СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Заманбап мугалим кароо сынагынын жобосу

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

сынактын жобосу

Просмотр содержимого документа
«Заманбап мугалим кароо сынагынын жобосу»


“БИЛИМ АЗЫГЫ” мугалимдер

коомдук бирикмесинин жетекчиси

__________________ А. Атабекова

______”______________2022-жыл



«Заманбап мугалим–2022» кароо-сынагынын

ЖОБОСУ

  1. Жалпы Жобо



«Заманбап мугалим» сынагы мектептик билим-берүү системасынын мугалимдерин кесиптик, социалдык-экономикалык жана моралдык жактан колдоого багытталган 2 жылда

бир жолу өткөрүлүүчү салттуу педагогикалык кесиптик кароо-сынак (мындан ары сынак)

болуп саналат.



  1. Сынактын максаттары



2.1. Билим берүүнүн мазмунун жаңылоонун негизи катары мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү;

2.2. Билим берүүдөгү жаңы технологияларды колдоо;

2.3. Педагогикалык ишмердүүлүккө чыгырмачылык менен мамиле жасаган, таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо көрсөтүү;

2.4. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды табуу, жайылтуу жана алдыңкы тажрыйбалардын бирдиктүү базасын түзүү;

    1. Педагогдордун өз ара кызматташуу, баарлашуу чөйрөсүн кеңейтүү;

    2. Мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү менен коомдук аң-сезимде анын позитивдүү образынын калыптануусуна таасир этүү ;

    3. Мектептик билим берүү системасынын мугалимдерине моралдык, социалдык жана материалдык колдоолорду көрсөтүүлөр аркылуу чыгармачылык дем берүү;

    4. Мугалимдердин чыгармачыл эс алуусуна багытталган түрдүү иш чараларды, кесиптик өнүгүүгө багытталган саякаттарды уюштуруу жана ден-соолугун чыңдоосуна шарт түзүү;

3. Сынактын катышуучулары



3.1. Сынакка Ош шаарындагы, Ош, Баткен, Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик мектептик билим берүүчү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлери катыша алышат;

3.2. Талапкер эң кеминде санариптик билимдин жөнөкөй деңгээлиндеги сабаттуулукка ээ болушу керек;

3.3. Талапкерлердин педагогикалык стажы каралбайт. Бардык мугалим катыша алат.

3.4. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер тиешелүү анкетаны Google форма аркылуу толтуруп каттоодон өтүшөт.

3.5. Каттоодон өтүү акысы 300 (үч жүз) сом. Төлөм 0552858551 номерине Элсом электрондук капчык (кошелек) аркылуу төлөнүшү шарт. Төлөнгөн акчанын дүмүрчөгүн (квитанциясын) 0552858551 ватсап аркылуу же телеграм-группага аты-жөнүңүздү жазып жиберүүңүз зарыл.

Каттоо мөөнөтү: 2022-жылдын 14-мартынан 31-мартына чейин.



4. Сынакты уюштуруп өткөрүү тартиби



4.1. Сынакты “БИЛИМ АЗЫГЫ” мугалимдердин коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн Уюштуруу Комитети (УК) ушул Жобонун талаптарына ылайык уюштуруп өткөрөт;

4.2. Сынакты уюштуруп өткөрүүгө байланышкан бардык маселелер УКнын отурумдарында талкууланып, коллегиалдуу чечим аркылуу чечилет;

4.3. УК зарылчылыкка жараша сынактын белгиленген мөөнөттөрдө, уюшкандыкта, ыкчам жана сапаттуу өткөрүү максатында өз отурумунда аныкталган тартипке ылайык аймактар боюнча өз-өзүнчө убактылуу уюштуруу топторун түзө алат.

4.4. 4.3. Сынактын уюшкандыкта жана ушул Жободо белгиленген эрежелерди, шарттарды толук жана кыйшаюусуз сактап, бекем тартипте өтүүсүн камсыздоо үчүн УК катышуучулар үчүн сынактын этаптарында өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин иштеп чыгып, бекитет.



4.1 Сынактын этаптары



4.1. Талапкерлерди тандоо этабы (биринчи баскыч). “Диагностикалык тестирлөө”



4.1.1. Талапкерлерлердин Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү системасынын укуктук-ченемдик негизи боюнча билимдерин аныктоо. Бул баскычта талапкерлер онлайн форматта 30 тесттик тапшырмага жооп беришет.

