СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Киндик эне - Ыманбек Нурдинов

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул чыгарма Апиза Султанова

 эженин урматына арналат.

 

  Киндик эне

      

Орунунан эрте ойгонгон келин, эшикти аста ачып үйдөн сыртка чыкты. Кыштын ызгаар суук мезгили. Шамал болуп, жер көк муз болуп калган учур. Алай тоолору тараптан күн нуру асмандан аста билине, айылдагы кыр боорундагы жалгыз үйгө түшө баштаган экен. Кайненесинин даарат алчуу кумганын эшиктин сыртынан алып, кайра суукка бир чымырана үйүнө кирип кетти.  

Келиндин бул Жогорку-Кайнар айылына келин болуп түшкөнүнө он жылдан ашты. Бул чакан тоо боорундагы айылда жыйырмадан ашуун бүлө түтүн чыгарып жашайт. Бул айылга келин келгенде он эки түтүн үй болуп, жарык да келе элек болуучу. Кийин гана айылдыктар он чакырымдай алыстыктан ашар жолу менен электр зымын тартып, ток алып келишкен. 

    Кыргыздын салтына ылайык, кенже бала үйдө калып ата-энесин багат. Ошондон улам келин, үй-бүлөдөгү кичүүсүнө турмушка чыккандыктан айылда калган. Эки кайнагасы, абысындары менен Маскөөлөп кетишип, ошол жактан оокат кылышат. Ал эми күйөөсү айылда малга аралашып, мал багып казан кайнатат. Алтымышты аркалаган кайненеси бул кичинекей чөлкөмдүн абройлуу аялы. Аны айылда “Киндик эне” деп аташат. Башында келин ал сөздүн төркүнүнө барчуу эмес. Кийин жайынча кайненесинен чай үстүндө сураган.

Ал бул айылдагы дээрлик көпчүлүк келиндерди төрөтүп, бул айылдын көпчүлүк балдардын киндигин кескен. Ошондон улам анын ылакап аты менен чакыргандардын баарына киндик эне. Убакыттын өтүшү менен аны баары Киндик эне деп чакырып калышты. Жакында эки көзүнөн операция болуп көрбөй калды.

 Бул адырлар арасында жайгашкан Жогорку-Кайнар айылы, айыл өкмөттүн борборунан жыйырма чакырым алыстыкта жайгашып, жайкысын гана унаа келбесе айтор үч мезгилде ат жана эшек менен гана ылдыйга катташат. Ошондон улам жаштары шаарга качып, улуу муундагылар гана жашап калса керек. Ошол үч мезгилде көзү жарыр убагы келген келиндерге Апизанын кайненеси аябай керек адам.

Күйөөсү малдарга чөп берип келгиче келин печкеге от жагып, чай коюп, кечиндегиден арткан тамакты жылытып дасторкон салып баласын тамактандырып аткан. 

 

Тиги эки тишти эчкини эртең Куршабка алып барып сатып ун алыш керек. Дагы эмне керек болсо кагазга жазып бер, анан аркан жипти да кошо жазчы- деп тамагын жеп аткан абалда Апизага сүйлөдү. Аңгыча кайненеси;

Аны не кыласың?

Бир уйдун жиби кыскараак болуп атат, анын жибин торпоко нокто кылып уйду жаңы жип менен эле байлаш керек. 

        Аңгыча сырттан күйөөсүн бирөө чакырып калды. Айнектен акмалап бир көз жүгүртө карай калды эле, куленка менен тосулган айнектен көрүнбөдү. Аркы колоттогу өзү тең кур Темир экен. Ал үйүндө келини менен жалгыз жашашат. Экөөсү бир демени сүйлөшүп кайра күйөөсү үй жакка басты.

Апа Темирдин аялы “ичим”-деп кыйналып чыгыптыр, ошого келиптир.

Боюнда бар болчу, ай-күнү деле жакындап калды эле. Апиза! Барып көрүп келчи-деди келинине. Дароо үстүнө кийип жөнөй берди. 

      Барса толгот күнү келсе да, жаш келин толготконун билбей “ичим ооруп атат”-деп жата берип, толготуп төрөйүн деп жатыптыр. Оруканага алып барууга кыштын күнү машине жок. Төмөнкү айылга түшү үчүн ат менен эки сааттык жол. 

Төрөт алдында турган келинди көргөн соң кайра үйүнө шаша жөнөп кетти. Үйгө кирип эле;

Тиги төрөйүн деп жатат-десе кайненеси ойлоно туруп кайра;

 Төрөтө бер ошол жерде. Мен көрбөйм, барганым менен эч нерсе деле кыла албайм-деди. 

       Жол-жобосун кайненесинен сурап, кайра Темирдин үйүнө барды. Эки саатан өтүп келиндин төрөр мезгили келип калды. Келиндин алдына куленка салып,эсинде калган энеси айткандарын жасап атты. Биринчи төрөп жаткан келинге кыйын болуп жатканын жон териси менен сезип атты. Анан да биринчи жолу адам төрөтүп жатканына өзү ишенбей, мындай жагдайга туш болуп аткандыктан денесин коркуу басып турду. Бала келип баланы аста колуна алды. Ошол кезде бала бир чыңыра бакырганда жүрөгү бир солк эте, эмне болуп кетти деп корко кетти. Анан кайра ичинен:

Бул бала дени сактыгынын белгиси-деп бир жылмайып, кубанычы ичине батпай турду. Аңгыча бала менен энени байлап турган киндикти кантип кесишти билбей дең-дароо боло түштү.

Апиза эми кемпирге барып киндикти кантип кесүүнү сурап келүүсү керек эле. Билермандык менен кесип салса коопту болуп калаары турган иш эле. айла жок баланы коюп, үйүн көздөй жөнөй берди.  

Апа киндигин кантип кесет-деп үйгө чуркап кирип келбей кыйкыра сурап үйгө кирди. Демин баса албай жаткан келинин көрүп:

Илгеркилер көлөчтү көмөрүп, ошол көлөчтүн ченеминде гана төрт же беш эли кылып кесип төрөткөн” дейт. Мен да ошентип эле төрөтчүүмүн. Бар дагы ошентип этияттап кес-деди да кайра келинди жөнөттү. Кайненеси да бир аз сарсанаадай болуп, ичинен эптей алар бекен деген ой турду. 

Апиза кайненеси айткан сөздөрдү эстеп, шаша толготкон келин дин үйүнө жетти. Эшиктин алдындагы босогодо турган бут кийимдердин арасынан көлөчтү жаза баса тааныды. Көлөчтү колуна алганда ал дагы бир суроого канатаандырарлыкк жооп албаганын байкады. Ал шашылып, көлөчтүн кандай көлөмдө болоорун сурабаптыр. А колундагы көлөч болсо бир топ кичинедей болуп жатты. Ойлоно кеткен келин колундагы көлөчтү өзү менен кармаганча кирди. Колун бир сыйра ысык суууга жууду да өзүнүн колундагы көлөчтөн чоңураак кылып 10-13смдей киндигин кыркып жиберди. 

      

 

Наристе кыз төрөдү. Апиза төрөтүп тим болбостон үч күн карап, абалын сурап турат.

 

Аягы

 

Ыманбек Нурдинов 

Аксы-2020