СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Загрязнения окружающей среды

Категория: Экология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Рассмотрены вопросы загрянения окружающей среды

Просмотр содержимого документа
«Загрязнения окружающей среды»

Т : Айлана-чөйрөнүн булганышы План: 1.Кислоталык жаандар, 2.Дүйнөлүк океандын нефти менен булганышы, 3.Радиоактивдүү булгануу, 4. Таштандылардын көйгөйү

Т : Айлана-чөйрөнүн булганышы

План:

1.Кислоталык жаандар,

2.Дүйнөлүк океандын нефти менен булганышы,

3.Радиоактивдүү булгануу,

4. Таштандылардын көйгөйү

Кислоталык жаандар

  • Кислоталык жаандар – метеорологиялык жаан-чачындын бардык түрү жаан, кар, мөндүр, туман, кар аралаш жаан б.а. абанын кислоталык оксиддер (көбүнчө күкүрттүн жана азоттун оксиддери) таасири астында жаандар булганып, рН (суутектик көрсөткүчтүн) төмөндөшү байкалат. Биринчи жолу “кислоталык жаан” термини 1872-ж. англиялык окумуштуу Роберт Смиттин “Аба жана жааан: химиялык климатологиянын башталышы” аттуу китебине кирген. Учурда кислоталык жаандар түшүмдүүлүк менен өсүмдүктөрдүн, токойлордун жок болушуна негизги себепкер болууда. Андан сырткары, кислоталык жаандар имараттар менен маданияттын эстеликтерин бузуууда, топурактын асылдуулугун төмөндөтүүдө. Кадимки жаандын суусу начар кычкылдуу эритме. Ал атмосферадагы көмүр кычкыл газы сыяктуу табигый тектүү заттар менен жаандын суусунун аракеттенишинин натыйжасы. Жыйынтыгында көмүр кислотасынын начар эритмеси пайда болот, ал эми жаандын суунун рН көрсөткүчү 5-6,5-7 барабар. Реалдуу жашоодо жаандын суусунун кислоталык көрсөткүчү ар бир аймакта ар түрдүү болуу менен айырмаланат. Ошондуктан ал белгилүү бир аймактын атмосферасында кармалган газдардын курамынан (күкүрттүн жана азоттун оксиддеринен) көз-каранды.

Дүйнөлүк океандын нефти менен булганышы

  • Дүйнөлүк океандын булганышына нефти менен булгануу олуттуу салым кошот. Деңиз чөйрөсүнүн нефти менен булганышынын басымдуу көлөмүн жээкке жакын жайгашкан өнөр жай ишканалары, андан кийин тереңдиктеги кен казуу иштерин жүргүзүү ээлейт. Өнөр жайдын таштандылары менен саркындылары нефти менен булгануунун 60,8%, нефтини кайра иштетүү заводдору менен нефти терминалдарынан чыккан булгануулар 1,2%, деңиздеги нефти өндүрүү жабдыктарынан, платформаларынан жана скважиналарынан 2,1%, танкердик кеме жүрүүдөн 11,3%, кеме жүрүүнүн калган түрлөрүнөн 14,4% түзөт.
  • Деңиз суусуна кошулган нефтепродуктулардын абалы толук изилдене элек. Нефть – бул түрдүү курамдан турган татаал бирикме, анын 50-88% (курамынан көз-карандылыкта) көмүрсуутектерге, калган бөлүгү – кычкылтек, азот, күкүрттү камтыган бирикмелерге туура келет. Нефтепродуктунун төмөнкү молекулярдык массага ээ болгон бөлүгү (4-12 көмүртектин атому – чийки нефтиде бул фракция 50% түзүшү мүмкүн) суунун бетинен тездик менен бууланат. Бирок ал кайрадан эле океанга түшүшү ыктымал. Нефтепродуктылардын кээ бир бөлүгү деңиз суусунда эрип, анын беттик көлөмү боюнча таралат. Мында химиялык-биологиялык айлануулардын натыйжасында баштапкы заттарга караганда эригичтиги жогору болгон жаңы химиялык заттар пайда болот. Мисалы, сууда Н-октандык спирттен пайда болгон, Н-октандуу кислотанын эригичтиги салыштырмалуу түрдө 600 эсеге чоң.

1954-ж. деңиздерди нефть менен булгоону алдын алуу боюнча Эл аралык конвенция “Ойлпол-54” кабыл алынган. 60-жылдары деңиз аркылуу нефтини ташуунун көлөмү чукул жогорулаган (1948-1967ж.ж. 210млн.тоннадан 865млн. тоннага чейин). Мисалы, 1967-ж. ири нефтини ташуудагы кыйроого Torrey Canion танкеринин кыйрашын алсак болот. Натыйжада Улуу Британиянын түштүк-батыш тарабында жээкке 119миң тонна нефть төгүлгөн. Нефтинин булганышынан коргоого бардык ыкмалар колдонулган. Бирок жээктеги флора менен фаунаны сактап калууга мүмкүнчүлүк болбогон. Бул кыйроо айлана-чөйрө үчүн нефтини ташуу канчалык коркунучтуу экендигине көңүл бурууга түрткү болгон. 1973-ж. “МАРПОЛ-73/78” конвенциясы кабыл алынган, анда ташуунун санына, кемелердеги таштандыларга, кемелердин техникалык каражаттарына жана жабдыктарына, ташууну көзөмөлдөөгө катуу талаптар коюлган.

Статистика боюнча, деңиздердеги кемелердин кыйроолорунун 80-85% “адам факторуна” байланыштуу. 1995-жылы 1978-жылдагы конвенцияга бир катар толуктоолор киргизилген. Ал толуктоордо кеме башкаруу жана тейлөө кызматкерлеринин квалификациясына, кеме башкаруу компаниясынын жоопкерчилигине жана мамлекетке коюлган талаптарды аткаруу боюнча бир катар талаптар күчөтүлгөн.

