СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ырлар балдар үчүн

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Жашылчалар"

Просмотр содержимого документа
«Ырлар балдар үчүн»



ШАЛГАМ

Апам алып шалгамды

Пияз менен каймактан

Даамдуу салат жасады



ПИЯЗ

Токсон кабат тону бар,

Тоголок келген бою бар.







КАРТОШКА

Мен картошка тегерек,

Адамдарга эң керек.

Бышырат да, куурушат

Каймактан да куюшат.

Абдан багып карашат

Мени аябай баалашат.





КЫЗЫЛ КЫЗЫЛЧА



Кызылчаны билишет, бардык балдар,

Шорпону кызыл кылган касиет бар.

Тамактын даамын жана өңүн ачкан

Биз билген кадимки эле кызылчалар.





БАКЛАЖАН

Баклажандын тамшанткан

Абдан сонун даамы бар

Өзү сүйрү, көк сыя.

Тааный жүргүн баарыңар.







БАДЫРАҢ

Болот бары тартипте

Бадыраң өскөн бакчада,

Кааласаң келгин терели

Түшүмү болот жакында.





ПОМИДОР

Помидормун же томат,

Витаминге өтө бай,

Тегерекмин кыпкызыл

Окшошомун алмага.





КАБАЧОК

Жашылчанын бул түрүн

Абдан сүйөт жаш балдар.

Апабыз жасайт эң даамдуу

Икра жана салаттар





АШКАБАК

Мен ашкабак чоңмун жана сарымын.

Бакчада өсөм, бардыгына дарымын.

Күнгө карап өсөм, жамгыр суугарат

Мени карап жаратылыш кубанат.







САБИЗ

Дыйкан сээп, өстүрүп

Берсе экен деп мол түшүм

Чөбүм жулуп, суугарат.

Боюм узун болот деп

Кырсылдата тиштеп жеп.

Балдар абдан кубанат.





КАПУСТА

Бакчага эккен капуста

Калдайып өстү жайылып.

Бир, эки, үч, төрт.

Суу куя кет кайрылып.