СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ысырапкорчулук деген эмне?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Ысырапкорчулук деген эмне?»

Ысрапкорчулук – ырыскыга бөгөт.


А: Окуучуларга суроолор.


  1. Айланабызда кандай ысрапкорчулуктарга күбө болуп жатасыңар?

  2. Эң көп эмне ысрап болуп жатат?

  3. Кайсы ысырап болуп жаткан нерселердин алдын кантип алсак болот?


Б: Теманы түшүндүрүү.


Психология бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү бир күнү чогулуп профессоруна жолугууга барышат. Көрүшүп, ал-жайын сурашкандан кийин, «жашооңор кандай?» деген суроого ар бири жашоонун кыйындыгы, проблемалар тууралуу даттана баштайт. Профессор ашканага барып кофе даярдайт да, ар кандай кружкаларга куюп келет. Кружкалардын бири кымбат, бири кооз, бири фарфордон, бири айнектен жасалган эле. Алардын ичинен экөө-үчөө ашыкча жана жөнөкөй гана пластикадан жасалган кружка эле. Баары кофелерин алгандан кийин профессор аларга кайрылып мындай дейт:

  • Мына, көрдүңөрбү, силер бул жерден кымбат баалуу, кооз кружкаларды алдыңар. Ал эми жөнөкөй, пластика кружкага эч кимиңер тийбедиңер. Жашоодо жакшы көрүнгөн нерсени алып калууга болгон умтулууңар – силердин проблемаңардын негизи. Туура түшүнсөңөр, кружкалар кофени даамдуу кылып жибербейт. Кээде мындай кружкалар биз ичип жаткан нерсенин канчалык коюу же сүт кошулгандыгын көргөзбөй жашырып салат. Силер ошону билип туруп, адатыңарча идиштин сырткы келбетине маани бердиңер. Азыр болгону кофе ичүүнү кааладыңар, ошол эле учурда ар бириңер аны кооз кружкадан ичүүгө умтулдуңар. Андан кийин кимге кандай кружка туш келгенин өзүңөрдүкүнө салыштырып карадыңар, туурабы?

  • Ичкенге жараша жакшы кружкадан ичүү керек го кофени? – дейт анда бирөөсү.

  • Чындыгында, кофе – жашоо. Ал эми иш, акча, коомдогу ордубуз – кружкалар. Көп учурда биз кружканын коозун, кымбатын тандайбыз деп жатып кофенин даамын билбей калабыз. Пластика кружка болсо да, андан кофенин даамдуулугун сезе билген адам гана өзүнүн кружкасын башкалардын кружкасы менен салыштырбайт. Эсиңерде болсун: ар бир адам эле кымбат баалуу кружкага жете бербейт. Бирок колундагы кофенин даамын ырахат алуу баарынын колунан келет. Жашоодо адамга бакыт тартуулай турган нерсе кружка эмес, кофе экенин жакшы билип алганыңар оң.

Ооба, учурда коомубузда чоң оору пайда болду. Көпчүлүгүбүз бул ооруу менен ооруп, айыгышыбыз кыйын болуп жатат. Негизинен, кыйын деле эмес, бирок биз айыгыш үчүн чаба көрсөтүшүбүз мындай турсун, ниетибиз деле жок. Бул ооруу – ысрап кылуу адатыбыз. Жашоодо кофе ичип ырахат албастан, бири-бирибиздин кружкаларыбызды карап, кызганып, керегибизге жарабаса да, менде да болсун деп, түрдүү ысраптарды кылып жатабыз. Убакыт өткөн сайын, муктаждык болбосо деле, ар нерсени алуу арзуубуз күчөп баратат. Бир эле мезгилге карата кйимдердин түрлөрүн алып жатабыз. Эртең менен, түштөн кийин, ишке, конокко, көлөкөдө, күндө, тамакта, эс алганда деп шкафыбыз кийимдерге толуп кетти. Машинанын бирөөсү жетсе деле, экөөлөп, үчөөлөп алып жатабыз. Эс алганда барабыз да деп, дачаларды алып жатабыз. Бири-бирибизге атаандашып мааракелерди ашыкчасы менен өткөрүп, колдонбосок да толтура бөлмөлөрү менен үйлөрдү салып жатабыз. Үйдөгү тамак-аштарыбыздын таштандыларга жөн эле төгүлүп жатканы баарыбызга маалым. Эмне кылыш керек.