4.1.2. Бул тапшырманы аткаруу үчүн бардык областтардан катышуучу талапкерлер үчүн бирдей убакыт берилет (80 минута).

4.1.3. Кийинки баскычка тапшырмалардын үчтөн биринен (10дон) жогорку туура жоопту белгилеген талапкерлер өтө алышат. Ар бир туура жооп 1 упай катары эсептелет.

4.1.4. Талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды аткаруу бардык аймактар үчүн бир күндө жана бир убакытта жүргүзүлөт.

4.1.5. Бул баскычка талапкерлер сынакка каттоодон өтүп жаткандагы төлөнгөн акынын негизинде катыша алышат.

Бул сумма талапкерлер үчүн онлайн форматтагы окуу тренингдерине катышууга уруксат берүүчү сертификаттар, жана сынакка катышкандыгын тастыктаган дипломдор катары кайтарылат.

4.1.6. Окуу тренингдеринин түрүн талапкерлер өздөрү тандашат.

4.1.7. Сертификаттар бул баскычка катышкан бардык талапкерлер үчүн топтогон упайларынын санына карабай ыйгарылат.

4.1.8. Сынакка катышуу үчүн катталуу акысын талапкелер катталганга чейин жүргүзүшөт.

4.1.9. Акы төлөөнү жүргүзбөгөн талапкерлердин тесттик тапшырмаларынын жыйынтыктары каралбайт.

Өтүү мөөнөтү: 2022-жылдын апрель айы ичинде (так дата УК тарабынан бардык катышуучуларга алдын ала кабарланат).



4.2. Экинчи баскыч. “Негизги тестирлөө”



4.2.1. Педагогика, психология, методика жана кесиптик түрдүү маселелер багытындагы суроолордон түзүлгөн тесттик тапшырмалар аркылуу талапкерлердин кесиптик билимдерин аныктоо. Бул баскычта талапкерлер онлайн форматта 50 тесттик тапшырмага жооп беришет.

4.2.2. Бул тапшырманы аткаруу үчүн бардык областтардан катышуучу талапкерлер үчүн бирдей убакыт берилет (90 минута).

4.2.3. Талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды аткаруу бардык аймактар үчүн бир күндө жана бир убакытта жүргүзүлөт.

4.2.4. Бул баскычка талапкерлер акы төлөө негизинде катыша алышат. Төлөнүүчү акынын көлөмү 2000 (эки миң) сом. Төлөм 0552858551номерине Элсом электрондук капчык (кошелек) аркылуу төлөнүшү шарт. Төлөнгөн акчанын дүмүрчөгүн (квитанциясын) 0552858551 ватсап аркылуу-аты жөнүңүздү жазып жиберүүңүз зарыл.

Бул сумма талапкерлер үчүн онлайн форматтагы окуу тренингдерине катышууга уруксат берүүчү сертификаттар, сынактын катышуучусунун төш белгиси, сынакка катышкандыгын тастыктаган дипломдор жана эстелик белектер катары кайтарылат. Окуу-тренингдеринин саны жана түрү биринчи баскычка караганда көбөйөт. Окуу тренингдеринин түрүн талапкерлер өздөрү тандашат.

4.2.6 Акы төлөөнү жүргүзбөгөн талапкерлердин тесттик тапшырмаларынын жыйынтыктары каралбайт.

Өтүү мөөнөтү: апрель айы ичинде (так дата УК тарабынан бардык катышуучуларга алдын ала кабарланат).



5. Үчүнчү этап - Аймактык баскыч. “Мугалимдин сабагы”



    1. Талапкерлердин өз предмети/предметтери боюнча УК тарабынан аныкталган темада жана тапшырмада 5-10 мүнөттүк сабак өтүүсү.

    2. Бул баскыч аймактарда офлайн форматта өткөрүлөт.

    3. Катышкан талапкерлер үчүн онлайн/офлайн форматтагы окуу тренингдерине катышууга уруксат берүүчү сертификаттар, сынактын катышуучусунун төш белгиси, сынакка катышкандыгын тастыктаган дипломдор, эстелик белектер жана алдыңкы 100дүк үчүн аныкталган байге фондунан 70 талапкерге баалуу белектер катары кайтарылат. Окуу-тренингдеринин саны жана түрү биринчи, экинчи баскычка караганда көбөйөт. Окуу тренингдеринин түрүн талапкерлер өздөрү тандашат.

