| Бир калыптагы эмес кыймылды мүнөздөөчү чоңдук – ылдамдануу болуп эсептелет. Мисалы светафорго жакындаганда автомобиль ылдамдыгын азайтат, светофордон жөнөй бергенде ылдамдыгын жогорулатат. “азайтат” жана “жогорулатат” деген сөздү ылдамдануу алмаштырат.Ылдамдануу ылдамдыктын өзгөрүү тездигин мүнөздөйт. Убакыт бирдиги ичинде ылдамдыктын өзгөрү- шүн мүнөздөөчү физикалык чоңдук ылдамдануу д.а. Ылдамдануу “а” тамгасы менен белгиленет жана СИ системасындагы бирдиги ( м/с2) υ - υо а =---------- t же а= (υ-υо)/t υо – кыймылдын баштапкы ылдамдыгы, υ – кыймылдын акыркы ылдамдыгы, t – кыймылдаганда кеткен убакыт. эгерде а менен υ нын багыты дал келсе кыймыл ылдамдатылган болот, ал эми карама каршы болсо акырындатылган болот, эгер ылдамдык турактуу болсо ылдамдануу нолго барабар болот. Ылдамдануунун формуласынан кыймылдын акыркы ылдамдыгы табалы: υ-υо= аt мыдан υ=υо + аt болот, ал эми υо=υ - аt Маселелер чыгаралы: 3-көнүгүү п.1 а=3 м/с2 Бул эмнени билдирет жооп: бул 1 секундада ылдамдык 3 м/с га өзгөрөт дегенди билдирет п.5 Ордунан козголгон автобус 50 с ичинде ылдамдыгын 15 м/с га көбөйттү. Ылдамдануусу эмнеге барабар? Берилди: формуласы Чыгаруу υо=0 а=(υ-υо)/t а=(15-0)/50 =0,3м/с2. υ =15 м/с t =50 с а=? П.8 Аялдамадан 0,5м/с2 ылдамдануу менен чыккан автобус, канча убакыттан кийин ылдамдыгын 10м/с га жеткире алат? Берилди: формула Чыгаруу а=0,5 м/с2 а=υ/t мындан υо= 0 t= υ/а t=10/0,5=20с υ =10м/с t=? 169 беттен үйгө тапшырма №4 36 км/саат менен кыймылдап келе жаткан автобус, тормоз бергенден кийин 4секундада токтойт. Автобустун ылдамдануусу кандай? |