СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ырга айланган өмүр

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ырга айланган өмүр»

Ырга айланган өмүр


Кеченин максаты:

Билим берүүчүлүк : Акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгында обондуу ырларга айланган ырлары жөнүндө түшүнүктөрүн тереңдетишет.

Өнүктүрүүчүлүк : Акындын поэзиясындагы жаңычылдыкты,жөнөкөйлүктү билүү менен бирдикте ырларынан көркөм айтууга жана обондуу ырларын аткарууга көнүгүшөт.

Тарбия берүүчүлүк: Эмгекти, эли жерин сүйүүнү Алыкулдай сүйүүгө тарбияланышат.

Кеченин формасы: поэзия кечеси

Кеченин жабдылышы : А.Осмоновдун портрети, акындын чыгармачылыгы жөнүндө буклеттер , дубал газеталар , ыр жыйнактары , обондуу ырлары жазылган дисктер, акындын чыгармаларына арналып тартылган сүрөттөр.

Кеченин жүрүшү:

1.Уюштуруу(кеченин өтүлүшү үчүн келген конокторго, ата-энелерге жагымдуу жагдай түзүү)

2.Алыкулдун ырларынан көркөм окуу.

3. Обондуу ырларынан аткаруу.

Мугалим: Саламатсынарбы урматтуу ата-энелер жана уул –кыздарым.Бүгүн биз кечебизде айтылуу эмгеги опол тоодой, ырларын окусаң түбүнө жетпеген,адам жүрөгүндө катылып жаткан не бир асыл сезимдерди ойготкон чыгармаларды жараткан залкар, бир жаралчу талант, атабыз Алыкул Осмоновдун поэзиясына кайрылабыз.Ошондуктан бүгүнкү кечебиздин гимни болгон акындын “Ата-Журт” деген ыры менен баштайбыз. Обонун жараткан композитор Шамшыбек Өтөбаев.

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,

Кыш да катуу ... бороон улуп, кар уруп...

Суугуңду өз мойнума алайын ,

Жол карайын, токтой турчу, Ата журт!

Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,

Наалат келип , ат тизгинин шарт буруп...

Азабыңды өз мойнума алайын,

Из карайын, токтой турчу, Ата журт!

Жазда башка... Жел тийбесин абайла,

Көпкө турбас мобул турган сур булут,

Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата журт!

Мугалим: Поэзия өтө назик, кереметтүү жүрөк сезими. Алыкул Осмонов кыргыз поэзия дүйнөсүндө мурда болуп көрбөгөндөй бир жаңылык ачып, ал багытта поэзия кырдаалынын демөөрүн көтөрүп, ал жанрдын каймагын калкып, кандайдыр бир адамга жагымдуу жолун тапты.Поэзия менен музыка дайыма эриш-аркак жашайт. Анткени , музыка да ошондой эле жүрөк сезиминен жаралат.Ошол жүрөк сезими аркылуу турмуштун тереңине кирип , аны поэзиянын тили менен музыканын ыргагынан жаралган чыгармаларга кайрылып көрөлү.

Элина: Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм,

Ыры жок өмүрүмө канаттанбайм.

Кудайга мир мертебе калп айтсам да

Ырыма бир мертебе калп айта албайм.

Чындыгында ырына бир жолу калп айта албаган Алыкул Осмоновдун жан дүйнөсү музыкага жакын экендигин акындын ырларын окуганда билесиң.

Дияна: -Ооба, Элина туура айтасың мына ошол өзү сүйгөн ажайып музыка жөнүндө жазган анын атактуу ыры обончу жана композиторлор үчүн бир нече жолу музыкалык чыгарма жаратууга азык болуп берди. Алсак атактуу композиторлор Абдылас Малдыбаев, Насыр Давлесов, Айтман Нурманбетов, Акимжан Жээнбаевдерден баштап азыркы учурда да көптөгөн жаш обончулар акындын ондогон ырларына не бир сонун, кайталангыс, уккулуктуу обондорду жаратты. Азыр биз келген конокторго арнап “ Музыка”деген ырын аткарып берели.

Мен суу ичпейм таңдай катып турганда,

Мен нан жебейм алдан тайып курганда.

Музыкадай мага таттуу суусун жок,

Берчи мага , Берчи мага, Жарым кашык музыка!