Өтүү мөөнөтү: 2-майдан 21-майга чейин, ар бир аймакка өз-өзүнчө график боюнча өткөрүлөт. Бул этап офлайн форматта аймактарда өткөрүлөт.



6. Төртүнчү баскыч. Финал



6.1. Бул баскычка 1-2-3-баскычтарынан ийгиликтүү өтүшкөн 30 талапкер катышышат.

6.2. Талапкерлер баскычтын ар бир тапшырмалары боюнча практикалык көндүмдөрүн көрсөтүшөт.

6.3. Бул этап аралаш форматта (онлайн, офлайн) жүргүзүлүп, офлайн бөлүгү Ош шаарында өткөрүлөт.

6.4. Финалдык баскычта талапкерлер төмөнкү тапшырмаларды аткарышат:

Зачеттук тур:

- Талапкердин өз предмети (сабак, сабактан тышкаркы иш чаралар, түрдүү сынактар) боюнча жетишкендиктерин камтыган презентациясынын видео-ролиги (3 минутага чейин);

- Көлөмү 3 минутадан ашык болгон иштер каралбайт.

Негизги тур:

- Талапкердин заманбап талаптарга ылайык жеке кесиптик өнүгүү планын түзө алуусу (онлайн);

- Талапкердин санариптик сабаттуулугу жана аралыктан окутуунун технологияларын колдоно алуу көндүмдөрүн аныктоочу тапшырмалар тобу (офлайн);

- Талапкердин билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын (мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты, предметтик стандарттар) талаптарына шайкеш окутуу максаттарын, максаттарды ишке ашыруучу усул-ыкмаларды жана компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар жана суроолорду аныктай алуусу (офлайн);

6.5. Тапшырмаларды аткаруунун түрү жана ар бир тапшырманы аткаруу үчүн бөлүнгөн убакыт УК тарабынан аныкталып, талапкерлерге алдын-ала кабарланат.

6.6. Талапкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө түрткү берүү жана финалдык баскычтын тапшырмаларын аткаруунун сапаттуулугун камсыздоо максатында бирдиктүү консультациялар берилет, Ошондой эле, талапкерлердин ишинин натыйжага багытталуусун камсыздоо үчүн ар бир баскычтагы баалоо критерийлери боюнча жалпы маалыматтар УК аныктаган мөөнөттө алдын-ала тааныштырылат.

Өтүү мөөнөтү: 23-майдан 10-июнга чейин. Бул этап офлайн форматта Ош шаарында өткөрүлөт.



7. Талапкерлердин ишмердүүлүгүн баалоо жана жеңүүчүлөрдү аныктоо



7.1. Талапкерлердин ишмердүүлүгүн баалоо үчүн УК тарабынан ар бир баскычка тиешелүү калыстар тобу түзүлөт.

7.2. Калыстар тобунун курамына мектептик билим берүү мекемелеринин, ЖОЖдордун, орто кесиптик окуу жайлардын, педагогикалык кесиптик чеберчиликти жогорулатуу структураларынын, билим берүүнүн аймактык башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, билим берүү тармагына тиешелүү фонддордун, долбоорлордун өкүлдөрү тартылат.

7.3. Калыстар тобунун курамы сынактын баскычтарындагы тапшырмалардын өзгөчөлүктөрүнө жана аларды баалоонун сапаттуулугун жана тактыгын камсыздоо максатында тиешелүү адистер менен толукталып турат.

7.4. Калыстар тобунун ишмердиги көз карандысыздык принцибинде, калыстар тобунун ар бир мүчөсүнүн өзгөчө пикирлерин эске алган коллегиалдуулук жана ачык-айкындуулук принциптерине негизделет.

7.5. Калыстар тобу жыйынтыктарды ушул жобонун тиешелүү пункттарынын жана талапкерлердин ишмердүүлүгүн баалоо боюнча аныкталган критерийлердин негизинде гана чыгарат.

7.6. Сынактын 1-баскычында ушул Жобонун 4.1.3-пунктуна ылайык тесттик тапшырмалардын үчтөн биринен (10дон) жогору туура жооп берген катышуучулар сынактын 2-баскычына өтө алышат. 1-баскычта талапкердин топтогон упайы кийинки баскычтарга кошулбайт.

7.7. Сынактын 2-баскычында да ушул Жобонун 4.2.4-пунктуна ылайык тесттик тапшырмалардын 80% жана андан жогору туура жооп берген катышуучулар сынактын 3-баскычына өтө алышат. 2-баскычта талапкердин топтогон упайы кийинки баскычтарга кошулбайт.

