгы эмнеге барабар?

11. Кутуда 6 кубик бар. Ар бир кубиктин бардык грандарында бирдей И, Р, А, Д, К, А тамгаларынын бири жазылган. Бирден алынып туруп, бир сапка тизилген кубиктерден “ДАРИКА” деген ат окулушунун ыктымалдыгын тапкыла.

12. Кутудагы 25 чүкөнүн 13ү оң, 10у сол чүкө жана 2өө сака. Болжоосуз алынган бир чүкөнүн оң чүкө же сака болуу ыктымалдыгын тапкыла.

3-тапшырма (топто иштөө):

1-топ. Баштыкта 25 шардын 10у кызыл жана 15и жашыл. Кайра кайтаруу менен

баштыктан үч жолу удаа шар сурулуп алынды. Жашыл шарды суруп алуунун

бардык мүмкүн болуучу жыйынтыгынын ыктымалдыгын тапкыла жана анын

графигин чийгиле.

2-топ. Окшош 5 карточканын ар бирине А, Т, М, С, А тамгаларынын бири жазылган

жана алар аябай аралаштырылган. “САМАТ” деген ат окулушунун

ыктымалдыгын тапкыла.

3-топ. Окуучунун 5 кызыл, 4 көк жана 3 сары тетрады бар. Ал адегенде бир, андан

кийин дагы 2 жолу бирден тетрадь алды. “Биринчи алынган тетрадь кызыл” (А

окуясы), “экинчи көк” (В окуясы), “үчүнчү сары” (С окуясы) деген окуянын

(АВС окуясы) ыктымалдыгын тапкыла.

Жыйынтыгы: презентация

Үй тапшырма: Кокус, сөзсүз орун алуучу, сөзсүз орун албоочу, карама-каршы, биргелешкен, биргелешпеген окуялардын ар бирине үчтөн мисал түзүп келгиле.

Баалоо: Баалоо критерийлеринин негизинде бааланат.