Мен ыйлабайм капа тартып турганда,

Мен кубанбайм бак-дөөлөткө тунганда.

Дарым ушул кайгы жана шаттыкта,

Берчи мага , Берчи мага, Жарым ууртам музыка!

Эмнелер жок бул дүйнөдө, жарыкта,

Не бир сонун.. не бир кымбат асыл баа.

Мен кетерде ошончонун ичинен,

Сагынарым, Эң аярым, Эң кымбатым-музыка!

Чыңгыз: Урматтуу ата-энелер мени апам бешик ырын айтып бешикке бөлөгөн, бастырган, чоңойткон ошондуктан сиздерге мен Алыкул Осмоновдун “Бешик ыры” деген ырын көркөм окуп берейин.

Эл уйкуда, Терезеден ай нуру

Бетке тийип таттуу кылат уйкуну.

Не бир кызык, Түштөр бөбөк түшүндө,

Элпек эне тынчсызданат утуру.

Укта бөбөк, укта бөбөк, уктачы

Алдей, алдей таттуу уйкуңдучу бузбачы.

Эне уйкусуз уулун алып колуна,

Эл жылдызын улам кысып бооруна,

Түн оодара бөбөк жолун аңтарат,

Болочоктун санаасы көз алдында

Укта бөбөк, укта сонун болочок,

Өткөн күнгө сыздабассың бизге окшоп

Бир азда эми тамтаң-тумтаң басарсың,

Ата-эненин көңүлүн бир ачарсың.

Ошент бөбөк, ошент күлкүң чыкса экен,

Балалыгын эстеп көбү жаш алсын.

Ооба, бөбөк, ыйлаганды коёрсуң,

Көп-көп балдар арасында ойнорсуң.

Мугалим: Алыкул Осмоновдун поэзиясына өзбек композитору Фаттах Назаров да кайрылган. ”Боз бала” деген ырына обон жазган. Ал эми белгилүү композитор Насыр Давлесов өз чыгармачылыгында Алыкул Осмоновдун тамашалуу ырларына кайрылган. Бул композитордун калеминен жаралган “Саанчы жеңе” аттуу ыры эл арасында ырдалып жүрөт.Мына ушул ырды сиздерге 8-класстын окуучусу Тагайбек аткарып берет.

“Саанчы жеңе”

Сүрөттөй сүйкүм сүзүлгөн,жеңе,

Көркүнө көзүм түшүргөн, жеңе,

Ак алма мисал түсүңөн, жеңе

Ак куудай айбат түзүлгөн жеңе

Алкымың алды бүчүңөн, жеңе

Албырткан жанды күчүңөн, жеңе.

Түндө бир көргөн түшүңөн, жеңе

Чака алып баскан жолуңан, жеңе

Саатта саанын бүтүргөн, жеңе.

Табакка куйган сүтүңөн, жеңе

Калкыңа берген майыңан, жеңе

Планың ашкан айыңан, жеңе.

Чачпагың учу шырп этет, жеңе,

Шырп этсе, жүрөк зырп этет, жеңе.

Зырп эткен жүрөк шааныңан, жеңе,

Эртелеп сааган сааныңан жеңе.

Назгүл: Акын жашоодо эч нерсеге өкүнбөй,көз ирмем дени сак жашаганын бир жылга теңеп, “эки-үч сап ыр жазганын”өмүрүнүн эң бактылуу учуру деп баалап, бирок ошол өтүп жаткан өмүрдө акын үчүн эң аялуу, эң бир кымбат бир гана нерсе бар эле. Ал –тирүүлүк. Мына ошол “Тирүүлүк” деген ырынан көркөм айтып берейин.

Кеткен кетти, өткөн өттү бирдеймин,

Кечтим дайра агымынын миңдейин.

Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,

Кенч дебесем анан аны не дейин?

Качан чыгып, качан келдим бу жерге?

Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин.

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,

Бастым ашуу, тайгак жолдун миңдейин.

Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,

Той дебесем анан аны не дейин?

Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,

Кант жедимби, бал жедимби, билбеймин.