Радиоактивдүү булгануу Айлана-чөйрөнү радиоактивдүү булгануусунун негизги булактары болуп, ядролук куралдарды сыноо, атомдук электрстанцияларындагы жана ишканалардагы кыйроолор жана радиоактивдүү таштандылар эсептелет. Табигый радиоактивдүүлүк дагы, радондун таасир кошкондо, радиоактивдүү булгануунун деңгээлине салым кошот

Радиоактивдүү булгануу

  • Айлана-чөйрөнү радиоактивдүү булгануусунун негизги булактары болуп, ядролук куралдарды сыноо, атомдук электрстанцияларындагы жана ишканалардагы кыйроолор жана радиоактивдүү таштандылар эсептелет. Табигый радиоактивдүүлүк дагы, радондун таасир кошкондо, радиоактивдүү булгануунун деңгээлине салым кошот
1986-жылдын 26-апрелге караган түнү АЭСтин 4-блогу жарылып, реактордо өрт чыккан. Кыйраган реактордон жана жарылуунун натыйжасында пайда болгон анын радиоактивдүү сыныктарынан интенсивдүү нурлануу бөлүнүп турду. Эки жумага жакын убакытта бир канча жүздөгөн жана миңдеген аралыктарга радиоактивдүү заттар шамал менен таркаган. Алардын топуракка аралашуусуна жааган жамгыр кошумча болгон. Өтө кеңири аймак көп убакытка чейин радиоактивдүү нуклиддер менен булганган. Катастрофалык кыйроонун статистикасы төмөндөгүдөй: 20млн. жакын адам жогорку дозадагы нурланууну алган, 10 миңден ашык адам нурлануу оорусунан каза болгон, 4,8млн. адам материалдык чыгым таркан, 200 миң адам турак-жайын которууга мажбур болгон, 130миң м 2 ашык аймак радиоактивдүү заттар менен булганган. Алардын 70% жакыны Белоруссиянын, Россиянын жана Украинанын аймагына туура келет.

Таштандылардын көйгөйү Учурда таштандылардын көйгөйүнө байланышкан маселелер глобалдык масштабга ээ болууда. Бул көйгөйлүү маселелерден бир дагы мамлекет четте калган жок. Таштандылар материалдык объектилерге кирүү менен айлана-чөйрө жана адамдардын ден-соолугу үчүн жогорку коркунучту жаратат. Бирок коомчулук анын коркунучтуулугун дагы да болсо толук сезе элек жана бир катар өлкөлөрдө таштандыларга байланыштуу ишмердүүлуктү жөнгө салган тартип жок. Ошентсе да бир катар мамлекеттердин күчү менен коркунучтуу таштандыларды экологиялык жактан негизсиз колдонуу, жок кылуу жана орун которуусу боюнча эл аралык кызматташуусуна багытталган Базель конвенциясы (1989-ж.) кабыл алынган. Таштандылар тиричилик (коммуналдык), өнөр жайдан (өндүрүштүк таштандылар), өндүрүштүк керектөөнүн таштандылары, ошондой эле коркунучтуу (токсикалык) жана радиоактивдүү таштандылар болуп бөлүнөт

Таштандылардын көйгөйү

  • Учурда таштандылардын көйгөйүнө байланышкан маселелер глобалдык масштабга ээ болууда. Бул көйгөйлүү маселелерден бир дагы мамлекет четте калган жок.
  • Таштандылар материалдык объектилерге кирүү менен айлана-чөйрө жана адамдардын ден-соолугу үчүн жогорку коркунучту жаратат. Бирок коомчулук анын коркунучтуулугун дагы да болсо толук сезе элек жана бир катар өлкөлөрдө таштандыларга байланыштуу ишмердүүлуктү жөнгө салган тартип жок. Ошентсе да бир катар мамлекеттердин күчү менен коркунучтуу таштандыларды экологиялык жактан негизсиз колдонуу, жок кылуу жана орун которуусу боюнча эл аралык кызматташуусуна багытталган Базель конвенциясы (1989-ж.) кабыл алынган.
  • Таштандылар тиричилик (коммуналдык), өнөр жайдан (өндүрүштүк таштандылар), өндүрүштүк керектөөнүн таштандылары, ошондой эле коркунучтуу (токсикалык) жана радиоактивдүү таштандылар болуп бөлүнөт
Аз калдыктуу технология - бул энергияны жана баштапкы затты (сырьену) максималдуу эффективдүүлүктө колдонуу жана таштандылардын минимумун камсыз кылган өндүрүштүк ыкма. Аз калдыктуу технологиянын негизги шарттары катары-таштандылардын пайда болушун төмөндөткөн, баштапкы затты жана энергияны үнөмдөөгө шарт түзгөн, материалдык ресурстарды кайра иштетүү менен колдонууну камсыз кылган-рециркуляция эсептелет.  Зыяндуу таштандылардын санын минимумга чейин кыскартуу жана алардын айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизүүнү төмөндөтүү боюнча иш-аракеттердин жыйындысына төмөнкүлөр кирет:  өндүрүштүк таштандыларды кайра иштетүү менен экинчилик материалдык ресурстарды алуунун системасын иштеп чыгуу;  өндүрүштөн чыккан агын сууларды тазалоонун негизинде суунун туюк айлануу жана агын суу чыкпаган технологияларды иштеп чыгуу;  продукциянын кайталап иштетүү талаптарын эске алуу менен жаңы түрлөрүн чыгаруу жана түзүү;  өндүрүштө таштандыларды пайда кылуучу технологиялык баскычтарды кыскартуу же алып салуу менен жаңы принципиалдуу процесстерди иштеп чыгуу;