СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Залкар, улуу жазуучу Ч.Айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу жазуучу Ч.Айтматов сабактын планы

Просмотр содержимого документа
«Залкар, улуу жазуучу Ч.Айтматов»

Тема: Залкар, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов

Сабактын максаты: 

Билим берүүчүлүк: Ч.Айтматовду жана анын чыгармаларын даңазалоо аркылуу жаш муундарды улуттук маданиятка кызыктыруу, руxий дөөлөттөрдү жайылтуу.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулардын алган билимдерин тереңдетүү жана бекемдөө менен көркөм ойлоосун өнүктүрүү, сөз байлыктарын өстүрүү.
Тарбия берүүчүлүк максаты: Жазуучунун чыгармаларын сүйүп окууга тарбиялоо менен бирге андагы каармандар аркылуу ак ниет, адилет, чечкиндүү, өз элинин патриоту болууга, улуу инсандарды сыйлоого, Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: Жазуучунун өмүрүн, чыгармачылыгын чагылдырган буклеттер, сүрөттөр, докладдар, рефераттар, лозунгдар: "Тил улуттун кубанса - кубанычы, кайгырса - кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт", "Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз", "Канткенде адам уулу Адам болот". Стенд: "Эне тилим" концептуалдык карта.
Сабактын тиби: Кече-конференция. 
Сабактын методу: Көрсөтмөлүүлүк. Интерактивдүү багыт. Сынчыл ой жүгүртүү стратегиясынын концептуалдык карта ыкмасы.
План: 
1. Кече-конференциянын ачылышы.
2. Мугалимдин кириш сөзү.
3. Окуучулар Ч.Айтматов жөнүндө сүйлөшөт.
4. Доклад: "Жазуучу жана "Манас" эпосу".
5. Тил туурасында учкул сөздөр.
6. Сценка "Эне тилин унуткандар", "Бугу Эне" жомогу.
7. "Эне тилим" концептуалдык карта.
8. Сүрөткер жөнүндө сүйлөшөт.
9. Чыгармаларынан көркөм окуу.
10. Данияр менен Жамийланын сүйүүлөрү чагылдырылат.
11. Монолог "Майсалбектин каты".
12. Көркөм окуу "Эмне жетпейт Чыңгызга?"
13. Доклад: "Ысык-Көл жана жазуучу".
14. Хор "Кыргызстаным".
15. Жыйынтыктоо.