Жакшылык: Жүрөктүн эң назик кылдарын козгогон, поэзия толкундарынан гүлдестени берген кыргыз поэзиясынын жылдызы Алыкул Осмоновдун ырларына композитор Канымгүл Досмамбетова “Замандашыма” деген ырына обон жазса, Асанкалый Керимбаев “Сулууга” деген ырына обон жазып Асанкалыйдын ырлары Алыкулдун поэзиясына шайкеш келип, анын көркөмдүк деңгээлин ого бетер көкөлөтүп турган чыгарма экендиги баарыбызга маалым.Анда эмесе мен силерге ушул ырды аткарып берейин.

Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,

Мени күтпө, мени эстебе, сагынба,

Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,

Отуз жаштын улам аркы жагында

Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,

Сен жакшы элең мен сүйө элек чагында,

Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,

Отуз жаштын улам арык жагында

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,

Унутулган учар замат түнөктөн,

Сүйүү деген-сүйүү эмес эринден,

Сүйүү деген-от чачышуу жүрөктөн.

Чынара: Акын мөлү Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес.Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан.Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы бир гана нерсе болчу Ал ыр эле.Ошол ырын сиздерге окуп берейин. Көктө булут жаңыланып бөлүнөт,

Эл таалайы жылдыз болуп төгүлөт,

Быйылкы жыл адамзаттын айлына,

Табак, табак май берчүдөй көрүнөт

Жерде тоолор, жаңыланып бөлүнөт,

Калк ырлары чолпон болуп төгүлөт.

Быйылкы жыл, токтоо мүнөз журтуна,

Шайы көйнөк кийинтчүүдөй көрүнөт.

Келсе келсин, мындай жылдар көп келсин,

Сурарым аз: эки сабак ыр берсин.

Мындан башка кандай олжо акынга?

Мен турмушка, сараң ач көз эмесмин.

Мен турмушка, сараң ач көз эмесмин,

Өктө кылып ай,аз бердиң дебесмин.

Байлык, үй-жай, ден-соолуктан ардактуу

Мага берсе эки сабак ыр берсин.

Нурзада: Алыкул Осмоновдун поэзиясына эң сонун обондорду жараткан авторлордун катарына белгилүү обочу Калыйбек Тагаевди жана Токтонаалы Сейталиевди кошууга болот. Алар жараткан “Кыялдануу менен”,”Фрунзем” аттуу ырдын обону да кыргыз музыкасындагы мыкты чыгармалардын бири. Композитор Абидин Темировдун обонун жазган, Алыкул Осмоновдун “Табият жана музыка” деген ырын ырдап берейин.

Өмүр кең, солор гүлдөр...өчөр, жанар,

Бат карып,бат эскирип,бат жаңырар,

Эмесе:бул дүйнөгө туулуу менен

Кайрадан,ар адамдын өлмөйү бар.

Өлүм ак, пейли сараң, көнүлү тар,

Күчү жок,бирок мени коркута алар!

Себеби: мен өлгөндө ордум басат,

Менден соо, менден жакшы,акылдуулар!

Ах, чиркин биздин күндөр кандай таттуу

Бүгүндөн, эртеңкиси рахатуу!

Табият жана анын музыкасы,

Күн санап, кандай сулуу,кандай шаттуу!

Ах, чиркин биздин күндөр кандай таттуу

Бүгүндөн, эртеңкиси рахатуу!

Ушундай сонун күндөргө өлгөндөргө,

Байкачы, кандай гана аянычтуу!...

Айдана: Мен 2-класста окуймун.Сиздерге Алыкул Осмоновдун “Бүкөн” деген ырын көркөм айтып берейин.Бул ырда Бүкөн деген үч жаштагы кыздын атасы согуштан кайтпай калгандыгы жөнүндө баяндалат, бирок бардык айылдын эли аны жакшы көрөт.

Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз,

Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.

Аз ыйлайт,борсо-борс күлөт, көп да күлбөйт,

Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт

Кыргыз да....ачырканбай кымыз ичет,

Кучактап уктап калат бир жилик эт

Ар убак абалары “ырдап кой” дейт

Бүкөнтай көздү жумуп ырдап кирет:

“Сагындым, атакемай келсе экен- дейт,

Ал жеңип, тилегимди берсе экен”-дейт.

Карылар муну укканда жым болушат,

Көзүнөн жаш чуурутушуп бурча-бурчак.

