Просмотр содержимого документа
«Ынтымак болсо элиңде, ырыскы жайнаар төрүңдө.»
Сабактын темасы: Ынтымак болсо элиңде, ырыскы жайнаар төрүңдө.
| Сабактын максаттары: | Күтүлүүчү натыйжалар: |
| Билим берүүчүлүк: Окуучулар ынтымактуу болуу үчүн эмнелерди билүү керектигин түшүнүшөт. | Бири-бири менен өз ара ынтымактуу болууну билсе; |
| Өнүктүрүүчүлүк: текстти окуп, анын мазмунун түшүнө алышат. | Текстти окуп, талкуулашса. |
| Тарбиялык: Окуучулар өз ойлорун эркин айтууга үйрөнүшөт. | Өз ойлорун эркин айта алса. |
Сабактын жабдылышы: таркатмалар, ватман, маркер, проектор.
Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: Жаш жеткинчек,сен жогорку муундардан өрнөктүү тарбия алсаң бараалына келгенде татыктуу инсан болооруң талашсыз. Ал үчүн сен талбаган изденүү, билим, тарбия менен ар дайым алдыга умтулууң керек. Сага берилээр бул адептик тарбия - адамдар, эл журт, кошуналар менен кандай мамиледе болуу жөнүндө.
Элибиз “Аталаштан айылдаш жакын”, “Алыстагы туугандан,жакындагы кошуна артык”, “Конуш таңдабай, кошуна таңда” деп айтып жүргөндөй, элибизде ынтымак болуу үчүн эң оболу кошуналар бири-бири менен ынтымактуу болуусу керектиги айтылат.
Биздин бүгүнкү сабагыбызда ынтымактуу кошуналар жөнүндө кеп болмокчу.
Кана, айткылачы канча үй силерге кошуна болот? Оң тараптан кырк үй, сол тараптан кырк үй силерге кошуна болот. Ар бир инсан төрт тараптан кырк үйдөн кабардар болот.
Мусулманчылыкта кошуна акысы ушундай улуу. Кошуналарга алардын кайгысын тең бөлүшүп, кубанычына ортоктош болбой,сүйүнгөн адам адептүү болбойт.
Талкуу үчүн текст:
Кошунанын акысы улуу.
Азирети Умардын уулу Абдуллах бир күнү төө сойду. Төө союлуп эти жиликтенди. Абдуллах кызматкерлерине: - Кошунабызды унутпагыла,- деди жана арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин дагы “Кошунабызды унутпадыңарбы?”деп сурады.
Кызматкер: - Урматтуум, азыр эле айттыңыз эле. Кошунага эт бөлүп койдук, азыр алып барып беребиз,-деди.
Үч-төрт мүнөт өтүп Абдуллах кызматкерди чакырды да “кошунанын акысын бердиңерби?” – деп сурады.
Кызматкер: - Урматтуум үзүр сураймын. Ушул убакка чейин сизден эч нерсе сураган эмесмин, билесиз. Эмнеге бул кошунага мынчалык кайгырасыз?
Абдуллах: -Кошунанын акысы жөнүндө көп насаат айтылат. Дайыма кошуна кошунанын малына мураскор болот,- деди.
Ой жүгүртүү үчүн суроолор:
Абдуллах эмне үчүн кайра-кайра кошунага эт бердиңерби деп сурады деп ойлойсуңар?
Кызматкер эмне үчүн анын себебин сурады?
Нуска сөздөр:
Кошуначылыктын белгиси алыш-бериш,
Досчулуктун белгиси барыш келиш.
Кошунасы жаман үйүн сатат.
Кошунанын ити кошунаны тиштебейт.
Кошунаң тынч болбосо, сендеги кайдагы уйку.
Кошунаң менен көртүүсүң.
Кошунаң илээңди болсо, өзүңө чыйрак бол.
Үй тапшырмалар:
Нуска сөздөрдү окуп, талкуулагыла.
Ынтымактуу кошунанар жөнүндө айтып бергиле.