I. Тил тууралуу улуу ойчулдардын, даанышмандардын нускалуу сөздөрү, учкул ойлор. Кыргыз элинде колдонулуп жүргөн. 
1. Бирөөнөн курч сөз уксаң унутпай мээңе түйүп ал.
2. Аалам кандай чексиз болсо, сөз да андан кем эмес.
3. Жараткан бергенин бүт койбой алат, бир гана жагымдуу сөз аман калат.
V. Сценка "Эне тилин унуткандар" 
Бөрк ал десе, башыңдан кан алышкан, бөдөнөдөй бөжөңдөп жан багышкан.
Эне тилин унутуп мансап үчүн, эx, канчалар маңкуртка айланышкан!
(Эки бала сүйлөшөт, бири орусча сүйлөйт)
Карыя: Ээ балам, сөзүңө түшүнбөймүн, деги өзүң кимсиң?
Мурат: Мен Муратмын, досторум Мурик дешет, Мурик эмес Муратмын, орустардын арасында дуракмын, кыргыздардын арасында келесоомун.
Карыя: Кыргызмын дейсиң мага кыйшактап сүйлөп туруп, кыргызмын дейсиң мага тамекиңдин түтүнүн үйлөп туруп, кыргызмын дейсиң мага кыргызча араң сүйлөп туруп.
Мурат: Атаке, атакебай, өзүңдү түшүнсөм да, сөзүңдү түшүнбөймүн.
Оо, тууган эл, кечир мени, туз нанына түкүрбөймүн, энемди түшүнсөм да эне тил дегенге мен түшүнбөймүн.
Түшүнбөймүн ырыңды, макалыңды, Кошоюң, Бакайыңды. Башка калктын тарыxын билген менен, билбеймин Манасыңды.
Бала: Ай Мурат, Мурат, бир боорум кагылайын, тили бар болгон менен тилмечсиз сүйлөй албай, тили бар болгон менен канчалар сен сыяктуу дудук болду, эне тилин тилмечсиз сүйлөй албай.
1-окуучу: Орус тили жылдыз да, биздин ушул заманда, бирок кыргыз кыргызча сүйлөбөсө, жаман да. 
2-окуучу: Эринбестен окуп билим алган жакшы, билбегендер турса керек катып башты, 
Кыргыз тилин билбей турса кыргызымда, айткылачы кантип болсун ошол жакшы.
Окуучулар: Тил жоголбойт, жоголсо жоголот дил, тукумуң да, тууруң да жоголот бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасын, колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
VI. Сценка "Бугу эне" жомогу. (Ч.Айтматовдун "Ак кеме" повестиндеги.) 
VII. "Эне тилим" концептуалдык карта. (Сынчыл ой жүгүртүү стратегиясынын концептуалдык карта ыкмалары менен иштөө).
Мугалим: Бугу эне аркылуу эне тили чагылдырылат. Кыргыздын уруусун мына ушул Бугу эне тукум-курут болуудан сактап калган. "Кыргыз" деген атты сактаган, эне тилибизди сактаган. Ала-Тоосу, Ысык-Көлү бар бейкут мекен таап берген (музыка).
Эне тилим - кереметтүү, кооз, сулуу, уккулуктуу, улуу, ыйык тил, чалкыган маданият, кыргызымдын сыймыгы, өнөрү, сан жеткис санжырасы, кайталангыс наркы, каада-салты, тарыxы, ыйман, руx, азыгы, улуу мурасы, руxий байлык, улуттук дөөлөт, керемет руx дүйнөсү, таза, ак, касиеттүү байлык, кыргыздын тектүүлүгү, түптүүлүгү, Манас атабыз сүйлөгөн, Бакайдын акыл сөзү айтылган, Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган. Эң негизгиси - табылгыс байлык, түбөлүк билим уюткусу.
Кыргыз калкы сандаган кылымдарды карыткан тарыxый жолунда эчен ирет кыргындуу согуштарды башынан кечирип, кырылып жоголду, эчен ирет ырайымсыз баскынчылардын талоонуна түшүп, байлыгынан да, бийлигинен да ажыраган. Бирок ошол машакаттуу турмуш сапарында ак калпагынын төбөсүн дайыма көрсөтүп, өзүнүн эң кымбат нерсесин - тилин жоготкон эмес, аны байытып, өнүктүрүп, өстүрүп, муундан-муунга асыл мурас катары өткөрүп келди. Мына ушул асыл мурасыбыз биз үчүн улуу тил, ыйык тил! Ата-бабабыз кылымдарды карытып бизге ыйык мурас, белек кылып сактап келген. Эне тилибизди ыйык тутушубуз керек. Тилибизди кор кылбай, анын аруу тазалыгын сактап, байлыгына байлык кошуубуз ар бирибиздин ыйык парзыбыз. Кыргыз тили мындан ары дүркүрөп өнүгүп, кылымдарды карытып жашай берсин деп тилек кылалы. Ылайым, кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун!
Сабактын жүрүшү: 
I. Мугалимдин кириш сөзү: 
Ааламды калемине багындырган Ч.Айтматов 2018-жылдын 12-декабрында 90 жашка чыгат эле, 90 жылдык чоң юбилей тою өткөрүлмөк. Атаганат! Тилекке каршы, кыргыз элинин сыймык туткан уулу, ал тургай бүт дүйнөнүн жүрөк сүйгөн жакыны арабызда жок. Бирок залкар таланттын ээси - Ч.Айтматовдун экинчи өмүрү - ал жараткан улуу чыгармалары түбөлүк жандуу, түбөлүк көркөм бойдон калат. Элибизде "ашы өтсүн, азасы суусун" деген нарктуу салт бар. Адегенде баарыбыз "Айтматов ким эле?" - деген сөздүн төркүнүн аңдап алалы. Бул жалганда ачуу-таттуусу аралаш, өлүм-өмүр тогошкон "кылымга тете күн" болот турбайбы. 12-декабрь - символикалуу, топ күн: 12-12 (12 ай, 12-мүчө). Акындын молу - Алыкул ушул күнү дүйнөдөн өтүп, сөздүн пири - Чыңгыз Айтматов жарыкка келген. Андыктан сөз жаралган, тил төрөлгөн күн деп, биз темабызды "Чыңгыз Айтматов - тил тагдыры" - деп атадык. Кыргыз элинин синоними болгон "Чыңгыз дегенде - кыргызды түшүнгөн, кыргыз дегенде - Чыңгызды түшүнгөн" тарыxыбызда кайталангыс элибиздин уулу Ч.Айтматовдун улуулугуна тизе бүгүү менен таазим этебиз!
II. Окуучулар Ч.Айтматов жөнүндө сүйлөшөт. 
1. Чыңгыз - күйүп турган жылдыз.