Биринчиден, ысрап кылгандын туура эмес экенин сезишибиз керек. Ысраптын токтобостон улана бериши берекесиздикти алып келерин аңдашыбыз керек. Ысрап үйдө болсо үйдөгү ырыскынын, берекеттин качуусуна, коомго жалпы жайылган болсо, мамлекеттин өнүгүүсүнө бөгөт коет. Ички жана тышкы карыздарыбызды төлөө кыйынга туруп, экономикабыз көз карандыга айланат.

Экинчиден, бардык нерсенин майда нерселерден башталарын билишибиз керек. Ысраптын жалгыз гана чоң-чоң үйлөрдү куруу менен, өлчөмсүз тойлорду өткөрүү менен гана эмес, эң жөнөкөйү, кол жууп жатканда сууну ашыкча агызуу, керексиз электр жарыгын жагып койуу менен дагы болорун унутпаш керек. Демек, бул жалгыз гана акчасы ашып-ташып жаткан байларга эмес, калтын бардык катмарына тиешелүү. Ар бир адам күнүмдүк турмушта алган, колдонгон, жеген, ичкен, пайдаланган нерселерин үнөмдүү колдонушу керек.

Күнүмдүк турмушубузда эң эле көп колдонгон нерселерибиз булар суу жана электр-энергиясы экен. Буларды ысрап кылбаш үчүн эмнелерге көңүл буруш керек:

  • Кир жуугуч машина менен идиш жуугуч машинаны мүмкүн болушунча толтуруп анан иштетүү керек.

  • Душта суунун бош эле ага бербешине көңүл буруш керек.

  • Тиш жууп же сакал алып жатканда сууну бекер эле агызып койбош керек.

  • Кран бузулуп суу тамчылай баштаган болсо, тезинен оңдотуу зарыл.

  • Бакчаны крандын суусу менен сугарып жатсаңыз, мүмкүн болушунча эртең мененки салкында сугарыңыз.

  • Туалеттин сифондору суунун көп аккан жери, керексиз эле агыза бербеңиз.

  • Кээде муздак суу ичүү үчүн крандагы сууну көп агызабыз. Андан көрө сууну муздаткычка коюңуз.

  • Идишти кол менен жууганда да суу көп агат. Ал кезде да этияттаңыз.

  • Мөмө-чөмөлөрдү да жууганда крандан аккан сууда эмес, бир идиште да жууса болот.

  • Электр-энергиясын көбүнчө үйдөгү турмуш техникаларында колдонобуз. Ошондуктан техника алып жатканда электр-энергиясын үнөмдөөчүлөрүн тандап алышыбыз керек.

  • Керексиз жанып турган лампочкаларды өчүрүүнү унутпаш керек.

  • Кышкысын үйдү электр-энергиясы менен жылытып жатсак, жылуулукту жоготкон жерлерди жакшылап жабыш керек. Булар эшик, терезелерди каптоо менен болот.

  • Керексиз жанып турган компьютер, телевизор сыяктуу нерселерди өчүрүп койуу керек.


Ысрап ошондой эле убакытты колдонууда болот. Пайдасыз, эч нерсе кылбастан өткөргөн убактыбыз ысрап болот. Бүгүнкү ысрап кылган убактыбыз үчүн эртең аттиң кылып калышыбыз толук ыктымал.

Мына, биз качан майда иштердеги ысраптын алдын алсак, чоң ысраптар өзүнөн-өзү жоголот.


В: Накыл сөздөр.

Ысрап кылуу – бул бир нерсени керегинден ашыкча колдонуу, максатка ылайык колдонбоо.

Дарыянын боюнда отурсаңар деле, сууну ысрап кылбагыла. (хадис)