СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ырга айланган сандар

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ырга айланган сандар»

Ырга айланган сандар

«0»

Ар кандай сан туюнтма,

Чоңдуктарын көрсөтүп,

Асылсамда да бөлүнбөйт.

Өзүң бизге бөлүн дейт.

Байкашпайт менин «баркымды»

Баамдап тур алды, артыңды.

Тура калсам катарга,

Өзгөртөмүн атыңды.

Оң тарапта турганда,

Чоңойтомун саныңды.

Оң эседен кем эмес,

Оңолтомун баарыңды.

Сол тарапта турганда,

Ээрчитемин бүтүндү.

Канчалык күчтүү болсоң да,

Кетиремин күчүңдү.



«1»

Ушул цифралардын,

Башталышы боломун.

Оң жагыма нөл келсе,

Оң сан болуп толомун

Билбеген менин баркымды,

Окуучур да бар.

Бардык санды өзүмө,

Бөлгөндү билбей жаңылаар.

Араңардан атасам,

Айгул, Жеңиш, Туратбек.

Алыс кетпейт булардан,

Асан менен Муратбек.

«2»

Эмки сөз меники, билесиңер атым эки.

Жүрөмүн дайым баарыңды сынап,

Менин жаным, жалкоого ынак.

Жалкоону билем, жыргап гана,

Моюнуна минем.

Башкалардан кем калбай,

Баа аталам мен деле.

«Жилбик» дешип ат коюп,

Жек көрүшөт дегеле.

«3»

Менин атым үч,

Менде да бар күч.

Илең- салаң болуп,

Ортодо турам.

Аракетсиз окуучуларды,

Жолдош кылам.

Аракетим- максатым,

Мен да төрткө кошулам

Жетсем экен ага деп,

Жанаша бирге олтурам.

«4»

Менин атым төрт- эмгекти сүйөм.

Тырышчаактар менен бирге жүрөм.

Мени сыйлайт окуучулар,

Ага жок, « күнөм»

Жетсем экен бешке деп,

Жолдош болуп турамын

Жалкоолорго жол бербей

Жаныларды курамын

«5»

Менин атым беш,

Кенедей күнөө.

Таба албайсың эч.

Анткени дайым,

Эмгектенем эртели кеч.

«6»

Төрт тамгадан куралам.

Мен өзүмө кубанам,

Тегеретип койгондо.

Тогуз болуп тура алам,

Эки үчкө бөлүнөм,

Эсепте көп көрүнөм

Алтынчы иш күн экен деп

Аныкталам өңүмдөн.

«7»

Бир менен өзүмдөн башка,

Так бөлүнбөйм сандарга .

Жети саны аталып,

Мен деле тааныш балдарга.

Самолётту башкарып,

Көк асманды как жарып

Ар өнөргө жараган.

Жакшы билгин ал үчүн,

Математика сабаган.

«8»

Эки төрткө бөлүнүп,

Сандарды айрып бөлөмүн.

Эмгектенсе балдары,

Эң эле жакшы көрөмүн

Неге сууда корабль,

Кумга барып сайылбайт

Анткени ал капитан,

Билет кайда бараарын.

Жакшы окуган жашында,

Математика сабагын.

«9»

Бардык цифралар бүт.

Менден кичүү көрүнөт,

Мага да бардыгы эмес.

Айрымдары бөлүнөт,

Ким болсо да билип кой,

Ар өнөргө жарагын.

Жакшы билгин ал үчүн,

Математика сабагын.