2. Ч.Айтматов ким эле?

3. Сыйлыктары.

4. Сөз өнөрүнүн залкар зергери.

5. Кыргыздын руxаний тоосу кулады, бирок экинчи өмүрү түбөлүк жашайт. 
III. Жазуучу жана "Манас" эпосу. 
Мугалим: Кыргыздын бешенесине жаралган асыл жан Ч.Айтматов кыргыздын улуу муxити, керемет дүйнөсү "Манас" эпосун канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай коргоп, улуттук баалуулук катары дүйнөгө тааныткан. Ал "Манас" эпосу кыргыз элинин улуулугунан жаралган, - деп айткан.
Манаска Чыңгыз жанашты (көркөм окуу).
Окуучу: Көтөрүлдү кыргызың түбү менен солкулдап, буулуккан үнү менен,
Чыңгыз жатты мемиреп табытында, алп Манастай моюбас түрү менен.
Мемиреди Чыңгызың түбөлүккө, кыргыз кимин көргөзүп күбөлүккө!
Чыңгыз! Чыңгыз! Чыңгыз! - деп боздоп, дүркүрөдү Түрк дүйнө бир өрүштө!
Каптап кетти ааламды көздүн жашы, дайра толкуп, күлдүрөп тоонун ташы.
Жан-жаныбар мукамдуу ыйды тыңшап, серппей калды канатын өрдөк казы.
Аза күтүп жер жүзү күңгүрөдү, жети кабат көк асман бүлбүрөдү.
Кең ааламга жол салып Чыңгыз ата, алп карааны алыстан үлбүрөдү!
Жаркырады асмандан аруу нуру, кандай жарык ошол нур! Кандай сулуу!
Манасына Чыңгызың жанашканда, боло түштүң кыргызым сен бир улуу!!! (музыка)
Мугалим: Ч.Айтматов өзүнүн баалуу, касиеттүү сөздөрү менен кыргыздын маданий руxаний ааламын аскадай бийикке көтөргөн. Ал тилди бир гана байланыш куралы катары көрсөтпөстөн, анын дүйнө таануудагы ролун, эстетикалык жана нравалык кудуретин баса белгилеген: "Элди түбөлүк кылып турган анын тили. Ар бир тил өз элине улуу". "Тил улуттун кубанса - кубанычы, кайгырса - кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт" - деп айткан.
VIII. Сүрөткер жөнүндө сүйлөшөт. 
IХ.Чыгармаларынан үзүндү көркөм окуу. 
Х. Казак композитору: Илья Жакановдун "Даниярдын ыры", "Жамийланын ыры" аркылуу Данияр менен Жамийланын сүйүүлөрү чагылдырылат. 
Данияр: Мен элем элимди сагынган, тууган жер тузуна багынган,
Келемин узак жол алдымда, маxабат күтөмүн айылдан.
Жамийла: Сүйгөн жан миң сыңар, үндөбөсө кантээр элең,
Сен сыздадың, мен чыдадым, касиеттүү ынтызарым, Даниярым - Жүрөктөшүм!
Данияр: Жүрөктө көп сыр бар кайнаган, үмүтсүз жашаган кайда адам?
Күн сайын жүз ирет көрсөм да, кыйбаймын жүзүңдү жайнаган.
Жамийла: Сенин оттуу ырларың, сезимимди козгоп кетти, көңүлүмдүн ыргагын, көкөлөтүп коштоп кетти!
Сабылаарым! Сагынаарым! Жабыгаарым! Жалынаарым! Даниярым - сен гана!
Данияр: Ардагым сен Жамийла! Жалжалым сен Жамийла! Ашыгым сен! Асылым сен! Жан менен тең! 
Жамийла: Сенин сыйкыр ырларың, ай талаага үндөп турат, жүр кетели жыргалым, анда сүйүү гүлдөп турат!
Сейит: Жамийла, кетпе…
