6 мин 3мин | Жагымдуу маанай Азыркы учурда баарыбыз Whatsapp колдонуп жүрөбүз. Ар кандай быйтыкчалар , сүрөттөр аркылуу да оюбузду билдиребиз. Анда бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулайлык. -Демек, сүйлөшпөй таарынышып калгандар, көптөн бери туугандар кабар ала электер жагымдуу маанай тартуулоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ата-энелер улантышат. Сабактын максаты менен таанышуу -Бүгүнкү сабактан эмнелерди күтөсүздөр? Тема, максат тааныштырылат. | Быйтыкчаларды алып, жагымдуу сөздөрдү айтышат. Тема, максатты аныкташат. | |
5мин | Жаңы тема: Азыркы кездеги байланыш каражаттарынын өнүгүшү. Адам жана информатика Мугалим айтып берет. Проектр менен слайд көрсөтөт. Байланыш каражаттары БҮГҮНКҮ күндө уюлдук телефон, СМС билдирүү, чат, электрондук билдирүү, коомдук Интернет тармактары сыяктуу байланыш каражаттары болуп көрбөгөндөй кеңири таралууда.Заманбап байланыш каражаттары. Мобильдик байланыш, телекорсотуу, радио, телефон, интернетИнтернет. Бүткүл дүйнөлүк телекоммуникация тармагы. Анын жардамы менен ар кандай форматтагы билдирүүлөрдү, маалыматты сактоону жана алмашууну ишке ашырса болот. Ошондой эле түрдүү кызыкчылыктар менен бириккен адамдардын виртуалдуу байланыш айдыңы.Бул максатты ишке ашыруу үчүн социалдык тармактар, тиркемелер, сайттар кызмат кылышат.Интернетти бүткүл дүйнөлүк желе деп атап коюшат , интернеттен ар кандай маалыматтарды билип алса болотWhatsApp, Facebook Messenger жана Facebook дүйнөдө эң көп колдонулган үч тиркеме. Бирок булардан да көбү бар. Дүйнөлүк деңгээлде 2018-жылы 194 милиард жолу түшүрүлгөн тиркемелерге колдонуучулар 90 миллиард евродон ашык акча төлөгөн.Акылуу тиркеме жана абоненттерди маанилүү киреше булактарына айлантты.Дубай өкмөтү чыгарган “Dubai Now” аттуу тиркеме колдонуучуларга 22 мамлекеттик департаменттен 50дөн ашык кызмат көрсөтөт.2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяландыСанарип - бул маалыматтардын электрондук форматы. Башкача айтканда, кандай гана маалымат болбосун аларды чектелүү сандагы ариптердин (символдордун) жардамы менен туюнтуу дегенди билдирет.Санариптештирүү - бул маалыматтарды электрондук форматка өткөрүү, же жалпак тил менен айтканда, маалыматтарды сактоо, ирээттөө, эсептөө, алмашуу жана көбөйтүп таркатууну жеңилдетүү, тездетүү үчүн аларды компьютердин "тилине" өткөрүү дегенди билдирет. ж.б | Ата-энелер угушат. Слайд көрүшөт. Ата-энелерден анкета алынат. | Түстүү сүрөттөр. А4 кагазы. Проектр |
10 мин | Талкуу жүргүзүү Мугалим сүрөттөрдү берет. Ар бир топ алып суроолорго жооп беришет. Практикада көрсөтүп бере аласызбы? Ролдоштуруп жиберүүгө да болот. | -Азыркы кездеги байланыш каражаттары эмне кызмат аткарат? -Бул байланыштын кайсы түрүн, кантип колдоносуз? -Сизге байланыш каражаттары кандай жардам берди? | А4 кагазы. Флипчарт. Калемсап. Гүл кагазы. |
10 мин | Топто иштөө 3 топко бөлүнүшөт -Байланыш каражаттарын мага зарылдыгы деле жок дегендер 1-топко -Байланыш каражаттарынын зыяны да бар дегенедер 2-топко -Байланыш каражаттарынын коп артыкчылыктары бар дегендер 3-топко отуруп берсеңиздер Топторго карточка берилет. Тема боюнча топто иштеп, жактап беришет. Бул учурда мугалим интернеттен маалымат карап, сүрөт чыгарат. | 1-топ Заманбап байланыш каражаттары деген эмне? 2-топ Байланыш каражаттарын колдонуунун зыяны 2-топ Байланыш каражаттарын мааниси жана артыкчылыктары Презентация | Батман. Маркер |
5 мин | Кайтарым байланыш -Сабакта койгон максатыбызга жеттикпи? Баалоо -Мен бүгүнкү сабактан эмнени ала алдым? Гүлдөргө оз оюн жазып чапташат. | Оозеки -Сабакка келип, ата-энелер активдүү катышып, мыкты ойлорун айтып бергениңиздер үчүн чон рахмат. Балага кайдыгер эмес, жоопкерчиликт ата-энелер дайыма келип турушат.( кол чабуу) Кийинки сабакка дагы окуучулар менен бирдикте иш –чара өткөрөбүз десениздер мен дайыма даярмын. Азыркы учурда эң жогорку инвестция-бул балага жумшалган инвентция. Ошондуктан балдар үчүн эч тажабайлы, эч чарчабайлы. Балдар биздин келечегибиз! | Макалдар. Сүрөттөр. Калемсап. Гүл кагазы. |