СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Заманбап мугалим

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Заманбап мугалим»

Ош шаарындагы Курманжан Датка лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургүлдүн учурдагы кырдаалга карата ой толгоолору

Өлкөбүздү бүтүндөй дистанттык окуу кызуу жүрүп жаткан убак. Мурун ата-энелер телефонуңду коюп сабак оку дешчүү, азыр телефонуңду ал да сабак оку деп калды. Муну менен эмнени айткым келип турат, бардык нерсени оң тарапка буруп колдонсо боло тургандыгын. Өлкөбүздө 2 жылдан бери санариптештирүү жылы болгондугуна карабастан кыргызча сабактарды, маалыматтарды лупа менен издесек да табылчуу эмес эле. Мына азыр мугалимдер жекече “Youtube” каналдарын ачып кыргызча сабактарды түрдүүчө жасап жүктөп жатышат. Көрсө, кыргызча маалыматтар жок эмес, техниканы билбегендиктен, мугалимдердин сандыгында сакталып жаткан экен. Акыркы бир ай ичинде түрдүүчү сабактарды, тээ Чаткалдын төрүндө олтуруп, борбордо иштеген мугалимдин сабагын көрүп, андан ар кандай интерактивдүү усулдарын үйрөнүп жаткандыгына күбө болуудабыз. Кыргызда: “Бала ыйлабаса эмчек кайда” деген сөз бекер айтылбаган экен. Негизи эле муктаждык, зарылчылык, “ташты да талкан кылат” дешет эмеспи.

“Муну мындай таштайлы да, Манасты айтып баштайлы” дегендей. Жаш да болсом өз кесиптештерим, жалпы эле коомчулук менен “Дистанттык билим берүүнүн ” күңгөй-тескейлери тууралуу ой бөлүшүүнү туура деп чечтим. Албетте аралыктан окутутууда Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги Орто Азиядагы кээ бир өнүккөн өлкөлөр жолго сала албай жаткан ишти алгачкылардан болуп, өз убагында колго алып, Кыргызстандын булуң-бурчундагы окуучуларды окутуп, “Мegacom”, Beeline”, “O!” мобильдик байланыш түйүндөрү менен келишип, мугалимдерге, окуучуларга да акысыз колдонууну уюштуруу менен алда канча жардам берди. Кыргызстан элдеринин тең жарымы интернет тармагын акысыз иштетип калды десек да болот. Бул мактоого ала турган эң сонун көрүнүш. Ошол эле мезгилде мугалимдердин айлык акылары да толук сакталып жаткандыгы да жагымдуу жагдай.

Учурдан пайдаланып аралыктан окутуу да бир жыргаган, бир кыйналган мугалимдин жагдайын айтып өтөйүн. Анткени үйдө ата-эне бир баласына убагында телесабактарды көрсөтө албай, берилген тапшырмаларды аткара албай жатканда, бир мугалим, ушул эле мезгилде:

  • Үйүндөгү баласынын тапшырмасын аткартып;

  • Үй жумуштарын аткарып;

  • Окуучулар менен онлайн байланышта болуп жаткан убак.

Далил менен көрсөтө кетсем. Эгерде бир мугалимдин 20 сааты болсо, 6 класста сабагы болот деген сөз (бул кыргыз тилчилердин мисалында), 6 класста 30дан окуучу болгондо да, 1күндө 180 окуучунун тапшырмасын текшерип, баасын коюп жөнөтүп жатат. Ар бир класстын тапшырмасын 1 саатан текшергенде деле бир күн кечке телефон колунан түшпөй, компьютер, ноутбугун кучактап уктап, кайра кучактап ойгонуп жатат деген сөз. Албетте программаларды өздөштүрө албаган мугалим кайтарым байланыш жүргүзгөндө бир гана Whatsapp колдонуп, келген тапшырмаларды бирме бир текшерип, көзүнүн майы агып, 30 жыл иштеп кыйналбаган мугалим, 1 айда эле бир топ ден соолугун жоготуп жатат. Ушул жагдайда мугалимдин кадыры чын эле билинип, кээ бир ата-энелер соц тармактар аркылуу төмөнкүдөй ырларды жазып жатышат. Чүй районунун Кош-Коргон айлынын Туйту Каракеев мектебинин 2-классынын окуучусу Таалайбекова Раминанын чоң атасы төмөнкү ырды калтырган.

Ватсап жок, шартым жок деп жатып албай,

Изденишип биринен бири калбай,

Жалгыз үйдө түшүндүрүп сабак өттү,

Берилишип жандарында балдар бардай.


Ыраазымын булардын эмгегине,

Таң калдым үйдөн сабак бергенине.

Көрдүңөргө үйүңөрдө бала окутуп,

Жулунуп эми мектепке келбегиле. Демек, бул ырдан жыйынтык чыгарсак. Учурда баягы эле түшүнгөн ата-эне түшүнүп жатат, иштеген мугалим иштеп жатат, окуган окуучу окуп жатат деген сөз. Дагы эле окубаган окуучунун ата-энесинен арыз-муңдар айтылууда. Учурдагы кырдаал бардык эле мугалимдерге жеңил болуп жатат дегенден алыстамын. Бир топ мугалимдерибиз да кыйналып, түнү-күнү дебей үйрөнүп жатышат. Жогоруда кыйналган мугалим менен окуучунун жагдайы жөнүндө йтып өттүм.