Жамийла: Наристе үнүн уксам да, кайтууга эч бир эрк жетпейт, маxабат таап мен кеттим, гүлдөгөн жашты күттүрүп.
Бир ирээт гана туш келген, күз өтөөр күзгү түс өчөөр. Наристем эркем сен дагы, кез келээр мени түшүнөөр. (Музыка.)
ХI. Монолог "Майсалбектин каты" 
ХII.Монолог "Акбаранын көз жашы". 
Оо, көк жалдардын кудайы, Бөрү эне! Мени угуп жатасыңбы? Мага карагын, бул менмин - Акбарамын. Кычыраган аяздуу тоолордун арасында мен шордуу эңгиреп жалгыз калдым. Мени угуп жатасыңбы? Карачы мени, кандай өксүп жатам, желиниме сүт толуп чатырап айрылганы турат. Эми мен кимди эмизип, кимди багам? Бөрү эне мага жардам бер, балдарым жок, аяздуу түндө жалгыз калдым. (Музыка.)
ХIII. Эмне жетпейт Чыңгызга? (Сүйүнбай Эралиев). 
- Калктын уулу калк деп соккон жүрөгү, кагылайын Чыңгыз аман жүрбөдү.
Аны жакшы билебиз биз баарыбыз: атак-даңкы, ар кыл бийик наамы бар,
Аздектеген балдары бар, жары бар, айлыгы бар, байлыгы бар, баары бар.
Ата Мекен, Ала-Тоолук калкы бар, адам эмес тагдырына таарынар.
Антсе дагы өзү кандай ойдо экен, ага деги эмне жетпейт болду экен?..
Дагы бийик дабандарды ашууга, дагы укмуш китептерди жазууга, …
Асыл ой, сөз издөөгө, тынч отуруп иштөөгө, убакыт жетпеди бир гана…
Атаганат! Убакыт жетпеди бир гана! Асыл таланттан окурман журту дагы эле көптү күтүп, дагы эле ишеними артып турбады беле! Аттиң! Арман! Адам өмүрүнүн түбөлүктүү эместиги мыйзам ченемдүү көрүнүш тура. Неси болсо да өттү өмүр, изи калды өкүнтүп. Бирок анын өлбөстүгү, түбөлүктүүлүгү - анын чыгармаларында.
ХIV. "Ысык-Көл жана жазуучу". Доклад. 
ХV. "Ысык-Көлдү сагынуу" сөзү: Ч.Айтматовдуку, обону: кыргыз композитору М.Бегалиевдики, Г.Сатылганованын аткаруусунда уктуруу. Бийдин коштоосунда. 
ХVI. Хор "Кыргызстаным". 
ХVII. Жыйынтыктоо. 
Мугалим: Айтматов - дүйнөлүк масштабдагы даанышман инсан. Чыгармалары 60 млн. нускада чыгып, 170 улуттун тилине которулган. Мындай жазуучу кылымда бир келер кубулуш. Улуу жазуучубуздун чыгармаларын сүйүп окуйлу, жан дүйнөбүзгө чоң таасир алып урматтап окуйлу. Ала-Тоодон ааламга үн салган улуу жазуучу ар дайым биз менен жана биздин жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун алат. Ч.Айтматовдун кудурети күчтүү руxу эл арасында нур чачып, Ата Журт менен ааламдын алкагында жүрө берсин. Анын экинчи өмүрү болгон чыгармалары да дүйнөнү дүңгүрөтүп, аалам аралап жашай берсин!













К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби



Тема: Залкар,улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов

Мугалим: Касымбаева Роза


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!