Анткени- үч жыл болду кабар келген,

“Палан күн...палан жерде өлдү”....деген

Эл үчүн каза таап жоо огунан,

Бүкөндүн атакеси кайтпай калган.

Бирок да бардык айыл жакшы көрөт,

Бүкөндүн- эркелетчү атасы көп.

Элина: Көптөгөн жаш композиторлор акындыгын ырларына мин кыялданып, миң толгонуп обонго салган. Андай ырлардын бири “Ак кайың” деп аталат. Обонун жазган композитор Жамила Муратова. Ырды кыргыздын нукура улуттук обондорунун маңызы даана байкалат.8-класстын кыздарынын аткаруусунда анда эмесе ушул ырга кулак төшөйлү.

Жарашыктуу жаштайын, Тамашалуу жаштайың

Жадыраган жаз сайын. Тармалдаган жаз сайын.

Жаш күнүмдөн тең өскөн ай, Тай күнүңдөн тең өскөн ий,

Жакшынакай ак кайың. Татынакай ак кайың

Кайырма: Бутагыңа коноюн ,

Кыштын жолун тороюн.

Жаштыгыңды менден ал ай,

Аккан сууң болоюн.

Хор менен айтышат: Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,

Узак, узак., узак болсун бул сапар.

Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,

Кайра кайтып жолугушчу жолдо бар.

Мугалим: Унутпа, жылдыз мончок жылдарыңды

Жылга эрчип жылтылдаган жыргалыңды,

Унутсаң өзүмдү унут, бирок дагы,

Унутпа менден алган ырларыңды –деп Алыкул Осмонов айткандай бүгүнкү кечебизде көркөм окулган жана ырдалган ырларды унутпай эсиңиздерде калат деп ойлоймун анткени акынга арнап ыр, поэма жаза албасак да Алыкулдун ырында “Картаярымын, кайткыс жолго кетермин, Кош курдаштар, түбөлүккө дешермин, Бирок, билем,бизден соңку муунду- Калган жерим: сыйлап, мейман этерин.” деп таамай айтылгандай аз болсо да ушул кечебизде акынды эстеп, чыгармаларына тизе бүгүп таазим эттик. Келгиле уул-кыздарым ушул кечени Алыкулдун “Ата-Журт” деген ыры менен баштадык эле , “Ата-Журттум” деген ыры менен аяктайлы.Бул ырга обон жазган композитор Абидин Темиров.

Ата-журтум, тууган элим, Мекеним,

Жан кубатым, сүйгөн жерим секетим.

Тоо-ташыңдын,турпагындын, сууңдун

Мен көрбөдүм пайдасы жок бекерин

Тууган жерим ата-журтум-бир боорум,

Мен өзүңдүн гүл багыңда төрөлдүм.

Заманыңдын мен ырыстуу акыны,

Дарбыз,коон, жүзүмү бар корооңдун.

Сүйөм сени, сүйгөндүгүм сүттөн ак,

Сени сүйгөн тагдырыма рахмат.

Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды,

Жаткым келет көкүрөккө кучактап.

Мендеги өмүр, меники эмес сеники,

Менин ырым, меники эмес,элдики,

Ар бир демим, ар бир соккон секунтум-

Өзүңдүкү, алар эмес желдики.


Мугалим: Мезгил чимирилип, көз илешпестен билинбей өтө берет, бирок жалындуу поэзия эч качан эскирбейт. Ал улам жаны муундарды өзүнүн көркөмдүгү, тереңдиги менен суктандырып, аларга эстетикалык ырахат берип түбөлүк жашай берет. Анын сыңары Алыкулдун поэзиясы да мезгил өткөн сайын улам кучүнө кирип,улам жанданып, жаңырып акын өзү айткандай “он беш жолу жашарып” он беш жолу бүр ала турган музыкалуу поэзия. Ал эми жаңы муундагы чыгармачыл адамдарды шыктандырып, жаңы жакшы чыгармалардын жаралышына, жаңы обондордун жаралышына өбөлгө боло бермекчи. Алыкул атабыздын канаттуу поэзиясы музыканын соолбос , жылжып аккан булагы болуп элибизде түбөлүккө жашай берет.

(Кеченин аягы)


































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!