7.8. Сынактын 3-4-баскычтары үчүн УК тарабынан талапкерлердин ишмердүүлүгүн баалоонун критерийлер тобу иштелип чыгылат.

7.9. Бул критерийлер тобу сынактын кезектеги баскычы өткөрүлөөрдүн алдында УК аныктаган мөөнөттө талапкерлерге тааныштырылат.

7.10. Талапкерлердин сынактын 3-4-баскычтарында топтогон упайларынын жалпы саны боюнча баш байгенин, 1-2-3-орундардын жеңүүчүлөрү жана андан кийинки орундар аныкталат.

7.11. Сынактын 4-баскычынын катышуучулары үчүн УК жана калыстар тобунун биргелешкен чечими менен түрдүү номинациялар ыйгарылышы мүмкүн.



  1. Сынактын ачык-айкындуулугун камсыздоо



    1. Сынактын ачык айкындуулугун камсыздоо максатында талапкерлердин сынактык тапшырмаларды аткаруусуна жана калыстар тобунун ишмердигине тоскоолдук кылбагыдай шарттарда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө да сынактын жүрүшүн чагылдырууга уруксат берилет

    2. Мындан тышкары, сынактын ар бир баскычы өткөрүлүп жатканда жана жыйынтыктарды чыгарууда калыстар тобунун ишмердигине тоскоол болбой көз карандысыз байкоочулар байкоо жүргүзүүгө укуктуу.

    3. Көз карандысыз байкоочулардын курамына коомчулуктун, билим берүү системасынын, демөөрчүлөрдүн, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү катыша алышат.



  1. Сынактын уюштуруу, байге фонду жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо



    1. Сынактын байге фонду “БИЛИМ АЗЫГЫ” мугалимдердин коомдук бирикмесинин жеке каражаттарынын жана сынакты өткөрүүгө каржылык, материалдык колдоо көрсөткөн демөөрчүлөрдүн ыктыярдуу каражаттарынын эсебинен куралат.

    2. Сынактын талапкерлерине, сынактын баскычтарынан өткөн талапкерлерге жана жеңүүчүлөргө ыйгарылуучу сыйлыктардын түрүн жана көлөмүн УК аныктайт.

    3. Сынактын бардык катышуучуларына ыйгарылуучу сыйлыктардын номиналдык суммасы алар каттоодон өткөн номиналдык суммадан бир нече ирет жогору болот.

    4. Финалдык этаптын бардык катышуучулары офлайн форматтагы окуу тренингдерине катышууга уруксат берүүчү сертификаттар, сынактын катышуучусунун төш белгиси, сынактын финалдык баскычына катышкандыгын тастыктаган дипломдор, эстелик белектер, баалуу белектер жана ээлеген орундарына ылайык сынактын алдыңкы орундары үчүн белгиленген баш байгелер менен сыйланышат.

    5. 4-баскычка катышкан 30 (анын ичинде жеңүүчүлөрдү) жана 3-баскычка катышкан 70 талапкерди сыйлоо аземи салтанаттуу түрдө июнь айында өткөрүлөт.

    6. Сынакты уюштуруп өткөрүүгө байланышкан бардык каражаттар “БИЛИМ АЗЫГЫ” мугалимдердин коомдук бирикмесинин жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.



  1. Корутунду Жоболор



    1. Ушул Жободо көрсөтүлгөн сынактын баскычтарынын мөөнөттөрүн зарылчылыкка жараша өзгөртүү же кайра карап чыгуу УК тарабынан аныкталат жана катышуучуларга кабарланат.

    2. Кийинки сынактардын баскычтарынын мөөнөттөрү УК тарабынан сынактардын алдында аныкталат жана катышуучуларга кабарланат.

    3. Мугалими/мугалимдери алдыңкы 100дүк орундарды камсыздаган мектептерге библиотекалык фондун байытуу үчүн (окуу китептери, усулдук колодонмолор же адабий китептер катары) колдоо көрсөтүлөт.

    4. Сынактын ар бир баскычына каттоо зарылчылыгына жараша каттоонун жол-жобосун УК өз отурумдарында чечет.

    5. Зарыл учурларда Жобого “БИЛИМ АЗЫГЫ” мугалимдердин коомдук бирикмесинин жетекчилиги, УК тарабынан өзгөртүү жана толуктоолор киргизилет. Бул тууралуу катышуучуларга жана коомчулукка өз учурунда кабарланып турат.