Просмотр содержимого документа
«Заттын саны. Молдук масса»
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Заттын саны. Молдук масса
Сабактын методу: Көрсөтмөлүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: түшүндүрүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Заттын саны, молдук масса, заттын абсолюттук массасы боюнча окуп үйрөнүшөт. | |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Зат, молекула, молекулалык масса боюнча түшүнүгү өнүгөт. Ой жүгүртүүсү өсөт. | |
Күтүлүүчү натыйжа:
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Заттын саны, молдук масса, заттын абсолюттук масса боюнча маалымат алышат
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Зат, молекула, салыштырмалуу атомдук жана молекулалык масса боюнча билими бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү:
Ѳзүңөргө жаккан өсүмдүктү тарткыла. Ал өсүмдүктү чечмелеп берүү.
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1) CaCO3 → CaO + CO2
2) Na2O + H2O = NaOH
3) CaO + H2O = Ca(OH)2
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Заттын саны-моль. Химиялык өз ара аракеттенишүүгө катышкан заттар атомдордон, молекулалардан жана башка бөлүкчөлөрдөн турушу мүмкүн. Моль-бул ошол заттардын бөлүкчөлөрүнүн санын аныктоочу бирдик болуп саналат. Моль менен көрсөтүлгөн заттын саны гректин υ (ню) тамгасы менен белгиленет. Моль химиялык эсептөөлөрдү жүргүзүүгө ыӊгайлуу.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1.Берилген заттын санында канча атом кармалат? а) 10моль P б) 5.007моль Na 2.Берилген заттын санында канча молекула кармалат? а)6.23моль CO б)3.2моль O2 | |
Үйгѳ тапшырма:
1.Берилген заттын санында канча атом кармалат?
а)7.09моль Pb б)3.05мольCa
2.Берилген заттын санында канча молекула кармалат?
а) 21 моль Na3PO4 б)11моль CaSO4
Баалоо: