Просмотр содержимого документа
«Зат алмашуу ачык сабак иштелмеси»
№ 8 Абдыжапаров Маатмуса атындагы орто мектеби
8-класс
Биология мугалими: Рахман кызы Жаркынбү
Сабактын темасы: Зат алмашуу.
Сабактын темасы:
Зат алмашуу
Сабактын максаты:
Зат алмашуу жөнүндө билишет.
Ассимиляция, диссимиляция жөнүндө маалымат алышат.
Организмди туура сактоого тарбияланышат.
Зат алмашуу.
Организм менен айлана-чөйрөнүн ортосунда зат алмашуу үзгүлтүксүз жүрүп турат. Организмге кирген заттар көптөгөн кубулуштарга дуушар болот. Ошол кубулуштардын жыйындысы .
Клеткадагы зат алмашуу
Ассимиляция
Диссимиляция
Белоктордун, майлардын, углеводдордун, нуклеин кислоталарынын, АТФ ж.б. Татаал заттардын синтезделиши
Аминокислоталардын, глюкозанын, майлардын эң акыркы заттарга ажырашы, энергиянын бөлүнүп чыгышы, глюкоза, аминокислота, май, энергия ж.б
Суу жана минералдык заттардын алмашуусу.
Суу организмдин бардык клеткаларынын курамында болот жана андагы тиричилик процесстерине катышат.
Минералдык туздар клеткалардын курамына кирип, аларда курулуш материалы катары колдонулат.
Органикалык заттардын алмашуусу.
Адамдын жашоосуна органикалык заттар керек, себеби, алар баардык клеткалардын курамына кирип, ошону менен бирге энергиянын булагы.
Белок, май,углеводдордун алмашуусу
Белоктор-клеткалардын негизги курулуш материалы .
Майлар –курулуш материалы, анткени клетканын мембранасын түзөт.
Углеводдор клеткадагы энергиянын негизги булагы болуп саналат.
Зат алмашуунун бузулушу эмнеге алып келет?
Эгерде зат алмашуунун сырткы чөйрөдөн алган затынын бири бузулууга учураса анда зат алмашуу бузулат . Мисалы Организм жетиштүү түрдө белок менен камсыздалбаса,иммунитет төмөндөп, уйкусуроо жана алсыздык пайда болот. Ал эми ашыкча болсо, ич катып, остеопороз оорусун пайда кылат.
Организмге углевод ашыкча келсе, кандагы канттын өлчөмү төмөндөйт. Адам кант диабетине чалдыгат.
Организмде май ашыкча боло баштаса кан басым көтөрүлүп, жүрөк оорулары пайда болот.
1.Организмдеги белоктун жана туздардын мааниси кандай?
2.Адамга эмне үчүн кальций жана фосфор туздары керек?
3.Майлардын физиологиялык мааниси кандай?
Үйгө тапшырма теманы окуп, кызыктуу маалыматтарды билүү