Эми жыргаган мугалимдин жагдайын айтып өтөйүн. Көп программаны өздөштүргөн мугалим үчүн онлайн билим берүү, кайтарым байланыш жүргүзүү абдан жеңил болуп жатат. Мугалим тамчыдай билимди бериш үчүн, деңиздей билими болуш керек экендигин сокурда болсо көргүдөй, дүлөй да болсо уккудай кылып, учурдагы кырдаал көзүбүзгө сая көрсөттү. Айтоор жолдошум да IT тармагында иштеген үчүнбү, же “Санарип мугалим” сынагына катышканым үчүнбү, же биздин лицейде эрте эле электрондук EduPage журналып колдонобузгабы, эмнеси болсо да мен үчүн онлайн билим берүү, дистанттык окутуу абдан эле жеңил болуп жатат. Кааласам Whatsapp, Youtube, Zoom Cloud Meetings, EduPage, Мульти урок ж.б колдонуп жеңил жана окуучуларыма жугумдуу сабак өтүп жатам. Убактым да бир канчага үнөмдөлдү, чарчоом да азыраак. Учурдан пайдаланып кээ бир аттуу баштууларыбыз кагазга ороп, “Уятыбыз чыкмай болдуго”, “Өкмөт жакшы иштесе, мугалимдердин көбү аз эле айлык менен иштеп калмак” деген пикирлерине жооп кайтарып ушул макаланы жазып жатам. Кыргызда: “Кой аксагы менен миң”, - деп коёт. Министрлик аралыктан окутпаган учурда да биздин ички даярдыгыбыз бар болчуу. 2019-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрель айына чейин Кыргызстанда “Санарип мугалим” сынагын IT тармагында иштеген Асылбек Мадалиев деген жигитибиз Кыргызстандын булуң бурчундагы идиреги бар мугалимдердин башын бириктирип төмөнкү жазган программа, сайттар менен иштөөнү жолго салып үйрөтүп койгон эле. Бул үйрөнгөндөр албетте, өлкөбүздүн 30% түзөт десем болот. (Албетте катышуучулар жаш мугалимдер эле) М:

Canva тиркемесинде ар кандай сертификат, грамота, чакыруу кагазын, резюме жасоону;

Мульти урок сайтында өздүк сайт ачып, онлайн тестерди түзгөндү;

Сооgle classroom да онлайн сабак өтүп, окуучуларга тапшырма берип, жоопторун алып баалоону;

Сооgle Hangouts тиркемесинде видеоконференцияларды өткөрүүнү;

Сооgle сервизтен аккаунт ачууну;

Сооgle диск менен иштөөнү;

Сооgle формасында заматта онлайн тест алып, жообун алууну;

Сооgle go тиркемесинен картинка, gif аркылуу издөөнү, котормо кызматтарын пайдаланууну;

Youtube видео скачать эткенди,

Youtube каналын ачууну;

Youtube каналына видео жүктөөнү;

Video Scribe сүрөттөр менен презентация жасоону;

QR жасап, шилтемелерди кыскартууну;

Zip grade тиркемесинде сабак учурунда тесттерди бат текшерүүнү;

Kahoot програмасында онлайн тест өткөрүүнү;

Zoom Cloud Meetings тиркемесинде окуучулар менен аралыктан сабак өтүүнү;

Bandicam програмасы менен жасаган слайдды видеого айлантып, үн берип жаздырууну;

Free cam 8 программасында да жасалган сабактарды видеосакка айландырып үн жаздырууну, видео кошууну үйрөттү. Чынында Вольтер айткандай: “Мамлектти куткаруу үчүн бир улуу инсан жетиштүү” деген сөзүн Асылбек Мадалиев тастыктай алды. Анткени министрлик, мамлекет жадакалса жогорку окуу жайлар 5 жылдап үйрөтө албаган, бере албаган билимди берди. Жыйынтыктап жатып кесиптештериме жана министрликке бир катар сунуштарды бермекчимин.

Кесиптешиме кыскача кеңеш:

  1. Педагогикалык, кесиптик, техникалык билимиңизди жогорулатыңыз;

  2. Англис, орус тилдерин үйрөнүңүз (анткени техниканын өздөштүрүүдө абдан зарыл);

  3. Көп китеп окуңуз;

  4. Видеосабактарды тартып Youtube ка жүктөөнү токтотпоңуз(Youtube ка видео жүктөөдө, шрифти Times new roman менен жазууну, грамматикалык ката кетирбөөнү, ар кандай символдорду коюда Provel ди басууну, фонго жазууда туура түстү колдонууну, так маалыматтарды илимге таянып жазууну, тартылган видео сабакты Youtube ка жүктөп, ссылка аркылуу бөлүшүүнү суранам );

  5. Өз кесибиңизге байланыштуу кандай гана семинар, сынак болбосун катышууну.

Министрликке сунуш:

  1. Жаңы окуу жылында бирдиктүү календарный планга өтүүнү;

  2. Эскирген китептерди заманга ылайыктап кызыктуу кылып жаңылоону (Анткени адабияттагы кээ бир чыгармаларды окуучу такыр эле уккусу келбейт. Фантастикалык, азыркы заманга ылайык чыгармалар , азыркы акындардын ырлары кошулса);

  3. Жаш кадрларды иштетүүнүн аллтернативдүү пландарын түзүп, жаш кадрларды колдоого алууну;

  4. Академиялык билим берүү процесин 30 жылдан бери башыбыздан кечирип келе жатабыз, жыйынтыгы кандай болуп жатканы баарыбызга маалым, жаңы министрден ишеничибиз чоң ошондуктан процедуралык билим берүүнүн жолдорун иштеп, өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында ишке ашырууну;

  5. EduPage электрондук журналга токтоосуз өтүүнү сунуштамакчымын.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!