Просмотр содержимого документа
«"ж" тамгасы сабактын иштелмеси»
Сабактын темасы: Жж тыбышы
| | Негизги компеттенттүүлүктөр | | | Предметтик компетенттүүлүктөр | | 1 | Тыбыш жана тамга менен иштей алуу | | 2 | компетенттүүлүгү(ПК1) Окуй алуу компетенттүүлүгү(ПК2) | | 3 | Сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү(ПК3) | | 4 | Сүйлөм, текст менен иштей алуу компетенттүүлүгү(ПК4) | | 5 | Аң сезимдүү окуу,угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу компетенттүүлүгү(ПК5) | |
| 1 | Маалыматтык (НК1) :Өз ишин пландаштырат,маалыматты пайдаланат,маалыматты максатка багыттап изденет,салыштырат,чечимдерди кабыл алат. |
| 2 | Социалдык- коммуникациялык (НК2):Башкалар менен мамиле түзөт,сүйлөшө билет,маектешет,бири-бирин баалайт,сөз байлыгы өсөт,өз оюн айтат,башкаларды уга билет. |
| 3 | Өз ишин уюштуруу көйгөйлөрдү чечүү(НК3):Өз алдынча иштейт,көнүгөт,машыгат,өз ишин талдап,баа берет,жөндөмдүүлүккө,билгичтикке каалоого ээ болот. |
Сабактын максаты: 1.Алиппе сабагында өтулгөн тамгаларды кайталайт, «Жж» тыбышы менен таанышат,муундарды,сөздөрдү окуйт
2. Интерактивдуу оюндарды ойнойт. «Жашынган тамгалар», «Сөз оюн»
3. Бири-бириң сыйлап,кол көтөрүп жооп берет,сабакта активдүүлүгүн көрсөтөт.
Көрсөткүчтөр:
1.Тамгаларды билсе,«Жж» тыбышын билсе, «ж» тыбышы катышкан сөздөрдү айта алса;
2.Муун,сөздөрдү окуй алса;
3. «Жалбырак» деген сөздөн сөз таба алса;
4.Оюндарга активдүү катыша билсе,жебе боюнча окуй алса.
5. «Жылкылар» деген текстти окуй алса.
Сабактын тиби: Жаңы материалды түшүндүрүү.
Колдонулуучу ыкмалар: байкоо, талдоо-жыйноо, жупта иштөө, көрсөтмөлүүлүк, аңгемелешүү, түшүндүрүү.
Колдонулуучу баалоо ыкмалары: Өзүн-өзү баалоо, калыптандыруучу сурамжылоо, сөз жүзүндө баалоо (оозеки кайтарым байланыш).
Сабактын жабдылышы: Тематикалык оюндар, кырдаалды түшүндүрүүчү сүрөттөр, окуу китеби, слайд.
Сабактын журушу:
| Сабактын этабы | Мугалимдин иш-аракети | Окуучунун иш-аракети | Компетент-туулуктор | Баалоо |
| Пк | Нк |
| Уюштуруу: | Саламдашуу. Мотивациялык сөздөр. Алтын эрежени кайталоо. Слайд № | Саламдашышат. Өздөрүн сабакка даярдашат. (Окуучулар 5-6 адамдан турган топторго биригишет. | | | |
| Билимдерин актуалдаштыруу | Балдар, өткөн сабакта эмне жөнүндө сүйлөштүк эле? Эмнени билдик? | Суроолорго туура, толук, так жооп беришет. Оюн: Жашынган тамгалар Слайд № | ПК 1 ПК 3 ПК 4 ПК 5 | НК 2 | “Азаматсы-ңар” деген сыяктуу сыпаттама |
| Максатты коюу (SMART) | | Жаңы теманы табышат. Мугалим сабактын максаты жөнүндө кенен маалымат берет. Алдыда эмнелер аткарыла тургандыгын билип, өздөрүн уюштурууга даяр болушат. | ПК 1 ПК 2 | НК 1 НК 2 | Дагы кимиңер кандай ойлорду айта аласыңар? |
| Жаңы материал менен иштөө | Баарыбыз чогу Ж ж тыбышын айтабыз. Эмнени байкадыңар? Айтылышына көңүл бурдурат. Схема менен иштешет. Ким көп табат оюну. Слайд № | Ж ж тыбышы жумшак үнсуз экендиги айтылат. Баш жана кичине тамгасы тааныштырылат. - Ж ж тыбышын жашыл түс менен белгилейт. - Ж ж тыбышынын баш тамгасын кичине тамгасын көрүшөт. - Ж ж тыбышы сөздүн башында, ортосунда, аягында кездешкен сөз табышат. | ПК 2 ПК 3 ПК 5 | НК 1 НК 2 НК 3 | Окуучуларга сыпаттама баалар берилет |
| Бышыктоо | Мугалим муундарды, жаңы сөздөрдү, сүйлөмдөрдү жеткиликтүү окуп, окуучуларды машыктырып, окууга үйрөтөт. -Чыгармачыл тапшырма: Сүрөткө карата сүйлөм түзүшөт жөжө, жомок, жалтырак, жарык, жоолук деген сөздөрдү муунга бөлүп дептерге схемасын чийдирет.Белгисиз сөздү табышат. Слайд № | -Муундарды, сөздөрдү, сүйлөмдөрдү кайталашат. Слайд № Слайд № Сөз оюн “жалбырак” Слайд № | ПК 1 ПК 2 ПК 4 ПК 5 | НК 2 НК 3 | Мугалим-дин алкышы ар бир окуучуну өзүнчө сыпаттама баалар менен баалайт. |
| Жыйын- тыктоо (кайтарым байл-ш) | Кайтарым байланыш: -Бүгүн кайсы тыбыш менен тааныштык? -Ал кандай тыбыш? -Кандай түс менен белгиленет? | Оозеки кайтарым байланыш. Слайд № | ПК 2 ПК 5 | НК 2 | ар бир окуучуну өзүнчө сыпаттама баалар менен баалайт. |
| Баалоо | Мактоо сөздөрү | Бири-бирин баалоо | | | |
| Тапшырма | Ж ж тыбышын окуп келүү | | | | |
ОББ:Торокулова Г