Просмотр содержимого документа
«Заманыбыздын залкар уулу - Исхак Раззаков»
Искак Раззаков
Заманыбыздын залкар уулу болгон Искак Раззаковдун быйыл 115 жылдыгын жер жерлерде белгилеп атын өчүрбөй акыл насаатын, кылган эмгектерин жасаган жакшылыктарын муундарга, келечек жаштарга насаат үлгү катары унуттурбай айтылып келүүдө.
Раззаков 1910-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Коросон айылында жарык дүйнөгө келген. Бала чагында ата-энесин жоготуп, жетим калып, интернатта тарбияланган. Бирок ал оор жашоо шарттарына карабай, билимге умтулуу менен өзүн калыптандырган. Москвада окуп, экономика жана пландоо боюнча билим алып, кийин мекенине кайтып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон.
1945-жылы Исхак Раззаков Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп дайындалып, кийин 1950–1961‑жж. Кыргыз Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. Анын жетекчилиги астында билим берүү системасы өнүгүп, көптөгөн илимий жана билим берүү борборлору ачылган. Раззаков мамлекеттик башкаруу жана кадр саясатына өзгөчө көңүл буруп, адистерди даярдоого чоң маани берген.
Анын ишмердүүлүгү улут аралык ынтымакты чыңдоого да багытталган. Раззаков «Кыргызстан — бир жер, бир эл» деген принципти карманган, ар түрдүү улуттардын ынтымагын сактоого аракет кылган. Ошондой эле социалдык жана экономикалык реформаларды жүргүзүп, өлкөнүн инфраструктурасынын өнүгүүсүнө салым кошкон.
Исхак Раззаков – мекенчил, билимдүү жана коомго берилген инсан. Ал кыргыз элине гана эмес, келечек муунга да үлгү болуп, тарыхта дайыма эскерилип, бааланат. Анын өмүрү – кызмат жана билимге арналган чоң сабак.
Искак Раззаковдун жаркын элесине арналып ЖОЖдордо мектептерде иш чаралар өткөрүлүп келе жатат.
Быйыл да БатМУнун А. А. Машрабов атындагы Сүлүктү Гуманитардык – Экономикалык институтунда И.Раззаковко арналган Акыл ордо интеллектуалдык оюуну өткөрүлдү.
И. Раззаковдун 115 жылдыгына арналган “Тарыхый аймак таануу практикалык экспедициясы”
ОКБББнын тарых окутуучулары Г. Жумабаев жана А. Азимовалардын демилгелери менен Педагогика жана табигый илимдер секциясынын окутуучулары жана студенттери И. Раззаковдун 115 жылдык мааракесине карата улуу инсаныбыздын туулган айылы Коросонго барып, зыярат кылып келишти.
Экспедициянын жүрүшүндө Г. Жумабаев студенттерге Май-Тоңбос, Коросон, Таң-Атар, Агача булак, Дүңгүрөк капчыгайы сыяктуу тарыхый жана табигый аймактар тууралуу кызыктуу топонимикалык жана элдик маалыматтарды баяндап берип, катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты.